mainkaptal
Архив газеты Демо: Всплывающее РѕРєРЅРѕ РїСЂРё загрузке сайта СЃ помощью CSS3 Рё немного javascript
Пользовательский поиск
Тагдырдын тайгүлүк ташы
Зирегүл МАРАЛОВА:
"Жетим неберелерин аяса болмок…"

Жалал-Абад облусунан келген Зирегүл МАРАЛОВА күйөөсү өлгөндөн кийин эки кызым менен үйүм жок талаада калмай болдум дейт. Кайниси менен үй талашып соттошкон Зирегүл Аламүдүн райондук сотуна нааразы экен.

- Жолдошум Таалай Нышанов экөөбүз 1999-жылы баш кошуп, Жалал-Абаддан үй алып эл катары жашап атканбыз. Күйөөм базарда курулуш материалдарын сатып, мен мугалим болуп мектепте иштеп, эки кыздуу болдук. Таалай экөөбүз бөлө болобуз. Бирок Таалай менен өз энесинин бири-бирине эне-баладай мээрими жок болчу. Себеби жолдошум чоң энесинин колунда өскөн экен. Жакшы тилектер менен кийинчерээк Бишкекке көчүп келебизби деп бул жактан жер участогун алып эки бөлмө үй салып, быяктагы студент кайнимди батирлеп жүрбөй үйдү карасын деп киргизип койгонбуз.
Ошондой күндөрдүн биринде Таалайдын боору ооруп ооруканага жатып калды. Жабышкан дарт кое бербей, тез эле каза болуп калды. Буга чейинки бактылуу жашообуз Таалай көз жумгандан кийин бир заматта омкорулуп кеткенсиди. Таалай көз жумардан бир жыл мурун Жалал-Абаддагы үйдү сатып, кайнене-кайнатам менен чогуу жашап атканбыз. Күйөөм өлгөндөн кийин кыркына жетпей эле кайненем ата-энең менен жаша деп мени эки кызым менен кубалай баштады. Сен эми өз турмушуңду кура бер, жолуң ачык деди. Туугандар чогулуп, кой уят десе да болбоду.
- Кайненең экөөңөр тууган экенсиңер, эмнеге сени үйдөн кубалады? Буга эмне себеп болду?
- Адегенде үйдө отуруп калбасын деди окшойт дегем. Жетим калган неберелерине да боору ооруган жок. Ал мени кууй баштаганда балдарым менен батпайт экенмин деп төркүнүмө кетип, Бишкектеги үйгө барып тынчыраак жашайын деп чечтим. Быякка келип Таалай экөөбүздүн үйдү өзүмө каттатып алайын деп мамкаттоого барсам, үйдүн документи кайниме катталып калыптыр. Бул жердеги документти карасам, 2008-жылы жолдошум көз жума электе эле кайниме каттатып берип салыптыр. Ал документте менин да колум жүрөт. Бирок мен кол койгон эмесмин, Таалай да айткан эмес. Мындай болгон эмес десем, кайындарым Таалай экөөңөр келип өзүң кол коюп макулдугуңду бергенсиң деп күйгүзө башташты. Кайненем эмне эле мени, неберелерин үйдөн кууп атат десе көрсө ушул үйдү талашат деген экен. Акыры Аламүдүн райондук сотуна кайрылууга аргасыз болдум. Экспертиза далилдеп, Аламүдүн райондук соту менин кызыкчылыгыма чечип берген. Бирок кайындарым Аламүдүн райондук сотунун чечимине нааразы болуп, Чүй облустук сотуна арыз жазышкан. Ал жактан да документтеги менин жасалма колум экспертизадан текшерилип, жалган деп чыккан. Үч жолу экспертиза менин документке коюлган колум жасалма деп чыгарышты. Чүй облустук соту кайра Аламүдүн райондук сотуна карап чыккыла деп жиберди. Кайним болсо бул үйдү мен кургам деп чыкты. Ага сен жардам бергендирсиң, бирок болгон материалдык чыгымды биз көтөрбөдүк беле десем, менин да мээнетим кеткен, бирөөгө берип салмак белем дейт. Бирөөгө эмес, атасыз жетим калган карындаштарыңа берип атасың, өзүң кайтарып бер десем да ынабай коюшту. Ал үй курулгандан тартып кайним жашап аткан да, кошуналары да кайнимди тааныйбыз, ушул жерде жашачу деп көргөзмө беришиптир.
- Анда азыр соттошуп, ортодо жагымсыз абал түзүлгөн турбайбы?
- Ооба, ортодо жагымсыз сөздөр көп болду. Бири-бирибизди көргүбүз келбей калды. Аларга атасыз калган небере кыздардын кереги жок окшойт. Кайындарым кыздар чоңойсо күйөөгө тийип кетет, сага үйдүн эмне кереги бар дейт. Сен каалаган күйөөңө тийе бер, бирок үйгө жолобо дешет. Мен кыздарым күйөөгө тийгиче кайда жашайм, кыздарым үйдөн тарбия алып жашаш керекпи же батирлеп ар кимдин эшигин сагаалап жүрүшүм керекпи десем да көнбөй коюшту.
- Азыр эмне иш кылып атасың?
- Ош базарда соода кылып, батирде жашап атам. Кыздарымды айылда апам багып атат. Таалай экөөбүз үйлөнгөнгө чейин эле ата-энелерибиз тууган болгондуктан жакшы катташышчу. Азыр ушул чырдан кийин туугандар да катташпай калышты. Башка туугандар ортого түшүп, эки кызы менен кайда бармак эле үйдү бергиле деп барышса, силер ошонун сөзүн сүйлөп, ага болушуп атасыңар деп алар менен да кайненем уруша кетиптир. Айтор, эч кимдин сөзүн уккан жок. Адегенде кайним эки-үч жыл кое туруңуз, сизге өзүм жер алып берем, салып аласыз деп айткан. Тез аранын ичинде алып берсең мейли десем, ага ынабай койду. Анүстүнө эки кызым менен үйдү кантип салам, андан көрө ошол жерди өзүң алып үй куруп ал десем көнбөдү. Ал Россияга барып иштечү, акча таап келип тез эле салып аласың дегем. Кайним Илияс эки жыл мурун үйлөнүп, аялы айылда, өзү Россияда болчу. Бул үй талашка түшүп соттошкондон тарта ал аялын айылдан алып келди. Чындыгында кайнене-кайнатам интеллигент адамдар, экөө тең мектепте мугалим болуп иштейт. Мен айылда жүргөндө үчөөбүз чогуу мектепте иштечүбүз. Мектепте кайненем 30 жыл иштеген. Башкаларга үлгү болчу адамдардын жетим небересинен үй талашканы өкүнүчтүү.
- Эми Аламүдүн райондук соту карап чыгып кайра чечим чыгардыбы?
- Ооба, 2011-жылдын 24-ноябрында Аламүдүн райондук сотунда судья Ч.Осмонова кайра карап чыгып, Таалайдын иниси Илястын кызыкчылыгына чечип салды. Кашкайган чындык, экспертизанын далилдери турат. Ага маани беришпеди. Ал жерде Таалайдын колу да жасалма болуп жүрбөсүн деп экспертизага жиберели десек, өлгөн адамдыкы болбойт деп койду. Гезит аркылуу кайнене-кайнатама кайрылат элем, ата, апа, мени аябасаңар да Таалайдан калган неберелериңерди аясаңар боло!
Назгүл
КАЛМАМБЕТОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Агым" меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Actionteaser.ru - тизерная реклама
Яндекс.Метрика