presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Төртүнчү бийлик төркүнү
Кыргыз журналистикасы кыргыз саясатын кантип жүргүздү?
(Уландысы.
Башталышы өткөн сандарда)
К.Ташиевдин жазмакерлеринен соң А.Мадумаровду "бомбалоо" эстафетасын бөлөк эркин жана эркин эмес басылмалар улантып кетишти. Алар баягы эле Вячеслав Хан, Дмитрий Цой темасына кайрылып, аны андан ары өркүндөтүштү. Мындан сырткары, Камчыкенин өзү жер-жерлердеги жолугушууларда "господин" Кимсанбаевичтин айыбын чукумайды унутта калтырган жок.

Вячеслав Николаевичти Адахан мырзага жипсиз байланыштырганында олуттуу негиз бар. Буга карата бириң-экиң мисал. Көзкарандысыз гезиттердин жазганы боюнча, өткөн жылдагы парламенттик шайлоодо В.Хан "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тизмесинде 11-сапка илинип, аз жерден депутаттык мандат тагына жаздаптыр. Дал ушул жерден мыйзам ченемдүү суроо туулат: бир эле учурда үч өлкөнүн (Казакстан-Кыргызстан-Россия) жараны болгон Ханды Мадумаров неге өзүнүн партиясына кошуп, аны бакыйган депутатка айландыргысы келет? Сайраса тилинен чан чыккан, дайыма адилеттүүлүк, мыйзамдуулуктун сакталышын талап кылган "бүтүн кыргызстанчы" башка өлкөнүн атуулу мамлекеттик кызматка келип депутаттык мандат тагынышына Конституция жол бербесин билбейби? Мына ушундай суроого коомчулук ынанымдуу жооп таба албады. Ал эми Мадумаровдун штабындагы журналисттер жана пиарчылар муну байкашбадыбы же болгон деңгээлдери ошобу, кыскасы, ушул өңдөнгөн чабуулдарга дароо реакция жасабастан баягы эле көндүм адатына салып Алмазбек Атамбаев менен Камчыбек Ташиевди "туураламайды" улантышты.
Былтыркы парламенттик шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" маарага жетпей жыдыганы маалым. Бирок, бул жеңилүү Мадумаров-Хан "тандемине" тескери таасирин тийгизбегенин жазмакерлер далилдешти. Маселен, борбордун чок ортосундагы "Максимум" бизнес борборунда Адахан мырзанын борбордук штабы жайгашкан. А "Максимумдун" кожоюну Вячеслав Николаевич экенин эгемен басылмалардан окудук. Ошондой эле Хан мырза имаратын берип эле тим калбастан, Мадумаровго материалдык көмөк көрсөтүп турарын маалымат каражаттары жазып чыгышты. Мында дагы Мадумаровдун штабындагылар балык сымал унчукпай, лидерин коргоого алышкан жок. Ушул сыяктуу калпыстыктар Адахан мырзанын беделине чоң доо кетирди. Мындай мисалдарды санай берсек четтен табылат.

Ташиев Мадумаровдун демөөрчүсүн билгенби?
Кайрадан АКМнын (Адахан Кимсанбаевич Мадумаров) Бакиевдер менен болгон алакасына кайтып баралык. Коомчулукта Адахан Кимсанбай уулунун көмүскөдөгү кожоюну Жаныш Бакиев менен Марат Бакиев экен аңызы кызуу талкууланып аткан чакта, бул теманы Камчыбек Ташиев ого бетер удургутту. Ал Аламүдүн районундагы жолугушууда А.Мадумаров Бакиевдерден оңбогондой каражат алып турарын жар салганын маалымат каражаттары ойда чуулдатышты. Көчөдөгү жөн жай адам айтса бир жөн, абройлуу "Ата журт" партиясынын жетекчиси шайлоочулардын астында ушундай билдирүү таратып аткан соң, АКМнын Бакиевдер менен чындап эле байланышы бардыгына карапайым калк ишене баштады.
Мындан сырткары, "Бүтүн Кыргызстандын" төбөлү сайрагандан бөлөк жарытып иш кылбасын Камчыбек Кыдыршаевич ашкереледи. Басылмалардын биринин жазганына ылайык, Өзгөндөгү жолугушууда: "Адахан мырзадан эмнеңиз менен айырмаланасыз?" деген суроого Ташиев "Адам сүйлөгөндү гана билбестен иштегенди да билиш керек" деп жооп бериптир.
Жогоруда келтирилген эки окуя түштүктөгү белдүү аксакалдардын Мадумаров-Ташиевди бириктирүү аракетине чекит койгонсуду. Ошентип "маалымат согушунун" кесепетинен улам экөө бирикпей, тескерисинче айыгышкан душманга айланышты.

АКМ башаламандыкты каалаганбы?
Президенттик шайлоого эки жумадай убакыт калганда Bulbul.kg сайтында сенсациялуу тасма жарыяланды. Анда Адахан Кимсанбаевичтин Кара-Балта шаарында өткөргөн жолугушуусу чагылдырылган. "Бүтүн Кыргызстандын" төбөлү: "Кыргыз мамлекетинин жүрөгү делген Ак үйгө, кеп бийликте эмес, кол салып, жырткычтык менен кирген жигиттерди мен баатыр деп айта албайм. ...90 бала деп жатасыздар, көпчүлүгү тирүү чыкпадыбы. Анан ошол бийликти жаман көрсөтүш үчүн канчалагандардын туугандары азыр айтып жатпайбы, "бул дүкөндө каза болду эле, тигил дүкөндө каза болду эле" деп. Бүт баарын Ак үйгө сүйрөп келип, үйүп келип койгон ким? Азыркы бийликте отургандар" деп 7-апрелде окко учкан жигиттерди жырткычка тенейт. Эң кызыгы, мындай чуулгандуу маалыматты Атамбаевдин дагы, Ташиевдин дагы, дегеле президенттикке талапкерлердин бирөөнүн дагы саясый технологдору колдонбоду. Алар Мадумаровдун чагымчылыкка барып, атайын чуу көтөрүүнү көксөгөнүн илгиртпей түшүнүштү. Себеби, АКМ ушундай өңүттөгү пикирин Жалал-Абадда эл менен жолугушканда эки жолу кайталаган. Менин жеке баамымда, Адахан мырза мындай билдирүү аркылуу атайын провокация жасап, былтыркы шайлоодо "Ата журт" партиясынын борбордук штабын өрттөгөндөй окуя орун алып, андан саясый упай топтойм деп ойлосо керек.

