presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Көңүл чордонунда

Бөрүбаевди ооздуктаар бирөө барбы?

Кылган иштерине, жигерине, колго алган демилгелерине карап чиновниктерди бөлүштүрө турган болсок, анда биринчилери өзүнүн аракети, иш билгилиги менен жетектеген тармакты алдыга жылдырып, өнүгүү, өсүш кылганга жетишсе, экинчилери "сен мага тийбе, мен сага тийбейин" принцибин карманып эптеп иштеп кетти болушат. Ал эми үчүнчү топтогулар тармактын, анда иштегендердин кызыкчылыктарынан өзүнүкүн жогору коюп, коррупциялык көрүнүштөргө жол ачып, өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип алган абалга жетет экен.

Алар катуу айтканда тармакты менчиктеп алгандан кайтпай, кызматын сактоого болгон аракеттерди көрүп, түшпөс хандай болуп олтуруп алышат. Тармакта жылыш жасабайт, тескерисинче, артка тартып, анысы менен тармактын абалын ого бетер оорло- туп, зыянын, терс кесепетин эле тийгизбесе, жарыгын чачканга дегеле жарашпайт тура. Учурдагы аттестациялык комиссиянын төрагасы Алтай Бөрүбаев дал ушул үчүнчү топтогулардан десек болот. Бул кызматка Бакиевдин амири менен 2005-жылы келгенден бери креслосуна ач кенедей жабышып, түшпөс хандай болуп келатат. Атасынан калган мурастан бетер кызматты өткөрүп берер түрү жок. Албетте, кызматын ким эле жөн өткөрүп бере койсун. Эгерде ал атамекендик илимдин өнүгүүсүн жаңы бийиктиктерге көтөрүп, илимий эмгектердин сапаттык жагын камсыз кылып, чыныгы илимий багыттагы эмгектердин жазылуусун шарттап, ак ниет, таза иштесе ишибиз деле болмок эмес. Бирок тилекке каршы андай эмес. Башка тармактарды бүтүндөй чырмаган коррупция дал ушул илимди да чырмады. Чиновник, аткаминерлер эле эмес илимпоз, окумуштуулар да коррупцияга белчесинен батып кетти. Жең ичинен сүйлөшүү, коррупциялык, паракорлук сыяктуу көрүнүштөрдүн капшабында калган илимдин сапаттуу болуп, мамлекетке, элге пайдасын тийгизерин дегеле элестетүүгө мүмкүн эмес. Илим деп айтуунун өзү кыйын. Өкүнүчтүүсү, аттестациялык комиссия бүгүнкү күндө коррупцияга мойнуна чейин батып, кандидаттык, докторлук делген илимий наамдарды пулдап, дилетант илимпоз, окумуштуу сөрөйлөрдүн армиясын чыгарууда. Азыр башыңда данегиң, илимий потенциалың жок болсо да капчыгың калың болсо, аттестациялык комиссиянын экзаменинен өтүп, максатыңа жетишсең болот. "Оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн" дегендей эле кеп. Атүгүл аттестациялык комиссиядагылар өздөрү илимий эмгектерди даярдап сатышып, кайра аны формалдуу түрдө сынактан өткөрүү ыкмасына өтүп алышкан. Окумуштуулар чөйрөсүндө аттестациялык комиссиянын төрагасы Алтай Бөрүбаев 1 миң доллардан 5 миң долларга чейинки баага кандидаттык диссертацияларды кароодон өткөрүп берери айтылып, жазылып келаткандыгына көп болду. Учурдагы докторлук эмгектердин деңгээли чындап келгенде кандидаттык эмгектердин деңгээлинде болсо, кандидаттык диссертация делгендер ага жакындап да койбогондугун илимдеги кесипкөй адистер айтып эле жатышат. Алтай Бөрүбаевдин кызматын өз чарбасындай көрүп, элирип, эсиргендигин мындан билели, ак моюнга тоюп алган күндөрү жумушка кааласа чыгып, кааласа чыкпай коет. Кой, ай деген эч ким жок. Өзүнө өзү кожоюн болуп алган. Бир ирет Тажикстанда КМШ мамлекеттеринин аттестациялык комиссияларынын төрагаларынын жыйыны өтүп, ага Алтай Бөрүбаев да катышкан. Бирок анда ал өзүнүн акылга, моралга сыйгыс жүрүм- туруму менен Кыргызстанды гана уят кылып кайткан. Тагыраагы, ал жакта төрт күн бою жинди суудан ичип, жыйындын акыркы күнүндөгү кол коюу салтанатына катышкан да, кол койгон да эмес.
Ири бизнеси бар күркүлдөн бетер көз жоосун алган 3 кабаттуу, туш тарабы видеокамералар менен кайтарылган үйдө жашаса, илимий наамдарды пулдап жыйнаган акчасына Ататүрк багындагы тыюу салынган жерге заңгыратып хан сарай тургузгандыгын көпчүлүк билбесе да, аттестация комиссиясындагылар, илимде жүргөндөр эң жакшы билишет. "Ордуңузду бошотуп бериңиз, илимди жок кыла турган болдуңуз" деп кайрылгандардын айткандарын чымын чаккандай да көрбөй, "колуңардан не келет, керек болсо Бабанов менин "крышам" деп жооп узатары илимий чөйрөдө айтылат. Бул тууралуу Өмүрбек Бабанов мырза билсе өзүнүн пикирин билдирип, чарасын көрөр балким. Аттестациялык комиссиядагы коррупциялык көрүнүштөр ачыкка чыга баштагандан тартып жогору жактардын эшиктерин каккылап, УИАнын жетекчилигин же Бишкектеги ЖОЖдордун бирин сурап жүргөнүн эшиттик. КУУнун ректорлугу үчүн 30 миң доллар берүүгө даярдыгын айтыптыр.
Кыска айтканда, Майрам Акаеванын жакын курбусу болгон жубайынын жардамы менен карьера жасаган акаевдик, бакиевдик Алтай Бөрүбаев күнү бүгүн да тайраңдап жүрөт. Жашы 60ты багынткан Бөрүбаевдин ордуна коррупциядан алыс, иш билги бирөөнү алып келбесе, Бөрүбаевдин колу менен кыргыз илимин биротоло талкалап салуу коркунучу бар.
Касым БЕКБОЛОТОВ

P.S. Бу маселе боюнча экинчи тараптын да пикирине орун берүүгө даярбыз.




  KYRGYZSPORT

Инаркиев четте жүрсө да Кыргызстандын патриоту
3-декабрда Ж.Баласагын атындагы улуттук университетте 16 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында шахматтык мелдеш өткөнү турат. Мелдештин уюштуруучусу учурда Россия жарандыгын алып жүргөн белгилүү шахматчы Эрнесто Инаркиев. Шахмат федерациясынын жооптуу катчысы Азиз Умарбековдун айтымында, бул мелдештин максаты Инаркиевдин жеке демилгеси менен уюшулгандыгында экен. Ал киндик каны тамган Кыргызстандын жаш шахматчыларын колдоого алууну көздөп, өзүнүн атындагы кубок үчүн акыл таймашын өткөрүү үчүн жалпы байге фондуна миң доллар койгондугу маалым болду.

Жөө күлүк Ю.Архипова олимпиадага катышат
Жеңил атлетика боюнча Лондон олимпиадасына биринчи жолдомону куюн мамыт Ю.Архипова алды. Мындан сырткары учурда Кыргызстанда грек-рим күрөшү, эркин күрөш, дзюдо, бокс, оор атлетика, таэквондо, ок атуу жана сууда сүзүү боюнча жолдомо үчүн күрөш жүрүүдө. Жеңил атлетчи Ю.Архипова 20-мартта 2011-жылы Лос-Анджелесте 42 км 195 метрди 2 саат 33 мүнөт, 55 секундда чуркап өткөн.

