mainkaptal
Демо: Всплывающее окно при загрузке сайта с помощью CSS3 и немного javascript
Пользовательский поиск
Сормо сазга сорулбай чыккыла!
Былтыйган ректор менен батыл министрдин айырмасы
Соңку жылдары Кыргызстан митинг, пикеттсиз жашай албаган өлкө катары дүйнөгө жакшы эле таанылып калды окшойт. Бирок бул жолку митинг башкарлардан өзүнүн стихиялуулугу менен айырмаланды. Анткени өмүрү козголбогон студенттер, тагыраагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин (КМКТАУ) студенттери контракттын мыйзамсыз көтөрүлүшүнө каршы митингге чыгышып, көк беттик менен өз максаттарына жетишти. Анда эмесе сөз башынан болсун.


Өткөн жумада Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин студенттери "Жаңы Агымга" билим берүү акысынын мыйзамсыз көтөрүлүшү жөнүндө маалымат беришкен. Бул маселе боюнча КР Билим берүү жана илим министрлигине кайрылганыбызда, министрликтин басма сөз катчысы бул маселеге министрликтин тиешеси жок экендигин, буга Монополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин компетенциясындагы маселе экендигин айткан. Ал эми аталган агенттикке кайрылганыбызда, контракттардын көтөрүлүшү ар бир жогорку окуу жайдын жеке чарбалык иши экендигин баса белгилешип, болгону буйрукка кол коё тургандыктарын айтышкан. Аңгыча болбой эле ушул көйгөйлүү маселени көтөрүп КМКТАУнун студенттери 13-декабрда митингге чыгышты.

Сеники да, аныкы да туура, бирок чындык кайда?
Окуу жайдан чыгарып салат деп өзүнүн фамилиясын айтуудан коркуп атын Мирлан деп тааныштырган КМКТАУнун 4-курсунун студенти митингге чыгуу себебин контракттын негизсиз 50 пайызга чейин көтөрүлүшү менен түшүндүрдү. Анын айтымына караганда окуу акысы бардыгына бирдей көтөрүлбөй, бөлүмдөргө жараша ар кандай кылып бааларын кымбаттатышкан. "Бул жагдайда же окуш керек, же иштеш керек болуп жатат. Азыркы кымбатчылык заманда мындай контракт менен окуш карапайым адамдардын балдары үчүн мүмкүн эмес. Окуу акысын жогорулаткан күндө да бизге айтып, кеңешип туруп көтөрүш керек болчу. Студенттерге буйрук чыккандан кийин гана чогулуш өткөрүп, азыр инфляция тогуз пайызга өстү, коммуналдык кызматтардын акысы кымбаттады деп түшүндүрүштү. Төлөшүңөр керек, башка арга жок деп жарга такап, билген жериңерге баргыла, буйрук чыккандан кийин сөзсүз аткарылышы керек, башка арга жок деп кыйкырышкан" деген пикирин чыңалган эмоция менен айтып берди.
КМКТАУнун студенттеринин митинги 13-декабрда аталган окуу жайдын имаратынын алдында эртең менен саат он бирлер чамасында башталды. Улам беш-алтыдан келип отуруп бат эле болжол менен 250-300дүн тегерегиндеги студент чогулду. Алар өзүлөрүнүн талаптарын айтып баштаганда окутуучулар жамаатынын өкүлдөрү аргасыздан окуу жайдын алдына чыгышты. Студенттердин талаптарын угуу үчүн окуу жайдын каржылык-экономикалык жана чарбалык иштери боюнча проректору Памирбек Жолболдуев чыгып, студенттерди кепке келтирүүгө аракет жасады. Тилекке каршы, жаалданган студенттер сөзгө келбей өздөрүнүн талаптарын айтып жатышты. Залга кирип сүйлөшөлү деген мугалимдердин дембе-дем таштаган чакырыктарынан эч майнап чыкпады.
Ошентип нааразы болгон студенттер ректораттан жарытылуу жооп болбосуна көзү жеткенде КМКТАУдан өкмөт үйүнө карай жөө жөнөп кетишти.
Биз ушул учурда аталган окуу жайдын каржылык-экономикалык жана чарбалык иштери боюнча проректору Памирбек Бакыевичке кайрылганыбызда, "Бул митинг провакаторлордун эле уюштурган иши. Митингге чыгууга эч кандай негиз жок. Бардык баалар мыйзам чегинде көтөрүлгөн. Ар бир студент менен түзүлгөн келишимде да баалар тууралуу даана, так жазылган. Ал жерде улам кийинки жылдын контрагынын өлчөмү инфляциянын өсүш темпине жараша Монополияга каршы агенттиктин макулдугу менен аныкталат деп жазылып турат. Мына ушул келишимдин гана негизинде контракттарды жогорулаттык. Негизи жыл сайын инфляцияга жараша контракттын баасы өсүп туруш керек болчу. Биз студенттерге жеңилдик болсун деп, окуу жайдын имиджин көтөрөлү деп беш жылдан бери көбөйтө элек болчубуз. Беш жылдан бери ысык сууга, электр энергиясына, деги эле коммуналдык кызматтарга төлөнчү акылар да кымбаттады. Анүстүнө мугалимдердин да айлыгы жогорулады. Мына ушулардын баарын эске алганда контрактты жогорулатууга мажбурбуз. Ал эми студенттер бул жөнүндө мурун уккан эмеспиз деп жөн эле танып жатышпайбы. Болбосо биз бардык студенттерге кабарлаганбыз. Дагы бир баса белгилеп кетүүчү жагдай - биздин окуу жайда башка университеттерге караганда контракт арзан" деди.