(уландысы бар)
Нурканбек КЕРИМБАЕВ




Кайсы жердин уругусуң, урпагым
Өлүү болуп көрдө, тирүү болуп санда жоктор
Өткөн жуманын аягында БУУнун качкындар боюнча агенттиги журналисттер үчүн "тегерек үстөл" өткөрүп, Кыргызстанда жашап туруп ким экендигин аныктоочу эч кандай документи, жарандыгы жок адамдардын көйгөйү тууралуу маселе талкууга алынды.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 17миң адамдын жарандыгы жок. Башкача айтканда, алардын колунда паспорту же туулгандыгы тууралуу күбөлүк же ким экенин аныктоочу эч кандай документ жок. Атуулдугу жок адамдардын көпчүлүгүн аялдар жана жаш балдар түзөт.
Жарандыгы тууралуу документи жок адамдар көп жылдан бери башкалардай эле туугандары менен катташып, өздөрүн кыргызстандык катары сезип кадыресе жашап келишет. Акыркы он жылда БУУнун качкындар боюнча агенттиги Кыргызстанда жарандыгы жок жашагандарды иликтеп аларга көмөк көрсөтүү иш- чараларын өткөргөн.
Жарандыгы жок жашоо бизде эле эмес дүйнөдө да бар. Дүйнө боюнча документи жок жашаган адамдардын саны 12 миллиондон ашуун болсо, алардын арасында 21 миңге жакыны Кыргызстанда жашаары үстүбүздөгү жылы дайын болгон. Мисалы, өткөн жылдын жарымында 3800 адам мурунку советтик кызыл паспортун Кыргызстандыкына алмаштырган. Ал эми акыркы эки жылдын ичинде Кыргызстан боюнча 24 миң адам советтик паспортун көк паспортко ооштурушкан. Бирок эски паспортту жаңы паспортко алмаштыруу өтө деле татаал эмес. Эң негизгиси, бала жарык дүйнөгө келгенден кийин анын кимдигин, кайсы жерде төрөлгөндүгү тууралуу документтин таптакыр жоктугу чоң көйгөй жаратууда дейт бул ишти иликтөөгө алган БУУнун качкындар боюнча агенттигинин өкүлдөрү. Кыргызстандын кээ бир алыскы аймагында жашагандар чоң энеси, чоң атасы, баласы, небереси да өмүр бою эч кандай документсиз же болбосо илгерки советтик кызыл паспорт менен жүргөндөр. Мындай документ менен жашаган адамдар социалдык жактан эч кандай укукка ээ эмес. Мамлекеттин жөлөк пулун, пенсияны алууда көп көйгөй жаралууда. Балдарды мектепке окутууда, медициналык жардам алууда, ишке орношууда документи жок болгондуктан алар өксүп келишет.
Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында бул маселени иликтөөгө алганда Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарында кырдаал курч боюнча калууда. Мындай адамдардын көпчүлүгү өлкөбүздөгү калктын аялуу катмарын түзүшөөрү жашыруун эмес. Өмүр бою эч кандай документи жок жашаган жарандардын көпчүлүгү арзан жумушчу күчүн түзөт. Документи жок адамдарда укук коргоо органдары менен көп көйгөй жараларын да жашырышкан жок. БУУнун каачкындар боюнча агенттиги мындай адамдарды оор кырдаалдан чыгаруу үчүн ар кандай иш-чараларды өткөрүүдө. Алардын атүгүл документ алууда да сабатсыз экенин айтышууда.
Ал эми колунда документи жок эркектер өтө төмөн бааланчу жумушчу күчүнүн кулуна айланып, эркиндикте жүрө албастыгына наалышкан. Ден соолугуна байланыштуу маселе чыгып калса, документинин жоктугунан медиктерге ашыкча акча төлөп же тааныш издеп дарылангандар жок эмес.
Чет өлкөгө иштөөгө кеткен жарандар ал жактын жарандыгын алып, биякта калган жашы жетип калган балдарына паспорт алууда чоң көйгөй чыгууда. Алардын ата-энеси быяктын жараны болбогондуктан кандай документ топтоп, кантип алууну билбегендиктен жашы жеткен балада документсиз калуу коркунучу бар. Паспортунун жоктугунан көпчүлүк жаш үй-бүлөлөр мыйзамдуу никеси тууралуу документ алалышпайт. Никеси тууралуу документ жок болгондуктан төрөлгөн балага эч кандай туулгандыгы жөнүндө күбөлүк алалбай, ошол боюнча ал баланын бар-жогу билинбей келет. Тажикстандан Кыргызстанга качып келген жарандардын бул жакта отурукташып жашаганына жыйырма жылга чукулдап калса да кээсинин эмдигиче документи жок. Же Өзбекстандан кыргызстандык жигитке турмушка чыккан аялдардын да көпчүлүгүнүн документи жок болуп чыккан. Алар биякта бир нече жыл жашаса да өзбек жараны боюнча эски паспорту менен жүргөндөр же таптакыр документи жок экени аныкталган.
БУУнун качкындар боюнча агенттигинин өкүлү Ханс Шоддердин айтымында, 2007-жылдан тартып Кыргызстандагы ушул маселе боюнча атайын иликтөө жүргүзүлүп, жарандыгы жокторго түшүндүрүү иштери менен катар алардын документ алуусуна көмөк көрсөтүү иштери жүргүзүлүп келет. 2011-жылы 1951-жылдагы качкындардын статусу боюнча кабыл алынган конвенцияга 60 жыл болот. Кыргыз Республикасы 1996-жылы бул конвенцияга жана 1967-жылдагы протоколго кол коюп, качкындарды коргоо боюнча милдеттемелерди өзүнө алган. 2010-жылдан баштап эл аралык уктуктун негизинде жана КР Конституциясынын алкагында качкындардын укугун коргоо иштери жүргүзүлүп келет.
Ошондой эле 2011-жылы 1961-жылдагы жарансыздыкты кыскартуу боюнча конвенцияга кол коюлганына да 50 жыл болот. Ушул убакытка чейин КР бул документке кол кое элек, бирок жарандык боюнча мыйзамдын алкагында анын бир нече нормалары аткарылууда. БУУнун качкындар боюнча агенттиги Кыргызстандын 1961-жылдагы жана 1954-жылдагы жарансыздык статусу боюнча конвенцияга кол коюшун сунуштайт.
Кайсы гана мамлекеттин мыйзамына таянбагын, жарандыгы жок адамдар эч бир өлкөнүн атуулу катары таанылбайт. Жарандыгы жок адамдар биринчилерден болуп экономикалык кыйынчылыктарга дуушар болуу коркунучунда турушат. Көз карандысыз мамлекет болгондон тартып, Кыргызстан жарансыздыкты азайтуу жана алдын алуу маселелери боюнча бир канча натыйжалуу кадамдарды жасаган. Кыргызстан бул эки конвенцияга тең кошула элегине карабастан, көпчүлүк мамлекеттик мыйзамдарда жана административдик тажрыйбада бул стандарттар колдонулууда. Ушул себептен улам КР үчүн эки конвенцияны тең кабыл алууга зор мүмкүнчүлүк жаралууда дейт "тегерек үстөлдүн" уюштуруучулары.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




