mainkaptal
Демо: Всплывающее окно при загрузке сайта с помощью CSS3 и немного javascript
Пользовательский поиск
Көңүл чордонунда
Мегаком компаниясына мамчиновник эмнеге бут тосот?

Буга чейин ырынан чыры көп болуп келген Мегаком компаниясынын жетекчилиги өкмөт тарабынан дайындалгандан бери ырааттуу иштей баштаганын билебиз. Жакында жаңылык катары Мегакомго жаңы муундагы 3G байланыш түйүнүн ишке киргизүү күтүлүп жатат.

Буга чейинки жетишкендиктерди санай кетсек, биринчи кезекте Мегаком компаниясынын өкмөт тарабынан дайындалган жетекчилиги компанияда каражаттарды алып чыгуу боюнча мурда түптөлгөн коррупциялык схемаларга бөгөт койду. Ошондой эле өлкө бюджетине которулган төлөмдөрдүн көлөмүн жогорулатты. Мамлекет казынасына дивиденддерди которду. Компанияда бизнес-жараяндарын башкаруу жөнгө салынып, кызматкерлердин штаты көбөйдү. Айтор, жаңы топ-менеджерлердин жигердүү иш-аракетинин негизинде бир жылга жетпеген убакыт аралыгында Мегаком компаниясы Кыргызстанда эң алдыңкы уюлдук оператор экенин көрсөттү. Албетте ийгиликтердин жаралышына аталган компаниянын жаңы жетекчилигинин ишбилгилиги, мыкты адистик сапаты себеп болду. Бирок ошол эле учурда улуттук деген статустагы байланыш түйүнүнүн жаңы кадамдарына мамлекеттик кээ бир чиновниктердин бут тосуп жатканы айтылууда.
Учурда Мегаком компаниясы жаңы муундагы 3G байланыш түйүнүн ишке киргизүүнү көздөөдө. Адистердин айтканына караганда, 3G байланыш түйүнү ишке кирген учурда Кыргызстандын жарымын ээлеген Мегакомдун кардарларына бири-бири менен байланышуу үчүн бир катар ыңгайлуу шарттар түзүлүп, мындан да жакшы болмок. Тилекке каршы, учурда бул идея тоскоолдукка учурап турат. Себеби, айрым аткаминерлер үзгүлтүккө учуратууга кызыкдар.
Тактап айтканда, Улуттук байланыш агенттигинин статс-катчысы Абдисамат Сагымбаев эмнегедир Мегаком компаниясынын мындай демилгесине болгон аракетин жумшап бут тосуп жатат деген маалымат бар. Азырынча бул адамдын кимдин кызыкчылыктарын коргоп, эмнеге мындай кылып жатканы белгисиз, бирок такталбаган айрым маалыматтарга караганда, мунун артында Кыргызстан үчүн кыйратып салым кошпогон "Билайн" оператору турат имиш. ( "Билайн" операторунда 3G байланыш түйүнү бар). Туура, базар экономикасында атаандаштык, бири-бирине бут тосмой боло жүргөн оокат. Бирок мындай жол менен эмес. Конкуренция жасалган иштин же сатыла турган товардын сапаты аркылуу гана ишке ашышы зарыл. Анан калса мындай жең ичинен бут тосууга мамлекеттик чиновниктер аралашпаш керек. Албетте кыргыз чиновниктери эч качан бирөөлөрдүн айтканын жөн эле аткара бербейт. Ал үчүн кол акы сурашат.
Чындап эле Улуттук байланыш агенттигинин статс-катчысы Абдисамат Сагымбаевдин учурдун №1 улуттук байланышы деп аталып жүргөн Мегакомдун жакшы саамалыктарына бут тосушун түшүнүш кыйын. Биздин пикирибизде, анын бул саамалыкка бут тосуп жатканын логикалык жактан эки эле себеби бар. Биринчиси, Сагымбаев "Билайндан" пара алган, болбосо кызмат абалынан пайдаланып Мегакомдон пара үмүт кылып атат… Мындан башка кандай себеби болушу мүмкүн? Бирок мамлекеттик органдын мындай жосунсуз жоругу суу кечпейт.
Биз бул меселе боюнча экинчи тараптын пикирин да берүүгө даярбыз. Макала даярдалып атканда Улуттук байланыш агенттиги менен байланышууга мүмкүн болбоду.

Мелис САМАГАНОВ




Шыпаагер
70 миң балага киндик ата болгон Наби

Аялдын бир ажалы төрөттөн деп бекер айтылбаса керек. Бала төрөгөн ар бир аял жанды жеген толгоонун оорусун, андан кийинки бала бактысын сезет. Ошол жан кыйналган толгоо учурунда колу жеңил ак халатчандардын да шыпаасы оңой эмес. Борбордогу №4 төрөтканада отуз беш жылдан бери аял менен кошо толготуп, миңдеген балдарды төрөтүп киндик ата болгон Наби ТАГИЕВ менен баарлашып, басып өткөн эмгек тажрыйбасын уктук.

- Дарыгер болгусу келген эркектердин көпчүлүгү хирург же тиш доктур жагын тандашат экен. Сиз кантип акушер-гинекологду тандап калдыңыз?
- Менин акушер-гинеколог жагын тандап калышым институттан эле башталган. Негизи медицинанын тарыхында дүйнөдөгү эң мыкты акушер-гинекологдор эркектер болушкан. Албетте биздин кесип абдан оор. Күнүгө ыкчам операцияларды, аялдардын төрөтүн кабыл алабыз. Акушер-гинекологдор бир эле учурда терапевт, хирург, психолог да болушат. Бизди ошондуктан универсалдуу врач деп коюшат. Ар бир аялды төрөткөндө, оор операцияларды ийгиликтүү жасагандан кийин биз алган жандүйнөнүн канааттануусун эч кимге түшүндүрүүгө мүмкүн эмес. Оор абалда жаткан аялга, анын ымыркайына өмүр бергенде башкача бир канааттануу алабыз. Ошол толготуп, жаны кыйналып турган аял менен кошо кыйналабыз. Тилекке каршы, кээде өкүнүчтүү аяктаган учурлар да кездешет. Күнү-түнү бул жашоого жаңы келген ар бир ымыркайдын өмүрү үчүн күрөшөбүз. Ошондон улам чачымдын ар бир агарган талы кесибиме байланыштуу. Негизи дарыгерлердин ичинен акушер-гинекологдордун өмүрү кыска, аз жашайт деп коюшат. Себеби биздин ишибиз дайыма экстрендүү. Атүгүл көпчүлүк акушер-гинекологдор ишин биринчи орунга койгондуктан жеке жашоосу экинчи планга кетип, үй-бүлөсү жоктор да көп. Акушер-гинекологдордун түйшүгүнө чыдагандар чыдайт, чыдабагандар кетип калышат.
- Жанды кыйнаган толгоону төрөгөн ар бир аял билсе керек. Бул оору башыңыздан өтпөгөндөн кийин кантип билесиз?
- Акушер-гинекологдордун арасында төрөбөгөн аялдар деле бар, алар деле бул ооруну билбейт. Мен да билбейм. Ошол толгоонун оорусун төрөгөн аял гана сезет, билет. Андыктан дарыгерлер ага көңүл бөлүп аяганыбыз менен оорусун тең бөлүшө албайбыз. Аларга жардам беребиз. Мурда толгоону жеңилдетүүчү дары-дармектер, свечалар бар болчу. Азыр аларды аялдарга бербей, өздөрү табигый жол менен төрөсүн деп калдык. Себеби толгоону жеңилдетүүчү дарыны колдонгондо анын терс таасири тийиши мүмкүн. Бул дарыны аялдын организми көтөрө алабы, курсактагы бала кандай кабыл алат, төрөткө кандай таасири тийиши мүмкүн, аны билбейбиз. Кандай дары-дармек колдонбосун төрөттүн өз убактысы болот. Илгери боз үйдө төрөгөн аялга анын толгоосун жеңилдетүү үчүн эч ким дары-дармек берчү эмес. Ошондуктан табигый жол менен өзү төрөгөн аялдын, баланын ден соолугу жакшы болот. Эң негизгиси, бул жанды кыйнаган оору бала төрөлгөндөн кийин дароо басылып калат эмеспи. Баланы эмизе баштаганда баары унутулат, бул убактылуу гана оору экенин ар бир аял билиш керек. Бул оору ашып кетсе бир сутка жанды кыйнайт, ошону менен бүтөт. Бизде аялдардын көпчүлүгү толгоо учурунда кыйкырып-өкүрүп, ыйлап, эмоциясын чыгарышат. Төрөгөндөн кийин көңүлүң кандай десем жылмайып, кээси кыйкырып ыйлаганы үчүн уялып калышат. Негизи кош бойлуу аялга бейтапканадан эле психопрофилактикалык даярдык өткөрүп, толгоо кандай оор болорун, ага чыдаш керектигин айтыш керек. Ошондо аялдар өздөрүн колго алып, психологиялык жактан даяр болуп калат.
- Көп балага киндик ата болуптурсуз, сиздин эсебиңиз боюнча канча ымыркайды төрөттүңүз?
- Отуз беш жылдан берки эмгек тажрыйбамда көп баланы төрөттүм. Алардын баарын эсептесем өзүнчө эле шаарчага айланат. Баш-аягы жетимиш миңге чукул баланы төрөтүптүрмүн.
- Акушер-гинекологдордун жеке жашоосу жумуш деп жүрүп экинчи планга өтүп кетет деп айтып өттүңүз, а сиздин жеке жашооңуз кандай?
- Кудайга шүгүр, үй-бүлөлүүмүн, эки уулум бар, экөө тең врач. Келинчегим сатуучу болуп иштейт. Уулдарымдын бири тиш доктур, экинчиси уролог. Менин жумушумдун оор экенин көрүп, ага макулдугумду берген жокмун.
- Келинчегиңизди өзүңүз төрөттүңүз беле?
- Жок, өзүм төрөткөн эмесмин. Башка дасыккан дарыгерлер төрөтүшкөн. Эгер анын төрөтүнө чукул операция керек болуп калса балким жасамак болушум керек. Аялым деле мени өзүң төрөт деп айткан жок. Келиним, эки неберем бар. Келиним деле өзү төрөдү. Неберелеримдин улуусу 2-класста окуйт, кичүүсү кыз, ага тогуз ай болду. Биздин жумуш ымыркайлар менен болгондуктан баланы абдан жакшы көрөм. Неберелеримди көргөндө жүрөгүмдү берүүгө даярмын.
- Жубайыңыз сиздин кесибиңизге кандай көз карашта?
- Албетте, жаш кезинде кызганып калчу. Себеби күндүр-түндүр аялдар телефон чалып, дайыма алар менен байланышта болчумун. Азыр ага көнүп калды.
- Сизди эркек деп уялып, тартынгандар болобу?
- Кээ бир динге берилген аялдар мага көрүнгөндөн уялышат. Тартынышса башка аял дарыгерге көрүнгүлө дейм. Бирок дин боюнча деле куранда эркек дарыгерге көрүнбө деген жазуу жок. Эркекпи, аялбы дарыгер өзүнүн жумушун жасап атат. Дарыгердин кызматы керек болгондо ал текшериш керек. Балким ошол эркек врачтын ага жардамы чоң болуп калышы мүмкүн. Бирок уялып атышса айла жок, кыйнабайбыз. Эркек акушердин колу жеңил деп мага кайрылгандар абдан көп. Кээде күйөөлөрү өздөрү келип сиз төрөтүңүз же операция жасаңыз деп кайрылышат. Чындыгында биздин төрөт үйдөн төрөгөн ар бир аялдын сырларын билебиз, аларды эч кимге айтпайбыз. Азыр бизде өнөктөшү менен төрөтүү деген ыкма бар. Анда аял толготуп атканда күйөөсү же жакыны жанында турса болот. Баласы жарык дүйнөгө келгенде врачтардын атын ыйгарып, же бизден ысым сурап койгондор да бар.
- Дайыма аялдарды төрөтүп жүргөн акушер эркектердин аялзатына деген кызыгуусу жоголот деп уктум эле…
- (Күлүп) Жок, бул жалган маалымат. Андай эмес. Мен башка эркектердей эле сулуу аялдарды жакшы көрөм.
- Акыркы кезде төрөткө келген аялдарда кандай көйгөй көп?
- Чындыгында акыркы кезде каны аздуулук, кан басымы жогорулар, жүрөктүн тубаса тешиги абдан көбөйүп кетти. Булар адамдын жашоо образына, тамактануусуна, экологияга, стресс болгон кырдаалга байланыштуу. Ар кандай инфекция менен төрөлгөн балдар да көп. Кээ бир инфекцияларды дарылаганга да мүмкүн эмес. Миграция күч алып, аялдар кош бойлуу кезинде каттоого турбайт, дарыгердин көзөмөлүндө болбойт. Кан басымын, каны кайсы топто экенин да билишпейт. Тилекке каршы ушундайлар көп.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА



кыргыз тилиндеги гезит "Агым" меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика