presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Тирештен жарака гана жаралат
Келдибеков-Ташиев тиреши "Ата журттун" ойронун чыгарабы?
ЖоКедеги "Ар-намыс" фракциясынан ырк кетип, натыйжада эки лидер пайда болду. Биринчи топту "темир генерал" Феликс Кулов жетектесе, экинчисинин башчылыгына Камила Талиева шайланган. Эми ушундай эле кейиштүү тагдырга "Ата журт" фракциясы тушугат окшоп калды.

Бакиев заманында айтылуу "Бригада" тобунун "атамандары" саналган Акматбек Келдибеков , Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров былтыркы парламенттик шайлоодон кийин сүйлөшүп, мырзалык келишимге токтолушат. Ага ылайык Акматбек мырза спикерликке көчүк басса, Камчыке "Ата журттун" атынан президенттикке аттанмак. Баары пландалгандай эле кетип бараткан, Акматбек Келдибекович ЖК төрагалыгына шайланып эки тизгин, бир чылбырды колго алып дегендей…
Балакеттин бардыгы ажо жарышты утурлай башталды. Так талашка түшкөн Камчыбек Кыдыршаевичти кан досу Акматбек колдобой койду. Ошондо Ташиевдин: "Ка-ап, төрагалыкка өзүм отурсам болмок экен" деп жакындарына ымандай сырын ачкан имишин кезинде кабарлаганбыз.
Шайлоодо жеңилүү ызасын тартып ичинен түтөп турган чакта Камчыбек мырзага экинчи сокку урулду. "Ата журттун" 14 депутаты анын фракция лидерлигине мыйзамсыз шайланганын, андыктан, аны ээлеген ордунан бошотуу зарылдыгын айтып чыгышты. Ал эми эркин басылмалардын жазышынча, бул топтун артында ЖоКе төрагасы турат.
Арадан көп убакыт өтпөй тогуз "ата журтчу" депутат ( Нариман Түлеев , Нургазы Айдаров , Элмира Иманалиева , Роман Шин , Хаджимурат Коркмазов , Бахадыр Сулейманов , Курманбек Осмонов , Нарынбек Молдобаев , Абдимуталип Кочкорбаев ) биригип "Кыргызстандын реформасы үчүн" (КРҮ) аталыштагы блок түзүштү. Бейрасмий маалыматка караганда, бул топтун көмүскөдөгү лидери Нариман Түлеев К.Ташиев менен тымызын соодалашып, анан ушундай блок түзгөн дешет. Мунун башкы максаты - Келдибековдун чабуулуна каршылык көрсөтүп, керек болсо а кишини креслодон шыпырууга багытталганын билермандар айтышат.
Ташиев-Түлеев тандеми жаралды дегенге толук негиз бар. Себеби "Ата журттун" анабашы эркин басылмалардын бирине курган маегинде "Ата журт" фракциясынын ичинен чыккан депутаттардын "Кыргызстандын реформасы үчүн" деген топту туура эле түзгөн деп ойлойм. Бул топту таза өкмөттү каалаган, мамлекетти ынтымакка чакыргандар түзгөн. Ошондуктан мен алардын идеясын колдойм" деп КРҮ менен тилектеш экенин жашырган эмес.
Мына ушундай пикир келишпестик, айыгышкан тирештен улам "Ата журт" фракциясы үчкө бөлүнүп кетти. Биринчи топтун башында А.Келдибеков турса, экинчи "группировканы" Камчыке жетектейт. Зарылчылык болсо ташиевчилердин катарын КРҮ калыңдатышы ыктымалдыгына жогоруда токтолдук.
Ток этери, Ташиев-Келдибеков кармашы күн санап күчөп барат. Мындан кимиси утулуп, кимиси утарын мезгил көрсөтөр.




Майда бирок маанилүү
Коомчулук КРҮнүн жаралышын "Ата журт" фракциясы ыдырап бараткандай кабылдады. Арийне, А.Келдибеков мындай ойго кошулбасын "Эркин Тоо" гезитине курган маегинде билдирген. Анын белгилешинче, "Ата журттун" ички ынтымагы темирдей бекем. "Ата журтчулардын" айрымдары өзүнчө бөлүнүп чыкты" дегенден кийин дароо эле андагы мүчөлөрдүн ар бири менен сүйлөшүү жүргүздүм. Алсак, депутат Курманбек Осмонов менен Абдимуталип Кочкорбаев фракцияга эч кандай каршы чыкпагандыктарын айтып, "болгону экономиканы реформа кылыш үчүн өз ой-пикирибизди айтып жатабыз" деп билдирүү кылышты. Демек, алар фракциянын эле ичинде. Экинчиден, бүгүнкү күндө "Ата журт" эч кандай ыдыроого дуушар болгон жок. Эгер кайсы бир депутат өзүнчө чыгам десе, ал өз эрки. "Ата журт" ар дайым бирге, биримдикте болуп келген. Күчтүү саясатчылар көп жерде сөзсүз түрдө өйдө-ылдый пикир келишпестиктерге кабылышат" дейт ал.
Жакында "Ата журт" фракциясы Келдибековду ээрден оодаруу демилгесин көтөрүшү ыктымал.
"Ата журтчу" Нарынбек Молдобаев: "Экөөнүн ортосундагы тиреш деле бийлик талашмайдан чыгат да. Саясатта достук деле болбойт экен" деп Камчыбек Кыдыршаевич менен Акматбек Келдибековичтин чатагына так аныктамасын берди.
Камчыбек Ташиев: "Мени фракция лидерлигинен эч ким кетире албайт" деп эрдемсип жүргөн чагы. Ким кетип ким калаары жакында айгине болот окшойт.

