presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Көңүл чордонунда

Бакиевчилер салык кызматын колго алабы?
Кечээ эле антын берип, Алмаз Атамбаев президенттик кызматына киришсе, Роза Отунбаева экс-президент болуп калды. Өкмөт мүчөлөрүнүн бардыгы жаңы өкмөт куралгыча милдетин аткарууга өтүшсө, парламент ичинде депутаттар коалиция түзүү менен баш оорутушууда. Премьер болгусу келгендер депутаттарга өз адамдарын жиберип, көңүлүн алуу менен алек.
Ак үй, Көк үй ичинде аткаминерлер кырдаалдан пайдаланып, кайсы креслону кучактап жыгылсам деп чачпагын, курун көтөрүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жүрсө, дамкраты анчейин эмес министрлер "ордумда каламбы же жокпу?.." деген табышмактуу ойго жетеленишти. Образдуу айтканда, базарда түгөнүп калчу буюмдарды сатып алууга ашыгышкандай эле кызматка олтургусу келгендер да "чуркап" жүрүшөт. Антпесе эртең коалиция түзүлүп, өкмөт куралып калса, баары кеч болуп калат. Кызмат соодасы бүтүп калышы мүмкүн. Тагдыры эбак чечилип кызмат камсыз кылынгандыктан көңүлү көтөрүңкү болуп, күлкүсү катуу, үнү шайыр чыгып жүргөндөрү да жок эмес. Айтор, колдо бар мүмкүнчүлүктү пайдалануу аракетин көрүшүүдө. Мындай мүмкүнчүлүк дайыма эле боло бербейт эмеспи...
Кирешелүү, миллиондогон акчалар жүгүртүлгөн кызмат ордуна көз арткандар ашыгы менен. Кыргызстандагы салыктардын чогултулуусун ишке ашырган мамлекеттик салык кызматына баргысы келгендер да өтө көп экени белгилүү болууда. Айрыкча бул жерге барсам дегенде ак эткенде так эткендердин анабашчылары "Бишкекгаз" ишканасынын башчысы Таалайбек Далбаев, "Айыл банктын" жетекчиси Токтобек Акматов жана Бишкек шаардык салык кызматынын башчысы Кабыл Абдалиев. Бул үч аткаминер ушу тапта мамлекеттик салык кызматынын башына келүүгө катуу чамынып жаткан кездери. Үчөө тең "Кыргызгаз" ишканасынын башчысы Тургунбек Кулмурзаевдин протежелери болуп эсептелет. Бир команда десек туура айткан болобуз. Салык кызматын ичтен жакшы билип, бул тармактан чоң акчаларды жасай билгендер экенин белгилей кетели. Бул үч эргулдун артында Тургунбек Кулмурзаевдин тургандыгы бар. Салык кызматынын башына келишип, бул тармакты көзөмөлгө алсак деген максаттарына жетүү үчүн бардык кадамдарга барууга даяр. Мына дал ушул максат аларды бириктирүүдө. Салык кызматынын төрагалыгы кимисине насип этет, алар үчүн мааниге ээ эмес. Башкысы, колдон чыгарышпаса болгону. Бири эле келгенге жараса, калгандарына ушул тармактан "кормушка" болчу орун табылбай койбойт. Тургунбек Кулмурзаев Атамбаевге жакындыгын салып, командасын бул өтө майлуу, сүттүү кызмат ордуна түртүп атса, калгандары да жөн жаткан жерлери жок. Булардын өткөнүнө, кызматтык таржымалына кызыгып көрсөк, көңүл ирээнжитет.
Таалайбек Далбаев Бишкек шаардык салык кызматынын мурдагы башчысы. Кезинде кызмат абалын кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн кылмыш иши козголгон. Салык кызматынын алдында фирма түзүп, ага патентти пулдоо ыйгарымын өткөрүп берген. Учурунда бакиевдик бийликти катуу сынга алып турган "Де факто" гезитин Жаныш Бакиев дал ушул Таалайбек Далбаевдин колу менен сотко берип жаптыргандыгы кийин ачыкка чыккан. ЖК спикери Акматбек Келдибеков менен эң жакын мамиледе. Келдибеков мамлекеттик салык кызматын жетектеп турганда Таалайбек Далбаевди колдоп, "жарыгын" чачып турган.
"Ата журт" партиясынын саясый кеңешинин мүчөсү Токтобек Акматов Кулмурзаевдин жакын досу. Бакиевдин учурунда мамлекеттик салык кызматынын башында турган. Кезинде иштеп, миллиондогон акчаларды кымырган ордун кайрадан эңсеп, ал үчүн 200 миң доллар сунуш кылууга даяр экени эл арасында айтылууда.
Үчүнчү персона Кабыл Абдалиев болсо учурда салык тармагында иштейт. Буга чейин Свердлов райондук салык инспекциясын жетектеген. Ушул жерде иштеп турганда кызматкерлерди түнкү саат 1ге чейин иштөөгө мажбурлагандыгы үчүн анын үстүнөн жамаат доо арыз менен кайрылган. Колдоосу күчтүү экен, ал жерден Бишкек шаардык салык башкармалыгынын башына барып конгон. Максим Бакиевдин кадрларынан болуп эсептелет. Бакиев учурунда Эсеп палатасын башкарган Искендер Гаипкулов менен жакын мамилеси бар. Абдалиевди салык кызматына алып келүү үчүн Гаипкулов Бабановду айланчыктап жүргөнүн көрүп- билгендер кобурап жүрүшөт. Абдалиев Бишкек мэри Өмүркулов менен тирешип жүргөн кези. Калаа башчысы анын коррупцияга баткандыгын айтып, кызматтан кетүүсү керектигин талап кылып келет. Салык тармагында Абдалиев тармактын башына келүү үчүн шаардык салык кызматкерлеринин ар биринен 1 миң доллардан жыйнагандыгы боюнча да маалымат тарап жатат.
Жогорудагы бул инсандар салык тармагында кезинде иштешип, ишинде эч нерсени кыйратышпаган. Кызмат абалдарынан пайдаланып капчыктарын кампайтуунун аракеттерин гана көрүп келишкен болсо, бүгүн минтип кайрадан тармактын эки тизгин бир чылбырын колго алгылары келип атышат. Бакиевдин учурунда алардын кадрлары катары үй-бүлөлүк бийлик үчүн чоң "кызматтарын" өтөшкөн. Бирок Бакиевдер сыртка качып кеткени менен алар бүгүн деле майлуу, сүттүү жерлерде олтурушат. Бул аздык кылып атыптыр. Үчөөсүнүн кимиси болбосун салык кызматынын башына келип калчу болсо, анда салык системасынын абалы кыйындай турганын бөркүбүздөй көрөлү. Ал эми алар салык тармагынын башына келип калуусу толук мүмкүн болуп турат. Андыктан жаңы өкмөт жетекчилиги кызматка дайындоодо ушул жагдайларга да көңүл буруп, талапкердин өткөнүнө, иш репутациясына да тереңден кызыгып койсо ашыкча болбойт.
Асан КОЗУЕВ




 ...студенттик күндөр бар

Айтылуу "Алтын бешиктин" төрүндө

Студенттик жатакана дегенде эле көпчүлүктүн оюна катыган нан, суу же болбосо лимонад менен лепёшка майонези менен келет. Айрымдары дароо эле"Министрдин кызынын махабаты" тасмасын элестетишет экен. Чын эле жатаканада жаткан азыркы студенттердин абалы тасмалардагыдайбы же эл айткандайбы деген түпөйүл суроо менен Кыргыз улуттук университетинин №5 жатаканасына мейманга барып келдик. Аталган жатаканага башбакканыбызда күтүлгөн жана күтүлбөгөн көрүнүштөргө күбө болдук.

Улуттук деген статуска ээ болгон аталган жогорку окуу жайдын ?5 жатаканасынын башчысы Гүлнара Сүйүмкулованы студенттик журттун чоо-жайын билүү үчүн кепке тартканыбызда төмөнкүлөргө токтолду. "Бул жатакана 1962-жылы пайдаланууга берилген. Ошондон бери өз кызматын аткарып келатат. Мурун "Алтын бешик" деп аталчу. "Алтын бешикте" кимдер гана бөлөнбөдү? Алып айтсак, Абдыганы Эркебаев, Султан Раев, Мелис Эшимканов, Байма Сүтенова сыяктуу Кыргызстандагы атактуу инсандар ушул жатаканада жашашкан. Учурда 460 орун бар. 10 ай үчүн ар бир студент 2900 сомдон төлөшөт. Ичинде 3000дин тегерегинде китеби бар окуу залы, көңүл ачуучу иш-чаралар өтө турган атайын залыбыз да бар. Кыскасы, студенттердин жашоосу үчүн керектүү шарттардын бардыгы түзүлгөн" деди.
Жатаканада жашоо "малина"
Коменданттын ушундай маалыматтарынан кийин өз көзүбүз менен студенттик жашоону көрүү үчүн бөлмөлөрдү кыдырдык. Бөлмөлөрдүн биринин босогосун аттаганыбызда сабак окуп жаткан төрт кызга туш болдук. Кирээрибиз менен китептерин шаша-буша жыйнаган кыздар жылуу маанайда маек куруп беришти. Өзүн Таалайбек кызы Тынара деп тааныштырган 3-курстун студенти жатаканадагы жашоосун төмөндөгүдөй баяндады. "Жатаканада жашаганыма үч жылдын жүзү болду. Мен үчүн бул жакта жашоо абдан эле ыңгайлуу. Биринчиден, сабак окуш үчүн толук шарттар түзүлгөн. Жол киреге да акча кетпейт, ошол эле учурда сабактарга кечикпей өз убагында барабыз. Жатакананын өзгөчө бир атмосферасы бар. Бул жактан жалаң гана билим алууга концентрация болосуң" деген оюн билдирсе, Бегайым деген дагы бир кыз кепке аралашып: "мен үйдө жашап жүргөндө үй жумуштарына жардам берип жатып сабакка жетишпей калчумун. Кичинекей балдардын ызы-чуусу сабактарга даярданууга тоскоолдук жаратат. Эртең менен эрте турсаң деле маршруткадагы тыгындардан улам баары бир сабакка кечигип калчумун. Азыр болсо кудайга шүгүр, бардыгына жетишип жатам. Окууда да жетишкендиктер болуп жатат. Жатаканада жашагандын дагы бир жакшы жери көпчүлүк менен жашоого үйрөнөсүң. Бөлмөдөгү төрт кыз бири-бирибиздин мүнөзүбүзгө жараша түшүнүү менен мамиле кылабыз" деген таризде жооп берди.
Маектешип бүткүчө кыздардын чайы да кайнап калды. Күркүрөгөн күз болгондуктанбы, айтор кыздар дасторконго салат, кыям коюп, чайдан кызыл-кызыл куюп аябай коноктошту. Алардын мындай жагдайын көрүп азыркы студенттердин жашоосу керемет го деген ой келди.
Эркектер деле эпчил келишет
Кыздардын бөлмөсүндөгү маектен кийин эркектердин бөлмөсүнө кирип бардык. Бөлмөлөрдүн биринде күн кечирген Эрнис жана Билимбек деген жигиттер сабактан жаңы эле келгендиктерин айтышты. Жатаканада жашоо кандай деп суроо салганыбызда, эми азыркы жатаканадагы студенттерди мурункулар менен салыштырууга эч болбойт деп сөз баштаган Эрнис буларды айтып берди: "Жатаканадагы студенттер жерде калган адамдар эмес. Үйдө жашаган студенттерде бизге карата туура эмес стереотиптер пайда болгон. Биз деле бирөөнүн балдарыбыз да, ар ай сайын айылдан тамак-аш келет. Мисалы, Көлдөн алма, Нарындан эт, Ош, Жалал-Абаддан жер-жемиш келет. Ошентип дасторконубуздун үстү жайнап эле калат. Андан сырткары ар айда 500 сомдон акча чогултуп азык-түлүк алып турабыз. Бул жакта өзүбүздүн плиткабыз бар. Тамак жасап жеп турабыз. Арабызда окуу менен бирге иштеген досторубуз да бар. Алар туугандарына көз каранды болбой эле өз алдынча кара жанын багып кете алышат" деди. Эрнистин жатаканада жашаганына төрт жылдын жүзү болуптур. Ал учурда жатакананын коён жатагына чейин билээрин айтып, өз тажрыйбасы менен 1-курстар менен бөлүшүүгө даяр экендигин кыйытып өттү.
?5 жатакананы түрө кыдырып жүрүп, учурда душтун иштебей жатканына күбө болдук. Эмне үчүн иштебей жатат деген суроого оңдоо иштери жүрүп жатат деп түшүндүрүштү. Студенттер эң башкы көйгөй катары душтун иштебей жаткандыгын жана компьютердин, интернеттин жоктугун айтышты. Компьютерлер жок эмес, бар. Бирок баарынын эскилиги жеткен, интернетке туташтырылган эмес дешти бир ооздон.
Жатаканада курсак тойгузуу тактикалары
Кыздар айылга барып келди деген сөз жигиттер үчүн абдан жагымдуу жаңылык. Энелери эркек төрөгөндөй эле сүйүнүшөт. Анткени ата-энелер кызым жесин деп койдун төш этин салып беришет. Ал төштүн кимге буюрарын байкуш ата-энелер кайдан билишсин. Шамдагайлыгы жанда жок эркек балдар кылдаттык менен терезеде илинип турган төш этин сыйыртмак менен кылтакка илишет. Эт уурдоо процессин 2-3 гана бала ишке ашырса, негедир жегенге келгенде эле бул сан 2-3 эсеге көбөйүп кетет. Студенттин чоң тойгону орто байыганы демекчи, курсакты кампайткан студенттер ичтеринен кыздардын ата-энелерине ыраазычылык билдиришет. Эскертүү: эшикти илгенди унутпаңыздар!
Ал эми бышып калган тамакты "уурдап келүү" да оңбогондой талантты талап кылган иш. Анткени кыздардын көзүн 7 секундга жазгырып, булоолонгон тамакты илип кетүү кандай гана талант. Колго тийген тамакты илип кетүү канчалык тез болсо, аны жеп түгөтүш да ошончолук тездик менен өтөт. Тамакты жеп бүткөндөн кийин табактын ичине "рахмат" же "тузу кем болуп калыптыр" деген сыяктуу сөздөр тамаша иретинде тамагын алдырган кыздардын дарегине багышталат.
Мына ушинтип жатаканага болгон сапарыбыз да карыды. Жатаканадагы студенттердин азыркы жашоосун көрүп, айрым көйгөйлөрдү эске албаганда өлбөгүдөй эле жашоо экенине көзүбүз жетти. Улуттук университеттин студенттери негедир барга каниет кылып, жетекчиликке анчалык деле катаал талап койбогондой элес калтырды. "Үңкүр да болсо үйүм бар" деген ураанды туу тутунган студенттер шайыр-шатман, ар бир күнү улам жаңы окуялар менен коштолгон күндөрдү барактап жатышыптыр.
Уланбек ЭГИЗБАЕВ, сүрөттөр автордуку






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??