mainkaptal

Пользовательский поиск
Оорубагандын кудай менен иши жок
ВИЧ жугузган дарыгерлерге

Кыргызстанда СПИД деген балакет башталганына көп убакыт болду. Бул жаман дартты дарыгерлердин шалаакылыгынан наристелер да жуктуруп алышкан. Жакында ошол дарыгерлердин кайдыгерлигинен дарт жуктуруп алган бөбөктөрдүн энелери митингге чыгып, өз талаптарын коюшкан. Алар койгон талаптардын канчасы аткарылгандыгын беш жыл мурун СПИДге чалдыккан жети жаштагы кыздын энеси МИРГҮЛ айтып берди.

- Биздин беш талабыбыз бар болчу. Биринчиси, балдарыбызга ВИЧ инфекциясын жугузган дарыгерлер кылмыш жазасына тартылсын; экинчиси, ошол 2007-жылы балдарга ВИЧ инфекциясын жугузган дарыгерлердин сот процессин аягына чыгарып берүүсүн; үчүнчү талап, дарыгерлер шалаакылыкты токтотсун; төртүнчүсү, балдарга төлөнчү жөлөк пулду он миңге көтөрүү жана моралдык, материалдык компенсация катары бизге үй берилсин деп айткан элек. Бирок бүгүнкү күнгө чейин биздин койгон талаптар аткарыла элек. Биз башка дарыгелерди күнөөлөгөн жокпуз. Биздин балдарыбызга ВИЧ инфекциясын жугузган врачтар гана жазалансын деген талап койгонбуз. Бирок жакында Ош шаарынын дарыгерлери иш таштайбыз деп митингге чыгышты.Чынын айтканда, ушунча наристени майып кылгандан кийин уялбай кантип чыгып атышат? Өткөндө телевизордон Ош облусунун Кара-Суу районунун дарыгерлер профсоюзунун төрайымы өкмөт бизге шарт түзүп бербесе иш таштайбыз деп айтып атат. Эмне, өкмөт медиктерге ылайыктуу шарт түзүп бербейт деп жаш балдарга кайдыгер мамиле жасашабы? Ошол дарыгерлердин шалаакылыгынан биздин алмончоктой, ден соолугу чың балдарыбыз бир заматта СПИД деген аты жаман, айыккыс дарт жуктуруп алышты. Биз ушуга чейин чыдап, оорулуу балдарыбыздын ден соолугу үчүн алпурушуп келдик. Эртең менен турганда балам өлүп калган жокпу деген санаа менен ойгонобуз. Соо бала бир кышта эки-үч жолу сасык тумоо менен ооруса, биздин балдар 50-60 жолу оорушат. Себеби иммунитети абдан төмөн. Биздин да абалыбызды түшүнүшпөйбү.
Бул ишти караган соттордун акыйкатсыз чечимине нааразычылыгыбызды билдиргенбиз. Сот процессинде күнөөлүү дарыгерлер силер эмне кыла аласыңар, колуңардан эмне келет деп бизди канкакшатып далай ыйлаткан. Бул ишти Ош шаардык соту карап, ал жерден жеңилгенбиз. Андан кийин Ош облустук соту карап, алардан да жеңилдик. Акыры айлабыз кетип Жогорку сотко кайрылсак, алар Ош шаардык сотуна жиберишти. Ушул ишке байланыштуу сот процесси беш жылдан бери аягына чыкпай келет. Алардын күнөөсү кашкайып көрүнүп турса да бизди теңсинбей укугубузду бузуп атышат.
Жаңы кылым башталгандан тартып дарыгерлердин кайдыгерлигинен канча бала айыккыс дартка чалдыкты. Эгер ушундай кайдыгер жол менен жылына 40-50 балага СПИД жуктуруп отурушса, анда 20 жылдан кийин Кыргызстанда жалаң СПИД дартына чалдыккандар жашап калышабы?..
Биз митингге чыкканда СПИД борбордун дарыгерлери келип бизди текшеришкен. Балдарыбыз ушул дартка чалдыкканы менен энелери таза болчу. Митингге чыкканда кээ бирөөлөр бизди түшүнүп, укугун коргоп атышат десе, кээси сууктун күнү уяты жоктор балдарын бетине кармап келишиптир деп айтышты. Биз көчөдө сойку же наркоман болуп жүрүп балдарыбызга жуктуруп алган жокпуз. Кичине эти ысып, тумоолоп калган балдарыбыз ак халатчандардын шалаакылыгынан айыккыс дартты жуктуруп алды. Ушул акыйкатпы?!
Кызым эки жашында эти ысып ооруканага барганбыз. Ал жерден ийне сайып дарылашкан. Арадан бир ай өткөндөн кийин ооруканага кайра-кайра чакырышып, канын текшеребиз дешти. Себеби биздин алдыбызда дарыланып кеткен он баладан СПИД чыгыптыр. Чынын айтсам, СПИД эмне дарт экенин да билген эмесмин. Кызымда СПИД бар экенин билгенден кийин күйөөм сенин СПИД кызыңды бакпайм деп бизди таштап кетти. Азыр ошол кызым жетиге чыгып калды. Беш жылдан бери оорусу менен күрөшүп жашап келатам.
Бизге моралдык жана материалдык компенсация катары үй берилсин деген талап койгонбуз. Ушул маселени козгоп, парламенттин заседаниесине катышканыбызда вице премьер-министр Ибрагим Жунусов июнь окуясына байланыштуу курулган үйлөрдөн берилсин деген сунуш киргизген. Акматбек Келдибеков бул сунушту добушка койгондо 93 депутаттын баары макул болушкан. Азыр ЖК даярдап жаткан токтомго И.Жунусовдун сунушу кирбей калыптыр. Чындыгында балдары ушул дартка кабылган энелердин бардыгы жалгыз бой. Көпчүлүгүн күйөөлөрү таштап кетишкен. Социалдык жактан барыбыздын абалыбыз төмөн. Үй сурап бир нече жолу жогору жакка кайрылдык. Бизге үй берилерине көзүбүз жетпей калды. Биз койгон беш талаптын бирөө - жөлөк пулду он миң сомго көтөрүп беришти.
Балдарыбыз канча жашайт, келечеги кандай болот, турмуш курабы, балалуу болобу деген санаа менен жашайбыз. Дүйнөгө келген ар бир адам артымда тукум калсын, балалуу, бактылуу болсун деген жакшы тилек менен жашайт. А бул балдардын тагдыры талкаланды. Ушундай дартка чалдыккан балдардын эжелери, байкелери да турмуш куралы дешсе, алардын үйүндө СПИД бала бар деп качышат экен. Биздин балдарды бала бакчага, мектепке кабыл алуу кыйынга турат. Айлабыз кеткенде өзүбүзгө көңүл бурдурууга чыкканбыз. Балдарыбызга айыккыс дартты жуктурган дарыгерлерге наалат айткандан башка аргабыз калбай калды.





