presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Өмүрүңүздөрдү күлкү коштосун

Эрмек НУРБАЕВ:
"Тамашоунун" түптөлүшүнө таякемдин салымы чоң"

Ааламдашуунун таасиринен улам Кыргызстан попмаданияттын сазына белчесинен батып, өзүнүн улуттук баалуулуктарын жоготуп баратканы эч кимге жашыруун эмес. Өзгөчө жаштар, кыргыз тили маселесинде ошол эле министрликтерге, тил комиссиясына караганда бараандуу салым кошуп жаткан "Тамашоу" лигасы деп тайманбай эле айтсак болот. Анткени "Тамашоу" лигасы түзүлгөндөн бери кыргыз жаштары кыргызча сүйлөп, кыргызча күлө баштаганы таасын байкалат. Мына ушул лиганын жетекчиси Эрмек НУРБАЕВди кепке тартып, анын жеке жашоосу жөнүндө эмес "Тамашоу" тууралуу маектештик.


Ааламдашуунун таасиринен улам Кыргызстан попмаданияттын сазына белчесинен батып, өзүнүн улуттук баалуулуктарын жоготуп баратканы эч кимге жашыруун эмес. Өзгөчө жаштар, кыргыз тили маселесинде ошол эле министрликтерге, тил комиссиясына караганда бараандуу салым кошуп жаткан "Тамашоу" лигасы деп тайманбай эле айтсак болот. Анткени "Тамашоу" лигасы түзүлгөндөн бери кыргыз жаштары кыргызча сүйлөп, кыргызча күлө баштаганы таасын байкалат. Мына ушул лиганын жетекчиси Эрмек НУРБАЕВди кепке тартып, анын жеке жашоосу жөнүндө эмес "Тамашоу" тууралуу маектештик.

