mainkaptal


Пользовательский поиск
Кошуналарда эми башталат го
Путинден чарчаган Россия жана кайпактаган Казакстан

Россияда "Бирдиктүү Россия" партиясы элдин 49,54 пайыз гана добушун алгандыктан эми Мамлекеттик думада көпчүлүктү түзө албайт. Ушундан улам саясат таануучулар жана саясатчылар Мамдума чыныгы талкуулар өтчү жайга айланабы, Россиянын саясый майданы өзгөрөбү деген суроолорго жооп издеп атышат. Ошол эле учурда "Бирдиктүү Россиянын" бул жеңишин четке кагып, Медведев-Путин саясатына каршы чыккан акциялар уланууда.

Жаңы жыл алдында революция болобу?
10-декабрда Россияда болгон нааразылык акциялары аталган өлкөнүн соңку тарыхындагы ири демонстрация болгондугу айтылууда. Бул күнү Россиянын 80 шаарында он миңдеген эл көчөгө чыгып, Россиянын БШК жетекчиси Владимир Чуровду кызматтан кетирүүнү, 4-декабрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну, кайра шайлоо өткөрүүнү, саясый партияларды каттоо тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү талап кылган. Бул талаптарды орундатуу үчүн оппозиция бийликке эки апта убакыт берди. Кийинки демонстрация 24-декабрга белгиленди.
10-декабрдын эртеси Россия президенти Дмитрий Медведев өзүнүн фэйсбуктагы баракчасына "Баш мыйзамга ылайык эл өзүнүн позициясын билдиргенге, эркин жыйналууга укугу бар, алар ошентишти" деп билдирип, бирок митингдеги ураан-чакырыктар, билдирүүлөр менен макул эместигин айтып чыкты. Албетте, бул орус оппозициясы койгон талаптар 24-декабрга чейин аткарылбайт деген сөз. Ошол эле учурда орус президенти добуш берүүдөгү мыйзам бузуулар жөнүндө бардык шайлоо участкаларынан түшкөн билдирүүлөрдү тыкыр текшерип чыгууга буйрук бергенин кошумчалаган. Ал эми премьер-министр Владимир Путин бул демонстрация боюнча маалымат катчысынын оозу менен, шайлоо боюнча жүрүп жаткан нааразылыкты мойнуна алып, "эл тополоң кылбай мыйзамды сыйласа, нааразылыгын билдиргенге укугу бар" дейт.

Дүйнөдө интернет саясый инструмент боло баштады
Албетте "Бирдиктүү Россиянын" алсыз жеңиши Кремлдеги элитаны бушайманга салып, осол жагдайда калтырды. 2007-жылдагы шайлоонун негизинде Мамдумадагы орундардын үчтөн экисин ээлеп, керек болсо Конституцияны да өзгөртүүгө кудурети жетип турган партия бул жолу 50% жетпеген добуш топтоду. Талдоочулар муну Россиядагы экономикалык абал, көз карандысыз жарандык коом күчтөнүп баратканы жана интернеттин саясый инструмент катары ролу өскөнү менен түшүндүрүп жатышат.
Москвадагы "Саясый баа берүү" аналитикалык борборунун эксперти Павел Салиндин айтымында, "Бирдиктүү Россия" адатта колдонуп келген административдик ресурс: медиага кысым жана региондордогу элиталарды жумшоо өңдүү ишенимдүү стратегия азыр эми жарабай калды. Себеби орустардын телеканалдары нааразычылык акцияларын жашырып жаап жатса да интернеттеги социалдык маалымат булактары чыркыраган чындыкты айтып турду. Орус саясатындагы бул өзгөрүш кайра президенттикке ат салышып көрүүгө чакырык алган Владимир Путин үчүн өтө кооптуу. Ал кийинки мөөнөттө президент болбой калышы да мүмкүн. Аналитиктердин көбү нааразылык толкуну 24-сентябрда "Бирдиктүү Россиянын" курултайында Владимир Путин президенттикке талапкер деп аталганда башталганын айтышат.

