mainkaptal

Пользовательский поиск
Чыныгы продюсерлер барбы?

Ар бир адам алдына койгон максатына жетиш үчүн башка бирөөнүн жардамын, колдоосун, күчүн, каражатын колдонот. Ар ким көздөгөнүнө жеткен соң андан ары тил табыша албай биринен бири кутулганча шашышат. Мындай көрүнүш биздин шоу-бизнестеги продюсер менен ырчынын ортосунда кеңири тараган. Каалайбызбы-каалабайбызбы алардын талаш-тартышына, кайым айтышуусуна күбө болуп келебиз. Ушундан улам балким продюсер деген түшүнүккө биз бышып жете электирбиз, же болбосо бул иштин же тармактын бардык эрежелерин толук өздөштүрө элекпиз го деген ой келет.

Баары жакшы башталган…
Кыргызстанда расмий продюсерликти Ассоль Молдокматова баштап берген. УТРКда иштеп жүргөндө башка элден көргөн тажрыйбаны колдонуп, таланты бар балдарды сахнага алып чыга баштады. Урмат Усенов, Алекс, Айжан Газиева, Мелис Абдрашитов, Айя аз да болсо Ассолдун тарбиясын алып сахнанын жылдыздары болуп чыга келишти. Көп убакыт өтпөй эле ортолорун кайсы кара мышык аралаганын ким билсин, Ассолдун окуучулары биринин артынан бири кол үзүп, өз алдынча чыгууга бел байлашкан.
Ушул тапта ыргыткан ташы жогору кулап тургандардын бири Темир Назаров болчу. Канат Култаев кыска аралыктын ичинде атагын алыска таанытканын эч ким тана албаса керек. Ушундан улам "буюрса, шоу чөйрөсүндө жаңы жүздөр, жаңылыктар болот тура" деп эл да жакшы кабыл алган. Айткандай эле андан кийин Султан Садыралиевди Динара Эсенгулова, Мирбек Иманбековду Асыл Апасова таптап чыгышты. Мындай тандемди көргөндөр ушундай кылсак жылыш болот тура деген ойго жетеленип бири жакшы продюсер издесе, экинчиси таланттуу ырчы издегенге өтүштү.

Экрандын эрке балдары
Бир жылдары Мирбек менен Султан экрандан түшпөй, радиодо деле экөөнүн ыры жаңырып калган кез болгон. Калп айткан менен болобу, колдон келип турганда продюсерлери Султан менен Мирбекти жакшы эле эркелетип, чалчаңдатты. Аны ырчы жигиттер өздөрү деле мойнуна алып, кийин кетирген кемчиликтерин "кандай болгон күндө да продюсериме ыраазымын" деген сөздөр менен жууп-чайып жүрүштү. Кыргызда "Мал арыктыгын сактаса ооз майлайт, киши арыктыгын сактаса төбө каңдайт" деген сөз бар. Окуучуларынын атагы чыгып "өнөрлөрүн" көргөзө баштагандан кийин жогорудагы сөз продюсерлердин ураанына айланды өңдөнөт. Эки тараптын кайым айтышуусу калың элге жайылып, Султан менен Мирбек продюсерлеринен кол үзүптүр деген сөз биздин шоу-бизнестин деңгээлинде сенсация болгон болчу. Урушуп бир таңкалтырышса, кайра элдешип бир таңкалтырып, эки тарап элди көпкө чейин эриктирген жок.

Булар да тигилерден кем эмес
Кийин да биртоп ырчылар менен продюсерлер чыкты. Атын атай кетсек, Мурат Жолукеев менен Ислам, Назгүл Насиева менен Аида, Эрмек, Кайыргүл, Канат Кадыржан - Дайыр Исмадияров, Айчүрөк Иманалиева - Анжелика, Ильяз Абдыразаков - Баяке Чааров, Алексей Филатов - Алькамил, Айбек Акматов - Эрлан Андашев ж.б. Бирок азыркы тапта жогоруда аты аталгандардын бири да окуучулары менен иштешпейт. Акыркы күндөрү "продюсеримен кол үздүм" деп же болбосо продюсерин, окуучуну жамандап интервью берип элди таңкалтыра албайсың. Баягы эле көрүнүш, бүгүн урушуп эртең табышат деп кол шилтеп коюшат. Анткени убагында элдин аң-сезимин ошого буруп, эки тарап өздөрүн жеңил баа кылып жаман көндүрүп коюшканы жашыруун деле эмес.

