09.12.11 - 8-бет: Эл пикир
Кадыр КОШАЛИЕВ, Элдик курултай кыймылынын улуттук кеңешинин төрагасы:
"Курултай - саясый туруктуулуктун, адилеттиктин кепилдиги"

- Кадыр мырза, акыркы 20 жылда кыргыз мамлекети улут кызыкчылыгына төп келген саясый туруктуулукту, социалдык-экономикалык өсүштү, идеологиялык туура багытты камсыз кыла албагандыктан сиздер ата-бабалардын салтына таянган курултай системасын сунуштап келесиздер. Бирок ошол эле учурда бүгүнкү күндө Кыргызстан эле эмес бүткүл дүйнө (кээ бир гана мамлекеттерди эске албаганда) саясый, экономикалык жана руханий жактан туташ кризиске кабылып жатат. Анын себебин эмнеден көрөсүз?
- Туура, доор өзгөрүп, мурдагы кадыресе ориентирлер кыйрап, адамзат цивилизациясы абалдан чыгуунун жаңы жолдорун издөөдө. Анүстүнө дүйнөлөшүү процесси жер жүзүндөгү элдердин жашоо-турмушун миңдеген жиптер менен чие байлап салды. Болгондо да бир тарап Батыш баалуулуктарын пир туткан дүйнөлөшүү агымы адамзаттын мозаикалуу ар түрдүүлүгүн, анын ичинде кыргыз табиятын, түптүү дүйнө таанымын, керемет келбетин жапырып келатат. Сөз куру болбошу үчүн бир эле мисал, дүйнөлүк аскердик уюм болгон НАТОнун (артында Американын алакчылоосу менен) Ливиянын ички ишине кийлигишүүсү эл аралык мыйзамдык нормаларга жатпаган өтө эле олдоксон иш болду. Бул процесс бүгүн да токтобой НАТОнун куралдарынын оозу Сирия, Иран, Пакистан тарапка бурулгандыгы опурталдуу көрүнүш. Бул саясат акыр аягы жакшылыкка алып барбайт. Анан калса адам баласы жаратылыш байлыктарына материалдык кызыкчылык үчүн керектөөчүлүк көз караштан гана мамиле кылгандыктан, табияттын улуу гармониясы бузулуп, ноосфералык шайкештик өз нугунан чыгып, экономикалык кризис менен кошо жаратылыш кырсыктары көбөйүп жаткандыгына күбө болуудабыз. Андыктан оболу ойду, пейилди оңдообуз керек, анан ашынган напсини тыйып, жандүйнөнү аруулап, тазалап, жалпы коомдо адилеттикти орното алсак гана абалдан чыгып кетебиз. Дагы да болсо дүйнөлүк аналитиктер айтып жаткандай, бул туңгуюктан Чыгыш элдеринин даанышмандыгы алып чыгат. Болгону биз Батышты туурай бербей улуттук менталитетибизге төп келген коомдук-саясый түзүлүшүбүздү, руханий идеологиялык баалуулуктарыбызды жана экономикалык өзөктүү багыттарыбызды такташыбыз керек болуп жатат.
- Сиз Чыгыш элдери дегенде кыргыздарды кошуп айтып жатасыз да?
- Албетте, биринчиден, Кыргызстан - чакан, адам, жер-суу байлыктары жетиштүү, геосаясый жактан жайгашкан жери, жайлуу климаты, өнүгүүгө ыңгайлуу өлкө. Экинчиден, өлкө атын алып жүргөн кыргыздар - байсалдуу бай тарыхы, нарктуу салты, түптүү дүйнө таанымы, өлбөс өнөрлөрү бар Азиядагы байыркы элдерден. Ошондуктан, Кыргызстан өзүнүн ички маселесин ирээтке салгандан кийин Батыш глобализмине туруштук берип гана тим болбостон, жол таап чыгууга жөндөмдүү "Туран-Алтай" элдеринин лигасын түзүү зарылчылыгы бышып жетилди. Бул иш-чаралардын башатында ата-бабалардан мураска калган Элдик курултай институтун башмыйзамга заманбап беренелер аркылуу бекемдеп, жогорку бийлик бутактарын элдин атынан көзөмөлдөө укугу менен киргизүү маселеси турат. Курултай - бул көчмөн элдердин орток баалуулугу. Эгер биз курултай институтунун ордун заманга ылайык туура аныктасак, бул түзүлүш иштей баштайт да, ага алыскы-жакынкы мамлекеттер да кайрылышы мүмкүн. Курултай -бул элдин бийлик жүргүзүүгө тикелей катышуусунун үлгүсү, улуттук идеологиянын өзөгү, саясый туруктуулуктун жана адилеттиктин кепилдиги болуп бермекчи. Көрөсүздөр, буюрса Элдик курултай орногондон кийин коррупция, кылмыштуулук азаят, көмүскө экономика ачыкка чыгат, эл менен бийликтин ортосунда ажырым жоюлуп, мамлекет ар тараптуу өнүгүүгө багыт алат.