Ректор байке, не дейсиз?
Студенттердин митинг аркылуу талаптарынын ишке ашышына КМКТАУда мугалим болуп иштеген Абас Мамбетакунов деген мугалим баш-көз болуп жүрдү. Анын айтымына караганда, студенттер ага кеңеш сурап кайрылышкан. Мамбетакунов "Мен студенттер менен митингге өзүмдүн кызматымдан айрылып калуу тобокели менен чыгып жатам. Ректорат каражаттарды туура эмес жумшап алып, алардын ордун студенттердин эсебинен толтургусу келип жатат. Биздин окуу жайда мугалимдер жана студенттердин укугун коргоо үчүн атайын штаб түзүлгөн. Ал штаб жалаң мыйзам бузууларга каршы күрөшөт. Биздин талаптар төмөнкүдөй пункттардан турат: контракттын баасын мурункудай калтыруу, жатакананын акысын арзандатуу, студенттерге окуу шартын жакшылап түзүп берүү. Ошондой эле биздин окуу жайда компьютерлер тартыш. Бир компьютердик бөлмөдө 12 компьютер болсо анын 11и иштебейт. Мындан тышкары, дарсканалардын ичи суук. Сегиз гана градус деген эмне шумдук? Ректоратка жогорудагы маселелер боюнча студенттер кайрылса, окуудан айдайбыз деп коркутуп жатышат. Дагы бир талабыбыз - каржылык маселелер боюнча көз карандысыз комиссия түзүп текшерип чыгуу. Кыскасы, биздин ректорат студенттер менен акылдашпай эле бир тараптуу иш жүргүзүп жатышат" деген пикирин ачыктады.

"Бабанов чыксын!"
Жанына баткан студенттер жөө жалаңдап Ак үйдүн алдына келгенде ал жерге Тоо кен институтунун студенттери да топтолуп калышкан экен. Эки окуу жайдын студенттери кошулуп алып дароо эле өкмөт үйүнүн алдына бет алышты. Митингдин стихиялуулугун мындан билиңиз, жадагалса студенттердин колдорунда плакаттар, ураандар да жок болчу. Студенттер шаша-буша беш-он сомдон акча чогултушуп, ватман, маркер сатып келишти. Ошо жерден эле жазылган "Контракттын өсүшүнө каршыбыз!" деген жазуулар менен өкмөт үйүнүн алдына премьер-министрдин убактылуу милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабановдун чыгышын талап кылышты. "Бабанов чыксын!" деген талап коюп, ызы-чуу менен кыйкыра баштаганда КР Билим берүү жана илим министри Канат Садыков өзүнүн жоон топ жардамчылары менен студенттердин алдына жетип келди.
Студенттер министр келген кезде министрликке да ишеним жок экендигин айтышып, бул маселеге Бабанов чекит коёт деген таризде Бабановдун иш бөлмөсүнүн терезесине карап кыйкырып жатышты. Качан гана Канат Садыков контракттын көтөрүлүшү жөнүндөгү буйрукту жокко чыгарам, бул маселеге азыр чекит койбосом жумушумдан кетем дегенге чейин барып, айрым студенттер менен кол алышып да жибергенде студенттерде министрге ишеним пайда болду. Ошентип министрге ишенип-ишенбеген студенттердин жоон тобу министрди ээрчип министрликтин имаратын көздөй жапырт жөнөштү.

Баракелде, Канат мырза!
Билим берүү министрлигинде кырктай студент министр менен ийри отуруп түз кеңеше баштады. КМКТАУнун ректору менен окуу жайдын алдында митинг болуп жатканда аталган маселе боюнча пикирин билели дегенибизде, анын командировкада экендигин бир ооздон айтышкан. Иш министрге чейин жеткенде кайдан-жайдан ректор да пайда боло калды. Министр мырза студенттердин армандарын кунт коюу менен дагы бир жолу жай абалда угуп, студенттердин талаптарынын жөндүү экенине муюду. Студенттер убакыттан пайдаланышып алардын көйгөйү жалгыз гана контракт эмес экендигин, эң актуалдуу маселе жатакананын абалынын начардыгын, дарсканалардын сууктугун, интернеттин жоктугун да кулак кагыш кылышты. Аталган эки окуу жайдын студенттери контракттын баасы көтөрүлгөн учурдан тартып каршылыктарын билдиришкенде, ректорат тарабынан окуудан чыгарабыз деген өңдүү опузалар менен кысымга алуулар болгонун да айтышты.
Министр Канат Жалилович студенттердин талаптарынын жөндүү экенин баса белгилеп, контракттардын баасынын көтөрүлүшү менен студенттердин укугу тебеленип калганын айтты. Өзү кол койгон буйруктун осолдугун моюнга алып, мамлекеттик окуу жайлардагы контрактты жогорулатуу жөнүндөгү буйрукту жокко чыгарды. Жаңы буйрукка окуу акысы ар бир студент менен индивидуалдуу келишим түзүлсүн деген пункт киргизилди. Буйрук жыйындын жүрүшүндө шашылыш түрдө даярдалып, министр тарабынан кол коюлду. Буйруктун көчүрмөсүн дароо көбөйтүп, активисттерге таратып беришти. Студенттердин калган бөлүгү министрликтин имаратынын алдында күтүп турушту.
Качан гана буйруктун көчүрмөсүн колго алып, кубанычтары коюндарына батпаган студенттер кужулдашып үйлөрүнө тарап кетишти. Ошондой эле министр митингге чыккан студенттерге эч кандай кысым болбой тургандыгын өзү көзөмөлгө алып, аталган буйруктун аткарылышын жеке өзү жетекчиликке аларын кепилдей тургандыгын убада кылды.

Жазмакер КӨКЧӨТЕГИН, сүрөттөр автордуку





кыргыз тилиндеги гезит "Агым" меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика