presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



КР президенти Алмазбек АТАМБАЕВ:
"Тизелеп жашаганча, тике туруп өлгөн артык!"
(Башы - 3-бетте)

Биз ар бир жараныбыз эч нерседен коркпой жашагандай, ал эми шылуундар, паракорлор жана канкорлор коомдон куулуп калгандай өлкөнү курушубуз керек. Уюшкан кылмыштуулукка алгачкы сокку быйыл урулду. Криминалдуу топторго тиешеси бар кылмышкерлердин көбү бүгүн кармалып, жазасын алышты, чет жакка качкандары да эртеби-кечпи колго түшүп, жазаланат. Кийинки кадамыбыз - элибиздин башында кара булут болуп турган коррупция менен күрөшүү. Бизди ичибизден курутуп жаткан бул кесепетти эмитен жойбосок, келечегибиз күмөн. Ошондуктан мен бул күрөштө өлкө башчысынын укуктарын толук бойдон колдоном. Сот болобу, депутат же министр болобу - мыйзам алдында баарыбыз бирдей жооптуубуз. Жетекчилерге болсо алдын ала бабалардын ыйык сөзүн эскертким келет: "Ыймандуу бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок". Муну унутпагыла!
Урматтуу мекендештерим!
Эл аралык чөйрөдө Кыргызстан татыктуу ордун ээлеши керек. Өлкөбүздүн тышкы саясаты Кыргызстан элинин гана кызыкчылыгы үчүн жүргүзүлүшү зарыл. Кыргызстан бардык өлкөлөр, эл аралык уюмдар менен өз кызматташуусун мындан ары дагы өнүктүрүүгө даяр. Албетте, биздин негизги стратегиялык өнөгүбүз - бул Россия. Бажы союзуна мүчө болсок деп ниеттенип жатабыз. Бул кадам биздин өнөр жайыбызды жандандырат, өлкөбүздүн коопсуздугун бекемдейт, коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы чек араларды ачат, элибиздин жашоо-шартын оңойт деп ишенем. Россия жана коңшу өлкөлөр менен биздин тарых да, келечегибиз да бир.
Кыйын кезде бизге жардам көрсөткөн өлкөлөргө бүгүн ыраазычылык айтып кетким келет. Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркия жана башка өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын жардамын элибиз унутпайт. Башынан көптү кечирген Кыргызстан да келечекте күчтүү мамлекетке айланып, кезеги келгенде муктаж өлкөлөргө колунан келген жардамын аябайт деп ишенем.
Кымбаттуу агайын-тууган-дар!
Акыркы эки жылда кандай сыноолордон өтсөк да, өлкөнүн экономикасы кыйрап калышына жол берген жокпуз. Бирок азыркы учурда деле кыйналып турганыбыз чын, элибиздин жашоо-турмушу оор. Муну ар бир карапайым адам өз жашоосунда сезип, көрүп-билүүдө. Биздин өлкөдө карыларга, майыптарга камкордук, энелерге мээримдүү мамиле жасалып, балдарга ыймандуу тарбия жана билим берүү керек. Ар бир иштейм деген адамга, өзгөчө жаштарга, иш тапканга мүмкүнчүлүк түзүш керек!
Бул максатка жетүү үчүн өкмөт бир катар улуттук долбоорлорду жүзөгө ашырууга милдеттүү. Биринчи кезекте өлкөбүздүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылышыбыз керек. Эмдиги жылы "Датка - Кемин" линиясын, ага удаа совет доорунда эле пландаштырылган 2-3 ГЭСтин долбоорлорун жүзөгө ашыра баштоо зарыл. Мамлекет үчүн жол менен каналдар адамдын кан тамырларына барабар. Төрт дубалдын ортосунда кыпчылгансыбай, транзит өлкө болушубуз абзел. Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу курулуп, аны менен кошо Кыргызстандын түндүк-түштүгүн бириктирген дагы бир трасса салынат. Райондордун көпчүлүгүндө кичи асфальт заводдору болушу керек. Суу каналдардын курулушу болсо миңдеген гектар сугат жерлерин пайда кылат. Мындан тышкары дыйкандарга арзан кредиттер, техника лизингге берилиши керек. Кен байлыктарыбызды да карап отура бербей иштетүү зарыл. Завод, фабрикаларды жандандыруу үчүн ишкерлерге шарт түзүү абзел. Кыргызстан ишкерлер менен инвесторлор үчүн бейиштин төрүндөй көрүнүшү керек. Текшерүү органдарынын саны азайып, ишкерлерге тоскоолдук кылгандар жазаланууга тийиш. Натыйжада бул иш-чаралар өлкөбүздө жүздөгөн жаңы ишканаларды, миңдеген жаңы иш орундарын жаратат. Иштейм дегендин баарына иш табуу мүмкүнчүлүгү болушу керек. Мекенинде иш таппай, башка мамлекеттерде иштеп жаткан жарандарыбызга да камкордук көрүүбүз зарыл.
Урматтуу мекендештерим!
Эң башкысы - өлкөбүзгө тынчтык жана бейпилдик керек. Бул ар бир үй-бүлөдөн, ар бир жамааттан башталат. Биз бир эл экенибизди жазбай түшүнүшүбүз керек. Бирдиктүү болгондо гана өнүккөн жана туруктуу, бакубат Кыргызстанды кура алабыз. Улут аралык ынтымакты көздүн карегиндей сактоого ар бир жаран милдеттүү. Ынтымаксыз Кыргызстандын келечеги жок. "Ырыс алды - ынтымак" деп бабаларыбыз бекеринен айткан эмес. Былтыркы июнь окуяларында элибиз чоң жоготууларга учурады. Биз мындай трагедиянын өлкөбүздө кайталанышына эч качан жол бербөөгө тийишпиз.
Урматтуу мекендештерим!
Азыр тайгак кечүүдөн өтүп бараткан убагыбыз. Кытай элинин улуу акылманы Дэн Сяопин айткандай "тайгак кечүүдөн суунун түбү көрүнбөйт, таш да, аң да болушу мүмкүн". Ушу тайгак кечүүдөн тайгаланбай, аңга түшпөй өтүш үчүн шашпоо керек. Ошондуктан мен сиздерди сабырдуулукка чакырам. Элибизди бөлүп-жарган айрым саясатчыларды ээрчибей, эртең эле жыргал заманды курабыз деген алдамчыларга ишенбей, сабыр этелик. Кудайга шүгүр дейлик. Көч бара-бара түзөлөт. Өлкөбүзгө, элибизге тынччылык, ынтымак керек. Башаламандыкка, митингдерге тойдук. Иштей турган заман келди. Сабырдын түбү сары алтын. 3-4 жылда өлкө жакшы жакка өзгөрөт, элдин үмүтү акталат. Мен буга толук ишенем!
Айкөл Манас атабыз эли, жери үчүн калайык калкка жан курман деп өмүрүн арнаган. Мен да бүгүн элим, жерим үчүн керек болсо "жаным курман" деп айткым келет! Касиеттүү журтубузду Кудай колдосун! Айкөл Манас атабыздын арбагы колдосун!
Айланайын мекендештерим!
Кудай Таала дагы бир жолу элибизге жол ачып, кут берип жатат, ошону сактап калалы. Элибиздин биримдигин сактап калалы. Жерибиздин бүтүндүгүн сактап калалы. Мекенибиздин эгемендүүлүгүн сактап калалы. Кайсы бир күчтөрдүн, өлкөлөрдүн акчаларына алданып, көр оокатка азгырылып, кыйынчылыктан коркуп, өлкөбүздүн азаттыгын жоготуп албайлы. Анда бизди Кудай да, ата-бабалардын арбактары да, урпактар да кечирбейт! Тизелеп жашаганча, тике туруп өлгөн артык! Биз эч качан кул болбойбуз! Жашасын эгемендүү Кыргызстан!





- Экс-президент Роза Отунбаевага Эл баатырлыгын ыйгаруу демилгесин колдойсузбу? Дегеле, Роза айым өлкөнү кандай башкарды деп ойлойсуз?
Абдыганы ЭРКЕБАЕВ, коомдук ишмер:
- Бийлик башында турган адамдарга мындай мартабалуу наамдардын берилишин колдобойм. Ал эми жалпысынан алганда, Р.Отунбаева татыктуу иштеди. Албетте, кемчиликтерди да кетирбей койгон жок.
Сулайман КАЙЫПОВ, коомдук ишмер:
- Эл баатырлыгы берилишине каршымын. Башкарган жок.
Дастан САРЫГУЛОВ, коомдук ишмер:
- Былтыр 7-апрелде эр-азаматтарыбыз убактылуу өкмөттөгү 14 адамга бийликти алып беришкен. Бирок ушул аралыкта бийлик кандай иштерди жасаганы боюнча эл алдында отчет бере элек. Роза Отунбаева балким баатырлыкка татыктуудур. Арийне, ал кайсы убадасын аткарып, кайсынысын аткарбаганын коомчулук астында ачык айтып, жакшы жөрөлгө баштаса туура болмок. Антпесе, мурдагыдай эле көрүнүш кайталанып, жоопкерчилик жок болуп атпайбы.
Дастан ЖУМАБЕКОВ, ЖК депутаты, "Ата журт" фракциясы:
- Мен бул демилгени колдойм. Роза Исаковна Башмыйзамда жазылган милдеттерин так аткарды. Сырткы байланыштарды чыңдап, экономикалык маселелерге кийлигишкен жок. Ал эң башкысы, кыйын кырдаалда президенттикти аркалап, Кыргызстанды кризистен чыгарды.
Чолпон СУЛТАНБЕКОВА, ЖК депутаты, "Республика" фракциясы:
- Өтө оор мезгилде Кыргызстанды башкарып, парламенттик жана президенттик шайлоону таза өткөрүп, өлкөнү укуктук системага түшүрүп, өз бийлигин мыйзам чегинде өткөрүп бериши баатырлык эмей эмне?
Керим ТУРАПОВ, КР эл артисти:
- Мага мындай саясый суроолорду бербей эле койсоңор. Маданият жаатындагы суроолор болсо жооп бермекмин.
Кыяс МОЛДОКАСЫМОВ, тарыхчы:
- Отунбаевадан башкалары деле эл баатырлыгын алып атышпайбы. Менимче, бул демилгени комиссия тыкыр иликтеши зарыл. Былтыркы июнь коогалаңында убактылуу өкмөт кырдаалды көзөмөлдөй алган жок. Ушундай эле кандуу окуя болгондо Апсамат Масалиев бийликтен кеткен болчу… Отунбаева баштаган утурумдук өкмөттөгү 14 киши бул окуяга байланыштуу тарых алдында, эл алдында жооп бериши абзел.
Отунбаева бир жыл сегиз ай Кыргызстанды башкарды. Айланасына начар адамдарды топтогондон улам Грузиядагыдай реформаларды жасай алган жок. Ошентсе да анын 14 адамдын арасынан суурулуп чыгып өлкөнү жетектегенин эрдик катары бааласа жарашат.
Турусбек МАДЫЛБАЙ, жазуучу:
- Менимче, бул маселеде шашылуунун кажети жок. Бир аз убакыт өтсүн. Ошондо Р.Отунбаеванын кандай иштегени билине баштайт. Анан баатырлыкты бергенден кийин былыктары чыкса кантебиз?
Деген менен Роза Исаковна эрдик жасады. Бир жылдан ашуун убакыт ичинде Кыргызстанды жоготпой жетектеп турду.
Рыспай ИСАКОВ, манасчы:
- Анын президенттикке талапкерлигин койбой убадасына турганы эле баатырлык болду го. Кыйын кырдаалда өлкөнү туруктуу кармап берди. Ошого ыраазы болуш керек.
Күнболот МОМОКОНОВ, "Айкын саясат" гезитинин негиздөөчүсү:
- Аз убакыт өлкөнү башкарып турган Роза Отунбаевага биз гана эмес бүтүндөй Европа мамлекетинин лидерлери мыкты деген баа беришип, анын жүргүзгөн саясатын колдоп жатышы, БУУ башкатчысы Пан Ги Мундун да анын дарегине айткан жакшы сөзү кыргызстандыктар үчүн сыймык болуш керек. Биз анын кандай иштегенин мына ушундай башкалардын берген баасынан улам билсек болот. Аял башы менен кыйын кырдаалда башчылык кылды. Баатырлыкка ошол өткөөл мезгилин эске алып гана көрсөтүп атышса туура болбой калат, анын шайлоону адилеттик менен өткөрүп, өз ордун мыйзамдын негизинде тапшырып жатышы да эске алынышы абзел.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??