- Сиз жомоктогудай оңой эле боло калчудай айтып жатасыз, ишке ашыруу механизмине токтолсоңуз?
- Эки жолу революция жасап, адамдарды алмаштырган менен жашоо оңолуп кеткен жок. Ошондуктан саясый системаны, идеологияны улуттук менталитетке ылайыктап өзгөртүү зарыл болууда. Коомдо адилеттик орномоюн коррупция, кылмыштуулук жоюлбайт. Демек, жашоо оңолбойт, бийлик элге кызмат кылбайт, мыйзам иштебейт деген сөз. Ошондуктан коомдук-саясый түзүлүшүбүздү кайрадан карап чыгууга туура келет. Алсак, аткаруу бийлигинин башында президент өзү туруп, өкмөттүн аппараты менен президенттин аппараты бириктирилиши зарыл. Төрт тепкичтүү башкаруудан (республика, облус, район, айыл өкмөт) үч тепкичтүү башкарууга (республика, аймак, айыл өкмөтү (айыл округу эмес)) өтүп, министрликтердин саны 12ден, ЖК депутаттарынын саны 50дөн ашпоосу керек. Бүгүнкү күндө бюджеттен мамлекеттик структураларды каржылоонун көлөмү 25% түзүүдө, чынында дүйнөлүк практикага ылайык 10% айланасында болгону оң.
Ал эми Элдик курултайдын делегаттары айлык албай, коомдук башталышта иштешет. Болгону жылына бир жолу чогулуп, бийлик башчыларынын отчетун угуп, баа берип, улуттук уңгулуу маселелерди карап, үч күндөн беш күнгө чейин жыйын өткөрүп чечим кабыл алып тарап кетишет. Туруктуу иш алып барган чакан аппараты болушу мүмкүн. Ашып барса Элдик курултай үчүн бир жылга 10-15 млн. сом талап кылынар. Биздин ата-бабалар жоокердик талаптарды бузгандарды, элчилик милдетти аягына чейин аткарбаганды, ханга туура эмес кеңеш бергенди, уурулук кылган адамды өлүм жазасына тарткан экен. Айрыкча уурулардын башын кесип, тирүү болсо атасынын мойнуна илип коюшкан. Атасы аны өмүр бою көтөрүп жүрүүгө милдеттүү болгон. Эгер бул талап бүгүн колдонулса, мамлекеттин казынасын тоногон уурулардан арылмакпыз. Коомдо акчанын күрөшү эмес акыл-эстин күрөшү жүрмөк. Илгери жолду эл башчылары, эл жакшылары, билгилери аныктаган (азыркыча айтканда, саясый элита менен илимий-чыгармачылык интеллегенция). А бүгүн болсо акылдын эмес акчанын заманы болууда. "Өткөндү аңдоо - болочокко туура жол издөө" деп Рерих айткан экен. Андыктан, өнүгүүнүн өзөгү, элдик көзөмөл катары курултайды эмне үчүн заманбап кайра иштеп чыгып орнотууга болбосун?
- Азыр бул багытта эмне иштер жүрүүдө, жакында болуп өткөн Улуттук улуу курултай кандай чечимдерди кабыл алды?
- Коомчулукка жарыя болгондой, 2011-жылдын 9-10-11-сентябрь күндөрү 1200 адамдын катышуусу менен Улуттук улуу курултайдын башталыш жыйыны, 26-ноябрда корутунду жыйыны болуп өтүп, жалпы журтка кайрылуу жана 21 пункттан турган резолюция кабыл алды. Анда "Өлкө абалы жана келечеги" деген негизги маселе ар кайсы өңүттөн талкууга алынды. Өлкөбүздүн коомдук-саясый түзүлүшү, президенттик шайлоонун өтүшү, курултай институтунун өз ыйгарым укуктары менен Башмыйзамга киргизүүнүн зарылчылыгы, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу, Бажы союзуна кирүү маселелеринин оош-кыйыштары, чет мамлекеттердин аскердик авиабазаларынын жайгашы, жер-суу кен байлыктарды сарамжалдуу пайдалануу, маданият, тил билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар маселеси, деги эле талкууга алынбаган жабык тема калган жок. Курултай өз позициясын кабыл алган резолюциясында билдирди. Жакында эл баатырлары, аксакалдар, коомдук ишмерлердин жоон тобу бул маселени колдоп чыгышты. Айрыкча Элдик курултай институтун президенттикке талапкерлердин көпчүлүгү өз программаларына киргизип ачык айтышканы жагымдуу көрүнүш болду. "Элдик курултай жөнүндө" мыйзамдын долбоору көрүнүктүү юристтер Б.Бөрүбашев, С.Косаков, КР эл депуттары К.Иманалиев, К.Осмонов, К.Осмоналиев менен биргеликте иштелип чыгып, курултай кыймылынын Улуттук кеңеши жактыргандан кийин парламентке жөнөттүк. Башка да варианттар бар экен. Ошондуктан бирдиктүү долбоор иштеп чыгуу үчүн азыр жумушчу топ түзүлүп иштеп жатабыз. Комитетте каралып коомдук угуулардан өткөндөн кийин мыйзам долбоору ЖКнын кароосуна коюлат.
