16.12.11 - 10-бет: Ойгонуу
Улуттук адабият Алыкул, Чыңгызды эстөө менен башталат
Быйыл 12-декабрда биринчи жолу улуттук адабият күнү белгиленди. Албетте, учкай болсо да көптөгөн окуу жайларда, маданият үйлөрүндө Чыңгыз Айтматов менен Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгына байланышкан иш-чаралар өттү. Мындай салтанатка кокусунан катышып калган кээ бир жаштар аз болсо да биздин коомдо адабият деген тармак бар экенин, Айтматов жазуучу болгонун, Осмонов акын экенин билип алышты. Тилекке каршы, так ушул күнү паламентте папке талаш, көчөдө бир тарапты колдогондордун митинги жүрүп атканы өлкөбүздүн Айтматовго же жалпы эле адабиятка, маданиятка болгон мамилесин билдирип турду.

Адам уулу адам болуш үчүн жыл сайын Айтматовду эстеш керек

Бул күндү белгилөө демилгеси былтыр Жазуучулар союзунун ошол кездеги төрагасы Баяс Турал тарабынан көтөрүлүп, ал демилге алгач "Жаңы Агым" гезити аркылуу коомчулукка жарыяланып, берилген сунушту парламент депутаты, акын Эгемберди Эрматов андан ары өкмөттүк, мамлекеттик деңгээлге алып чыгып, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов жарык дүйнөгө келген, акындын мөлү Алыкул Осмонов дүйнө салган 12-декабрь Улуттук адабият күнү деп белгиленип калды. Албетте бул ушундай бир жакшы иш болбодубу деп мактана турган деле маселе эмес. Себеби салыкчылардын, милициялардын, журналисттердин, атургай айдоочулардын кесиптик майрамы белгиленип жүргөндө ар бир эле мамлекеттин руханий өзөгү болуп эсептелген адабиятты айрыкча базар экономикасына өткөндөн бери эстей турган бир күндү буга чейин эле улуттук адабият күнү деп коюш керек эле.
Улуттук адабият күнүн белгилөөнүн маани-маңызы өтө эле терең. Бул күндү пайдаланып, коомчулуктун, айрыкча 20 жылдык эгемендигибизде бой жеткен кийинки муундун уктап, керек болсо өлүп бараткан рухий дүйнөсүн ойготуш үчүн аракет кылып, мамлекеттик деңгээлдеги маданий иш-чараларды өткөрүп турушубуз зарыл. Анын алкагында улуттук адабиятыбыздын коомдогу орду, көйгөйлүү маселелери, келечеги талкууланып, жазылган чыгармаларды элге жайылтуунун заманбап ыкмалары сунушталып, айтор келечек муун ааламдашууга өз баалуулугу менен кириш үчүн сөзсүз эне тилин, маданиятын, улуттук көркөм дөөлөттөрүн сакташ керек экенин түшүндүрө турган саясат жүргүзүш керек. Буюрса эми бул ишеничибиз аз-аздан ишке ашып, жолго салынар.

Айтматовдун атын пайдаланганды койгула
Кыргызстан эли Айтматовсуз жашаганына үч жылдан ашык убакыт өттү. Бул мөөнөт ичинде туруксуз саясат жана кайдыгерликтен улам Айтматовго карата анын кадыр-баркына тете жакшы мамиле деле болгон жок. Өткөн бийликтер Чыкебизге көзү барында туура мамиле кыла албай, көзү өткөндөн кийин Ата-Бейитке убада кылган айкелин тургуза албады. Андан бери деле бул маселе чечилбей келет. Кийинки бийлик Ала-Тоо аянтына айкел койгонуна корстон. Бирок ал эстелик залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовго караганда орус акыны Сергей Есенинге көбүрөөк окшоп калгансыйт. Айтматов музейинин имаратын куруу боюнча али эч кандай жылыш жок. Кыскасы, азыр Чыкебиздин жаркын элесин түбөлүк калтыруу иши ойдогудай ишке аша элек.
