16.12.11 - 17-бет: Чек ара тааныбаган таланттар
"Евразия жылдызында"
Эмнеге жалаң эркектер?

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн арасынан чыныгы таланттарды табууну көздөгөн эл аралык "Евразия жылдызы" конкурсунун жарым финалы Казакстандан кийин Бишкекте болуп өттү. Аталган конкурска Түндүк Кипр, Түркия, Азербайжан, Түркмөнстан, Казакстан жана Кыргызстандан алты жигит баш байгеге ат салышууда. Конкурстун жарым финалы 10-декабрдан 11-декабрга караган түнү КТРКда болуп, түз эфир аркылуу алты өлкөгө түз чагылдырылды.

Эске сала кетсек, "Евразия жылдызынын" кастингдери долбоорго катышкан башка өлкөлөрдө октябрь айынын баш жактарында эле башталган. Ал эми Кыргызстанда ноябрь айынын экисинен тарта башталып, жүздөгөн таланттуу улан-кыздар катышкан. Жүздөгөн таланттардын ичинен калыстар тобу алгач он конкурсантты тандап алып, андан кийин гана "Евразия жылдызында" Кыргызстандын намысын коргоого татыктуу деп Гүлжигит Калыков деген жаш ырчыны тандап алышкан. Ушундай эле жол менен ар бир өлкөдө өткөн тандоо кароо-сынактарында калыстар тобу негедир жалаң эркектерди тандап алышкан.
Өзбектер да катышмак...
"Евразия жылдызы" аттуу бул долбоорду Түркиянын ТРТ Аваз каналы жана алты өлкөнүн жергиликтүү каналдары уюштуруп жатышат. Уюштуруучулардын айтымына караганда, аталган жарышманын эң негизги максаты - түбү бир боордош түрк тилдүү элдердин достугун чыңдоо жана эл ичиндеги таланттарды дүйнө жүзүнө таанытуу. Башында бул долбоорго Өзбекстан да катышмак. Белгисиз себептерден улам өзбек туугандар долбоор мына башталат дегенде баш тартышкан. Ошентип "Евразия жылдызында" жогоруда аты аталган алты мамлекеттин өкүлдөрү баш байге үчүн ат салышууда.
Аталган алты өлкөнүн финалисттери 5 000 доллардан сыйлык алышкан. Ал эми Түркияда өтө турган финалдын баш байгеси 30 000 доллар. Финал алты өлкөдөгү жарым финалдар бүткөндөн кийин 14-январда өтөт.
Конкурстун талабына ылайык тандалып алынган алты финалист алты өлкөнү кыдырып өз таланттарын көрүүчүлөргө тартуулашат. Аталган жарым финалдарда эки ыр аткарышат. Биринчи ырды кайсы мамлекетте жүрүшсө ошол элдин тилинде, ал эми экинчи ырын өз эне тилдеринде ырдашат. "Евразия жылдызынын" жеңүүчүсүн калыстар тобу жана көрүүчүлөр биргеликте тандашат. Тандоодо 40 пайызы калыстар тобунун добушу, ал эми 60 пайызын көрүүчүлөрдүн СМС аркылуу жөнөткөн добуштары чечет. Конкурстун дагы бир катаал шарты - ар бир мамлекет өз талапкерине добуш бере албагандыгында. Мисалы, кыргызстандыктар Гүлжигит үчүн добуш бере алышпайт, ал эми калган беш өлкөнүн жарандары добуш беришет.
Боордоштор кыргызча созушту
Бишкекте болуп өткөн жарым финалда казакстандык Ардак Балтыев "Ой тобо", түркмөнстандык Сохбет Касымов "Жамгыр", түркиялык Локман Демиргыран "Койчунун ыры", азербайжандык Жавидан Новрузов "Ала-Тоом" жана Түндүк Кипрден келген Сойхан Билгеер "Таң сыры" деген чыгармаларды кыпкыргызча ырдашты. Боордоштордун кыргызча ырлары үчүн калыстар тарабынан да, көрүүчүлөр тарабынан да жогорку баалар берилип, алкыштарга татыды. Тектеш эл экенибиз алардын дээрлик акценти жок кыргызча ырдагандарында кашкайып көрүнүп калды. Экинчи ырларын ар бири өз эне тилдеринде берилүү менен аткарып жатышты. Ал эми Гүлжигит болсо эки ырын тең кыргызча созолонтту. Калыстар тобунун бардык мүчөлөрү Гүлжигиттин талантына бийик баа беришип, анын кийген костюмун жана өмүрү бузулбаган чач жасалгасын өзгөчө сөз кылышты. Атургай Ырыскелди Осмонкулов "көз тийбесин" деп алдыдагы чоң финалга ийгилик каалап өттү. Боордош өлкөлөрдөн келген талант ээлери кыргыз элинин меймандостугуна тан беришип, "жигиттин гүлү" Гүлжигиттей дос тапкандарына сүйүнүп жаткандыктарын жашырышкан жок.
Калыстар тобунун курамында Ырыскелди Осмонкулов, Салтанат Саматова жана Түркиянын белгилүү ырчысы Бурак Кут кара кылды как жарышты. Бурак Кут калыстар тобунун туруктуу мүчөсү болуп саналат. Ал эми жанындагы эки мүчө ар бир мамлекеттен кошулат.
Конкурсанттар Бишкектен түз эле Түндүк Кипрге сапар тартышты. Ал жакта жарым финал 17-декабрда өтөт жана түз эфир аркылуу чагылдырылат. Учурда финалисттер жергиликтүү элдин ырын жатташып, кызуу даярдыктын үстүндө. Жарым финалдар Түндүк Кипрден кийин Азербайжан, Түркмөнстанда өткөрүлүп, эң соңунда Түркияда финал өтөт.




