mainkaptal
Архив газеты Демо: Всплывающее РѕРєРЅРѕ РїСЂРё загрузке сайта СЃ помощью CSS3 Рё немного javascript
Пользовательский поиск

Мафия кайда? Маңдайда!
Ак үй алып сатарлык кылса, калганыбыз кайда барабыз?
Элдин эсинде болсо, жай айларында Кыргызстанда күйүүчү май тартыш болуп, бул маселени парламент кызуу талкуулаган. Анда Россия Кыргызстандын керектөөсүнө берип аткан күйүүчү май көрүнөө да, көмүскө да Тажикстанга, Афганистанга кетип атканы, бул контрабанданы күч структуралары "крышовать" этери да айтылган. Ошондо өкмөт баары жайында болот, муну жоебуз убадасын берген эле. Көрсө бул контрабанда жоюлбай эле жоон тамырлап, миңдеген тонна май азыр да Тажикстанга киргизилип атыптыр.

Контрабандага Атамбаев "крышабы"?

Жума башында "Эр айдоочу" коомдук уюмунун жетекчиси Качкынбек Булатов, "Жаңы күч" коомдук уюмунун мүчөлөрү Бакытбек Мусаев, Куват Токсобаев маалымат жыйынын куруп, ишенип-ишенбей турган билдирүү жасашты. Качкынбек Булатовдун айтымында, ноябрь айынын аягында укук коргоочулардын колуна Баткен облустук прокурору Б.Жаанбаевдин Аида Саляновага жолдогон күйүүчү май контрабандасы тууралуу каты тийген. Катта прокурор күйүүчү май мафиясын президент Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы Икрам Имаров, вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, Энергетика министри Аскарбек Шадиев, Лейлек райондук финансы полициясынын начальниги, Аскарбек Шадиевдин иниси Замир Шадиев калкалаарын баса белгилеген. Качкынбек Булатов баштаган укук коргоочулар каттагы айтылгандардын чын-бышыгын билүү үчүн эки жума мурун Баткен облусуна барышып, суткасына 40-50 күйүүчү май ташуучу машине (бензовоз, "Хоба") кыргыз-тажик чек арасын көздөй өтүп атканын өз көздөрү менен көрүп кайтышкан. Көргөндөрү далилдүү болсун үчүн каз-катар тизилген бензовоз, "хобаларды" видеотасмага да тартып келишиптир. "Икрам азыр Баткен облусундагы укуктук, кадрдык, экономикалык маселелерди чечкен Кудайга айланыптыр" дейт Качкын Булатов. "Бул контрабанда беш-алты айдан бери уланып келатат. Өзүбүздө күйүүчү май тартыш болуп атканда Тажикстанга миңдеген тонна бензин, көк май чыгарылып турган. Парламенттеги депутаттар кайда карап атышат? Же алардын да буга тиешеси барбы? Минтип отурсак эртең Россия бизге да нефти продуктуларын жогорку баада бере баштайт. Анда баягы эле дыйкандар жабыркайт" дейт көз карандысыз иликтөөгө катышкан "Жаңы күч" коомдук уюмунун мүчөсү Куват Токсобаев.

