16.12.11 - 21-бет: Эй, вы там, наверху!
ШАХМАТ - ТУРМУШ, ТУРМУШ - ШАХМАТ
"... без шахмат нельзя себе представить воспитание умственных способностей и памяти. Шахматы должны войти в жизни начальной школы как один из элементов умственной культуры"
В.Сухомлинский

М.Саакашвили ушул жылдын октябрь айында Гарри Каспаров менен атайы жолугушуу уюштуруп, атактуу гроссмейстерден Грузия мектептериндеги шахмат боюнча билим берүүнү өзүңүз жетектеп бериңиз деген чоң өтүнүч менен кайрылды. Каспаров да Грузия лидеринин бул өтүнүчүн колдоп, "Учурда биз эң маанилүү этапта турабыз, себеби бүткүл дүйнөдө шахмат үйрөтүүнү мектеп программасына киргизүү жөрөлгөсү абдан күчөдү. Биз да шахматты спорт гана эмес окуу предмети катары өркүндөтүүнү түшүнөр кез келди" деп белгиледи.
Бул кеп бүгүн гана актуалдуу мааниге ээ эмес, мындай пикирди дүйнөнүн улуу шахматчылары Капабланка, Ласкер, Нимцович, Журавлев өңдүү гроссмейстерлер баса белгилеп келген. Атүгүл дүйнө чемпиону Алехин: "Мен шахмат аркылуу өзүмдүн кулк-мүнөзүмдү тарбияладым" дейт.
Жогоруда советтик доордун улуу педагогу Сухомлинскийдин кебинин аркасында да терең маани жатат, кыргыз. Арийне биздей улут сан жагынан башка элдерге шоона эшпей артта калып аткандыгы жашыруун эмес, бирок ошентсе да адам ресурсун алдыга коюну ойлонор кез келди. Ириде биз улут сапатын өнүктүрүүдө акыл булчуңубузду чыңоодон башка аргабыз жок. Кол-бутунун булчуңу чоюндай спортчуларыбызга мамлекет жана капчыктуулар тарабынан көңүл буруу соңку жылдары калыбына келаткансыйт, буга шүгүр дейли. Ал эми акыл гимнастикасы саналган шахматка көңүл буруу таптакыр жок экени каңырык түтөтөт!
Бир байкаганым, учурда саясый элитабыздын курчоосунда кимдер көп? Булчуңу бууранын санындай жансакчы спортсмендер. Атүгүл жардамчыларынан өйдө спорт чөйрөсүнүн өкүлдөрү. Ал эми мээ булчуңу чың, билимдүү, идиректүүлөр кайда? Чет өлкөлөрдө, илимдер академиясынын жертөлөсүндө же Кожожаштай илимдин аркасынан түшүп асканын боорунан түшалбай калгандар...
Албетте жаштардын баарын эле шахматчы кылыш керек деген маселе койгум келбейт. Болгону деги бизде акылдууларды өстүрүүгө көңүл бурулабы деген кеп. Тек гана бу жерде жаштардын мээ булчуңун чыңоого коомчулук да, мамлекет да көңүл бурса деген эле тилек. Бекеринен орустун улуу жазуучусу Толстой: "Мен шахматты сүйгөн себебим, ал мээнин ар бир шаригин иштетүүгө мажбурлаган оюн" дебегендир. Арийне шахматтын машакатын тарткан бала келечекте шахматчы болбогон күндө да, анын мээси коомдук прогресс үчүн керек. Мейли ал медик болобу, демек медицина тармагын өзүнүн акыл-жөндөмүнүн көмөгү менен алдыга өнүктүрүүдө көжөлүп эмгектенет. Мейли ал саясатчы болсо андан бетер укмуш. Андале чырмалышкан глобализация заманын шахматтык жүрүштөй терең анализдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Дал ошондой жаштар Кыргызстанда саясый технолог болуп өскөндө гана биз дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрү менен теңаталыкка ээ болобуз. Себеби шахматтын табияты адамды ошондой жөндөмдүүлүккө тарбиялайт. Шахмат - турмуш, турмуш - шахмат деген аксиома ошол. Шахмат - бул күрөш. Күрөштө жеңишке жетүү үчүн ар бир кырдаалды анализдеп, өзүңдүн тактикалык жана стратегиялык жөндөмүңдү көрсөтүшүң керек. Ошон үчүн шахматтын ролу адамдын илимий-чыгармачылыгын өнүктүрүүгө өтө маанилүү экендигин ошол эле Толстой, Достоевский, Кадар, Гёте, Стейниц, Цвейг, Неруда өңдүү не деген дөө-шаалар айтпаган. Себеби тээ байыркы замандан бери адамды өз алдынча ой жүгүртүүгө түртүп, ар бир жүрүштү ийне-жибине чейин талдоого аргасыз кылган шахматтан башка бир да оюн жок. Ал адамдын логикалык ой жүгүртүүсүн тарбиялайт.
Шахмат деле турмуштагыдай бир кетирген катачылыгыңды кечирбейт, туура эмес бир жүрүшүң менен ишпалдаң чыгат. Андыктан кел, кыргыз, шахматка көңүл буралы!
Кыстырма
А.Атамбаев атпай журтка антын бергенден көп өтпөй Кыргызстанга ФИДЕнин жана калмак президенти Кирсан Илюмжанов келип кетти. Адегенде шахмат федерациясынын босогосун аттаган Илюмжановдун бизди кубандырганы - Атамбаев менен болгон жолугушуусунда Кыргызстандын мектептерине шахмат программасын киргизүү сунушун айтып, эгер бул сунушу колдоого алынса, болгон жардамын аябастыгын билдирди. Буга кыргыз президенти не жооп айтканы азырынча дайын бололек...
Бирок кандай болгон күндө да Кыргызстандын шахмат федерациясынын тегерегиндеги күнгөй-тескей маселелер көп экенин айта берип тил тешилип, жаза берип калем жешилмей болду. Тилекке каршы, бул маселеге азыркы бийлик да кайдыгер бойдон калууда. Кызыгы, вице-премьер-министр Ө.Бабановдун 10 жашар уулу Нурэмир Бабанов менен ЖКдагы "Республика" фракциясынын төрагасы К.Исаевдин 10 жашар уулу Чынгыз Исаев (республиканын шахмат боюнча чемпиону) учурда шахмат чөйрөсүнүн белгилүү оюнчулары. Бирок Бабановдун да, Исаевдин да Кыргызстанда шахматтын өнүгүүсүнө кенедей көңүл бурганын көргөнүбүз жок. Кезегинде өлкөбүздүн белгилүү шахматчысы, маркум Акылбек Муратбеков шахмат федерациясынын башында турганда Кыргызстандан Светлана Матвеева, Эрнесто Инаркиев өңдүү мыктылардын мыктысы дүйнөгө таанылса, кийин Жеңишбек Назаралиев, Акылбек Жапаров Кыргызстандын шахмат федерациясын жетектемиш болуп турушту, бирок көзгө көрүнөрлүк эч нерсе кылалышкан жок. Тескерисинче, ушул экөө жетекчиликке келгени, аталган тармак оңолмок түгүл федерациянын ичинде ынтымак ыдырап, акыры экиге бөлүнүп тынышты. Бул экөөнөн кийин Алишер Сакебаев ушул жылдын жазында шахмат чөйрөсүн жетектөөгө келди эле, аделе жараканы бүтөй албай, Кыргызстан эл аралык ФИДЕ уюмуна болгон 4 миң евро взностук карызын төлөй албай отурат. Анысын кой, ушул жылдын 16-23-декабрында Индиянын Нью-Дели шаарында өтө турган Азия чемпионаттыгына жөнөп аткан шахматчылардын барып-келиш чыгымын айтпайлы, чемпионаттын взносун төлөп бергенге да жараган жок. А өзү өндүрүшү гүлдөп аткан "Абдыш-Ата" компаниясынын ээси. Ал эми бара турган балдардын ата-энелери Азия чемпионаттыгына катышып келүү үчүн эптеп өздөрү акча таап, таппагандары үмүт үзгөн бойдон калышты.
Олжобай ШАКИР