Ким кандай сыйлык утту?
"Жамгыр", "Саз" жана "Изольда"
же кинодогу "төңкөрүш"

"Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү". Так ушундай ураанды туу тутунган эл аралык кыска метраждуу тасмалардын фестивалы 12-декабрь күнү Бишкекте өз ишин баштаган. Аталган фестивалга КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрүнүн киночулары катышты. Бул кинофестивалдын 12-декабрда ачылышы да тегин жерден эмес. Анткени эл аралык кыска метраждуу тасмалардын фестивалы дүйнө жүзүнө аттын кашкасындай таанымал, залкар жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун жаркын элесине арналып жаткандыктан символикалуу түрдө анын туулган күнүнө дал келтирилген.

Эл аралык гуманитардык кызматташтык фонду, "Айтыш" коомдук фонду жана Кыргызстандын кинематографисттер союзу уюштурган "Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" деп аталган эл аралык кинофестивалга Азербайжан, Армения, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Латвия, Литва, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Украина жана Эстония өлкөлөрүнүн чыгаан кинорежиссерлору катышып жатат. Уюштуруучулардын айтымына караганда, аталган фестиваль жогоруда аты аталган өлкөлөр арасында маданий кызматташууну жандандырып, келечекте да тыгыз кызматташууга жол ачуу болуп саналат. 20 жылдык тарыхы бар КМШ өлкөлөрү үчүн сейрек кездешүүчү окуялардын бири болуп отурат. Анткени ушул жылдар аралыгында биринчи жолу бул иш-чара мурунку союздук республикалардын өкүлдөрүнүн башын бириктирип, профессионалдык деңгээлдеги маселелерди талкуулашына же болбосо жөн гана пикир алышына шарт түздү.
Фестиваль режиссер Актан Арым Кубаттын легендарлуу "Селкинчек" деген тасмасын көрсөтүү менен ачылды. Аталган тасманын дүйнөлүк премьерасы 1993-жылы Локарнодо өткөн эл аралык "Эртеңки күндүн леопарддары" деген кинофестивалда гран-прини жеңип алган эле.
Фестивалдагы кинотасмалар 12-15-декабрь күндөрү борборубуздагы "Манас" кинотеатрында жана Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин кинозалында көрсөтүлүп жатты. "Айтыш" "коомдук корунун жетекчиси Садык Шер-Нияздын айтымында, тасмаларды көрүү үчүн келгендердин саны абдан көп болгон. Бул да болсо "Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" деген башкы урааныбызды тастыктап жатат деп кошумчалады.
Калыстар тобунун курамында Грузиядан келген кинорежиссер Георгий Овашвили, латвиялык кинорежиссер Василий Мельников, Орусиядан кино изилдөөчү Сергей Анашкин жана Казакстандан келген кино изилдөөчү Гүлжан Наурызбекова болду. Ал эми калыстар тобунун төрагалык кызматын белгилүү кыргызстандык кинорежиссер Марат Сарулу аркалады.
Эске сала кетсек, фестиваль улуттук жана эл аралык болуп эки программанын негизинде өттү. Эл аралык программа боюнча 10, ал эми улуттук программа боюнча 15 тасма катышты. Баса белгилей кетчү жагдай, аталган кинофильмдердин бардыгы 2011-жылы тартылган жаңы тасмалар болуп саналат.
15-декабрда фестивалдын салтанаттуу жабылыш аземи "Манас" кинотеатрында көп сандагы кино сүйүүчүлөрдүн катышуусунда өттү. Эл аралык кинофестивалдын жыйынтыгында кара кылды как жарган калыстардын чечими менен улуттук программа боюнча "Эң мыкты тасма" сыйлыгына "Жамгыр" аттуу тасмасы менен Айгүл Баканова, "Мыкты режиссура" сыйлыгына "Саз" аттуу тасмасы менен Бусурман Одуракаев, "Калыстардын атайын сыйлыгына" Венера Жаманкулованын "Кайрат", Жуманазар Койчубековдун "Кардиограмма" аттуу тасмалары татыктуу болуп, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Ал эми "Көрүүчүлөрдүн симпатиясы" сыйлыгына Бусурман Одуракаевдин "Саз" тасмасы татыктуу болду.
Эл аралык программа боюнча "Эң мыкты тасма" сыйлыгына кыргызстандык Алижан Насыровдун "Суу" аттуу тасмасы, "Мыкты режиссура" сыйлыгына эстониялык Арко Окктун "Надежда 3D" тасмасы, "Калыстардын атайын сыйлыгына" Өзбекстандан Умид Хамдамовдун "Назар" жана Тажикстандан Шарофат Арабованын "Летать высоко" аттуу тасмалары татыктуу болушту. Ал эми "Көрүүчүлөрдүн симпатиясы" сыйлыгына украиналык Катерина Кучердин "Изольда" тасмасы татыктуу болду.
Бетти даярдаган
Уланбек ЭГИЗБАЕВ