"Такыр ишенбесеңер тасманы көргүлө"
Бизге ишенбесеңер бул тасманы көргүлө дешкенинен иликтөө жүргүзгөндөрдүн дискин көрдүк. Тасмада Кадамжайдын чек ара постунда каз-катар тизилген бензовоздор түшүрүлгөн. Чек арага чукул Карабак айылынын тургуну Зульфия аттуу аял учурда күнүгө Тажикстанды көздөй 30-40 машине күйүүчү май алып өтүп атканын, ошол эле мезгилде Баткенде күйүүчү май тартыш экенин айтат. Зульфия айымдын айтымында, май тартыш болуп турганда карабактыктар жол тосуп бензовоздорду өткөрбөй коюшкан. Ошондо жогору жактанбыз дегендер келишип "же жолду бошотосуңар, же ушул жерде өлөсүңөр" деп коркутушкан. "Жашырганда эмне, бул жерде УВД, милийсалар деле биргелешип иштешип атышат. Күнүнө азыр 30-40 машине Тажикстанды көздөй өтөт. Өйдө жактан көрсөтмө болгонбу, милийсалар күйүүчү майдын тышка чыгып кетип атканын көрүшсө деле көрмөксөн болуп атышат" дейт тасмадагы Зульфия. "Бийлик күнү-түнү чубап өтүп аткан машинелерди кантип көрбөй калат? Губернатор, милийсалар машинелерди ит карышкырды көргөндөй көздөрүн жумуп өткөзүп атат. Азыр аба ырайына жараша бензовоздор аз. Жай айында келсеңиздер күйүүчү май тарткан машинелер тынбай каттап, жол бопураган эле топурак болуп калат" дейт тасмада аты аталбаган жергиликтүү аксакал. Качкынбек Булатовдун айтымында, Тажикстанга өткөрүлгөн майдын 1 литринен 40 сомдон пайда түшүп, бир кирип чыккан машине 1 млн. 400 миң сом киреше менен чыгат. "Ошондо түштүктөгү күйүүчү май контрабандасынан "крышалардын" кирешеси миллиард долларга чейин жетип атпайбы" дейт жаны кашайган укук коргоочу.

Нариман Түлеевдин акциясыбы же?..
Кызыгы, бул маалымат жыйынында айтылгандарды жалганга чыгарган жарандык коом өкүлдөрү да пайда болду. "Бул маалыматтар президентке каршы чагым. Мен бул пресс-конференция тууралуу кокусунан угуп калып, атуул катары чындыкты айтканы келдим. Мунун баары калп, элдин ушагы" дейт өзүн "Афганистан ветерандары" кыймылынын лидери Алтимур Сабырбековмун деп тааныштырган адам. Бир эле мезгилде өзүн "Элдик революцияны коргоо" кыймылынын жана "Ала-Тоо айымдары" коомдук уюмунун жетекчиси катары тааныштырган Жыпаргүл Баргибаеванын айтымында, күйүүчү май контрабандасын Атамбаев, Бабанов, Шадиев калкалайт деген билдирүү Нариман Түлеевдин атайын жасаган кара пиары экен. "Булар укук коргоочу уюмдар болгондуктан баарын факты менен айтышы керек болчу. Биз иликтедик деп диск таратып коюу курулай сөз. Булар биз менен мурун иштешчү. Акыркы кездерде кимдир бирөөнүн кызыкчылыгына иштеп, "дүжүр" болуп атышат. Болбосо ушул күнгө чейин жарандык коомдор ушинтип маалымат жыйын кылып, антимитинг кылдык беле? Кылган эмеспиз. Кечээ булар биз Нариман Түлеевди коргогону чыкканы атабыз, келип кошулбайсыңарбы деп чалышкан. Угуп көрсөк акыйкаттык жок экен буларда. Анан каршы чыгып атабыз" дейт Жыпаргүл Баргибаева.

Өкмөт өзү баштап атса криминал, милийса тим жатмак беле…
Бул го бул дейли. Бирок 7-декабрдан бери Ош облусундагы "Газпромнефть Азия" точкаларында АИ-92 маркасындагы май жок болуп, бул маркадагы бензин Ош, Баткенде 43 сом болуп турат. Өкмөткө караштуу Ош, Баткен облустук антимонополдук жөнгө салуу башкармалыгы болсо күйүүчү май Өзбекстанда кармалып атканын бетке кармап келет. Бирок башкармалык күйүүчү май контрабандасы тууралуу негедир билбейт, көрбөйт. Бийлик төбөлдөрүнүкү чын дейли десек, элдин айтканынын да чындыгы бардай.
Буга жөнөкөй эле мисал, учурда Душанбеде бир литр күйүүчү май 1,54 доллар. Муну сомго айландырсак 65-70 сом. Буга Россиянын Тажикстанга нефти продуктуларына карата экспорттук пошлинаны жогорулатуусу жана Өзбекстан тараптын өлкөгө кирүүчү темир жолдорду убактылуу жабышы себеп болгон.
Күнүнө миллиондоп, ай сайын миллиарддан түшкөн каражаттар кайсы чиновниктердин чөнтөгүн кампайтып жатат? Эгер Атамбаев, Бабанов, Шадиев бул маселенин башын ачып бербесе, эртеби-кечпи бул жара жарылат. Карапайым Баткен, Ош эли айтмакчы, бийлик өзү антын бузуп, коррупцияга калкан болуп атса криминал чөйрөсү, милийса аларды карап отурмак беле?!

