mainkaptal
Демо: Всплывающее окно при загрузке сайта с помощью CSS3 и немного javascript
Пользовательский поиск
Жакшынын шарапаты
"Мухтардын ысымында сыйлык негиздесекпи дейбиз"
Кийинки жумада "Замандаш" журналы адаттагыдай эле "Жыл мыктыларын" аныктайт. Жети жылдан бери бул иш-чараны маркум Мухтар Өмүракунов мыкты өткөрүп келген. Бул ишти мындан ары анын агасы Эмил ӨМҮРАКУНОВ колго алды.


- Эмилбек мырза, иниңиз, белгилүү коомдук ишмер Мухтар Өмүракунов "Жылдын мыктылары" сынагын негиздеп, жыл сайын өткөрүлүүчү жакшы жөрөлгө баштап кетти эле. Быйыл ал сынакта кандай өзгөчөлүктөр болот?
- Сынактын быйылкы өзгөчөлүгү - саясатчыларга, мамлекеттик ишмерлерге, жетекчилерге басым жасалган жок. Анткени канчалык мыкты саясатчы болбосун, саясый оюндар бирде тиги жээкке, бирде бу жээкке сүрүп турат экен. Бир гана Роза Отунбаева кызматын өткөрүп бергенден кийин гана "Улут күзгүсү" номинациясына альтернативасыз коюлду. Анткени социологиялык сурамжылоодо ысымы позитивдүү маанайда өтө көп аталыптыр.
Сынактын дагы бир өзгөчөлүгү - иним Мухтардын да "Улут сыймыгы" номинациясына көргөзүлүп жатышы. Чындыгында Мухтарды көрсөтүү оюбузда да жок болчу. Сынак старт алгандан кийин аттуу-баштуу адамдардан, карапайым элден Мухтарды да жылдын мыктысы атагыла деген сунуштар түшө баштады. Сурамжылоодо да аты көп аталыптыр. Караманча каршы болгонубузга карабай, Мухтар бул сыйлыкты эл арасындагы мыктылар үчүн уюштурган. Жок дегенде көзү өтүп кеткенден кийин болсо да "Улут сыймыгы" деп атап, жүрөгүбүздү жылытып жүрөлү деген көпчүлүктүн суранычын четке кага алган жокпуз. Кудай буюрса эмдиги жылдан баштап бул сыйлыкты Мухтар Өмүракунов атындагы сыйлык катары негиздесекпи деген тилегибиз бар.
- Мухтар аганын ысымын эл эсинде калтыруу үчүн дагы кандай иштер аткарылып жатат?
- Жакында эле Бишкек шаардык кеңеши Ак-Өргө жаңы конушундагы мурдагы Отуз-Адыр көчөсүн коомдук ишмер Мухтар Өмүракунов атындагы көчө деп атоо жөнүндө чечим чыгарып берди. 19-декабрда ушул көчөнүн ачылышы болот. Буюрса мындан башка иштер да болот.
- Бир маегиңизде Кыргызстанга таза президент келип тезинен дарылабаса болбосун айткан элеңиз. "Замандаш" партиясы колдогон президент Алмазбек Атамбаев өлкөнү айыктыра аларына көзүңүз жетеби?
- Аны убакыт көрсөтөт. Эгер кадрдык жүрүштөрдү туура жасап, таза атуулдарды, өзгөчө билимдүү жаштардын өкүлдөрүн алып келсе жыйынтык болбой койбойт.
- Жаңы өкмөт курамынан сизге кызмат сунушталып калса макул болот белеңиз?
- Жок.
- Парламенттик шайлоо болуп калса "Замандаш" партиясы катышабы?
- Сөзсүз. Анткени Мухтардын да каалоосу саясатка аралашуу, карапайым элге, айрыкча сырттагы жарандарга жардам берүү болчу. Ансыз көп маселелер чечилбейт экен. Партия азыр биртоп жетилип, жакшы аброй үстүндө. Биз шайлоого 2-3 ай калганда түзүлө калган партиялардан эмеспиз. 2007-жылдан бери үзгүлтүксүз партиялык ишмердүүлүк жүргүзүп келатабыз. Былтыркы шайлоодон кийин көп партиялардын аты-жыты чыкпай калды. Шайлоо болсо да, болбосо да биздин иш токтогон жок жана токтобойт.
- Учурда парламентте ыйкы-тыйкынын көптүгүнөн саясый элитаны толук алмаштыруу демилгелери көтөрүлүп атат. Буга кандай көз караштасыз?
- Буга саясый элита өзү күнөөлүү. Бизде саясый элита идеялардын кызыкчылыгынан эмес, саясый оюндардын кызыкчылыгынан түзүлөт. Аларды толук алмаштыруу демилгесин бүгүнкү кырдаал өзү көтөрүп жатат. Бул табигый көрүнүш. Албетте саясый элита жаңыланбаса, тазаланбаса, азыркыдай баткакта оонаганыбыз оонаган.
- Чыныгы мекенчил, анан бизнесмен адам кандай сапаттарга ээ болушу керек?
- Чыныгы бизнесмен бизнесин жакшы жолго койгондон кийин ал эл үчүн иштетиши керек. Мекендин ар бир кубанычын жүрөгү менен сезип, ар бир кайгысын жүрөгү менен кабыл алган жана мекенинде каржалып турган адамдарга алгачкылардан болуп кол сунган адам - мекенчил адам.

