mainkaptal
Архив газеты Демо: Всплывающее РѕРєРЅРѕ РїСЂРё загрузке сайта СЃ помощью CSS3 Рё немного javascript
Пользовательский поиск
Чындык деги бар бекен?
"МЕНИ ЖАЙЫМА КОЮШПАСА,
БОРБОРДУК АЯНТТА ӨЗҮМДҮ ӨЗҮМ ӨРТТӨЙМ!"

- Чындыгында Кыргызстанда кайрылбаган жерим калган жок. Тилекке каршы, биринен дагы азырынча майнап чыга элек. Айлам таптакыр куруганда "Жаңы Агымдын" босогосун аттап отурам. Балким тиешелүү органдар арыз-муңумду гезитиңерден окуп калышса, абийири кичине ойгонуп чукул чара көрүшөөр, - деп 55 жаштагы майып, ишкер Тургунбай Гуламов көз жашын көлдөттү. - 2008-жылдын башында Ош шаарынын Достук кичирайонундагы 6 сотых жер тилкесин Сардарбек Исмаилов деген жигиттен 250 миң сомго баалашып, документтештирип сатып алган элем. Тилекке каршы, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын МАИ кызматкери, старшина Нурлан Жунусбаев жана анын бир тууганы, Ош ШИИБсине караштуу темир жол милициясынын кызматкери, милициянын старшинасы Максатбек Жунусбаев экөөлөп мага ачык зордук-зомбулук көрсөтүп, менин менчигимдеги жер тилкесине каратып туруп үй салып алышты. Атүгүл айланасын бекем коргондоп, бир ыптасына сарай дагы тикелешти.
- Тургунбай Гуламовду жеке ишкер сыңары көптөн бери билем. Ал абдан сурангандыктан 2008-жылы 23-февраль күнү күүгүмдө, тактап айтканда, саат 21.00 чамасында ага караштуу жер тилкесин көрүп коелу деп Ош шаарындагы Достук кичирайонуна барганбыз, - деп эскерет милициянын полковниги Байыш Макамбаев. - Бир маалда Нурлан Жунусбаев үйүнөн милиция формачан чыгып, алагүү абалында Тургунбай Гуламовго тапанчасын такап, сен эмне үчүн менин жеримди алып алгансың деп аны уруп, эси оогондон кийин гана жылт койду. Менин билишимче, Т.Гуламов үйүндө үч күн жатып, такыр айласы куругунда ооруканага барып бир айча дарыланды.
Ошентсе да жердештеринин ырасташынча Тургунбай Гуламов адамгерчилик кылып эч жакка даттанган эмес. Ушундан уламбы, айтор "уурусу күч болсо ээси доого жыгылат" демекчи, Нурлан Жунусбаев майып, ишкер Тургунбай Гуламовдун үстүнөн арыз жолдоп, ага карата кылмыш ишин козготууга үлгүргөн. Атүгүл аны сот бүткүчө убактылуу түрмөгө каматууга дагы жетишкен.
Бирок Жогорку Кеңештин бир катар депутаттарынын, анын ичинде генерал Исмаил Исаковдун, ошондой эле Ош шаардык кеңешинин бир катар депутаттарынын өтүнүчүнүн жана тил катынын негизинде сот бүткүчө убактылуу үй абагына бошонууга жетишкен.
Төө көрдүңбү - жок,
бээ көрдүңбү - жок
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн ага тергөөчүсү Т.Жолдошбаевге жолдогон билдирүүсүндө шаардык милициянын нөөмөт бөлүмүнүн башчысы Ш.Кулдышев, Ош ШИИБинин МАИ кызматкери Жунусбаев Нурлан Кадырбековичтин жанында 2008-жылдын 23-24-февралында кызматтык тапанчасы болгондугун тастыктаган.
Демек, күбөлөрдүн ырасташынча, дал ошол өздүк куралын Нурлан Жунусбаев Ош шаарынын тургуну, майып, ишкер Тургунбай Гуламовго каршы пайдаланган. Бирок 2009-жылдын 10-декабрында Ош ШИИБсинин нөөмөт бөлүмүнүн оперативдүү нөөмөтчүсү Ж.Осмонов кол коюп сотко жөнөткөн дагы бир тактамада "Нурлан Жунусбаевде аталган күндөрү дегеле курал болгон эмес" деп жазылат. Ушул маселе учурда соттордун башын абдан оорутуп турган чагы.
Милийсалардын
тизгинин тартчу
жан барбы?
Ош шаарындагы Достук кичирайонунда жашаган аксакалдар тобу президент Алмазбек Атамбаевге жана Башпрокурор Аида Саляновага кайрылуу жолдошту. Анда бир тууган милиция кызматкерлери Нурлан жана Максатбек Жунусбаевдерди токтоосуз түрдө тартипке чакырууну жана экөөнү тең мыйзам чегинде жоопко тартууну талап кылып жатышат.
Ал эми милиция кызматкерлеринен запкы жеген Тургунбай Гуламов бир туугандар Жунусбаевдер бүгүн деле ага эч тынчтык бербей, ар күнү бейтааныш кишилерди жөнөтүп майып адамды улам-улам коркутуп-үркүтүп жатышкандыгын кабарлады. Ал эгер ушинтип Жунусбаевдер ага дале тынчтык беришпесе, ошондой эле чукул арада адилет жазаланышпаса, Ош шаарынын борбордук аянтында өзүн өзү өрттөй тургандыгын "Жаңы Агымга" акыркы сааттарда маалымдады.
Алишер ТОКСОНБАЕВ,
өз кабарчы, Ош шаары