Россия ВТОго кирсе май арзандайт, бирок качан?
Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Жумакадыр Акенеев бир ай мурун эгер Россия Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кирсе (ВТО) күйүүчү май баасы арзандарын билдирген. Агезде Жумакадыр мырза Россия 2011-жылдын декабрында ВТОго кирерин, ошондо Москва күйүүчү май пошлинасын, акциздерин алып саларын айткан. Бирок алигиче Россия тараптан андай жылуу кабар билине элек. Ошол эле мезгилде ЖК депутаты Өмүрбек Абдрахмановдун пикиринче, россиялык "Газпром" компаниясын Кыргызстанда жалгыз монополист кылып коюу өкмөттүн чоң катачылыгы. "Бул жерде саясый себеп болушу мүмкүн. Болбосо камсыздык үчүн күйүүчү майды алуунун башка булактары да болушу керек болчу. Азыр күйүүчү майдын 90 пайызын Россиядан алып атабыз" деген эле депутат жайкы талаш-тартышта. Буга чейин кыргыз өкмөтү күйүүчү майды Иран, Азербайжандан алуу варианттарын караштырган. Бирок ал жактан алынып келинген күйүүчү майдын тоннасы Россияныкынан 60 долларга кымбат болоору айтылып, бул маселе жабылган.

Үмүт азырынча жанып турат…
Ал аңгыча Мамлекеттик финансы полициясы 2011-жылдын 11 айында контрабанда боюнча жалпы суммасы 77 млн. 16 миң сомду чапчыган 41 факт катталганын жар салды. Финполиция төрагасынын орунбасары Исхак Осмонбаевдин айтымында, бул фактылар боюнча 19 кылмыш иши козголуп, мамлекетке болгону 1 млн. 337 миң сом киреше түшүптүр. (Бул сумма контрабандадагы миллиардга чейин жеткен доллардын күкүмү гана эмеспи). Ал эми ведомствонун юридикалык башкармалыгынын начальниги Бакыт Кимдин билдиришинче, Баткен облусундагы күйүүчү майдын мыйзамсыз чыгарылышын токтотуу үчүн финполиция, УКМК, бажы, салык кызматынын өкүлдөрүнөн турган атайын топ түзүлүптүр. Бул албетте, түштөн кийин болсо да жакшы. Бирок бул топ Качкынбек Булатов айткан, Тажикстандын машинелерине кыргыз номурларын тагып айдатып келип кайра күйүүчү майы менен сый узатып аткан полковниктерди токтото алабы, кеп ушунда. Лейлек районунун финансы полициясынын начальниги Замир Шадиев өзү буга аралашып, күч структуралары, крим авторитеттер, ал тургай Ак үй, Көк үйдөгүлөр бул көмүскө бизнеске көлөкө түшүргүлөрү келбей атса, бул топ бир натыйжа чыгара алар бекен? Эгер бул топ күйүүчү май контрабандасын кан буугандай токтотсо, анда элдин азыркы бийликке бир аз да болсо ишеничи кайтмак. "Карга карганын көзүн чукубайт" дечү эле. Ошентсе да атайын аттанган топтун жыйынтыгын күтө туралы.

Мелис СОВЕТ уулу



кыргыз тилиндеги гезит "Агым" меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Actionteaser.ru - тизерная реклама
Яндекс.Метрика