Таланттуу ырчы, "каралар" дүйнөсү
Окуучуларынан кол үзгөн продюсерлер кийинчерээк "бут тосмой" ыкмасына өтүшөт. Экөө биргеликте жаздырган ырлар, клиптердин телеге, радиого чыкмагы тозок. Каймана тирешүүдө кимисинин байланышы күчтүү, кадыр-баркы жогору болсо ошол жеңип, жеңилген тарап биротоло тынчыры турган иш. Ушу кезге чейин продюсерлерин окуучулары жеңип чыккан фактыларга күбө боло элекпиз.
Бир чети продюсерлердин ызасын да туура түшүнүүгө болот. Эки-үч жыл аралыгында ырчыга жумшаган акчасы, күчү, нерви акталбай, күйбөгөн жери күл болуп жүрүшөт.
Акыркы күндөрү айрым продюсерлер бут тосуу менен эле чектелбей коркутуп-үркүтүү жолдоруна барып жатканы тууралуу аңыздар айтылып жүрөт. Кара дүйнө менен кадырлаш болгон атуулдарыбыз акыркы мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай ырчыны "сындырып" койгондон кайра тартышпайт.

Ким кайда жүрөт?
Азыркы тапта Султан Садыралиев менен Мирбек Иманбеков жалкоолуктарын мойнуна алып, үй-бүлөлүк тиричилик менен алышып жаткан кездери. Экөөнүн тең хит ырларына көптөн бери күбө боло элекпиз. Материалдык байлыгына токтолсок, жашаганы батир, жүргөнү такси.
Аида Кулуева киного тартылуу менен алек болсо, Эрмек Маматов кафеде ырдап жан багат. Ырчы кыз Кайыргүл тыныгуу алганын жар салса, Дайыр Исмадияров тырмалап оокатын кылып жүрөт. "Кара көзүнөн" кийин жарк эткен хит ырын деле угалекпиз. Эрлан Андашев кызынын жытына мас болуп жүрсө, Ильяз Абдыразаков жазга чейин чээнден чыкпайт окшойт.




Тынчтыкбек КОЖОБЕКОВ:
"Ыр-чырынан алыс болгубуз келет"
- Ырчы менен продюсер кол үзгөндө ортодогу "байлык" кандай бөлүштүрүлөт?
- Ырчы менен продюсер үч-төрт вариант менен иштешет. Мисалы, биринчи вариант, ыр жаздырууда продюсер акча чыгарат, ырчы ырдайт. Экинчисинде, мисалы, бир ыр 100 долларга жазылса эки тарап 50 доллардан чыгарып жаздырат. Үчүнчүсүндө, экөө тең акча чыгарбайт. Ортодо демөөрчү издеп таап, чыгымды толугу менен ал көтөрөт. Төртүнчү жагдайда продюсер бир да тыйын чыгарбайт, бүт чыгымды ырчы гана көтөрөт.
- Экинчи вариантка токтолсоңуз?
- Эгер экөө тең ыр жаздырууда бирдей акча сарптаса, кийин ажырашып кетсе кайчы пикир сөзсүз жаралат. Мисалы, экөө сый мамиледе ажырашса продюсер мындан ары өзүң ырдай бер деп чыгарманы ырчыга берип коет. Кокус уруш менен ажырашса, продюсер менин ыр жаздырууга кеткен элүү долларымды чыгарып бер, ырды сен ал деши мүмкүн. Эгер ырчы ага макул болбосо, сен ырдабасаң бул ырды мен ырдамак белем деп ортодо ал ыр радио-телеге такыр чыкпай калат.
- Радиого ырчылар алып барган ырга кандай талаптар коюлат? Продюсери менен урушуп кеткени эске алынабы?
- Биринчи кезекте ырдын аранжировкасы жакшы болуш керек. Мындан сырткары, моралдык жакты да ойлош керек. Эгер ырчы продюсери менен урушуп-талашып ажырашса биз алардын бирине да жан тартпайбыз, ишине кийлигишпейбиз. Продюсериң менен чечишип алып анан кел деген да сөз болушу мүмкүн. Ал эми продюсери менен сый мамиледе ажырашса ага мурдакыдай эле радионун эшиги ачык. Андай ырчылардын ыры бизден кабыл алынып, жакшынакай эле кетип жатат.
Башка теле-радиолорго байланышып жогорудагыдай жооп алдык. Эң негизгиси, ырдын сапаты мыкты болуш керек. Продюсери менен ызы-чуусу жок болсо мурдагыдай эле иштеше беришет.