Неудобный суроолор
Президент Алмазбек АТАМБАЕВге:
1. Сиздин акыркы мезгилдеги кадрдык дайындоолоруңузга коомчулук нааразы. Маселен, мурдагы жеке айдоочуңуз Икромжан Илмияновду президенттин аппарат башчысынын орунбасарлыгына дайындаганыңызды кандай түшүнсө болот?
2. Түркия өкмөтү 50 млн. доллар карызыбызды кечти. Кыргыз бийлиги ага ыраазычылык иретинде "Дастан" ишканасынын 48% акциясын Түркияга "белекке" бергени боюнча каңшаар тарады. Ушул маалымат чын болсо, анда Кыргызстандын бөлөк мамлекеттер менен, айталык, Россия менен алакасы бузулбайбы?
3. Жаңы бийликтин коррупция менен айыгышкан күрөш жүргүзөбүз деген демилгесин колдойбуз. Бирок коррупцияны ооздуктоо процесси президенттин айланасындагы адамдардан башталса кантет? Алсак, бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовдун коррупциялык иштерге аралашканын ашкерелеген макалалар ММК бетин берген жок. Атүгүл парламент К.Кулматовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алышкан. Неге ошого көңүл бурбайсыз? Баса, "Кыргызнефтегаз" ААКсындагы талаш-тартышты чечүү максатында өкмөт тарабынан түзүлгөн комиссиянын отчету интернет сайттарда жарыяланып, анда аталган мекеменин мурдагы жетекчилеринин (Каныбек Масиров, Исхак Пирматов) күнөөсү аныкталганы баяндалган. Эмне үчүн бул маселени аягына чыгарбай, унутта калтырдыңыз?


Ош мэри Мелисбек МЫРЗАКМАТОВго:
1. Экс-президент Роза Отунбаева өткөн жылдагы апрель, июнь окуяларына байланыштуу суроого жооп берип атып сиздин ишмердүүлүгүңүзгө карата: "…Мелис Мырзакматов башынан эле Бакиев тарапта болчу. Ошол мезгилде ал күндүз биз тарапта, түнкүсүн Бакиевдер менен сүйлөшүп жүргөн" деген баасын берген эле. Буга неге реакция жасабадыңыз?
2. Президенттик шайлоого эки күн калганда Жаныш Бакиев сизге телефон чалып, Адахан Мадумаровго иштөө буйругун бергенин эшиттик. Бакиевдер менен алигиче байланышып жүргөнүңүздүн сырын билсек болобу?


Парламенттин экс-спикери Акматбек КЕЛДИБЕКОВго:
1. Президенттик шайлоо маалында кан досуңуз Камчыбек Ташиевди "кидайт" этип, Алмазбек Атамбаевдин пайдасына иштегениңиз далай айтылды. Башыңызга иш түшкөндө Камчыкеге барып кечирим сураганыңыз чынбы?
2. Өткөн айда үй-бүлөңүздү чет өлкөгө чыгарып кеткениңиз туурасында кеп тарады. Ушул чынбы?


"Ата журтчу" депутат Жыргалбек САМАТОВго:
1. Сиздин Россия жарандыгын алгандыгыңыз боюнча макала баскан элек. Ал эми сиз Россия атуулу эместигиңизди тастыктоочу документти Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) алып келүүгө убада кылгансыз. Ошол убаданы аткардыңызбы?
2. Кезинде сизге кылмыш иши козголгондугун далилдөөчү документтер биздин редакцияда сакталуу. Бул тууралуу кеңири макала жазсак сиз тараптан жооп болбоду. Эмне үчүн?


Президенттин мурдагы аппарат башчысы Эмилбек КАПТАГАЕВге:
1. Кайсы бир агенттик генералдык чиндин "баасы" 80 миң доллар турарын жар салды. Дегеле сиз президенттик аппаратты жетектеп турганыңызда мамлекеттик масштабдагы сыйлык, наамдардын берилишин тескеген дешет. Мындай сөздөргө чекит койбойсузбу?
2. Былтыркы ажылык сапарындагы миллиондорго сиздин тиешеңиз бар экенин депутаттык комиссия ачыкка чыгаргандай болгон. Арийне, аны караманча танып атасыз. Бирок сиз танган менен коомчулук баары бир күдүк ойдо калды. Ушу иштин айынан токмок жеген Канат Мурзахалиловдун дайынын билип, акыбалын сурап койдуңузбу?

"Жаңы Агым" - пресс




кыргыз тилиндеги гезит "Агым" меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Actionteaser.ru - тизерная реклама
Яндекс.Метрика