Теннисте бишкектиктер алдыда
Астанада теннис боюнча эл аралык турнирде бишкектик Данияр Дулдаев экинчи айлампада украиналык Максим Малышевди утуп алды. Дулдаев биринчи атаандашы казакстандык Кайрат Кошеровду да жеңген.
Билеги жоондор деле миңди жыгып атышат
Пауэрлифтинг боюнча Кыргызстандын кубогу үчүн элүүгө жакын балбан күч сынашты. Мында Алымбек уулу Азамат, Руслан Сахбетов, Сергей Комышев баштаган жигиттер мөрөй алышты. Кыздардан Айсулуу Карынбаева баш байгенин ээси болду. Командалык эсепте Бишкектин Strong спорт клубу биринчи орунду камсыз кылды.

Чоюн алптардын ичинде кыздар да бар
Бишкекте чоюн көтөрүүдөн да өлкөнүн ачык кубогунун күч сынашуулары жыйынтыкталды. Мында Кыргызстан менен Казакстандын жүздөн ашуун чоюн билек балбандары мөрөй талашты. Жыйынтыгында жеңил салмакта таластык Азамат Боромбаев, орто салмактарда бишкектик Евгений Беляев менен Александр Петров жеңүүчү деп таанылды. Оор салмактарда таластык Андрей Кармаков менен бишкектик Аскар Бактыгулов биринчи орунду камсыз кылышты. Чоюн көтөрүүдө таластык кыздар Бактыгүл Асылбекова менен Насипа Анарбекова жана казакстандык Алия Камбаровага теңдеш чыкпады.

Дүйнөлүк олимпиадага дүңүнөн даярданышууда
Кыргызстандык дзю-до чебери Чыңгыз Мамедов 2012-жылы Лондондо өтө турган олимпиада оюндарына жолдомого ээ болду. Негизинен беш кыргызстандык дзю-дочунун Лондондогу олимпиада оюндарына жолдомо алууга мүмкүнчүлүгү бар. Лондонго жолдомо алууга Ислам Баялинов (66 кг чейин), Азат Кубакаев (73 кг чейин), Алимбек Жусупов (81 кг чейин) жана Юрий Краковецкийдин да (100 кг жогору) толук мүмкүнчүлүгү бар. Олимпиадага катышуу үчүн дзю-дочулар жолдомо берүүчү эл аралык турнирлерден 100 упай топтоосу керек. Мындай упайга кыргыз балбандары эки турнирде жетүүсү мүмкүн. Кыргызстандын дзю-до боюнча курама командасына да Лондон олимпиадасына жолдомо берүүчү 7 турнирге катышуу керек. Олимпиадалык оюндарда ар бир салмак боюнча дүйнөдөн тандалган 22 эң мыкты дзю-до чебери күч сынашат. Учурда Кыргызстандан Лондон олимпиадасына эки спортчу гана жолдомо алышты. Алардын бири марафончу Юлия Архипова, экинчиси Чыңгыз Мамедов.

Кожожаштар, Жаңыл мырзалар тандалды
26-ноябрдан 29-ноябрга чейин Бишкектеги Фучик паркындагы тирде ок атуу боюнча өлкө чемпионаты өттү. Мында Жалал-Абад, Чүй облустарынын, Бишкек шаарынын жана Коргоо министрлигинин 60 мергени мөрөй талашты. Мергендер жел мылтык, тапанча жана сайлуу мылтык атуу боюнча өнөрүн көрсөтүштү. Кыргызстан ок атуу боюнча өткөрүлгөн дүйнөлүк жана Азия чемпионаттарына үзгүлтүксүз катышып келет. Өткөн айда Кувейтте өткөн ок атуу боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык Бактыгүл Махмадова бешинчи орунга ээ болгон. Бактыгүл жаңырган жылдын 12-январында Катардын борбору Дохада өтө турган Азия чемпионатында Лондон олимпиадасына жолдомо алууга аракет кылууда. Ок атуу боюнча өлкө чемпионаты 29-ноябрда жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Жигиттерден Руслан Исмаилов, кыздардан Сабина Исмаилова жеңүүчү болушту.




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??