Продюсер деген ким?

Продюсер - кандайдыр бир музыкалык долбоордун уюштурулушуна, жогорку деңгээлде өтүшүнө жоопкерчиликтүү адам. Имидж жаратып, ырчыны таанытууда салымы чоң. Ырларды жаздыруу, клипти тарттыруу процессин көзөмөлгө алып, кеткен чыгымды толук каржылайт.

Ырыскелди ОСМОНКУЛОВ:
"Бизде чыныгы продюсер жок"
- Чынында продюсер деген ким? Продюсер деген атайын офиси, аппаратурасы, студиясы бар бай адам. Кайсы бир ырчыны элге таанытууда өз каражатын жумшап же демөөрчү табат. Бизде болсо андай шарты, байлыгы бар продюсерлер жок. Биздикилерди музыкалык директор же менеджер деп атаса туура болот. Азыр биздин музыкалык директорлор жакшы иштерди жасап жатышат. Аларды таарынтайын деген ойдон алысмын. Болгону продюсер деген түшүнүктү менеджерлик кесип менен чаташтырбаш керек да. Азыркы тапта Кыргызстанда чыныгы продюсер жок.

Аскат МУСАБЕКОВ:
"Ойлонбой туруп баш тартмакмын"
- Продюсер менен иштешкенде уюштуруу иштерине чуркабай, убактыңдын баары чыгармачылыкка жумшалат. Ал эми жаман жагы деп эртели-кеч чыга турган пикир келишпестиктерди айтаар элем. Уруша кетсең радио-теледен ырларыңды алдырып салып бут тоскону өкүнүчтүү. Андан көрө өз арбайыңды өзүң согуп аракет кылганың оң. Мага бирөө продюсериң болоюн, иштешели десе ойлонбостон баш тартмакмын.

НАЗМИ:
"Медалдын эки бетин тең караш керек"
- Биринчи жакшы жагын алып карасам, уюштуруу иштери менен ашыкча башың оорубайт. Барчу концертине катышып коесуң, туурабы? Жаман жагы, каалагандай эркин жүрө албайсың. Тууган-туушкандарыңдын тоюна кенен бара албайсың. Бардык жактан чектөө болуп турат. Менин жеке оюмда, продюсерге муктаж болгон өзүнчө доор болот болуш керек. Азыр менин демөөрчүм да, продюсерим да жолдошум. Ошондуктан эч кимдин деле колдоосуна муктаж эмесмин деп айта алам.

Токтобек АСАНАЛИЕВ:
"Өзүнө ишенбегендер продюсерге муктаж"
- Ырчынын дээринде бар болсо, уюштуруу иштерин билсе, кара жанына тың болсо, өз алдынча иштегени оң да. Анан өз күчүнө ишенбеген жалкоолор продюсердин жардамына муктаж болот тура. Бир жолу продюсер менен ырчынын сүйлөшкөнүн угуп оозум ачылган. Продюсери бүгүн телеге чыгасың, тишиңди жуудуң беле, сакалыңды алдың беле, чыкканда минтип сүйлө деп ийне-жибине чейин айтып берип жатыптыр. Ушул сыяктуу "айдама" ырчылар кантип анан өз алдынча иштейт?

Бегайым БАЙБОСУНОВА








кыргыз тилиндеги гезит "Агым" меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика