кыргыз тилиндеги гезит "Агым"

п»ї
  sos!!!

Спирт жайлай албаган ден соолугубузду эми СПИД жайлайбы?

Кечээ, 1-декабрда Кыргызстандын саясый чөйрөсү инаугурация менен алектенди. Ал эми дүйнө жүзү СПИДге каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүн белгиледи.
Кыргызстандагы СПИД борборунун башчысы Жылдыз Курманалиеванын 30-ноябрда маалымат жыйынында билдиргенине караганда, быйыл Кыргызстанда 500дөн ашуун киши ВИЧке кабылган. Саламаттык сактоо министри Сабыр Жумабеков парламентке барганда быйыл медицина кызматкерлери бир кишиге бул дартты жугузган болсо кызматтан кетем деди эле. Бирок Ноокаттагы окуядан кийин да медкызматкерлер 25 балага ВИЧ дартын жугузуп алганы айтылып жүрөт. Ушул жылдын 1-ноябрына карата ВИЧ/СПИД илдетине кабылгандардын саны 4 миңге чамалаган. Өлкөдө бул оору негизинен баңгизатты ийне аркылуу сайынуудан тарайт. Бейөкмөт уюмдар ВИЧке кабылгандардын саны мындан алда канча көп экенин эскертип келишет. Мисалы, "Единство людей, живущих с ВИЧ" ассоциациясынын директору Ольга Юн Кыргызстанда СПИД дарты менен ооругандар расмий катталгандардан да жети эсе көп деген маалыматты таратты.












??.??