- Эгер курултайдын чечимдери аткарылбаса, сиздердин андан аркы кадамыңыздар кандай болмокчу?
- Биз тынчтык, сүйлөшүү жолуна артыкчылык беребиз. Эгер зарылчылык туулса мыйзам жол берген бардык кадамдарга даярбыз.
- Өкмөттүн отставкасы, коалициянын кайра түзүлүшү жөнүндө кандай ойдосуз?
- 20 жылдан бери жетекчи кызматтардын көпчүлүгүнө баш менен эмес чөнтөгү менен иш жасаган адамдар келүүдө. Бул улут үчүн өтө опурталдуу. Бизнесмендердин жогорку мамлекеттик кызматтарда иштешине көп мамлекеттерде мыйзамдуу чек коюлган. Андай талап биз жашап жаткан Башмыйзамда бар экенине карабастан ЖК депутаттарынын жарымынан көбү, жогорку мамлекеттик кызматчылардын биртобу ишкер чөйрөдөн. Алардын дээрлик көпчүлүгүнүн ой жүгүртүүсүндө кантип мамлекетти өнүктүрөм дегенге караганда, кантип 100 сомду 1000 сом кылам деген ой көбүрөөк түйшөлтөт. Жыйырма жылдан бери саясый элита алмашпай койду. Кыргызстанда 100дөй саясатчы бар. Бир туруп бийликке, бир туруп оппозицияга өтүп тегеренип эле жүрүшөт. Мурдагылардын эл элегинен өткөн тазалары калып, бийликке жаңы муун, жаңы инсандар келбесе коррупциядан кутулбайбыз. "Баарын кадрлар чечет" деп Сталин бекер айткан эмес.
- Кыргыз коомчулугу ашкере саясатташып кетти. Сөз көп, иш аз болууда. Андыктан жашоо-турмушубузду кантип оңдоп, каатчылыктан кандайча чыгабыз деген маселеде курултайчылардын ою кандай?
- "Өнүгүүнүн кыргыз жолу" аттуу багыттаманы бир канча адам биргеликте жарым жыл иштеп жазып чыгып курултайда кабыл алдык. Бүгүнкү күндө ал документти элден түшкөн ой-сунуштардын негизинде тереңдетип иштеп жатабыз. Кыргызстандын 2020-жылга чейинки руханий-экономикалык тең салмактуу өнүгүү программасы иштелип бүтүп калды. Анда карыз суроону, тилемчиликти токтотуп өзүбүздүн ички мүмкүнчүлүгүбүзгө көбүрөөк таянууга, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчөлүк укугубузду пайдаланып, дүйнөлүк рынокко чыгуунун жолдору каралган. Ал концепцияга ылайык, өлкөбүздүн экономикасын көтөрүүнүн күчтүү рычагы катары элдин өзүнүн жигердүү катышуусунун негизинде ишке ашуучу "Эл банкын" түзүү маселеси көтөрүлүүдө. Элибиз намыскөй, билимдүү калк. Ар кандай негизи бар келечектүү ой-сунуш демилгелерди колдоп кетерине терең ишенебиз. Бир мисал, ХИПИК программасына киребиз деп турганда жалпы кыргыз эли намыстанып, жапа тырмак көтөрүлүп тышкы карызды төлөө боюнча комитет да уюшулган эле. Цивилизациялуу жол менен муну чечүүнүн жолун сактык банктын базасында түшкөн каржыларды топтоп, максаттуу пайдалансак, чет жакта иштеп жаткан атуулдардын каражаттарын "Эл банкы" аркылуу тейлеп, кызыл кулактарга чек койсок, элибиздин жаратмандык духу ойгонуп, Бүткүл дүйнөлүк валюта фонду, Эл аралык банк сыяктуу чет өлкөлүк донорлорго көз каранды болбой, өз киндигибизди өзүбүз кесип, керек болсо жеп-ичип качып кеткендерди ушул банкка төктүрүп, абалдан өз күчүбүз менен чыгып кетүүгө эмне үчүн болбоcун?! Эл банкынын ишмердүүлүгүн калыс көзөмөлдөө Элдик курултайга берилип, каржылоо артыкчылыгы түшкөн долбоорлорго ылайык конкурстук негизде, Кыргызстанга ар тараптуу пайда алып келе турган ишканаларды курууга, илим изилдөөгө, билим берүүгө, маданиятка, улут саламатчылыгына, анан албетте элге төмөнкү пайыз менен көп жылдык мөөнөткө кредит берүү жагына жумшалса деген сунушту көтөргөн аксакалдар өздөрү аткарылышын көзөмөлдөмөкчү. Мамлекеттүүлүктү сактап турган үч негизги түркүк - бул коомдук-саясый түзүлүш, экономика, идеология. Андыктан бул маселелердин түбүнөн так чечилиши өлкөнүн адашпай туура өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Маектешкен
Зайырбек АЖЫМАТОВ