Путин эки мөөнөт отурса 2024-жылы 72 жашка чыгат
Петербургдук талдоочу Михаил Виноградовдун айтканына караганда, жекшемби, дүйшөмбү күнкү массалык чыгуулар, анда айтылган талаптар орус бийлигин ыңгайсыз абалга кептөөдө. "Бийлик өз реакциясын толугу менен иштеп чыгыша элек. Оппозиция менен кеңири диалогго баруу каалоосу байкалбайт. Эптеп убакытты чойгусу келет. Эми бардыгы демонстрациялардын өнүгүшүнөн көз каранды. Алар күчөйбү же акырындык менен тынчыйбы азыр белгисиз. Нааразылыктын түпкү себеби иш жүзүндө шайлоодо эмес, Путиндин президенттикке кайтып келишин каалабагандыктан болуп жатканын эске алганда, чыгуулар күчөй берет десек болот" дейт талдоочу. Тактап айтканда, Россиядагы азыркы нааразычылык акциялары чоң тарыхтын башы гана. Россиянын чыныгы саясый жүзү ушул жазда боло турган президенттик шайлоодо чындап ачылчудай.
Айрым серепчилер орустар Путиндин бийлигинен чарчашкандыгын айтышууда. Ооба, Путин башында Россия үчүн жакшы иштерди жасады: мамлекетти чачырап кетүүдөн сактап калды, Чеченстан согушун аягына чыгарды, элдин жашоо деңгээли бир аз болсо да жогорулады. Ошону менен бирге байлар менен кедейлердин ортосундагы өтө чоң ажырым, мамлекеттик чиновниктердин элди көзгө илбөөсү Пушкин жазган "орус бунтуна" алып келиши мүмкүн. Азыр Россияда да, Казакстанда да Кыргызстандын эң жаман жашайт деген районунан төмөн жашаган айылдар толтура. Путин 1998-жылдан бери (Ельциндин учурунда премьер) бийликте отуруп, эми дагы эки мөөнөт же 12 жыл отургусу келип атат.
Быйыл 59 жаштын ашын ичип жаткан Путин 2024-жылы аман болсо 72 жашка чыгат. Назарбаев менен Каримов деле 80дин кырында мамлекет башкарып турушат. Бирок орустар эми эле "Путинсиз Россия!" деген плакаттарды көтөрүп чыга баштады. Убагында англичандар деле экинчи дүйнөлүк согушта Англияны жеңишке алып келген Черчиллден чарчап, 1945-жылы башка премьер шайлашпады беле.

Нураке да баягыдай эмес
Казак лидери Нурсултан Назарбаев көптөн бери эле көп партиялуулук тууралуу айтып келет. Бул оюн ал акыркы мезгилде бекемдеп ушул жылдын 16-ноябрында казак парламентин - Мажилисти таратты. Казак президенти шайлоону мөөнөтүнөн эрте өткөрүүнүн себеби, алдыда болжолдонуп аткан дүйнөлүк экономикалык кризистин экинчи толкуну саясый өнөктүккө жолтоо болбосу үчүн да зарыл экенин белгиледи.
Ал эми Алматыдагы "Стратегия" деп аталган социалдык жана саясый изилдөөлөр борборунун жетекчиси Гүлмира Илеуованын айтуусунда, президент эл оппозиция тарапка ооп кетет деп коркуп ушул кадамга барууда. "Башкаруучу партияда же бийликтеги кайсы бир чөйрөлөрдө социалдык- экономикалык катаал жагдайда элдин көпчүлүгү оппозициячыл же алтернативдүү партияларга добуш берет деген чочулоо болду окшойт. Бирок жагдайга карабай көпчүлүк шайлоочулар оппозициячыл партиялар үчүн добуш берет деп ойлойм" дейт ал.

Көптөн бери бул өлкөдө президенттик "Нур Отан" партиясы бийлик жүргүзөрү белгилүү.
Мажилис мөөнөтүн аягына чыкпай таратылары Нурсултан Назарбаев апрелде кайрадан президент болуп шайлангандан кийин эле айтыла баштаган. Бул шайлоо эл аралык байкоочулардын айтымында, демократиянын талаптарына ылайык өткөн эмес. 71 жаштагы президент Назарбаевдин жарлыгында көрсөтүлгөндөй, мажилистин 98 мүчөсүн партиялык тизме менен шайлоо 2012-жылы 15-январда болот. Ал эми Казакстан элдер ассамблеясы тогуз депутатты 16-январда шайлайт.
Зайырбек АЖЫМАТОВ



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
Яндекс.Метрика