- Кыргыздар учурашаары менен эле "эмне жаңылык?" деп сурайт эмеспи. Мен дагы салтты бузбай ушул суроодон баштасам?
- Жакшы болот. Эми жаңылыктарыбыз абдан көп. "Тамашоунун" курама командасы Алматыдан Евразия супер лигасынын финалына чыкты. 1-декабрда финалдык беттеш өтөт. Биз үчүн бул оюн абдан кадыр-барктуу оюндардын катарына кирет. Команда менен күндөп-түндөп кызуу даярдык көрдүк. Алматыга редактор баш болуп, администратор төш болуп бардыгы кетишти. Мен оюн күнү барам.
10-11-декабрда "Тамашоу" лигасынын чейрек финал оюну болот. 18-19-декабрдан баштап Ошто "Тамашоунун" филиалын ачууга белсенип жатабыз. "Тамашоу" ачылгандан бери Ошко такыр барбаптырбыз. Менимче, Кыргызстандын түштүгүндө да "Тамашоу" лигасы өзүнүн күйөрмандарын табат.
Январь айында Сочиде Масляковдун КВНи болот. Катышканга аракет кылып жатабыз, бирок азырынча барабыз деп так айта албайм. Бардыгы келип эле акча маселесине такалат. Анткени 12 баланын Сочиге барып оюнга катышып келиши 20 миң доллар турат. Ар бир бала үчүн эле 1,5-2 миң доллар сарпталат. Демөөрчү байкелер колдосо катышсак жакшы эле болмок. Сөзсүз жеңишти камсыз кылабыз деп сөз бере албайм. Биз үчүн Кыргызстандын атынан катышуунун өзү чоң ийгилик.
Өзүңүздөр билгендей, "Тимеле шоу" долбоорун тартканбыз. Кудай буюрса, жаңы жылда ушул долбоордун экинчи бөлүгүн көрүүчүлөргө тартуулайбыз.
- "Тамашоунун" түптөлүшүнө түрткү болгон эң башкы себеп?
- Мен мурда орусча лигада КВН ойночумун. Курама команда менен ошол эле Сочи, Алматы шаарларына чейин барып оюн көрсөтүп жүрдүм. Ошол учурда орус тили бардык жерде эле басымдуулук кылып кеткен. Эмне үчүн кыргызча КВН ойнобойбуз деген суроо жүрөгүмдү өйүп жүрдү. Казакстанга барганда да ал жактагы казакча оюндарды көрүп алып абдан катуу таасирленгем. Кыргызча КВН түзүү идеясы 2007-жылы эле пайда болгон. Бирок дароо эле ишке аша койгон жок. Ал учурда окуум да бар эле. "Тамашоунун" жаралышына Кыргызстандын биринчи Коргоо министри Үмөталиев Жаныбек Асанбекович деген менин таякем түрткү болгон. Ошол кишинин бул идеянын жүзөгө ашуусуна кошкон салымы абдан зор. Таякем абдан мекенчил адам болчу. Ага "Тамашоу" жөнүндөгү идеямды айтсам маңдайы жарыла сүйүнүп, дароо эле колдоого алды. Университетти аяктаган соң чет өлкөгө кетсемби деп ойлонуп жүргөм. Ошондо таякемдин "эч кандай чет өлкөгө чыкпайсың, баарыңар эле кете берсеңер Кыргызстанды ким көтөрөт?!" деген сөзү менин чучугума жеткен сөз болду. Ошол сөзү күнү бүгүнкүдөй эсимде. "Тамашоу" деген аталышты да таякем менен кеңешип өзүм койгом. Логотипти көрсөтсөм оригиналдуу экен деп жактырган. Жылмайган колобоктун калпак кийип турушу чоң маанини камтыйт. Колобок орустардыкы, анткени КВН оюну орустардыкы. Ал эми жылмаюу (смайлик) Европадан келген. Бул орустардын КВН оюнун кыргызчалатуу менен Европага кыргыз элин таанытуу деген терең маанини өзүнө камтыйт. Ошондой эле Арслан Ибрагимов деген байкемдин да салымы чоң болду. Биринчилерден болуп "Тамашоу" жөнүндөгү пикирди айтканда экөөбүздүн оюбуз бир жерден чыгып ал башкы редактору, мен болсо жетекчиси болуп калдым. "Тамашоунун" эң негизги максаты кыргыз тилин өнүктүрүү жана эл ичиндеги таланттарды элге көрсөтүү болуп саналат. "Тамашоуда" темирдей тартип бар. Бирок аша чаап чектен чыкпайбыз.
- 3-сезондун оюндарына көрүүчүлөр тараптан эң жогорку баалар берилип жатат. Аталган оюндар сиздин купулуңузга толдубу? Деги эле "Тамашоунун" азыркы деңгээли сизди канааттандырабы?
- Эми профессионалдык көз караш менен карай турган болсок, албетте дагы деле кемчиликтер байкалат. Каталар бар, дагы көп-көп иштөөгө туура келет. Негизи өзүм сынга жакшы карайм. Чындыкка негизделген сын-пикир болсо кабыл алабыз. Дайыма ага-эжелерибиздин "Тамашоуга" карата айткан сын-пикир, сунуштарына кулак салып турабыз. Сын менен өсөбүз деп ойлойм. Албетте, көрүүчүлөр мактап-жактап койсо "жылдызняк" болуп кетпеш керек. Көч бара-бара түзөлөт дегендей, бизге карата айтылган сын-пикирлерден жыйынтык чыгарганга аракет кылабыз. Арийне 3-сезон менин жеке баамымда 1-2-сезонго караганда деңгээли жогору болду.