Мелис СОВЕТ уулу




Капастагы каңырык
Абактагы ачкачылык акциясы уланууда

Кыргызстандын жети абагында ачкачылык акциясы 13-декабрда башталган. Бүгүн деле токтой элек. Расмий маалыматка ылайык түрмөдөгүлөр кармоо шартын жана тамак-аш менен камсыздоону жакшыртууну талап кылып атышат.
Акыйкатчы Турсунбек Акун бул нааразылык акция ЖКнын мурунку төрагасы Акматбек Келдибековдун кызматтан кетиши менен байланыштуу деп билдирген болчу. Бирок кечээ КТРКга "ата-мекенчи" депутат Турат Мадылбеков ал акциянын Келдибековго тиешеси жок экенин айтты. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрага орунбасары Калыбек Качкыналиев да абактагылардын ачкачылык жарыялашы спикердин жумуштан кетишине байланыштуу эмес дейт. Учурда жарыяланган ачкачылыкка байланыштуу Жаза аткаруу кызматы күчөтүлгөн тартипке өткөн. Бирок абактарда абал тынч.
Ал эми кечээ Бишкектеги №21 тергөө абагынын алдында айыпталуучулардын 30дан ашуун жакындары нааразылык акцияга чыкты. Алар өлкө жетекчилеринен абактагылардын талаптарын эртерээк аткарууну суранышууда. Ошондой эле камалгандардын арасында ак жеринен кесилип кеткендер бар экенин, кайрадан ишин сотко өткөрүүнү, кыйноолорду токтотууну талап кылышууда.
Кыргызстанда абак жайларда козголоңдор жыл сайын катталат. Айрыкча саясый окуялар болгон кезде мындай нааразылык акциялары күч алаары байкалат. Быйыл жазда бийлик кылмыштуу топторго согуш жарыялагандан кийин да өлкөдөгү көпчүлүк абактарда биртоп нааразылык акциялары өткөн.

Зайырбек АЖЫМАТОВ




Ачуу, ыза, тызылдак
"Төрагалыктан кетсем да депутат катары жөн жатпайм!"
Ош шаарынын борбордук аянты өткөн жекшембиден бери тынчыган жок. Аянтка чогулгандар Жогорку Кеңештин токтоосуз таратылышын, ага удаа убактылуу өкмөттүн жана анын бардык мүчөлөрүнүн, ошондой эле экс-президент Роза Отунбаеванын токтоосуз жоопкерчиликке тартылышын талап кылып турушту.
Чынара САЛИЕВА, Кара-Суу районунун тургуну: - Убактылуу өкмөт толук курамы менен Бишкектеги апрель, түштүктөгү июнь коогалаңы үчүн керт башы менен жооп бериши кажет. Ансыз чындыктын жүзү эч качан ачылбайт, ал эми элдин күйүтү таптакыр басылбайт.
Канайым ШАДЫБЕКОВА, Жалал-Абад шаарынын тургуну: - Мен Ош аймагында өзбек автономиясын курабыз дегендерге караманча каршымын. Андан көрө Кыргызстандын борборун Бишкек шаарынан токтоосуз түрдө Ошко көчүрүп, аны жакынкы арада чыныгы башкалаа деп жарыялашыбыз керек. Мына, Нурсултан Назарбаев анык эр экен, Казакстандын борборун Астанага көчүргөндөн казактар уттурган жок. Менимче, жогорудагы талап жакын арада аткарылганда гана өзбектер биротоло тынчыйт. Болбосо, эртең-бүрсүгүнү арабыздан дагы жаңы Кадыржан Батыров, Иномжан Абдурасулов чыкпайт деп ким кепилдик кылат? Буга улай кечээги президенттик шайлоо туурасында айта кетейин. Өмүрүмдө мындай ыплас шайлоону көргөн эмесмин. Бул ирет азыркы бийлик каалаганын жасады.
Базарбай СӨЛПИЕВ, Ош шаарынын тургуну: - Бардыгын улам-улам кайраштырып аткан "Ата мекен" партиясынын жолбашчысы Өмүрбек Текебаев. Бийликтегилерди дагы ошол киши бири-бирине тукуруп, тынбай кагыштырып-чабыштырып жатат. Ушундай адамдар жана ары жок мыйзам чыгаруучулар кыргыз элин эзели жарытпайт жана тынчытпайт. Текебаев парламенттен жоголсун!
Ушинтишкен наарызычылык акциясынын катышуучулары Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Акматбек Келдибековдун токтоосуз түрдө Ошко учуп келүүсүн жана толкуган калк алдында күтүүсүз отставкасынын чоо-жайын кең-кесири чечмелеп берүүсүн талап кылып турушту.
Ошентип шейшемби күнү кечинде парламенттин экс-төрагасы Акматбек Келдибеков Бишкектен атайын учуп келип, тарапкерлери менен Ош шаарынын борбордук аянтында жолугушту.
- Убактылуу өкмөттүн иши али териштирилип бүтө элек. Иштин баары алдыда.
Былтыркы июнь коогалаңын иликтөөгө дагы али чекит коюла элек. Ошогезде улуттар аралык жаңжалдын алдын алууга жарабаган убактылуу өкмөттүн жана анын мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги толук бойдон сөзсүз каралат. Ал эми өзбектерге автономия убада кылган кишилер дагы дыкат иликтенет, - деди Акматбек Келдибеков Ош шаарынын борбордук аянтында туруп. - Мен төрагалыктан кетсем дагы жөнөкөй депутат катары жөн жатпайм! Депутат сыңары көптөгөн асыл максаттарымды жүзөгө ашыруу ниетим бар. Ошондо дагы сиздер мага бүгүнкүдөй тирек болуп берээриңиздерге терең ишенем.
Айтмакчы, Оштогу акциянын катышуучулары алардын талаптарын аткаруугу бийликке бир айлык мөөнөт берип анан тарашты.
Алишер ТОКСОНБАЕВ,
өз кабарчы, Ош шаары






кыргыз тилиндеги гезит "Агым" меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика