presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



ДҮЙНӨ күн

БАЙДҮЙНӨ. Британиянын "Heat" журналы 30 жашка чейинки эң бай актер, музыкант, шоу бизнестин жылдыздарын аныктап чыгышты. 2011-жылдын жыйынтыгы менен эң бай деп белгилүү киноактер, 22 жаштагы Дэниел Рэдклифф табылды. Ал өспүрүмдөрдүн сүйүктүү тасмасы Гарри Поттердин кичинекей кезин ойногон эле. Анын бир жылда тапкан каражаты 51 млн. 750 миң фунт стерлинг болгон. Былтыркы жылдын эң бай адамы деп "Сумерки" тасмасындагы кан ичкич Эдварддын ролун жараткан 25 жаштагы Роберт Паттинсон болгон. Анын бир жылда тапканы 24 млн. 910 миң фунт стерлинг болгон экен. Эки актер менен чогуу белгилүү тасмаларга тартылган Эмма Уотсон менен Руперт Гринт да алардан кем калган жок.

ӨЧДҮЙНӨ. Адамдын денесине сүрөт тартып (татуировка) иштеген Райан Л.Фитцжеральд сүйгөн кызы Роззи Бровент өзүнүн эң жакын досу менен жүрүп көзүнө чөп салганын билип калат. Райан ага ичи канчалык күйсө да аны териштирген эмес. Билмексен болуп келген сүйгөн кызынын артына татуировка тартып берем деп отургузат. Роззи Бровент жакшы көргөн тасмасы "Хроники Нарнииден" элес түшүрүүнү суранып, уктатуучу дарынын ордуна вино ичип жатып калат. Сүрөт тартылып бүткөндөн кийин ойгонуп күзгүнү караган Роззи аз жерден эсин жоготуп кое жаздады. Көрсө, анын сүйгөнү Роззиден өч алуу үчүн артына сасыган заңды учуп жүргөн чымындары менен кошо тартып салган экен. Сүйгөнүнөн өч алган Райанды Роззи 100 000 доллар компенсация төлөп берсин деп сотко берди.

ПУЛДҮЙНӨ. Ушул жуманын башында Америка штаттарынын бириндеги "Sears" соода түйүнүнүн эшигинин алдына конвертке салынган кат менен 100 долларды кимдир бирөө таштап кеткен. Ал катта "Мен 1940-жылдын аягында ушул дүкөндүн кассасынан 20 же 30 доллар уурдаган элем. Андан бери бир топ убакыт өттү. Бул уурдалган акчаны үстөк пайызы менен 100 доллар кылып алып келдим" деген жазуу бар эле. Дүкөндүн ээси анын бул эрдигине баа берип, ушунча жылдан бери уялып жүрсө керек деп ал таштап кеткен 100 долларды жетишпеген үй-бүлөлөргө кайрымдуулук иретинде бермек болду. Ошол дүкөндүн жанындагы видеого алиги каттын ээсинин келбети түшүп калган. Бирок жашы улгайып калган карыяны эч ким тааныган жок.

СОТДҮЙНӨ. Поп-музыканын королу Майкл Жексондун көз жумганына эки жарым жыл болсо да анын өлүмүнө себепкер деп күнөөлөнгөн жеке дарыгери Конрад Мюррейдин үстүнөн козголгон ишке сот чекит койду окшойт. Майклга уктатуучу дарыны ашык дозада сайгандыгы үчүн күнөөлөнгөн Конрад Мюррей күнөөсүн мойнуна алган жок. Буга ырчы өзү күнөөлүү деп маркумга шылтап отурду. Атүгүл сот учурунда анын кебетесинен эч кандай эмоция да байкалбай, өкүнүп да койбоду. Сот аны төрт жыл эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Бул мөөнөт ушундай кылмыш жасагандардын эң жогорку чеги экен. Ырчы жеке дарыгерине айына 150 миң доллар айлык төлөп берчү экен, бирок ал концерт учурунда гана көзөмөлгө алуу тууралуу келишим бар экенин айтып чыкты.

АҢГИДҮЙНӨ. Москвадагы медициналык окуу жайда билим алган африкалык Иомкил Сом Жозеф Гиллес ак кыздарга ашык болгонбу, айтор караңгы киргенде эле ээн жерден жалгыз бой келаткан аялдарга кол сала баштаган. Ал 4-5 айдын ичинде беш аялга кол салыптыр. Биринчи жолу жабырлануучу кызды досу чыга калып зордукчу немеден аман алып калган. Экинчи жолку аракетинен орус кыз кыйкырганда жолдо өтүп бараткандар коргоп калышкан. Андан кийинкилеринде ага эч ким жолтоо болгон эмес. Ак кыздардын кекиртегине бычак такап коркутуп, каалагандай зордуктап кете берген. Бирок болочокто доктур болом деген африкалыктын кылыгы видеокамерага түшүп калыптыр. Милицияга сурак бергенде бир да кызды зордуктаган эмесмин, алар өз каалоосу менен болгон деп актанды. Ак кыздарга кол салган Жозеф Гиллести Орусия соту он үч жыл эркинен ажыратты.

ШУТДҮЙНӨ. Англиянын полицайлары Facebook желесине "Мен азыр базарга барып бирөөнү өлтүрүп келем" деп жазып кеткен адамдын артынан аңдышкан. Деңиз азыктарын саткан базарга барган бул адамды баштыгына тирүү эки бөйөндү салып чыгып келаткан жеринен полицайлар кармап, колуна кишен салып, журналисттер чогулушкан. Анын интернет желесиндеги сөзүн кайталап, кимди өлтүрөйүн дедиң эле деген суроосуна, ал жылмайып колундагы тирүү бөйөндөрдү көргөздү. Көрсө, ал тамашалап бирөөнү өлтүрөм дегени тирүү бөйөндөрдү сатып келип, аны союп, аялына шорпо жасап бергиси келиптир. Тамашакөй адамдын кылыгына күлгөн полицайлар жыйырма мүнөттөн кийин кое беришкен.
Даярдаган Назира КУЛМатова




Кетмен-Төбөдөн куржун кат
Чиновниктерге эмес элге ишен
Урматтуу Алмаз Шаршенович!
Мен тоолуу Кетмен-Төбө өрөөнүнүн Токтогул районунда жашайм. Сага замандаш жана теңтуш катары кеңеш айтайын дедим. Азыр мен 56 жаштын суусун ичип жатам. Жалпы кыргыз эли катары экөөбүз улуу держава СССРдин нанын жегенбиз. Союз убагында тартип кандай күчтүү эле.


Кудай кааласа 2011-жылдын 1-декабрында кыргыз элине ант бергенден кийин сен Кыргыз Республикасына толук ыйгарымдуу президент болдуң. Кыргыз элинин мүнөзүн, кыялын жакшы билесиң. Президент болгондон баштап тартипти бекем кармагын. Жаныңа өзүңө окшогон элим, жерим деп күйгөн патриотторду чогулт. Кошоматчылардан ат чабым алыс бол. Сени көзүңө мактагандарды жаныңа жолотпо. Бакиевчилерден арыл. Эгер сен ушул учурда ката кетирсең анда Кыргызстандын келечеги жок болду дей бер. Себеби башка коңшу мамлекеттер бизге ишенбей калат. СССР убагында бир районго биринчи катчы болуш үчүн канча тепкичтерди басып өтчү эле. Жаштарды ошентип тарбияла. Жаштарды жумушка алганда анын билимине, илимине, тажрыйбасына, өткөн өмүрүн билип, анан конкурс жарыяла. Конкурсту ачык өткөр. Жалпы эл билсин анын ким экенин. Жаштардын арасында дагы ар кандай адамдар бар. Илгери союз убагындагыдай кылып губернаторлорду жана акимдерди ротация кылып тур. Бири-бирин кайталаган министрликтерди жана агенттиктерди кыскартыш керек. Менин жеке сунушум боюнча облустарды жана райондорду жоюш керек. Мисалы, бизге үч эле облус керек. Ош, Чүй жана Ысык-Көл. Айыл өкмөттөрдү бири-бирине кошуш керек. Кичинекей Кыргызстанга 487 айыл өкмөттөрүнүн эмне кереги бар. Анан айыл өкмөттөргө бийлик берүү менен өкмөт башчыларын эл шайлаш керек. Антпесе айыл өкмөттүн башчылары акимдин тилинен чыкпай, ага көз каранды болуп калат. Мисалы, мен жашаган Токтогул районунда 11 айыл өкмөтү бар. Биздин районго бир поселкалык кеңеш жана беш айыл өкмөтү жетишет.
Алмаз, кадрды туура, таза жана чынчыл танда. "Кадры решают все" деген Сталиндин сөзүн эсте. Туугандарыңды, бала-чакаңды, досторуңду, таякелериңди бийликке жолотпо. Жөөттөрдүн сөзүн укпагын жана кеңешчи кылып албагын. Сени эл шайлаган, ошондуктан элден жашынба жана элден бекинбе. Ачык иш кыл. Сага элдин ишеничи чоң. Мен сенин элдин ишеничин актаарыңа ишенем.
Сенден сураныч, Акаев менен Бакиевдей болуп Бишкек, Ош, Чүйдүн айылдарын кыдыра бербей, алыскы райондорду кыдыр. Мен айткандай эч кимге айтпай кыдыр. Губернаторлор менен акимдер сенин барганыңды билбесин. Айылдын турмушун өз көзүң менен көргөндөн кийин анан губернаторлор менен акимдериңди кууруй бер. Өзүң алыскы айылдарга барбасаң чиновниктериң айылдын турмушу жакшы деп жалган айта берет. Аларга ишенбе.
Россиянын премьер-министри В.Путиндей болсоң жакшы болот. Айылга барып кедейлердин үйүнө кирип нан ооз тийип чыксаң өзүң баарын билесиң. Алмаз, эсиңде болсун, сенин жөлөгүң, тирегиң - эл. Элге жакын, эл менен бол! Кыргызда макал бар. "Баланы жашынан, аялды башынан" деген. Чиновниктериңди бекем карма. Эгерде чиновниктериң кылмыш кылса, жеп-ичсе, кызматтан гана алып тим болбостон сот тарабынан кылмышы далилденсе түрмөгө камалсын. Кытайдын ыкмасын үйрөнсөң. Ошондо тартип болот. Ошондо сенин кадыр-баркың көтөрүлөт.

Эми Жогорку Кеңеш жөнүндө
Менин жеке сунушум, ЖКга 120 депутат эмес 50 эле депутат жетишет. 5 млн. адамы бар Кыргызстанга (анын 1 млн.дон ашыгы талаада тентип жүрүшөт) 50 депутат жетет. Анын 25 депутатын партиялык тизме менен, 25 депутатын бир мандаттуу жол менен шайлаш керек. Себеби азыркы 120 депутат эч бир региондорго жооп бербейт экен. Менин билишимче депутат деген билимдүү, илимдүү, юрист болуш керек. Депутаттар мыйзам жазып, аны жалпы кабыл алыш керек. Азыркы депутаттардын 80ден ашыгы элге билинбеген, таанылбаган кишилер. Ичинде 5-6 юрист бар. Алмаз Шаршенович, менин жеке сунушум - депутаттардын кол тийбестигин алыш керек. Ошондо гана байлар депутат болгусу келбей калат. Себеби, азыркы депутаттардын көпчүлүгүнүн жеке бизнеси бар. Бизнесин караш үчүн алар депутаттыкка кызыгышат. Депутаттарга кызмат машиналарды, жардамчыларды жана кеңешчилерди бербеш керек. Бир эле секретаршасы болсун. Депутаттарды эл шайлагандан кийин элге жакын, эл менен бирге иштешсин.
Өткөндө телевизордон көргөздү. Швециянын премьер-министри жумушка велосипед, депутаттары трамвай менен келишти. Эмне үчүн бизде, Кыргызстанда антүүгө болбойт? Эгерде президент, премьер-министр, спикер, губернаторлор жана акимдер таза, чынчыл, эл үчүн иштешсе, анда алардын душмандары болбойт.
Алмаз Шаршенович! Үлгү катары биринчи өзүңүз ушул ишти баштабайсызбы. Сиз премьер-министр кезиңизде 3 жолу кат жаздым, эч бир жооп келген жок. Ушуну текшерип койбойсузбу.

Бекжан ТЕҢГЕБАЕВ, Токтогул району, Үч-Терек айылы,
тел. 0778008299, 0550120755




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??