- Кыргызстандагы күлкү маданияты, деги эле юмордун деңгээли боюнча пикириңиз кандай?
- Мурун КВН болуп жатканда ачуу айкырык, куу сүрөөн болуп ышкырып, бакыргандар көп болчу. Тартипсиздиктер да көп катталчу. Азыр болсо "Тамашоунун" күйөрмандары акырындан болсо да күлкү маданиятын түшүнө башташты. Маданиятты, тартипти жалгыз гана оюнчулар эмес өздөрү да сакташ керектигин түшүнүштү. "Тамашоунун" оюндарында ар кандай кырдаалдар жаралат. Мисалы, балдар тамаша көргөзүп жатышса, көрүүчүлөрдүн арасынан өздөрүнчө эле күлүп, жыргай беришет. Мындай көрүнүштөр балдардын оюнуна терс таасирин тийгизет.
- 3-сезондун финалдык беттешинде Роза Отунбаевага карата пародиялар көп болду. Мунун себеби эмнеде жана президент тарабынан кандай реакция болду?
- Роза Исаковнага болгон пародиялардын ичинен "ЧЕЗ" командасынын оюнчусу абдан жакшы аткарды. "Тамашоу" актуалдуу делген бардык эле темаларды колго алат. Тиги болбойт, бул болбойт деген катаал цензура деле жок. Албетте, "белден ылдыйкы" тамашаларга чек коюлат, бардыгы чеги менен болот. Президентке карата пародиялардын көп болушу бул теманын актуалдуулугунан кабар берет. Финалдык оюндарга атайын расмий кат менен президентти чакырганбыз. Тилекке каршы жумушунун көптүгүнөн келе алган жок. Биз буга түшүнүү менен карайбыз. Биздин оюнга президенттин атынан Султан Раев катышып өзүнүн жылуу сөздөрүн айтуу менен бирге "Тамашоуга" "Алтын бука" белек кылып кеткен. Бир гана президент катары эмес, экс-президент катары да оюндарга чакырууга даярбыз. 11-12-декабрдагы оюндарга катышып калышы мүмкүн.
- Орусиялык каналдардагы программалардан кандай таасир аласыз?
- Биринчиден, "Тамашоу" орус КВН оюнунун кыргызча варианты. "Прожекторперисхилтон" деген долбоор абдан жагат. Ошонун кыргызча вариантын иштеп чыктым. Жакында телеканалдардын биринен көрө аласыздар. Ошол эле орустар долбоорлорду Европа каналдарынан көчүрүп алышат. Орустардан көчүрүп алды же уурдап алды деп айтыш туура эмес. Анткени алар өздөрү көчүрмөнү Батыштан алышат. Ал эми көчүрмөсүн же туурап долбоор жаратуу өзүнчө бир түйшүк. Себеби жогорку деңгээлдеги долбоорлорду так өзүндөй болбосо да жетиштүү деңгээлде жаратуу чоң эмгекти талап кылат. Көчүргөнгө жараша майын чыгарыш керек да. Орусиядагыдай материалдык колдоо болсо Орусиядан көчүрбөй эле түздөн-түз Европадан же болбосо өзүбүз деле жаңы долбоорлорду ойлоп табууга кудуретибиз жетет.
- Мерген Турганга эле "тамашоучулар" асыла беришет. Таарынтып алган жоксуңарбы?
- Мерген байкебиз "Кыз бурактын" "Аял дебе" деген клибине өз макулдугу менен тартылган. Ал комплекси жок адам. Тамашага абдан көтөрүмдүү, кырдаалдан чыгып кетүүнү да жакшы билет. Анын дарегине айтылган ар кандай ушак сөздөргө маани бербейт. Кабагым-кашым дебей ар дайым шайыр-шатман маанайда жүрөт. Же болбосо "тамашоучулар" "төрдөн алып көргө, көрдөн алып төргө" чаап жатпайбызбы. Жеке өзүм Мерген Тургандын талантына таазим этем.
- Сөз соңунда "Жаңы Агымдын" окурмандарына каалоо-тилегиңиз?
- Гезиттерге оңой менен маек курчу эмес элем. "Жаңы Агым" деген атты укканда дароо Мелис Эшимканов эсиме түшүп кетип макул болдум. Мелис агай Тамашоу жаңыдан түзүлүп жатканда түздөн-түз жардам берген. Бизди ар убакта колдоп турчу. Мелис агайды мен жеке тарбиясын берген адам катары түбөлүк эсимде сактайм. Ал эми окурмандарга биринчиден, ден соолук, асманыбыз ылайым эле ачык болсун. Ар дайым күлүп жүрүңүздөр. 5 мүнөт күлүү 20 жумуртка жегенге барабар экенин эч качан эстен чыгарбаңыздар. Ошондуктан 10-11-декабрда боло турган чейрек финалга катышып, 2,5 саат тынбай күлүп, 600 жумуртка жеп кетиңиздер!
ЭРМЕКтешкен Уланбек ЭГИЗБАЕВ





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??