Албетте улуу жазуучунун жаркын элесин түбөлүккө калтыруу анын атын жердин баарына бере берүү эмес. Залкарга залкардай мамиле кылынса. Айтматовго Бишкекте гана эстелик тургузулгандан башка жетиштүү көңүл бурулбай келгени рухий дүйнөбүздүн жардылыгы.
Экинчи жагынан алып карасак, соңку жылдары улуу жазуучунун ысымы ар кыл мекемелерге, уюмдарга, окуу жайларга ыйгарылып келет. Тилекке каршы ар кайсы жерге атын бере берүү жана айткандай жазуучунун ысымын түбөлүккө калтыруу болуп эсептелбейт. Коомдук мекемелер болобу, уюмдар болобу уят болбогондой, деңгээлин түшүрбөгөндөй Чыңгыз Айтматовдун атын алып жүргөнгө татыктуу болушу такталыш керек. Ошол эле учурда кийинки кездерде Айтматовдун атын жамынып алган ар кандай уюмдар көбөйүп кетти. Муну менен кээ бир адамдар Айтматовдун ысымын өзүнүн жеке кызыкчылыгына пайдаланып жатат деп айтсак болот.




Улуулар турмушунан
Кызганчаак, түнт, согушка барбай калганына кейиген Алыкул
Аз жашаган өмүрүндө артына өлбөс-өчпөс атын калтырып кеткен алп акын Алыкул Осмоновду кимдер билбейт. Жазуучу Чыңгыз Айтматов дүйнөгө келген күнү Алыкул Осмоновдун өмүрдөн кеткени кандайдыр бир мистикадай таасир калтырат. Азыр да классик акындын сырлуу ыр дүйнөсү, жеке жашоосу жөнүндө жазылып бүтпөй келет. Мисалы, жазуучу, журналист замандашыбыз Мундузбек Тентимишов акындын арзып алган ак никелүү жары болуп, бирок тагдырдын жазмышы менен ажырашып кеткен аялы Зейнеп Сооронбаева менен Алыкул Осмоновдун турмушун изилдеп жазып келет. Акынды жубайы Зейнеп Сооронбаева мындайча эскерет:
"…Залда эл жык, бош орундук көрүнбөйт. Аңгыча орто ченде отурган кыргыз жигиттин жанында бош орун бар экен. Ошого чакырышты. Алыкул экенин кайдан билейин. Таанышып, сүйлөшүп калдык. Көрсө, ажыгабылдар күн мурун сөз бышырып, орундук камдап коюшкан турбайбы. Алыкулдун атагын угуп жүрчүмүн. Серт, бирок ырайымдуу жаш жигит окуумду, студенттик күндөрдү сурамжылап, "мен сени тааныйм, педтехникумда оюнга катышчу эмес белең, агаң менен чогуу жүрчү элем" деди. Анан тааныша элек жатып эле кече аяктайын деп калганда турмуш курбайлыбы деп оюндагысын ачык айтып салбаспы. Кандай неме деп так секирдим. Жашым араң 16да болсо, окуум жүрүп жатса, турмушка чыгууну кайдан ойлоном?"
***
"… Ошентип ал жыл өтүп кетти.
Кийинки жылы Алыкул Москвага дагы келди. Ал кышкысын дем ала турган. Ымалабыз ачыла түштү. Арнап бир жоолук алган экен, эми колуктум деп жүрөйүн, салынып кой деп өтүндү. 1941-жылы күзүндө, согуш башталган учурда баш кошуп, Түгөлбай Сыдыкбеков менен бир үйдө жашап турдук. Биз үйлөнгөндө Мукай Элебаев байбичеси менен, Кубанычбек Маликов, дагы биртоп атактуу адамдар катышкан эле. Агасындай камкордук көрүп, жасаган тамагыма чейин мактап жеген жакыныбыз Жоомарт эле. Кайран киши оюн-чындан күлө сүйлөп, чарбага жоксуң деп Алыкулду жемелеп коё турган. Ал келгенде жаныбыз жыргап, кубанып калчубуз."
***
"… Мындай окуяны айтайын. Согуш чыкканы Алыкул аз жазып калды. Ушундай чоң иштен каласыңбы, жаз, көпчүлүккө кошул десем жактырбай бир карап алып, "согушту мен кийинчерээк жазам, азыр болбойт" деп койду. Көрсө, башка нерсеге алагды болуп жүргөн турбайбы кургур. Бир жолу чын сырын айтты. "Согушка албай жатышат, Жоомарт, Жусуп, Мукайдан калып жашагым келбейт" деп. Алыкул бул үчөөнү мына ушундай жакшы көрө турган. Согушка алышпаган себеби, өпкөсүнөн кургак учуктун ачык түрүн таап чыгышыптыр..."
***
"…Алыкул түнт, кырс. Мен да өзүмдүкүн бербеген көк, таарынчаакмын. Анын үстүнө боюмда бар. Майда бараттан урушсак да кечирим суроого эч кимибиз даабайбыз. Театрга бирге барып, кээде жолдун эки тарабы менен келчүбүз. 1942-жылы согуш басылмак түгүл күчөп кетти. Бирөөнүн үй турмушуна кызыкканды кой, ар ким өз айласын таппай калды. Жакын санаалаштарынын баары согушка кетти. Өзү барбаганына Алыкул катуу чүнчүдү. Ал үйдө, мен маданият башкармасында иштеймин. Түйшүк көп. Кээде ушунчалык чарчап түнкү 1-2лерде араң келем. Алыкул түнөрүп тосуп алат. Кээде эшикти биртопко чейин ачпай койчу. Бул чындык. Көрсө, ал байкуш мени кызганып жүргөн турбайбы. Жаштыгым менен тетири кабыл алчу экенмин..."
***
".. 1943-жылы ажырашып кеттик. Төрт жыл бой жүрдүм. 1947-жылы турмушка чыгып, ошондон бери Ташкенде жашайм…"
***
"… Аныкындай сейрек мүнөздү андан кийин эч кимден жолуктурганым жок. Төрт жыл бою эмне деген гана ушактын бутасы болбодум. Алыкулду да, мени да жөн коюшпады. Бирөө Алыкул эл душманынын кызын кууп ийиптир десе, дагы бири Зейнеп төркүнүнө таянып Алыкулду чанып кетиптир деп бирге экини кошушту. Элдешкен күндө деле ушактан арылбас жагдай түзүлдү. Аны тараткандар деле алыстан келишкен бейтааныштар эмес, кийин акындын аты чыкканда ага "дос", "жолдош", "калемдеш" болуп суурула келишкендер болучу. Мени кимге гана тийгизип кандай гана эссиз аял кылышпады. Кээ бири оорусу жугат деп Алыкулдун кагазын кармагандан да каччу турбайбы... деп да айтышты…"
***
"... Акыркы жолу 1947-жылы Фрунзеде илимдер академиясына кирип баратсам Алыкул чыгып келатыптыр. Көрүп таштай катып калды. Мен да не кылаарымды билбей селдейе сөз айтпастан четке басып кеттим. Көзү өткөндө эч ким кабар кылбады. Бир күнү жазуучу Сергей Бородиндин аялы Рауза чуркап келип, "мурдагы күйөөң, кыргыздын чоң акыны каза болуптур" деп айтты. Аны менен Москвада чогуу окуганбыз. Көп жылдан кийин Алыкулдун көрүстөнүн издеп бардым. Эч ким биздин тагдырыбыз боло албайт. Эгер анын өмүрү кайгылуу аяктап, эрте үзүлсө, мен калган күнүмдү Алыкулдун эстелигине татыктуу болгудай жашоого умтулам. Жиберген каталыгымды актоого…"
Даярдаган
Зайырбек АЖЫМАТОВ