16.12.11 - 3-бет: Тиреш кимдин башын "жутат"?
Акыйкаттык абактагылардабы же Байзаков тараптабы?
Кечээ Бишкектеги N№21 абагынын жанында айыпталуучулардын жакын туугандары чогулуп абактардын шарты, тамак-ашы өтө начар экенин билдиришти. Алардын айтымында, абактарда кыйноолор болуп, киргизилген тамак-аш, төшөнчү абакта отургандардын колуна толук тийбейт экен.


"Жеңил айып менен кармалгандар мурда соттолгондор менен тар бөлмөдө жаткырылып, кургак учук, ар кандай ооруларды жугузуп алып атышат. Тамак-ашы өтө начар. Баламды оперлер кармап кеткенде эки жарым жашар неберем эшикте калып калган. Ал жакында чарчап калды" дейт ыйламсыраган Анара Паязова. Абактын алдында, адилеттикти издеген жүзгө жакын адамга Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) башчысы Шейшенбек Байзаковдун орунбасары Калыбек Качкыналиев жолугуп, ата-энелер менен кошо ММК өкүлдөрүн аталган абактын ичине алып кирип, жаза мөөнөтүн аткарып жаткандар менен сүйлөштүрдү.
Абактагылардын айтымында, аларга берилип аткан тамактардын сапаты начар, ИИМ кызматкерлери кээде негизсиз текшерүү кылып кыйноого алышат экен. "Бул жерде эч кандай шарт жок, тамак берилбейт, отурган жерибиз тар. Бир бөлмөдө сегизибиз минтип тыгылып отурабыз. Аба жетпейт. Терезелерибиздин айнектери жок" дейт айыпталуучу, казак жараны Мирхам Тезекбаев. Буга кошумча абактагылар жаткан жерлерин өз акчаларына оңдотушарын, төшөнчүлөрдү да өздөрү сатып алышарын, оорушса дары-дармектер берилбесин айтып беришти. Эмне себептен ачкачылык жарыялашканын сураганыбызда, абактагылардын көбү Шейшенбек Байзаковдун кызматтан кетишин талап кылып атышканын айтышып, буга сырттагы кримавторитеттерден эч кандай көрсөтмө болбогонун кошумчалашты. А эмне себептен Ш.Байзаковдун кетишин талап кылып атышканына кызыкканыбызда, аттарын айткысы келбеген айыпкерлер ал келгенден бери абак шарты бузулганын айтышты. Муну төгүнгө чыгарган абак начальниги Марс Жусупбеков менен абак кызматкерлери абак ичин кыдыртып, тамак-аш азыктары сакталган жайды, эт менен жасалган тамак-ашты көрсөтүштү. Тамак-аш азыктары сакталуучу жайда уй эти, кап-кап ар кандай дан азыктары, сабиз, картошка, пияз, туздалган капусталар турганына күбө болдук. Буларды көргөн айыпкерлердин жакындары да эмне себептен туугандары ачкачылык жарыялап атканына жооп таба албай турушту. Абак начальниги Марс Жусупбековдун айтымында, ачкачылыктын чыгышынын себеби, ЖАМК башчысы Шейшенбек Байзаковдун айрым абак жетекчилеринин кримавторитеттер менен болгон тыгыз байланышына бөгөт койгону себеп болгон. Марс Жусупбековдун билдиришинче, дары-дармек, тамак-аш, төшөнчү берилбейт деген жалган сөз. "Ушинтип айтасыңар деп алдын ала буларга кримавторитеттер тарабынан тапшырма берилген" дейт №21 абак башчысы.
Кыскасы, бул жерде бүгүнкү коомдун анык жарасы тургандай. Ачкачылык качан токтотулуп же кандай уланат дагы көз салып, мунун себебин гезитибиздин кийинки сандарында ачыктап бермекчибиз.

Мелис СОВЕТ уулу, сүрөттөр автордуку




Беш ыргай
"Жаңы Ала-Тоонун" жаңы санында
Эл аралык адабий-көркөм "Жаңы Ала-Тоо" журналынын жаңы чыккан санында кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал акын-жазуучулардын эмгеги жарык көргөн. Басылмада жетимиш жылдык мааракесин жакында белгилеген, калк ичинде кадыры бар жазуучу Кубатбек Жусубалиевдин да чыгармаларына орун берилген.

Улуттун ынтымагы ыр-бий менен
Т.Абдумомунов атындагы улуттук драмтеатрда бүгүн ырмайрам тартууланат. Жыйырма эки диаспора катышкан салтанаттын негизги максаты - улут аралык ынтмакты чыңдоо. Концерттин алкагында улуттук тамактардын көргөзмөсүнө, Юрий Бобковдун "Ырдайлы кыргыз ырларын" долбоорунун негизинде тандалган мыкты ырчылардын талантына күбө боло аласыз.

Исмаилдин итиркейин келтирбегилечи!
КСДП партиясынын депутаты Исмаил Исаков сунуштаган мыйзам күчүнө кирсе азыркы ырчылардын көбү кыйын күнгө туш болот окшойт. Анткени депутат ырчыларга фонограмма менен ырдаганга тыюу салыш керек деген демилгенин ишке ашуусуна катуу киришти. Эл концертке акчасын төлөп кирип эмне үчүн кассетага жазылган ырды угуш керек, эгер фонограммага тыюу салынса, өз үнүнө, талантына ишенген ырчы кандай жол менен болсо да өзүн көрсөтө алат дейт Исмаил Исаков.

Оюн аралаш оюнчуктар көргөзмөсү
Ушул айдын жыйырмасында тарых музейинде "Эски, эски жаңы жыл" аттуу көргөзмө өтөт. Анда 1937-жылдан баштап 1990-жылга чейин жаңы жылдын жүзү болгон оюнчуктар, шамчырактардын тарыхы, аяз ата менен аяз кыздын басып өткөн жолу кеңири баяндалат. Көп жылдан бери сакталган оюнчуктарды мекенибиздин тургундары чогултуп келишкен. Көргөзмөдө балдарга көп көңүл бурулуп, атайын оюндар уюштурулат. Каалоочулар келе жаткан жылдын 15-январына чейин каалаган убагында музейге башбага алышат.

Аксуубай Атабаевден да айрылдык
Эки жүзгө жакын обондун автору, анын ичинен "Чагылган", "Он сегиз жаш", "Эне жөнүндө баллада" өңдүү ырлары классикага айланган айтылуу обончу Аксуубай Атабаев 12-декабрда 68 жаш курагында жүрөк оорудан дүйнөдөн кайтты. Обончунун сөөгү туулуп-өскөн Көлдүн Ак-Суу районундагы Ак-Булуң айылына коюлду. "Жаңы Агым" гезитинин жамааты Аксуубай аганын үй-бүлөсүнүн, жакындарынын азасын бөлүшөт.

Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА




Оштогулар да силер менен!
Ушул жылдын 14-декабрынан тартып Оштогу №5 тергөө абагында жаткандардын тең жарымы ачкачылык жарыялашты. Алар азыр деле наар алуудан баш тартышууда. Акциячылардын башкы талабы - Чүй зонасындагы колониялардын акыбалын чукул арада жакшыртуу, анткени аталган жайларда адам чыдагыс шарттар түзүлгөн.
Бул туурасында "Жаңы Агым" гезитине Оштогу №5 тергөө абагынын жетекчиси Абдыкадыр Сатаров маалымдады. Анын кебине караганда, соттун өкүмүнөн кийин бул абакта жаткандардын басымдуу бөлүгү Чүйгө которулуп, ошол жактагы түрмөлөрдө калган мөөнөтүн өтөшөт экен.
Бирок №5 тергөө абагында жаткандардын айрымдары "Жаңы Агымдын" кабарчысына билдиришкендей, алар кайсы бир саясатчыны колдоп ачкачылык жарыялашкан жери жок.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Ош шаары


Сакалчан Мамыт: билесиңби?
Кечээ АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйынында муфтийдин кеңешчиси Нурбеков Кеңешбек ажы менен молдо Маматкадыр Суранов муфтий Чубак ажы Жалилов салафиттерге жетеленип, алардын өкүлдөрүн колдоп жатат деп айтышты. Кеңешчилердин айтымында, "Бишкекте азыр салафиттердин саны 18 миңге жетиптир. Өлкөдө диний коркунуч пайда болду. Бул жалпы элдин, улуттун жана мамлекеттик коопсуздукту бузушу мүмкүн. Ошондуктан буга мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп, чара көрүлүш керек. Биз бир жумадан бери президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуубузду жеткире албай келе жатабыз. Өзүбүздү да, кайрылуубузду да киргизбей жатат" дейт К.Нурбеков.


Жер тыңшаар Мамыт: уктуңбу?
Өкмөткө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы Төлөбай Кеңешов Бишкек шаардык сотунун чечими менен ээлеген кызматына кайра коюлду. Мындай чечимди Ленин райондук соту кабыл алып, аны Бишкек шаардык соту күчүндө калтырды. Мындан тышкары, мамагенттик аргасыздан жумушка чыкпай калгандыгы үчүн башкы архитекторго айлык акысын дагы төлөп берет.
Айта кетчү нерсе, борбордун башкы архитектору Төлөбай Кеңешов архитектура жана курулуш тармагында 35 жылдан ашуун эмгектенген. Ал кызматынан 2010-жылдын май айында коллегиянын отурумунда иштен бошотулган.


Куюн Мамыт: кууп жет!
Ысык-Көл облусунда мал уурдоо боюнча өткөн жылы 97 факт катталса, быйыл 11 айдын жыйынтыгы боюнча 115ке жетти. Аймакта мал уурдоо менен алектенген 17 топтун 30 мүчөсү кармалып, 20дан ашык кылмыш иш козголду. Мал уурдоонун басымдуу бөлүгү Түп районунда болду, анткени бул район Казакстандын чек арасына жакын жайгашкан. Бирок кыргыз-казак милициялары бирге кызматташа албай жатканынан улам кылмыштын бети өз убагында ачылбай келет.

"Мамытчы" Зайырбек АЖЫМАТОВ




Баш кесмей жок
Парашют менен түшкөн Суталинов жана күтүлүп жаткан Данчик

Баарыбыз эле 7-апрелдеги кан төгүү боюнча М.Сута-линов К.Бакиев менен Ж.Бакиевден кийинки эле негизи күнөөкөр экенин түшүнүп турабыз. Анан эмнеге сот органдарынын өзү келген айыпкерди камаганга колу барбады? Андан жаман акыбалда ооруп жаткан Данияр Дунгановдун баш коргоо чарасы анын жактоочулары канчалык чырылдаса да өзгөрбөй жатпайбы.
Уккандар танбайт, Алмазбек Атамбаев бийликке келе элек кезинде митингдерде сүйлөп атып Мурат Суталиновдун атасы Абдыбек Суталинов менен жакшы мамиледе экенин, алар менен тууганчылык жайы барлыгын кайра-кайра айтып келген. Мисалы, 2005-жылы митингге чыккан 15 миң кишинин алдында Атамбаев ошол кезде УКМК башчысы болуп турган Мурат Суталинов өзүнө "байке, 500 киши даярдап койдук, митингге чыкпа, атабыз" деп эскертти деп жар салган. Андыктан Мурат Суталиновдун сот процесси жүрүп аткан эшикти жара тээп кирип келип темир тор артына жарым күн отурбай кайра чыгып кеткени бекеринен эместей.
УКМК башчысы Шамил Атахановдун чек ара кызматына Суталиновдун чек арадан өткөнүн же өтпөгөнүн тактагыла деп жатканы күлкү келтирет. Себеби өтсө да, өтпөсө да өздөрү уят болору түшүнүктүү. Ал эми КСДП фракциясынын депутаты Исмаил Исаков "Суталинов парашют менен түшүп сотко келди деген маалымат бар. Өз кезегинде генерал Молдошевди саммит учурунда кылмышкер катары кармап келишкен эле. Ал эми Суталинов өлкөгө келгенде чек арачылар кайда жүрүшөт? Бул эмне деген подход? Бир тараптуу болуп жатат. Суталинов Кыргызстанды канга батыргандардын бири" дейт. Туура. Бирок бул ишти өзү мүчө болгон партиянын мурдагы лидери жасап атсачы?
Интернет булактарында жакында өлкөгө так ушундай жол менен Данияр Үсөнов да кирип келет деген сөз жүрө баштады. Такталбаган маалыматтарга караганда, Данчик макулдашкан сумманы Атамбаевдин Түркиядагы эсебине которуп койгон имиш. Мындай маселелер боюнча жакында президент Атамбаев "келгиле, Бакиев, Акаевден башкабыз ынтымак менен жашайлы, бири-бирибизди кечиришели" деген мааниде элге атайын кайрылуу жасайт деген божомолдор бар.
Чындап эле айрым серепчилер апрель окуясы боюнча жүрүп жаткан сот иши аягына чыкпайт деп атышат. Мисалы, саясат таануучу Турат Акимов "Азаттык" үналгысына берген маегинде "Эми бул жерде процесстердин баары чоюлуп калган. Күнөкөрлөр табылат дейт. Ушунча убакыттан бери табылбагандан кийин эми эч ким деле табылбайт. Бул чечилбеген нерсе чечилбеген бойдон кала берет. Анан баягы "альфачыларды" соттойт, бирок эртеси шарттуу жаза берет, ырайым берет же чыгарып жиберет. Же сот аркылуу булардын толугу менен күнөөсү жок экен дешет. Эми бул жерде азыркы бийликтин соттой алганга моралдык деле укугу жок..." дейт.
Зайырбек АЖЫМАТОВ