25.11.11 - 6-бет:
  Төртүнчү бийлик төркүнү

Кыргыз журналистикасы кыргыз саясатын кантип жүргүздү?
(Уландысы.
Башталышы өткөн сандарда)
Медет Чоканович Садыркуловдун (МЧС) өлүмүнүн сыры боюнча маселе президенттик шайлоо аяктаганга чейин жабылышынын олуттуу жүйөсү бар. ИИМ орунбасары Мелис Турганбаев гезит, теледен түшпөй, Медет Садыркуловдун өлүмү алдын ала пландалганын билиши мүмкүн делгендердин алдыңкы сабында Адахан Кимсанбаевич Мадумаров турарын баса белгилегенден тажабады. Атургай Мадумаровго байланышкан мындан башка да фактылар бар экендигин, үгүт иштери жүрүп аткандыктан гана айтпай атканын жакшы эле сайрады. Мындай чуулгандуу маалыматтар алгач коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурдуруп, Мадумаровдун беделине оңбогондой доо кетирсе, кийинчерээк түштүк чөлкөмүндө ал тескери реакция бере баштаган.

Түштүк электораты башында МЧС сырынын ачылышын жакшы кабыл алып, натыйжада Адахан мырзадан жүзүн үйрө баштаган. Бирок М.Турганбаевдин "тележылдызга" айланып А.Мадумаровду тынбай "бомбалашы" күдүк ойдун жаралышына түрткү берди. Эл арасында бийлик атайын Турганбаевге заказ кылып Адахан Кимсанбай уулун коомчулукка жаман көргөзүп аткан жокпу деген суроо туулду. Ошондон улам саясый технологдор МЧС маселесин убактылуу токтотуу чечимин чыгарып, мунун негизинде маалымат майданында Медет Чокановичтин трагедиялуу тагдырын чагылдырган макалалар дээрлик чыкпай калды.
Бир чети элдин күдүк ойго жетеленгени туура. Эмнеге мындан үч жыл мурда болгон кандуу окуянын сыры дал президенттик шайлоонун алдында ачылды? Эмнеге Ички иштер министрлиги бул тууралуу мурдараак кабарлабайт? Балким мындай ыкманын түпкү максаты чындыгында Мадумаровду ажо жарыштан четтетүүгө багытталып жүрбөсүн? Мына ушундай тумандуу суроолорго жооп эми табылышы керек. Себеби так талаш жыйынтыкталды. Эми бийлик "Бүтүн Кыргызстандын" лидерин мыйзам чегинде жогорудагы чырлар боюнча суроолорго жооп алып жоопкерчиликке тарта алабы же "до лучших времен" деп унчукпай коебу? МЧС окуясы бармак басты, көз кысты принцибинде жабылып, ага Мадумаровдун тиешеси бар же жоктугу бүдөмүк бойдон калса, анда кыргыз бийлиги жеке кызыкчылыгын жүзөгө ашырыш үчүн Садыркуловдун трагедиялуу өлүмүн шайлоо алдында атайын "ачканына" коомчулук биротоло ынанат. Коомчулук азыр ИИМ министр орунбасары М.Турганбаевдин мындан ары Мадумаров боюнча эмне кылаарын да күтүп турат.
Ташиев район деңгээлиндеги лидерби?