...студенттик күндөр бар
Айтылуу "Алтын бешиктин" төрүндө

Студенттик жатакана дегенде эле көпчүлүктүн оюна катыган нан, суу же болбосо лимонад менен лепёшка майонези менен келет. Айрымдары дароо эле"Министрдин кызынын махабаты" тасмасын элестетишет экен. Чын эле жатаканада жаткан азыркы студенттердин абалы тасмалардагыдайбы же эл айткандайбы деген түпөйүл суроо менен Кыргыз улуттук университетинин №5 жатаканасына мейманга барып келдик. Аталган жатаканага башбакканыбызда күтүлгөн жана күтүлбөгөн көрүнүштөргө күбө болдук.

Улуттук деген статуска ээ болгон аталган жогорку окуу жайдын №5 жатаканасынын башчысы Гүлнара Сүйүмкулованы студенттик журттун чоо-жайын билүү үчүн кепке тартканыбызда төмөнкүлөргө токтолду. "Бул жатакана 1962-жылы пайдаланууга берилген. Ошондон бери өз кызматын аткарып келатат. Мурун "Алтын бешик" деп аталчу. "Алтын бешикте" кимдер гана бөлөнбөдү? Алып айтсак, Абдыганы Эркебаев, Султан Раев, Мелис Эшимканов, Байма Сүтенова сыяктуу Кыргызстандагы атактуу инсандар ушул жатаканада жашашкан. Учурда 460 орун бар. 10 ай үчүн ар бир студент 2900 сомдон төлөшөт. Ичинде 3000дин тегерегинде китеби бар окуу залы, көңүл ачуучу иш-чаралар өтө турган атайын залыбыз да бар. Кыскасы, студенттердин жашоосу үчүн керектүү шарттардын бардыгы түзүлгөн" деди.

Жатаканада жашоо "малина"
Коменданттын ушундай маалыматтарынан кийин өз көзүбүз менен студенттик жашоону көрүү үчүн бөлмөлөрдү кыдырдык. Бөлмөлөрдүн биринин босогосун аттаганыбызда сабак окуп жаткан төрт кызга туш болдук. Кирээрибиз менен китептерин шаша-буша жыйнаган кыздар жылуу маанайда маек куруп беришти. Өзүн Таалайбек кызы Тынара деп тааныштырган 3-курстун студенти жатаканадагы жашоосун төмөндөгүдөй баяндады. "Жатаканада жашаганыма үч жылдын жүзү болду. Мен үчүн бул жакта жашоо абдан эле ыңгайлуу. Биринчиден, сабак окуш үчүн толук шарттар түзүлгөн. Жол киреге да акча кетпейт, ошол эле учурда сабактарга кечикпей өз убагында барабыз. Жатакананын өзгөчө бир атмосферасы бар. Бул жактан жалаң гана билим алууга концентрация болосуң" деген оюн билдирсе, Бегайым деген дагы бир кыз кепке аралашып: "мен үйдө жашап жүргөндө үй жумуштарына жардам берип жатып сабакка жетишпей калчумун. Кичинекей балдардын ызы-чуусу сабактарга даярданууга тоскоолдук жаратат. Эртең менен эрте турсаң деле маршруткадагы тыгындардан улам баары бир сабакка кечигип калчумун. Азыр болсо кудайга шүгүр, бардыгына жетишип жатам. Окууда да жетишкендиктер болуп жатат. Жатаканада жашагандын дагы бир жакшы жери көпчүлүк менен жашоого үйрөнөсүң. Бөлмөдөгү төрт кыз бири-бирибиздин мүнөзүбүзгө жараша түшүнүү менен мамиле кылабыз" деген таризде жооп берди.
Маектешип бүткүчө кыздардын чайы да кайнап калды. Күркүрөгөн күз болгондуктанбы, айтор кыздар дасторконго салат, кыям коюп, чайдан кызыл-кызыл куюп аябай коноктошту. Алардын мындай жагдайын көрүп азыркы студенттердин жашоосу керемет го деген ой келди.

Эркектер деле эпчил келишет
Кыздардын бөлмөсүндөгү маектен кийин эркектердин бөлмөсүнө кирип бардык. Бөлмөлөрдүн биринде күн кечирген Эрнис жана Билимбек деген жигиттер сабактан жаңы эле келгендиктерин айтышты. Жатаканада жашоо кандай деп суроо салганыбызда, эми азыркы жатаканадагы студенттерди мурункулар менен салыштырууга эч болбойт деп сөз баштаган Эрнис буларды айтып берди: "Жатаканадагы студенттер жерде калган адамдар эмес. Үйдө жашаган студенттерде бизге карата туура эмес стереотиптер пайда болгон. Биз деле бирөөнүн балдарыбыз да, ар ай сайын айылдан тамак-аш келет. Мисалы, Көлдөн алма, Нарындан эт, Ош, Жалал-Абаддан жер-жемиш келет. Ошентип дасторконубуздун үстү жайнап эле калат. Андан сырткары ар айда 500 сомдон акча чогултуп азык-түлүк алып турабыз. Бул жакта өзүбүздүн плиткабыз бар. Тамак жасап жеп турабыз. Арабызда окуу менен бирге иштеген досторубуз да бар. Алар туугандарына көз каранды болбой эле өз алдынча кара жанын багып кете алышат" деди. Эрнистин жатаканада жашаганына төрт жылдын жүзү болуптур. Ал учурда жатакананын коён жатагына чейин билээрин айтып, өз тажрыйбасы менен 1-курстар менен бөлүшүүгө даяр экендигин кыйытып өттү.
№5 жатакананы түрө кыдырып жүрүп, учурда душтун иштебей жатканына күбө болдук. Эмне үчүн иштебей жатат деген суроого оңдоо иштери жүрүп жатат деп түшүндүрүштү. Студенттер эң башкы көйгөй катары душтун иштебей жаткандыгын жана компьютердин, интернеттин жоктугун айтышты. Компьютерлер жок эмес, бар. Бирок баарынын эскилиги жеткен, интернетке туташтырылган эмес дешти бир ооздон.

Жатаканада курсак тойгузуу тактикалары
Кыздар айылга барып келди деген сөз жигиттер үчүн абдан жагымдуу жаңылык. Энелери эркек төрөгөндөй эле сүйүнүшөт. Анткени ата-энелер кызым жесин деп койдун төш этин салып беришет. Ал төштүн кимге буюрарын байкуш ата-энелер кайдан билишсин. Шамдагайлыгы жанда жок эркек балдар кылдаттык менен терезеде илинип турган төш этин сыйыртмак менен кылтакка илишет. Эт уурдоо процессин 2-3 гана бала ишке ашырса, негедир жегенге келгенде эле бул сан 2-3 эсеге көбөйүп кетет. Студенттин чоң тойгону орто байыганы демекчи, курсакты кампайткан студенттер ичтеринен кыздардын ата-энелерине ыраазычылык билдиришет. Эскертүү: эшикти илгенди унутпаңыздар!
Ал эми бышып калган тамакты "уурдап келүү" да оңбогондой талантты талап кылган иш. Анткени кыздардын көзүн 7 секундга жазгырып, булоолонгон тамакты илип кетүү кандай гана талант. Колго тийген тамакты илип кетүү канчалык тез болсо, аны жеп түгөтүш да ошончолук тездик менен өтөт. Тамакты жеп бүткөндөн кийин табактын ичине "рахмат" же "тузу кем болуп калыптыр" деген сыяктуу сөздөр тамаша иретинде тамагын алдырган кыздардын дарегине багышталат.
Мына ушинтип жатаканага болгон сапарыбыз да карыды. Жатаканадагы студенттердин азыркы жашоосун көрүп, айрым көйгөйлөрдү эске албаганда өлбөгүдөй эле жашоо экенине көзүбүз жетти. Улуттук университеттин студенттери негедир барга каниет кылып, жетекчиликке анчалык деле катаал талап койбогондой элес калтырды. "Үңкүр да болсо үйүм бар" деген ураанды туу тутунган студенттер шайыр-шатман, ар бир күнү улам жаңы окуялар менен коштолгон күндөрдү барактап жатышыптыр.

Уланбек ЭГИЗБАЕВ, сүрөттөр автордуку




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??