presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Өргө кеткен өзгөчө жол

Көзүн ачкан "Агымыңар" кечээ эле,
Көз ирмемде өттү он жыл тез эле...

Өткөн жума күнү "Агым" гезитинин 10 жылдыгы белгиленди. Адегенде ондогон кыргыз тилдүү гезиттердин башредакторлору "Жаңы Агым" гезитинин редакциясы, "Рубикон" фирмасынын типографиясы менен таанышып чыгышты. Андан кийин 10 жыл ичинде "Агымда" иштеп кетишкен бир кездеги "асабачы", "агымчылардын" арасында үлпөт кече уланды.

Калемдерин колдорунан түшүрбөгөн журналисттер бир күн болсо да саясаттан оолак бололу дешкенби, айтор, 10 жылдык мааракеге бийлик өкүлдөрүнөн, саясатчылардын бирин да чакырышкан эмес. Той ээси катары алгач сөз алган "Жаңы Агым" гезитинин башредактору Аскер Сакыбаева "бүгүн жалаң гана "агымчылардын" майрамы эмес жалпы эле журналисттердин майрамы. Биз бүгүн өз ара баарлашып, даам сызышып, көңүлүбүздү көтөрөлү деп чечтик. "Агымдын" түптөлүшүнө айтылуу Мелис Эшимкановдун ат көтөргүс эмгеги бар. Биз, анын окуучулары Мелис байкенин ишин улантып, анын атын, элесин эстен чыгарбоо үчүн алдыда биртоп иштерди жасашыбыз керек" деген оюн ортого салды.
Кечеге курч калем ээлери Султан Раев 1-2-3-бийликтин атынан эмес, 4-бийликтин атынан, "Агымдын" негиздөөчүлөрү болгон Алым Токтомушев, Шайлообек Дүйшеев, Түгөлбай Казаков, Сүйүн Курманова, Жылдыз Мусабекова башында турган жазмакерлер катышты.
Мааракеде "Агымды" "Агым" кылган маркум Мелис Эшимкановдун ысымы утур-утур эскерилип, калемдештери каректерге жаш алуу менен анын чыгармачыл жана адамдык дараметине таазим кылып жатышты.
"Агымчыларды" куттуктап "Кыргыз туусу", "Вечерний Бишкек" баш болгон "Азаттык" радиосунан, "Алиби", "Учур", "Айат", "Супер инфо", "Кыргыз руху", "Кереге", "Добулбас", "Көк Асаба", "Арена" гезиттеринен калемдештер келип белектерин беришип, "Жаңы Агымга" болгон каалоолорун айтышты. "Кыргыз туусунун" башредактору Бакыт Орунбеков обон созуп, "агымчылардын" алкышына арзыды.
"Агым" гезитин куттуктап ырчылар Токтобүбү Черикчиева, Токтобек Асаналиев, Роза Аманова башында турган "Маржан" тобу, Аскат Мусабеков, Роза Шакирова мукамдуу ырлары менен ыргалтса, "Дем" театрынын жигиттери журналисттердин демине дем кошуп, боорлорун "быжы" кылышты. "Агымдын" 10 жылдык мааракесинде кесиптештер тарабынан жалаң "А" арибинен куралган каалоо-тилектер арбын болуп, ардагер "агымчылардын" баштарынан өткөн кызыктуу окуялар менен коштолду.

Уланбек ЭГИЗБАЕВ, сүрөттөр автордуку





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??