"ВИЧке каршы дарыланып узак жашаса болот"
Бишкек шаарындагы СПИД борборунун директорунун орунбасары Нурадилжан МУХАММЕДОВдун да кебин уктук.

- Бул борбор түзүлгөндөн бери Кыргызстанда СПИДге чалдыккан адамдардын саны 3823 адамга жетти. Алардын арасынан 515 адам көз жумган. Бирок алардын ичинен 181 адам СПИД менен көз жумса, калганы башка оорулар менен кайтыш болушкан.
- БӨУ өкүлдөрү расмий каттоодо тургандарга караганда бул көрсөткүч жети эсе көп деп айтып чыгышты.
- Андай да болушу мүмкүн. Себеби бизде азыр 3823 оорулуу катталса, мындай дартка чалдыккандарын билбей жүргөндөр да көп болушу ыктымал. Ооруканага жаткандардын баарынан СПИД боюнча анализ алып, сөзсүз текшериш керек деген мыйзам киргизсек, жугуштуу оорулар 99%га азайышы мүмкүн. Учурда бул дартты аныкташ үчүн Кыргызстан боюнча 46 лаборатория иштеп атат.
- Медиктердин кайдыгерлигинен ооруканадан СПИД жуктурган балдардын энелери өткөндө митингге чыгып, биз койгон талаптар аткарылбай атат деп нааразы болушууда…
- Алардын айткандары чындыкка жатпайт. Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиясы бул ишти карап, күнөөлүү дарыгерлер жазаларын алышкан. Бүгүнкү күндө 283 бала СПИДди ооруканадан жуктуруп алганы катталган. Алардын ичинен 88и энесинен баласына кош бойлуу кезинде өттү деп эсептелет. Ата-энеси ВИЧ инфекциясын билбестен кош бойлуу болуп, убагында көзөмөлдөн өткөн эмес. Бүгүнкү күндө он төрт дарыгерге кылмыш иши козголуп, алардын экөө тергөө убагында эле көз жумушкан. Алардын ичинен алты дарыгерге кылмыш иши козголуп, үчөө үч жылдан эркинен ажыратылган. Учурда беш дарыгердин үстүнөн козголгон кылмыш иши аягына чыгалек. Сот процесси башталганда айыпталуучулардын же жабырлануучулардын бири жок болуп калып атат. Ошол сот жообуна тартылгандар дарыгерликте иштебесин деген токтом чыккан. Ал эми соттун өкүмү чыгалек дарыгерлер иштеп атышат. Быякка митингге келген он эки аялдын ичинен бирөөнүн энесинен СПИД чыкты. ЖК бөлүп берген бир жарым миллион сомду өткөн жумада ошол он эки аялга жыйырма миң сомдон, бул дартка чалдыккан жаш балдарга 5000 сомдон таратылып берилди.
- Дарт баары бир жугуп калышы ыктымал деген чочулоо болгондуктан, алардын балдарын бала бакчага, мектепке албай кыйнашат экен…
- Негизи бул дарт жөндөн жөн жукпайт. Ийне сайганда оорулуу адамдын щприци аркылуу, жыныстык жол менен жана кош бойлуу энесинен баласына жугат. Эгер ата-энеси ВИЧ менен ооруп атса да өз убагында дарыланып, каттоого турса, алардын баласы ден соолугу чың, ВИЧ оорусу жок болуп туулат. Мисалы, бизде каттоодо турган эки үй-бүлө бар. Алар убагында баңгизат колдонуп ВИЧ жуктуруп алышкан. Ошол жигит кийин өзүндөй дарты бар бир кызды таап экөө баш кошуп, убагында дарыланышкан. Азыр булардын үч баласы бар, үчөө тең ден соолугу таза, эч кандай ВИЧ жок.
- СПИДдин алгачкы белгилерин кантип байкаса болот?
- Анын эч кандай белгиси жок. Бул дарт жуккандан кийин бир ай өткөндө сасык тумоо сыяктуу беш-алты күн кичине ооруп, ошол боюнча эч кандай белгиси билинбей калат. Жуккан вирусту кан аркылуу аныкташ үчүн үч айга чейин убакыт керек. Мисалы, кечээ күнү жуктуруп алып, он беш күндөн кийин кан тапшырса анда чыкпай калышы мүмкүн. Себеби, вирустун саны кандын ичинде азыраак болот. Үч айга чейин ал канда көбөйүп, антиген пайда болгондо гана байкалат. Эч кандай дарыланбай, билбей 8-10 жылга чейин жүрө берсе болот. Адамдын организминдеги коргоонуучу механизмдер азайып, иштебей калганда кургак учук же сарык, онкологиялык оору менен ооруп калышы мүмкүн. Организм сырттан келген инфекциядан коргоно албай, аларга каршы күрөшө турган механизмдер алсыз болуп калат. Бул дарт таптакыр жок болуп кетпейт, бара-бара өнөкөт формага айланып жашай берет. Учурда Кыргызстанда 2006-жылдан 2009-жылга чейинки төрөлгөн балдардын канын текшерүү өтүп атат. Себеби ошол кезде ооруканадан жуктуруп алган балдар көп катталган.

Бетти даярдаган
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА








кыргыз тилиндеги гезит "Агым" меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика