presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



КР президенти Алмазбек АТАМБАЕВ:
"Тизелеп жашаганча, тике туруп өлгөн артык!"
Алмаз Шаршенович Атамбаевдин президенттик кызматына киришип жатып сүйлөгөн сөзү

Урматтуу мекендештерим!
Мага ишеним көрсөткөнүңүздөр үчүн чоң ыраазычылык билдиргим келет. "Түгөнгөн сайын түтөгөн, кыйналган сайын күчөгөн" деп "Манаста" айтылгандай, акылман элибиз тынчтыкты, туруктуулукту, жерибиздин бүтүндүгүн, журтубуздун биримдигин тандады.
Урматтуу коноктор!
Мамлекет жана өкмөт башчылары, эл аралык уюмдардын жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү! Сиздерге өзүмдүн жана мекендештеримдин атынан бүгүнкү салтанатка келип катышканыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем.
Айымдар жана мырзалар!
Бүгүн мен урматтуу Роза Исаковна Отунбаевага өткөөл мезгилдеги каармандыгы, элибизге ак дилден өтөп берген кызматы жана айкөлдүгү, саясый акылмандыгы үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирем.
Кыргызстан 30-октябрда чоң сыноодон өттү. Ар ким өз саясый көз карашына жараша добуш берди. Бирок бизди, бардыгыбызды көздүн карегиндей болгон мекенибиз - Кыргызстан бириктирип турат. Эми шайлоо артта калды. Алдыда - Кыргызстандын келечеги. Келечектеги гүлдөгөн Кыргызстанды куруу үчүн бардыгыбыз биригип болгон күч-аракетибизди бир багытка бурушубуз керек. Бул өлкөбүздүн бардык саясый күчтөрүнүн элибиздин алдындагы түздөн-түз парзы.
Кымбаттуу агайын-туугандар!
Кыргыз эли ким? Кыргыз эли - көчмөндөр цивилизациясын түптөп, анын башында турган, салт-санжырасы, тарых-таржымалы бай эл. "Курама жыйып журт кылдым" деп "Манаста" айтылгандай, башка улуттар менен ширелишип турмуш куруп, достуктан тайбаган, ынтымакка данакер, айкөл, жүрөгү таза эл. Ким бизге кара ниеттик кылам десе, аны Кудайым өзү жазалап келген. Кимдин ниети ак болсо, ага элибиз кучагын кенен жайган.
Кыргызстан - көк тиреген тоолордун, эркиндикти жанынан да артык көргөн элдин мекени. Элибиз эч качан бийлик алдында чөгөлөп көргөн эмес. Кыргыз эли эзелтен азаттык үчүн башын сайып, жанын курмандыкка чалган байыркы, баатыр эл. Кыргыздар керек болсо эркиндик жана адилеттик үчүн өзүнүн өмүрүн бергенге даяр. Былтыр 7-апрелде буга бүт дүйнө күбө болду.
Бүгүн биргелешип жаңы тарыхты баштап отурабыз. Бул - жаңы Президенттин тарыхы эмес, бул - жаңы Кыргызстандын тарыхы. Ар бир жараныбыз кайда болбосун, ким болбосун "Мен - кыргызстандыкмын!" деп сыймыктанар өлкөнү курууга жол алдык. Кудай ушул жолубузду ачып берсин. Бул жолду бирдикте гана басып өтө алабыз!
Көптөн бери "Кыргызстан - жакыр өлкө" деп биздин кулагыбызга кумдай куюп келишти. Бул чындыкка жатпайт. Кыргыздын жери да алтын, эли да алтын. Алтын жерибизде эч ким жакыр жашабашы керек. Бул уят. Бакубат жашоого жетүү үчүн бизде бардыгы бар: асыл жерибиз, касиеттүү Ала-Тообуз, ыйык көлүбүз, акылман, айкөл, эмгекчил элибиз. Анда бизге эмне жетпейт? Бизге ыймандуу бийлик гана жетишпей турат. Демек, эң негизги милдетибиз - ыймандуу бийликти түптөө. Акыркы учурда бийлик бутактары биринен бири бийлик талашканы жаман адатка айланды. Биз мындан арылышыбыз керек. Болбосо бул көрүнүш бийликти шал кылып таштайт. Конституциябыздын 60-беренесинде жазылгандай, Президент мамлекет башчысы. Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин көрсөтүп турат. Президент катары менин негизги милдетим - бардык бийлик бутактарынын иш-аракетин элдин үмүтүн актоого багыттоо.
Бийликтин ар бир бутагы өлкө алдындагы жоопкерчилигин так, даана аңдап, түшүнүшү зарыл. Алдыга карай өнүгүү бийликтин бардык бутактарынын бирдиктүү ишинин натыйжасында гана болот. Муну мыйзам чыгаруу да, аткаруу да, сот бийлиги да жакшы билиши керек. Элибиз - соттор адилеттүү болсун, депутаттар өздөрү мыйзам чегинен чыкпасын, өкмөт таза иштесин деп талап коюп жатат. Мындай болбогон күндө бизди эл кечирбейт. Эгер бардык бийлик бутактары белгиленген шартты аткара албаса, Президент катары мен элге түз кайрылуу укугумду пайдаланууга аргасыз болом. Бийликтин жалгыз булагы - Эл. Бардыгына Эл тараза.

(Уландысы 5-бетте)




  Оп, майда

Таппасаң сыйпалап кал!
Акыйкатчы Турсунбек Акун Бишкекте кыз ала качуу маселесине арналган "тегерек үстөл" жыйынында келерки жылды Кыргызстанда кыз ала качууга жана жалпы эле зордук-зомбулукка каршы күрөшүү жылы деп жарыялоо керек деген оюн айтты. Акыйкатчынын билдиришинче, көпчүлүк жаштар кыз ала качуунун кесепети кандай болоорун, мыйзамда бул кылмыш деп эсептелип, жазалоо чаралары бар экенин билишпейт. Талкууга эл аралык эксперттер, укук коргоочулар, кризистик борборлордун адистери, ала качуудан өз жанын кыйган кыздардын жакындары катышты. Албетте, кыз ала качуу кылмыш экени чын, бирок ансыз деле көптөгөн кыздарыбыз турмушка чыга албай жүргөндө бир жылды кыз ала качууга каршы күрөшүү жылы деп атоо одоно болуп калат го.

Апрель окуясы аягына чыгабы?
Токтоп калган апрель окуясы боюнча сот эми качан уланаары белгисиз. Кечээ Жогорку соттун кылмыш иштери жана административдик тартип бузуулар боюнча соттук коллегиясы соттолуп жаткандардын адвокаттарынын көзөмөл арызын канааттандыруудан баш тартты. Алар апрель окуясы боюнча соттун төрагасын алмаштырып, соттолуучу Данияр Дунгановду соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү керек деп талап коюп келишкен.


Кулчулук өркүндөгөн замана
Быйыл кулчулукка кабылган кыргызстандыктардын саны эки эсе көбөйдү. Бул тууралуу эл аралык миграция уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси Бермет Молдобаева билдирген. Молдобаева мунун себебин июнь окуяларынан кийин четке чыккандардын санынын көбөйүшү менен түшүндүрдү. Сексуалдык кулчулукка кабылгандар көбүнчө Түркия жана араб өлкөлөрүндө болорун, эркинен тыш кара жумушка салынгандар негизинен Россия менен Казакстанда экенин билдирди.


Айлыкка нааразы сот аткаруучулар
Жалал-Абад облустук сот департаментинин башкармалыгы аталган облустагы соттук аткаруучулар алган маянасына нааразы экенин жар салышты. Бул облус боюнча 53 сот иштесе, алардын ичинен 14 сот төрагалары экен. Соттордун ичинен ону аял, алардын чечимдерин жүзөгө ашырууда 27 соттук аткаруучу эмгектенет. Ошол сот аткаруучулардын шарты, алган маянасы абдан начар, аларга соттор да өгөй баладай мамиле кылышат дешет. Соттор менен сот аткаруучулардын материалдык-техникалык базасы бирдей каралган эмес. Сот аткаруучулардын айлыгы болгону 3900 сомду түзсө, бир эле чечимди аткаруу үчүн алардын жол киреси 200-300 сомду чапчыйт дешет нааразы болгон тарап.


Батыровдун бакырыгы токтой элек
Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен өмүр бою эркинен ажыратылган К. Батыровдун адвокаттары облустук сотко апелляциялык арыз менен кайрылышкан. Бул боюнча Жалал-Абад облсотунун кечээки жыйыны тараптардын толук келбей калганына байланыштуу болбой калды. Кийинки отурум 7-декабрга белгиленди. Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун жетекчиси К. Батыров жана дагы 5 адам былтыркы июнь окуяларын козуткан, сепаратисттик ураандар менен чыккан, эл арасында башаламандык уюштурган деген айып менен быйыл 28-октябрда соттолушкан. Батыров интернеттеги маектеринде өзүнө коюлган күнөөлөрдү четке кагып келет.


Азыр Атай менен Атамбаевдин жылдызы жанып турат, буюрсун!
Кыргызстандын желегин желбиретип Словакиянын борбору Братиславада өткөн шоуда биринчи орунду ээлеген бийчи мекендешибиз Атай Өмүрзаковду кичинекей мекени Каракол шаарындагы жердештери "биздин Атайчик азамат!" деп сыймыктануу менен атайын оюн- зоок иш-чараларды даярдап, чыдамсыздык менен күтүп атышат. Атай окуган Караколдогу Некрасов орто мектебинин мугалимдери да анын окуучу күндөрүндөгү активдүүлүгүн, талантын эстеп айтып түгөтө албай аткан кездери. Атай Москвадагы "Минуты славы" теледолбооруна катышкандан кийин анын күйөрманы болуп, туурап бийлеген балдардын саны да Кыргызстанда көбөйгөн экен. Азамат, Атайчик!


Жаңы жыл келди жаш балбан...
Бишкектин борбордук аянтында жаңы жылдык балаты 15-декабрда орнотулат. Шаардык бийлик бийиктиги 12 метрлик балатыны Германиядан алып келишет. Быйыл борбор шаарда жаңы жылдык иш-чараларды өткөрүүгө мэрия 14 млн. сом короткону турат. Анын жарымынан көбү жетим, майып жана аз камсыз болгондорду куттуктоого жумшалат.

"Жаңы Агым" - пресс




"Жаңы Агымга" жазылганды унутпагыла!
Урматтуу окурмандар, ушу тапта 2012-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн бардык байланыш түйүндөрдө жазылуу жүрүп жатат.
Эгерде сиз акыйкат, бардык тараптарга тең караган, ар тараптуу, конкреттүү жана кызыктуу маалыматтарды билгиңиз келсе, "Жаңы Агым" гезити сиздерге ошондой маалымат жеткизүүнү өз милдети деп эсептейт. Жазылуу баалары төмөнкүчө:

? Бишкек боюнча 1 айга - 39 сом 90 т.
3 айга - 119 сом 70 т.
6 айга - 239 сом 40 т.

? Аймактарда 1 айга - 44 сом 56 т.
3 айга - 133 сом 68 т.
6 айга - 267 сом 36 т.
Адамзат жашоосу үй-бүлө, ден соолук жана иштен гана уланат эмеспи. Ушу үч түркүккө байланыштуу кызыктуу жаңылыктарды окугуңуз келсе, анда "Жаңы Агым" сиздин жан жолдошуңуз!


Жазылуу индекси: 68444




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??