presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Шашкан коен аңга батпайт

Отунбаеванын ордун тарых таразалайт

Экс-президент Роза Отунбаевага Кыргыз эл баатыры наамын беришибиз керек деген демилгени "7-апрель" кыймылы жана өлкөнүн аксакалдар кеңеши көтөрүп чыкты. Алардын айтымында, Роза Отунбаева бир жарым жылдын ичинде башка адам жасай албай турган көптөгөн пайдалуу иштерди жасады. Мисалы, мурунку бийликти кетирүүдө, июнь окуяларын токтотууда, референдумду, парламенттик жана президенттик шайлоолорду ачык өткөрүүгө чоң салымын кошту. Алардын айтымдарында, эгемендүү өлкөнүн тарыхында Р.Отунбаева биринчи жолу бийликти өз ыктыяры менен тынчтык жолу менен өткөрүп бергени жатат.
Тилекке каршы, тарых алдында жогоруда критерийлер менен Р.Отубаевага эл баатырлыгын берүү аны атайын эле уят кылганга барабар. Биринчиден, учурда кыргыз коому толугу менен президент бир жарым жылдын ичинде башка адам жасай албай турган көптөгөн пайдалуу иштерди жасады деген жалпы сөзгө макул эмес. Анын ордунда мисалы, Төлөйкан Исмаилова, "ата-мекенчи" депутат Асия Сасыкбаева, же укук коргоочу Чолпон Жакупова болсо деле ал жасагандарды жасоого аргасыз болмок.
Ошол эле июнь окуясын Отунбаева токтоткон деген сөз алгачкы айым президентибизди чындап эле шылдыңдаганга тете. Себеби бул окуяны жиликтеген ар кандай комиссия июнь окуясынын келип чыгышына Р.Отунбаева башында турган УӨ күнөөлүү деген көз карашты кайра-кайра далилдешкен. Бул коогалаңды УӨ мүчөлөрү атайын уюштурбаган күндө деле июнь окуясынын алдында УКМК башчысы К.Дүйшөбаевдин Р.Отунбаевага бул чырды алдын алуу боюнча жөнөткөн тогуз жолку билдирүүсү жоопсуз калганы тарыхый факты. Анан Отунбаева июнь окуясын каяктан токтотуп жүрөт? Июнь окуясын эл өзү токтоткону азыр баарыбызга маалым.
Эгемендүү өлкөнүн тарыхында Р.Отунбаева биринчи жолу бийликти өз ыктыяры менен өткөрүп берди деген дүңкүлдүктөр деле анча коошпой калат. Себеби тарыхый шарт аны бийликти өткөрүп берүүгө мажбурлап турат. Токсонго жакын баланын каны менен алмашылган бийликти эч кимдин менчиктеп алганга укугу жок. Отунбаева ЖКда жасаган баяндамасында эл бийликти өткөрүп берет деп ишенген эмес, мына мен өткөрүп бердим маанисиндеги мактанычы күлкү келе турган жорук. Президенттик кызмат эч кимдин менчиги эмес. Жана айткандай, азыркыдай шартта анын ордундагы ар бир кыргыз аялы ушул кадамга бармак. Негизи президенттин демократиялык принциптери ушундай болууга тийиш эле. Ал болгону өз милдетин аткарды.
Эгер келечекте да ал жасаган кадамдар андан ары уланса, анда Отунбаева өлкөнү чыныгы демократиялык нукка бургандыгы үчүн деген критерий менен эл баатырлыгын алышы мүмкүн. Бирок азырынча эрте. Алгачкы гана кадамдар жасалды. Кокус кийинки президент Башмыйзамды өзгөртүп, парламенттик башкаруу болбойт экен деп мамлекетти кайра президенттик башкаруу системасына өткөрүп же парламенттик система Кыргызстанды таптакыр туңгуюкка такап койсо Отунбаевага берген эл баатырлыгын кайра кайтарып алабызбы? Андыктан өлкө ушул система менен өнүксө, бийлик алмашуу жолу ушундай нукта улана баштаса эч кандай саясый таасири болбой калган, бактылуу карылыкка баш койгон эжебизге эл баатырлыгын берсек жарашып калат.
Баса, ошол эле учурда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясы Роза Отунбаеваны Нобель сыйлыгына көрсөттү. Анда Отунбаева 2010-жылдын апрель айында Кыргызстандагы үй-бүлөлүк башкаруунун жок кылынышына алып келген революциянын лидери болгону, ал революция Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадагы азыркыга чейин уланып жаткан демократиялык өзгөрүүлөргө түрткү болгону айтылат. Сыйлыкты Отунбаевага келерки жылы тапшыруу сунушу Норвегиядагы Нобель комитетине жөнөтүлдү.
Роза айым Нобель сыйлыгын алса алаар. Бирок менин түшүнүгүмдө, өз мамлекетибизде эл баатырлыгы деген наам Нобелден бийик болуш керек. Тактап айтканда, Отунбаева Нобелге татыктуу болушу мүмкүн, бирок кыргыз эл баатырлыгын алууга эрте.




  Чиновниктерге ачык сабак

90 бала деле каза болбодубу, мэрдин баласын камап койсо эмне экен?

Кырсык ар кимдин башында бар. Ошондуктан бирөөнүн кайгысын кайра-кайра айтып чукуй берген болбойт. Бирок үч адамдын өмүрүн кыйган жол кырсыгы боюнча айыпталган Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун уулунун кылмыш ишинин токтотулушу, ал ортодо шаар башчысы уулунун кылмыш ишин кайра кароону жана аны жасаган айыбына жараша жазалоону талап кылаарын расмий билдиргени бир жагынан обу жоктук катары оркойо түшсө, бир жагынан эрдик катары бааланып туру.
Жайында 15-августтан 16-августка караган түнү Бишкек-Торугарт жолунда борбор калаабыздын башчысы Иса Өмүркуловдун уулу Азамат автокырсыкка кабылып үч адамдын өлүмүнө себепкер болгону маалым. Жакында Токмок шаардык соту автожол кырсыгынан каза болгон үч адамдын жакындары доо арызын кайрып алышкандыгына байланыштуу ишти кароону токтоткон болчу. Сот өзүнүн ал чечимин Кылмыш-Жаза процессуалдык кодексинин талаптарына негиздеген. Тактап айтканда, жакындарын жоготкондор өздөрүнүн доосу жоктугун айткан. Бирок коомчулук айыпкердин жазасыз калтырылгандыгын сынга алды.
Ооба, бул жерде жабыркоочуларга да, жабыркатуучуга да кыйын болуп жатканы түшүнүктүү. Бирок адистердин айтуусу боюнча мыйзам талабында мазактоо, ушактоо же майда бейбашчылык беренелери боюнча кылмыш иштери гана тараптардын жарашуусунун негизинде сот өндүрүшүнөн кыскартылышы мүмкүн деп көрсөтүлгөн. Башка учурларда, айрыкча буга окшогон автожол кырсыгында жабырлануучу тараптын доомат койбогондугун сот жаза чарасын жеңилдетүүчү жагдай катары гана карашы мүмкүн экен.
Экинчиден, аталган соттун жүрүшүн чагылдырууга журналисттерди киргизбөө боюнча айыпталуучунун өтүнүчүн канааттандырып, соттук териштирүүлөр учурунда кылмыш ишиндеги айрым жагдайлар коомчулукка белгисиз бойдон калган. Мына ушундан улам бул жерде коомдук кызыкчылыкка доо кетип жатат. Бул иште айыпкердин кандай абалда жана мамлекеттик мекемеге таандык номурдагы машинени кандайча айдап жүргөндүгү боюнча жагдайлар белгисиз болуп калды. Анткени сот ачык-айкын болгон жок.
Таба эмес тобо дейли. Кантсе да Иса Өмүркуловдун уулу өз жазасын алыш керек. Анын жазаланышы менен мыйзамдын чыныгы күчү сезилери, Бишкектин көчөлөрүн чаңытып жүргөн күркүлдөрдүн балдары сабак алары түшүнүктүү. Кыргызстанда эгер мыйзам бузсаң акчаң да, бийлигин да сактай албайт деген түшүнүк калыптанса кана?!





  Жыйын жыйынтыгы

2012-жылды "Манас жылы" деп жарыялоо сунушталды

Улуттук улуу курултайдын биринчи башталыш жыйынына ушул жылдын сентябрь айында өткөн эле. Анда 900 делегаттын 740 өкүлү жана 370 чакырылган конок катышып, 3 күндө 187 адам жарыш сөзгө чыгып сүйлөшкөн. Ал эми курултайдын экинчи корутунду жыйыны 26-ноябрда өтүп, ага 900 делегаттын 709 өкүлү жана 311 чакырылган коноктор катышып сөз сүйлөштү.
Кыргызстандын улуттук улуу курултайынын ишине Кытай, Өзбекстан, Россия, (Москва, Екатеринбург, Алтай, Хакасия, Тюмень), Казакстан жана башка чет өлкөлөрдөн, эл аралык уюмдардан да коноктор катышты. Курултай күн тартибиндеги улуттук-мамлекеттик маанидеги: өлкөнүн абалы, коомдук-саясый түзүлүшү, идеологиялык негиздери, экономикалык багыты, маданий-социалдык жана башка маселелердин баарын карап чыгып, атайын резолюция кабыл алды.
20 бөлүмдөн турган резолюцияда улуттук улуу курултайдын жобосу, регламенти, "Өнүгүүнүн кыргыз жолу" аттуу долбоору бекитилиши, курултай тарабынан сунуш кылынган жана басма сөздө жарыяланган "Элдик курултай жөнүндө" КР мыйзамы 2011-жылдын аягына чейин кабыл алынышы жана 1993-жылкы Башмыйзамы калыбына келтирилиши, ага элибиздин улуттук өзгөчөлүгүнө ылайык нарктар, курултай институту мыйзамдык негизде өзгөртүүлөр жана толуктоолор катары киргизилиши, аны ишке ашыруу механизмин иштеп чыгуу суралды. Ошондой эле 2012-жылды "Манас жылы" деп жарыялоо сунушталмак болду. Мындан сырткары, кыргыз-кытай темир жолун куруу, бажы союзуна кирүү жана чет мамлекеттердин аскердик авиабазаларынын жайгашына байланыштуу маселелерди жалпы элдик талкууга коюп, анын натыйжасына ылайык ЖК тарабынан чечим кабыл алынсын деген бүтүм чыкты. Ошондой эле илим, билим, маданият, социалдык тармактар сыяктуу биртоп маселелер да камтылган.
Бирок эгер бул резолюцияны эч ким аткарбай койсо курултайчылар тарабынан кандай чара көрүлөрү айтылган эмес. Ушул жана башка маселелер тууралуу гезитибиздин кийинки чыгарылышында иш-чараны уюштуруп жаткандардан жооп алып беребиз.

Зайырбек АЖЫМАТОВ




Хан такты элдик кулдун орду билсең!
(Президент Атамбаевге)
Шамалдуу, бороондуу да өтөөр өткүн,
Коогалуу ала кетип көчөөр көркүн.
Ынтымак калайыкка - бир кол, бир баш,
Уютуп биримдикти көкөлөткүн!

Ишеним, үмүт арткан маалың сыйлуу,
Эстейгөр канча көз жаш, алың ыйлуу.
"Таптаза, тунук, калыс элдик бийлик
үчүн!" деп, 90 жигит жанын кыйды…

Эсте, Ошто, Бишкектеги кейиштердин
Өң-түсүн, үнүн боп-боз бейиттердин…
Эгерде бир кылт этсең элдик эстен,
Убалы уктатпайт да шейиттердин!..

Салт, наркы, солду билсең, оңду билсең,
Букара түшүүчү арам торду билсең.
Кашкайып жеңип алчу күндө майдан,
Хан такты элдик кулдун орду билсең!

Эл башы келе жүргөн, кете жүргөн,
Бийлиги элге иштеп же эзе жүргөн.
Алардын орду калган же калбаган,
Эл - тарых, кандайлыгын сезе жүр, сен!

Журт колдоп, ишке жараар табың алгыр,
Күн-түндөп жерге суудай агыла алгын.
Эзелтен ханга таазим болуп келген,
Сен аны милдет катар кабыл алгын.

Эл башы, эл үмүтүн болтурагөр,
Бийликте эл тарапта отурагөр.
Президент ордунда сен актайсың,
Барагың ак дил менен толтурагөр!
Адилет, таза бийлик болтурагөр!
Өмүрбек ДӨЛӨЕВ, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, журналист, Нарын облусу,
Ак-Талаа району






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??