Талатбек СЫДЫКОВ




Мыкаачы табылмайын
Жаныбектин жаны жай албайт
16-октябрда "Тумар" радиосунун ди-джейи Жаныбек Айдаралиевди Максат Эралиев сабап ооруканага жеткирилип, 9-ноябрда көз жумган. "Жаңы Агымдын" өткөн санында Жаныбектин жесири Айжан Кулибаева улуттук госпиталдын кабылдамасында күзөттө турган Ташбаев деген дарыгердин кайдыгерлигинен Жаныбектин абалы ого бетер оорлоду деген оюн билдирген. Бул боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы төмөнкүлөрдү билдирди.

- Жаныбек Айдаралиевдин өмүрү тилекке каршы трагедия менен аяктады. Бирок ал ооруканага түшкөндөн тартып дарыгерлердин көзөмөлүндө болду. Албетте, дарыгерлер деле башкалар сыяктуу ар кандай мүнөздөгү адамдар. Ошондуктан Жаныбек Айдаралиевдин жубайы айткандай, Жаныбек жаңы түшкөндө биринчи караган бала жоопкерчиликтүү мамиле жасап томографиядан өткөргүлө деген. Бирок экинчиси кечээтен баштап иштеп аткан тажрыйбасы жок дарыгер болуп калып, үйгө бара бергиле деп да коюшу мүмкүн. Негизи тажрыйбалуу доктурлардан деле катачылык кетиши ыктымал. Ошол учурда аны караган дарыгер анын алдында оор операциядан чыгып бир нерсеге алаксып, эртеңкисин ойлобой туруп мындай же тигиндей деп жооп берип коюшу ыктымал. Бирок биздин дарыгерлердин бардыгы колунан келген аракеттерди жасайт. Кээде үй-бүлөдөн деле жанындагылардын жасаганына алымсынбаган учурлар болот эмеспи. Ошондой учурда ичи ачышып турган адам биз айтсак укпай койду, начар экен деген дооматтар болуп калат. Жаныбектин жубайы айткандай болуп калышы да мүмкүн. Анын дарыгерлерге нааразычылыгы тууралуу иликтөө-териштирүүлөр болгон эмес. Себеби Жаныбек Айдаралиев комада жаткан учурда жетекчилик баш болуп көзөмөлгө алып, колдон келишинче аны аман алып калууга аракет кылды. Тилекке каршы, аны сактап кала алышпады. Андан тышкары, эгер Жаныбек Айдаралиевдин жубайы дарыгерлерге нааразы болсо, ал расмий түрдө арыз менен Саламаттык сактоо министрлигине кайрылыш керек болчу. Бул тууралуу дароо коңгуроо какса, ошол дарыгердин канчалык деңгээлде күнөөсү бар экенин териштире коюш жеңил эле. Бизге кайрылган каттар, арыздар сөзсүз түрдө иликтенет. Эгер чындап эле туура эмес болсо, ошого тиешелүү чара колдонулат. Бирок көпчүлүк учурда сыртынан эле дарыгерлерди күнөөлөп кала беришет, андан ары ырбабайт. Себеби териштире келгенде биз жөн эле айтып койгонбуз, минтип койбойбу деп актанып киришет. Эгер бул ишти иликтөөгө алсын деген ойдо болсо, анда бизге расмий түрдө кайрылышы шарт. Бул бала коомчулуктун көңүл борборунда болуп атканын баары түшүндү. Ал жердеги баланы операция кылуу же дарылоодо бир эле дарыгер эмес бир нече ак халатчандар чогулуп кеңешип, анан чечим чыгарды.


Максат Эралиев табылабы?
Ал эми Жаныбекти сабаган Максат Эралиев 16-октябрдан бери изкубарлар тарабынан издөөдө жүргөнү маалым. Маркум Жаныбектин жубайы Айжандын айтымында, бул кылмышка тиешелүү адам үч күндүн ичинде эле кармалат деп тартип сакчылары, ИИМ министри З.Рысалиев коомчулукка убада кылган эле. Бирок арадан убакыт өтсө да кичинекей Кыргызстандан андан илинчек табылбай атканы таң калычтуу. Максат Эралиевди издөө иштери кандай болуп атканы тууралуу билүүгө аракет кылдык.
Издөөдө жүргөн Максат Эралиевдин сары изине чөп салган тартип сакчылары анын төрт паспорту бар экенин иликтеп чыгышканын ИИМ басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам боюнча Кыргыз Республикасынын жараны аты-жөнүн өзгөртсө да туулуп өскөн жерин жана туулган жылын, айын өзгөртүүгө укугу жок. Бирок, ушундай тыюу салууларга карабастан Максат Эралиев алган паспортторунун биринде өзүнүн аты-жөнүн гана эмес, туулган жылын, туулган жеринен бери өзгөртүп алган. Мисалы, ал бир паспортунда 1983-жылы туулган жылын 1984-жылы туулду деп өзгөртсө, туулган жери Каракол шаары дегенди Ак-Суу районунда туулду деп өзгөртүптүр. Анын жашы жеткенине байланыштуу биринчи алган паспортунда Максат Эралиев деп жазылган. Экинчи паспортту 2009-жылы февраль айында Максат Аскарбеков деп алса, үчүнчү паспортту Түркиядан депортация болгондон кийин ушундай эле ысым менен 2010-жылы май айында алганы белгилүү болду. Үчүнчү паспортун алгандан кийин бир жума өтпөй Максат Аскаров деген ат менен кайра паспорт жасатып алган. Максат Эралиевге мыйзамсыз түрдө берилген паспорттор кайсы жерден алынса, ошол жерде иликтөө иштери башталды. Ал эми Жаныбектин өлүмүнө себепкер Максат Эралиевдин өзүн тартип сакчылары күнү-түнү издөөгө алганын кабарлашты.


Назгүл КАЛМАМБЕТОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??