mainkaptal

Пользовательский поиск
Акаев, Бакиев чапкан жол менен "алга"!
Кызык парадокс. Учурунда Аскар Акаев , Курманбек Бакиев коррупция менен күрөшөбүз деп ондогон мекеме ачып, андан коррупциянын кылы да кыйшайбаганын эң сонун билген Алмазбек Атамбаев шаршембиде УКМК алдында коррупцияга каршы кызмат түзүү жөнүндө жардыкка кол коюп, УКМК жетекчиси Шамил Атаханов аны шаңдануу менен жарнамалап атканда, УКМКнын экс-жетекчиси чачын хиппи өстүрүп, эмне кылып аласыңар деп элге мадырая караган Мурат Суталинов сот процессине кирип келип, ал жердегилердин "жүрөгүн түшүрдү". Деги бул бийликтин кайсы жүзүнө, кайсы кылганына ишенебиз?! Коррупция менен күрөшкүсү келгенинеби же эл аралык издөө жарыяланган Суталиновдун чек арадан өткөн-өтпөгөнүн "билбей" калганынабы? Андан дагы президент кеңешчиси Фарид Ниязовдун сотторго "позор!" деп кыйкырып койгонучу. Күйөсүң да просто! Кыргызстанда эл аралык издөөдө жүргөн адамды үй камакка бир да сот өз алдынча чыгара албасын азыр ар бир эштек билет. Анан калса судья Дамир Оңолбеков канчадан бери темир тор артында отурган, ден соолугунан ажыраган Данияр Дунгановду үй түрмөгө чыгарбайт да, Суталиновго келгенде эле анын мурда сиңирген эмгегин эске алып ийет?..
Канча какшап, кандай күйсөк да президент Атамбаевдин акыркы кадамдарынан өзгөрүү, жаңылануунун өзүн тургай жытын сезе элекпиз. Баягы эле кызмат талашып соодалашмай, мен сага, сен мага деген пендечилик. Сен экөөбүз биригип Кыргызстан үчүн кызмат кылалы дегенди качан көрөбүз, Алмаз мырза?!


"… Өмүр канат, ден соолукка эм берет"
Ишемби күнү Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда салттык жана эксперименталдык медицинанын эл аралык академиясынын ачылыш аземи өтөт. Аны менен кошо айтылуу академик Оморбай Нарбековдун 70 жылдык мааракеси белгиленет. Өткөн режим тушунда жашы небак өр таяса да бийликтин зордук-зомбулугуна ачык каршылык көрсөткөн саналуу адамдардын башында Оморбай ага да турган.
Эң башкысы, ал илимпоз катары эчен жылдап көксөп келген тилегине жетти. Эми Оморбай агадан албан жаңылыктарды күтөбүз. Анан эмей, ага борбордун чок ортосуна жайгашкан, бир кезде талаштын чордону болуп келген "Бейиш" борбору бекеринен берилген жок да.

И.о.-лордун ичин да карагыла
Адегенде Атамбаев, кийин Бабанов өлкөнүн бюджети аткарыларын, пенсия, жөлөк пул, айлыктар өз убагында берилерин убада кылганда көпчүлүк ишенген эмес. Анүстүнө дарыгер, мугалимдердин айлыгы кудайды карабай көбөйүп, пенсиялар да октябрдан тарта жогорулап атса. Анткен менен бир-эки кишинин колунан эмне келмек эле, маселенин баары ошо тармактардын жетекчилеринде го. 2010-жылдын апрелинен ушу күнгө чейин Социалдык фондду жетектеп келген Мухамедкалый Абулгазиев ушу аралыкта өзүнүн кандай жетекчи экендигин көрсөтүп койду. Ошондуктан мындай жаш, идиректүү жетекчилер жаңы түзүлө турган өкмөткө да кирсе коомчулук үчүн утуш болмок.

Өмүрбектин ташы өйдө кулайбы?
Мына-мына куралчу жаңы коалициянын акындар айтмакчы, "рыбасы" даяр болуп калды өңдөнөт. Албетте интриганын ити чөп жеп, сооданын сорпосу даамына чыгып турган кез. Ошентсе да боло турган соңку жаңылыкты айтып коелу дедик. КСДП, "Республика" фракциясы Өмүрбек Бабановду премьерликке көрсөтөрү дайын болду. Анын акыркы жасаган иштеринин жыйынтыгына караганда деле иш ошо жакка ооп баратат окшойт.

Ажо жүрүш
Жакынкы күндөрү президент Алмазбек Атамбаев Москвага сапар алышы күтүлүүдө. Укканыбызга караганда, а киши кесиптеши Дмитрий Медведев , орус премьери Владимир Путинге кезигиши ыктымал. Жолугушуу кандай форматта өткөнү, кандай маселелер чечилгени тууралуу кийинчерээк маалымдайбыз.

"Устукан" бөлүшүү бүттүбү?
Коалициялык соодалашуу аягына чыгып калды. Бейрасмий маалыматка ылайык, "Ата мекен" фракциясына вице-премьерликтин бири, Юстиция министрлиги жана Мамлекеттик мүлк министрлиги тиет экен. Божомолдорго караганда, вице-премьерликке Жоомарт Оторбаевдин талапкерлиги көрсөтүлсө, Юстиция министрлигин Алманбет Шыкмаматов жетектеши ыктымал.

