presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Ыдырайт, ыдырабайт...
Чатактын башы шаршемби - 2
Премьер-министрлик жана спикерлик кресло үчүн болгон тымызын күрөш учурдун эң негизги темасына айланды. Маселен, өткөн жумада "Ата мекен" фракциясы KG сериясындагы унаа номурларына байланыштуу төрага Акматбек Келдибековго карата чабуул баштаган. Ушул шаршембиде дагы "ата мекенчилер" фракция жыйынында Келдибеков маселесине кайрылып, аны спикерликтен кетирүү талабын коерун билдиришти. Ал эми буга ЖК төрагасы дароо реакция жасап, "ата мекенчилердин" мизин кайтарганга жетишти.

Алгач "Ата мекен" фракциясынын жаш өкүлү Жоомарт Сапарбаев "атакага" өттү. Ал Акматбек Келдибекович өзүнүн тарыхый миссиясын түшүнө албагандыгын, өз милдетин так аткара албаганына токтолду. Ошондой эле а кишинин былтыр "Каприз" пансионатында криматалык Камчы Көлбаев менен жаңы жылды чогуу тосконун шардана кылды.
Жоомарт мырзанын белгилешинче, спикердин өз жакындарын кызматка коюу, аларга KG номурларды бергени этикага сыйбайт. "Мисалы, - дейт ал. - Экс-спикер катары И.Масалиевге, У.Ормоновго берген. Муну парламентке "Ак жолдун", кийинчерээк Бакиевдин кишилерин алып келүү аракети катары карасак болот. Элдин парламентке болгон ишениминин баарын А.Келдибеков кетирди ".
Ушундай эле өңүттөгү пикирин Райкан Төлөгөнов дагы айтты. "Парламентке болгон элдин ишениминин төмөндөшү негизинен спикер Акматбек Келдибековдун иш-аракетинин натыйжасы. Келдибековдун радиоактивдүү көмүрдү алып келүүгө тиешеси бар деген фактылар болсо да, спикер бул тууралуу расмий төгүндөө же билдирүү жасаган жок " дейт Төлөгөнов.

Өмүрбек Бакиров кылмышкерби?
ЖК төрагасынын коомдук кеңешчилери, консультанттарына байланышкан көйгөй да көңүл сыртында калган жок. "Ата мекенчилердин" айтымында 2010-жылдын 13-майында Ош обладминистрациясын басып алууга катышып, натыйжада эки кылмыш иши козголгон Өмүрбек Бакиров аттуу депутатты кеңешчи кылып алыптыр. Мына ушундай жагдайдан улам, "Ата мекен" фракциясы бир добуштан Акматбек Келдибековго ишеним көрсөтпөө боюнча токтом долбоорун кабыл алышты.
Даана кызык кийинчерээк башталды. Акматбек мырза күтүүсүздөн "Ата мекендин" жыйынына катышып, өзүнүн жүйөлөрүн алдыга жайды. "Чү" дегенде эле сөздү кеңешчилерден баштап, парламенттин штаттык тартибине ылайык, расмий айлык алган төрт кеңешчиси ( И.Кадырбеков , К.Конгантиев , А.Момунов , Корниенко ), кабылдамада отурган эки жардамчысы бар экенин баса белгиледи. " Калган кеңешчи, жардамчыларым айлык албайт. Менде эле эмес, ар бир депутатта бир нече жардамчы-кеңешчилери бар эмеспи " деп кебин бышыктайт төрага.
Спикердин айтымында, мурда KG сериясындагы унаа номурларын чектөө жок болчу. А өткөн жумада парламент кабыл алган чечимге ылайык, эл өкүлдөрү, министрлер жана президенттин "темир тулпары" гана KG номурун тагынып жүрүүгө акылуу. Андыктан, мындан ары көрүнгөнгө эле мындай номурлар бериле бербестигин А.Келдибеков ырастады.

Өмүке өз кызыкчылыгы үчүн Акматты "садага" чапкысы келгенби?
Акматбек мырзанын пикиринде, "Ата мекен" атайын саясый шоу уюштуруп, өзүнө карата жалган жалааларды жаап атыптыр. Ал ошондой эле "Каприздеги" окуяга кайрылып, Камчы Көлбаев менен жолукпаганын, жаңы жылды үй-бүлөсүнүн кашында тосконун мындайча билдирди: "Ал жерде жаңы жылда мен тааныгандардан Орусиянын элчиси болду. Калганын тааныбайт экенмин. Ал жер өтө эле чоң мейманкана. Чет мамлекеттен келген коноктор, эс ала турган кишилер үй-бүлөлөрү менен келет. Мен да бала-бакырам менен жаңы жылды тостум. Ал жер чоң, ким бар-ким жок билинбейт. Мен ал жерде Көлбаевдин бар экенин кайдан билем ". Кебин андан ары улаган төрага мыйзам баарынан жогору турарын, ошон үчүн өзүнүн тагдырын жалпы парламент чечерин эскерте кетти.
"Ата мекен" фракциясынын отурумунан соң А.Келдибеков журналист журтчулугунун суроолоруна жооп берди. А киши бул "трюктун" башында Өмүрбек Текебаев өзү турарын төмөндөгүчө маалымдады: "Мен "Ата мекендин" жыйынында айтылгандардын 80%ы ушак деп эсептейм. Менин оюмча, мунун баарын Текебаев партиялаштарын мажбурлап жасап жатат. Анткени мага ошол фракциядан депутаттар келип, айла жок долбоорду колдоп жатабыз деп айтышты ". Буга улай Текебаевдин: " Эгер Келдибековду кетирсек, мен спикер болом " деп айтканын мисал келтирди. Төраганын жоромолуна таянсак, Өмүрбек Чиркешович кезинде бул үлкөн кызматка жетпей калганынын ызасын ушундайча чыгарып аткан экен.
Кыскарта чапканда, Келдибеков: " Роза Отунбаеваны узатып жатсак, эртең ант берүү аземи, ал жакка чет мамлекеттерден коноктор келет. Мен муну жөн койбойм. Айткандарынын бир нечеси боюнча аны сотко берем " деп Текебаев менен мыйзам чегинде сүйлөшүп, укугун коргоорун расмий жарыялады.

"Республикачылар" колдойт, КСДП ойлонууда
"Ата мекенчилердин" чабуулунан кийин "ата журтчулар" шефин колдоого өтүштү. Маселен, "ата журтчу" айым Жылдызкан Жолдошева Өмүрбек Текебаевдин аброю эчак нөлгө түшкөнүн, ал эч качан спикер боло албастыгын, керек болсо мындай кеби үчүн сот алдында жооп берүүгө даяр экенин балп эттирди. Мындан сырткары, саясатчылар жаратуучулар жана кыйратуучулар болуп экиге бөлүнөрүн, Келдибеков жаратуучулардын катарына кирерин жашырган жок.
Дагы бир "ата журтчу" депутат Өмүрбек Бакиров "Ата мекендин" лидери бийликке жетиш үчүн бардыгына кайыл экенин, бүгүнкүдөй оор кырдаалда жеке кызыкчылыктан да мамлекет кызыкчылыгы, элдин бейпилдиги жогору турушу керектигин баса белгиледи. " Анын кылып жаткан ишин кыргыз элине карата чыккынчылык деп эсептейм " деп Бакиров сөзүн жыйынтыктады. Бейрасмий маалымат боюнча, Өмүрбек мырза ушак таратканы үчүн Ө.Текебаевди сотко берүүгө даярданып атыптыр. А чыккынчы атаганы үчүн Өмүрбек акасы Өмүрбек үкасын сотко берер-бербеси али белгисиз.
А.Келдибековду жактоочулардын катарын "Республика" фракциясы да толуктачудай. Алсак, аталган фракциянын өкүлү Малик Осмонов ЖК төрагасы эң оор учурда парламентти жетектегенин, анын бул кызматка татыктуу экенин ачыкка чыгарды. Коалиция курамындагы КСДП фракциясы Келдибековдун таламын талашарын же талашпасын расмий билдире элек. Болгону социал-демократчы Төрөбай Зулпукаров КСДП Акматбек Келдибековго ишеним көрсөтпөө, аны кызматтан кетирүү маселесин азырынча көтөрө электигин интернет-сайттардын бирине кабарлаган.
ЖоКенин ички ашканасындагы абал ушундай. Бири спикерликти ээлеп калыш максатында маалымат чабуулун баштаса, экинчиси жылуу ордун сактап калыштын амалын көрүп атыр. Деген менен Акматбек Келдибековду "пошел" кылуу оңойго турбайт. Анткени Башмыйзам боюнча 120 депутаттын 80и спикерди кетирүүгө макулдугун бериши керек. Бүгүнкү күндө "Республика" менен "Ата журт" тилектеш болуп, коалицияны сактап калууга болгон күчүн жумшоодо. Эки фракция аягына чейин ынтымакта турабы же жокпу? Акматбек мырзанын тагдыры мына ушундан көзкаранды.




Бир шиңгил
"А.Келдибеков спикерликтен кетсе мен талапкерлигимди койбойм" дейт "Ата мекендин" төбөлү. Ага жооп иретинде Келдибеков "Ө.Текебаевдин спикерликке талапкерлигин койбойм деши - саясый оюн" деди.
"Ата мекенчи" Туратбек Мадылбеков "жумуш күндөрү Россиянын Астрахань шаарына "Челенджер" жеке самолету менен учуп кеттиңиз. Биз бул жакта "Россияга барганда эмне болуп кетиши мүмкүн?" деп коркуп отурдук. Бир нерсе болуп кетсе эртең чоң чатак чыкмак да" деген суроосуна төрага "жеке самолет дедиңиз, ал үчүн бюджеттен бир тыйын корогон жок. Төрага болсо дагы өзүнүн турмушу бар, төрага деле адам. Менин да Украинада, Россияда жолдошторум бар. Алар менен мамилемди үзүп койсун деген мыйзам жок да" таризинде жооп узатты.
Такталбаган маалыматка таянсак, ЖоКеде А.Келдибековду спикерликке калтыруу ниетинде кол топтоо башталды.





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??