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төбөлү Адахан Мадумаровдун арыгын катыра чапкан басылманын (калемдештерибиз таарынбас үчүн гезиттин атын атабадык - Н.К. ) журналисттери атайын жасадыбы же байкоостон катачылык кетириштиби, айтор, "ата журтчу" Камчыбек Ташиевге жөнсүз асылып, анын "чоң муштумдугуна" басым жасашты. Муну менен эле тим калбастан, анын билим деңгээли алигиче тайкы экенин, тажрыйбасы жоктугун, республикалык масштабдагы саясатчы катары бышып жетиле электигин, мындан улам Камчыкени район деңгээлиндеги лидер атаса жарашарын "балп" эттиришти. Жазмакерлердин дагы бир одоно катачылыгы - ошол эле макаланын аяк ченинде Адахан Кимсанбаевич Мадумаровду (АКМ) байдын эрке кызындай катыра мактаганында. Өзүңүз салыштырып багыңыз: бир эле макалада Ташиев жамандалып, ал эми Мадумаров айга, күнгө теңелип аткан шартта көпчүлүк макаланы "заказной" деп түшүнөт. Адахан мырза балким үкасы Камчыбекти "согууга" буйрук бербегендир. Ошентсе да анын гезитинен Ташиевдин район деңгээлиндеги лидер аталып аткан соң коомчулук АКМны "заказчик" катары кабылдайт эмеспи.
Ошентип Адахан мырзанын жазмакерлери Камчыкени район деңгээлиндеги лидер атай коебуз деп кутулбас куяга калышты. Сентябрдын жыйырмасынан тартып "Ата журттун" лидеринин акырынан жем жеген гезит кожоюнунун "кегин" алыш үчүн сан сайын Мадумаровдун быкыйын чукумайды адатка айландырды. Маселен, басылманын бир санында Адахандын таржымалы кенен баяндалып, анын айткан сөзү менен кылган иши таптакыр дал келбестигине басым жасалса, экинчисинде Мадумаров тууралуу пикирлерге кенен орун берилген. Өзүн Исхак Раззаков , Апсамат Масалиев , Насирдин Исанов сыяктуу тарыхый инсандардын катарына кошкусу келген Адахан Кимсанбаевичти "ата мекенчи" депутат Өмүрбек Абдрахманов "Адахан кезинде пиво алып берип койчу деп эле суранып жүрчү" таризинде "тууралады". Өзүн улуу инсандарга теңеп, чоң молдонун небереси болгондуктан өмүрү "ак молдону" оозуна албаганын айтып карганган АКМны Абдрахманов тигинтип ашкереледи.
Вячеслав Хан , Дмитрий Цой сыяктуу корей ишкерлери "бүтүн кыргызстанчы" саясатчыга демөөрчүлүк көрсөтүп атканын да Камчыкенин басылмасы аркылуу билдик. Макалада В.Хандын өткөнү кенен баяндалып, анын бир эле учурда үч мамлекеттин (Кыргызстан-Россия-Казакстан) жарандыгын алгандыгын, мына ушундай күмөндүү фигуранын колдоосуна ээ болгон Адахан мырзага эми кантип ишенебиз дегендей суроо кабыргасынан коюлган. Камчыкенин жазмакерлери АКМнын мындан башка толгон-токой кемчиликтерин чукуп чыгышты.
(уландысы бар)




  Башканы коюп өзүңдү айтчы

Калемиң курч, а укугуң корголгонбу, кесиптеш?
Коомдун көйгөйүн, талуу маселелерин чагылдырып, айрым учурда өз өмүрүн тобокелге салып, а бирок калемин колдон түшүрбөй келаткан журналисттер өз укугун коргоодо чабал келишет. Саясый кысымдар бир тең, ал эми аларга түзүлгөн эмгек шарты өзүнчө кеңири кеп. Өлкөдө журналисттер профсоюзу 2003-жылы түзүлгөнү менен, бул кесиптин ээлери эмгек укуктарын коргоого шашпайт. Кыргызстан журналисттер профсоюзунун төрагасы Азамат КАЛМАН ушул багытта кеп салды.

- Азамат мырза, бул уюм мурдагы он жылдыкта түзүлсө да, эмнеге журналисттер азыркыга дейре эмгек укуктарына көңүл бөлө беришпейт?
- Биздин кесиптештердин табияты ушул экен, коомдогу акыйкатсыздык менен күрөшө алат, бирок кесиптик ишмердигиндеги мындай көрүнүштөргө көз жуумп койгонго көнгөн. Ошентсе да профсоюз журналисттердин бул багыттагы активдүүлүгүн арттырууга аракетин токтотпойт. Себеби, качан биз өз укуктарыбызды коргоого үйрөнсөк, ошондо гана ар бир журналисттин өзү иштеген редакцияда гана эмес коомдо да баркы көтөрүлөт. Айтмакчы, быйыл бул уюмдун түзүлгөнүнө тогуз жыл болду. Бирок бул уюм мүчөлүк төлөмдөрдүн эсебинен болгондуктан, каржылык маселеге келгенде да кыйынчылыктар жаралды. Буга чейин журналисттерди өз эмгек укуктарын коргоого үйрөтө албаганыбызда менин да күнөөм бар. Анткени, башта иш активдүү башталганы менен ортодо басаңдатып алдык.
- Бул сиздин өкмөт иштерине аралаша кеткениңизге байланыштуу болсо керек эле...
- Ал кездеги өкмөт башчысы Феликс Куловдун чакыруусу менен басма сөз катчы жана кеңешчи болуп баргам. Бирок мындай сунушту кабыл алардын алдында журналисттердин укуктарын коргоо ишмердигимди уланта береримди билдиргем. Ал кызматта иштеп туруп да, ошол кездеги бийлик тарабынан "Пирамида" каналына көрсөтүлгөн кысымга каршы кесиптештерим менен бир турууга болгон аракетимди жумшагам. Профсоюздун ишмердигин кайра жандандырууга бел байлап турабыз, себеби, журналисттер кесиптик ишмердигинде улам жаңы бир көйгөйлөр менен бет келип олтурушат.
- Кандай көйгөйлөр?
- Эгер мурда көбүнесе, кесиптештерибизди бийлик кысымынан арачалап келсек, азыр басылма же медиа ишкананын кожоюну менен болгон маселелер да келип чыгууда. Саясый ири окуялардын алдында көп басылмалар ачылат, бирок ага чакырылган журналисттерге эмгек шарттары түзүлбөйт. Ошол себептен өзгөчө кыргыз тилдүү гезиттер арасында кадрлардын алмашуусу же бир журналист бир жылда бир канча басылмага которулган учурлар көп. Журналист басылманын окумдуулугун арттыруу максатында өз өмүрүн тобокелге салганы менен анын коопсуздугун кожоюндары камсыздай албайт. Азыркы тапта өлкө боюнча журналисттерине коопсуздукту камсыз кыла албаса да, эмгек шарттарын толук түзүүгө аракет кылган ата мекендик медиа-ишканалар жок эмес, арийне, манжа санагына да чыкпайт.
- Профсоюздун иш алпаруу багыты кандай жаңыланат?
- Уюмдун өзөк милдеттери сакталат. Андан сырткары, профсоюздун активдүү мүчөлөрүнө чет жердеги кесиптештери менен тажрыйба алмашып келүүсүнө шарт түзүү аракеттерин көрөбүз. Соттук маселелерге да профсоюздун юристтери менен бирге аралашып, сотто журналисттин кызыкчылыгын коргоо жолдорун да карайбыз.
Журналисттер катары жашарды. Акыркы жылдары бул кесипке кызыгуу да күчөп, мурдагыга салыштырмалуу журналистика факультетинин саны да жетишерлик. Жаш журналист жумушка орношор алдында өз укуктарын так билсе, кийинки ишмердигинде да бул чоң жардамга келет. Анын эмгеги өз убагында туура бааланат. Профсоюз эң биринчи кезекте жаш журналисттерге алардын ишке кирип, келишим түзүп жана анда көрсөтүлгөн бардык шарттардын аткарылышына чейин байкоо салат. Бул боюнча жаш кесиптештерге атайын тренинг, семинарларды байма-бай өткөрүп турууну салтка айландырууга күч жумшайбыз.
- Кабарыңыз болсо, акыркы кезде журналисттердин кесиптик деңгээлине да бир топ сын айтылып келет. Профсоюз бул багытта да иш алпарабы?
- Чынында бул көйгөй да чоң. Бул да тилекке каршы, кыргыз тилдүү ЖМКлар арасында кеңири. Негизги орунду ушак ээлеп келет. Баштан өткөргөн эки шайлоодо бул көрүнүш ого бетер күч алды. Эл арасында электен да өтө элек ушак сөздөр тилекке каршы, басма сөз беттерине чыгат. Бирок журналист качан болбосун, коомдун алдында жүрүүгө тийиш экендигин унутпоосу зарыл. Себеби, журналист өзү коомду эмес, коомду ээрчитүүгө милдеткер. Кесиптештерибиздин арасында билим деңгээлин жогорулатуу багытында да журналисттик башка уюмдар, билим берүүчү мекемелер жана эл аралык уюмдар менен биргеликте аракет көрөбүз.