Бакыттын багы тоодой го
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагасы Адахан Мадумаровдун пиар-технологу Бакыт Аманбаев мындан ары ЖоКенин басма сөз кызматын жетектейт. Мындай токтомго Акматбек Келдибеков спикерликтен шыпырылар алдында кол коюптур. Мындан улам депутаттар арасында "биздин ишмердүүлүгүбүздү коомчулукка Мадумаровдун пиарщиги жеткиреби? Ушу кантип болсун? Б.Аманбаевди кетириш керек" таризинде нааразы пикирлер арбын айтылууда. Баса, Бакыт мырза "республикачы" Урмат Аманбаеванын бир тууганы. Анан эки бир туугандын бир мекемеде иштеши мамлекеттик кызматтын этикасына туура келеби десең…

Келдибековду ким урду?
Спикерликтен ыргыганына өлө ичи ачышкан Акматбек Келдибеков ички ызасын чыгарыш үчүн дүйшөмбүнүн түнү мамрезиденцияда жакын санаалаштары менен ой-да чартаңбай тепти. "Жинди суудан" ашепке "сеп" этип алышканбы, айтор, эзилише отурган берендер акырында чатакташа кетти дешет. Чатак мушташ менен коштолуп, эңгезердей болгон депутаттардын бири Акматбек Келдибековичти желке талаштыра эки "удар" кое берген имиш. Экс-төраганы "эмдеген" эрендин ысымын сыр кылып атабай туралы, болгону анын "республикачы" экенин ачык айта алабыз...

Сариев министр?
Ак үйдөгү жеке булактан алынган маалыматка таянсак, "ак шумкарчы" Темир Сариев экономика министри, "ар-намысчы" Акылбек Жапаров финансы министрлигинин башына дайындалганы атыптыр. Ал эми реалдуу сектор жана инвестициялар боюнча вице-премьерликке түштүктүн өкүлү келиши толук мүмкүн.

Төрагалык чечилдиби?
Узак мөөнөттүү сүйлөшүүнүн натыйжасында коалициянын атынан социал-демократчы Асылбек Жээнбеков спикерликке бирдиктүү талапкер катары аттанмакчы. Орто жолдо саясый оюндар жүрүп кетпесе эле Асылбек Шарипович ЖК төрагалыгына шайланат. Анүстүнө бу жигитти президент өзү колдоп атканы эч кимге жашыруун эмес.

Компроматтар кармашы
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин былык иштерин ашкерелеген макалалар кийинки жумада гезит, интернет-сайттардын бетин ээлемекчи. Бизге жеткен маалыматтар боюнча ошол макалаларда Руслан мырза дайындаган элчи, консулдардын коррупциялык махинациялары кеңири баяндалат экен.
Айтмакчы, президенттин алдындагы мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Рыскелди Момбеков Казакбаевди ордунда калтыруу үчүн буту бутуна тийбей чуркап жүрү. Министр өз ордунда калчу болсо, анда Рыскелди Чыныбекович жаңырган жылда чет өлкөлөрдүн биринде Кыргызстандын элчиси болуп дайындалары бизге маалым.

Жумушсуз калбайт
Жакын арада Жалал-Абад губернатору Азизбек Турсунбаевдин ээрден шыпырылары күтүлүүдө. Бирок Азике жумушсуз калбайт. Ал жаңы өкмөт курамындагы министрлик же агенттиктердин бирин жетектерин ишенимдүү булактан кабарлашты.

Акыйкатчы апыртпаса керек
ЖК экс-спикери Акматбек Келдибеков кызматынан кеткенинин эртеси эле өлкө абактарындагылар ачкачылык жарыялашып, ар кандай талапты коюп чыгышканы маалым. Айрым абактарда ачкачылыктын себеби да ачык айтылган эмес. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, мунун артында экс-спикердин да көлөкөсү тургандай. Ачык айтылбаганы менен спикердин кетишине байланыштуу абактарда ачкачылык жарыялоо командасын кримлөгү Камчы Көлбаев бергендиги айтылат. Башкасы калп айтты десек да, бакыйган Кыргызстан акыйкатчысы Турсунбек Акундун Жаза аткаруу кызматынын башчысы Шейшенбек Байзаковдун абактардагы балдардын сөзүнө шилтеме кылышында чындык бардай.

Элден айланса болот, бирок алдаган жаман
Президенттик шайлоо убагында Баткен облусунун айрым айылдарында "Алмазбек Атамбаевге добуш берсеңер трансформаторлорду коюп беребиз" убадасы болгонун баткендиктер айтышкан эле. Шайлоо бүтүп, эшеги суудан өтүп алган соң эми Баткен облусунун Кадамжай районунун акими, райондук РЭС жетекчилиги айрым айылдардан трансформатор үчүн 30-40 миң сом чогулта баштаганы маалым болду. Муну бийликтегилер билбесе кулак кагыш кылып коелу. Элди алдаган бийлик эгерим оңолчу эмес эле.

"Жаңы Агым" - пресс



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"

Яндекс.Метрика