25.11.11 - 3-бет:
  Сая-саалы

Чек ара чыйкан
Акыркы он күндө Өзбекстан Сох анклавы аркылуу транзиттик каттамдагы Баткендин тургундарын чек арада текшерүүнү күчөттү. Кыштут айыл округунун аймагына каттоодо турган Сай айылынын тургундары да кошуна чек арачыларынан кыйналып, облустук бийликке кайрылышкан. Ошондой эле бир жума мурда Өзбекстандын чек арачылары Таян айылына карай 3 чакырымдай жылып алган. "Ушул маселелерди чечүү үчүн кыргыз чек арачылары чечкиндүү кадамдарды жасабагандыктан, Өзбекстандын кызматтары менен 25-ноябрда сүйлөшүү жүргүзөбүз" дейт облустук бийлик.

Мээ айланткан Meгаком чыры
"Ыры" бүтпөгөн Раушан Рыкунованын баш коргоо чарасын Бишкек шаардык соту кайра карайт. Рыкунова "Альфа Телеком" (Meгаком уюлдук компаниясы) ишканасынан ири суммадагы акча алып чыгып кеткен деп айыпталууда. Учурда тергөө абагында. Рыкунова өзү ага коюлуп жаткан айыптоолор негизсиз деп эсептейт.

БУУ келет, кыйналгандар айткыла
Декабрдын соңунда Кыргызстанга БУУнун кыйноолор боюнча баяндамачысы келет. Бул тууралуу президент Роза Отунбаева 22-ноябрда Нью-Йоркто сүйлөгөн сөзүндө айтты. БУУнун баяндамачысы кыргыз өкмөтүнүн чакыруусу боюнча келет. Отунбаеванын айтымында, Кыргызстандын абактарында кыйноолорду токтотуу боюнча биртоп иштер жасалууда. Бул багытта прокуратура органдарынын ролу жогорулады. Тергөө абактарында атайын видеокамералар орнотулуп, абактагыларды кыйнаган күч кызматкерлери жоопко тартыла баштады. Ал эми жергиликтүү укук коргоочулар тескерисинче түрмөлөрдө кыйноолор көбөйүп кеткенин айтууда.

Апрелге коюлган эстелик аяктай элек
Ак үйдүн алдындагы 7-апрелчи жигиттерге арналган мурунку эстелик алынып, ордуна жаңы эстелик тургузулат. Тургузулчу эстелик үчүн жарыяланган конкурста архитектор Улан Бейшенбаев менен скульптор, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Садабек Ажиевдин долбоору жеңип алган. Эстеликтин идеясы - ак менен каранын күрөшүн символдоштуруп турат, бийиктиги 7 метр келген ак таштын бир метр жери карайып, ошол кара жактарын кулатып жаткан, бронзадан жасалган 3 фигура чагылдырылат. Эстеликти 1-ноябрга чейин орнотуу пландалган эле. Бирок каражаттын тартыштыгынан эстелик толугу менен коюлбай туру.

Омей, 10 мүнөттө дейби?
5-декабрдан тартып Бишкектеги паспорт столдор өзүнүн ишмердүүлүгүн токтотот. Алардын аткарган иштеринин бардыгы шаардык статистика комитетинин алдындагы калкты тейлөө борборуна өтөт. Мындай маалымат шаардыктарды райондук паспорт столдорун жойгондон кийин калкты тейлөө борборунда кезекке тургандардын саны өтө эле көп болуп кетет деп кооптондурууда. Бул боюнча өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Анара Мамытова "мындай жол менен бийлик паракорчулукка батып бара жаткан паспорт столдорундагы коррупция менен күрөшүп жатат. Кезекке тургандардын саны көп болуп кетет деп кооптонуунун кереги жок. Паспортко бардык документтерди тапшырууга 10 гана мүнөт кетет" дейт.




  Крим-аалы

Бала бактырсаң абайла
Жайында Нарындан Бишкекке келген он сегиз жаштагы кыз бейтааныш адамдардын ишенимине кирип, алардын баласын багып берем деп жумушка орношкон. Бирок анча-мынча убакыт өткөндөн кийин үйдөн элүү миң сомдон ашуун алтын жасалгаларды, акча уурдап Нарынга качып кеткен. Ал акчасы түгөнгөндө Бишкекке келип, дагы бирөөнүн үйүнө бала багууга барат. Аны да 24 миң сомго чыгым кылып, үйдөгү көзгө көрүнгөн буюмдарын уурдай качкан. Колу туткан немени тартип сакчылары бат эле кармашты.
Малга айланткан мастык
23-ноябрда Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылынын 36 жаштагы тургунун "Мерседес-Бенц" унаасынын ичинен кимдир бирөө белине бычак сайып качып кеткен. Окуя болгон жерден жабырлануучу кансырап көз жумган. Кыраакы изкубарлар бул кылмышка шектүү ошол айылдын жашоочусун кармашты. Шектүү деп кармалган адамдын үйүнө барганда эле ал мас болуп мушташып, акыры бычакташканын айтып берди.
Кара куурайга айланган картошка
Кыргызстандан Казакстанга картошка жүктөп кетем деп келген казак аял Каракол шаарына барып, эки иштен бир иш бүтүрөйүн дегенби, кара куурай кошо алып бараткан жеринен кармалды. Казак келинге караколдук аял ортомчу болуп, кара куурайды сатып бергенге көмөктөшүптүр. Мүшөккө салынган картошкалардын арасында 150 ширеңкенин кутусуна салынып, скотчтолуп бекитилген кара куурайды изкубарлар таап чыгышты. Казакстанга кете турган кара куурайдын салмагы 2 кг 325 гр экен.
Жасалма акча жарытпады
Каракол шаарынын жашоочусу бут кийимин оңдотуп бүткөндөн кийин бүкүлү 200 сомдук жасалма акча менен эсептешкен. Бирок жасалма акча дароо эле көзгө көрүнүп, он жети жаштагы жигит изкубарлардын кылтагына түшүп, иш финполицияга өттү.
Кандуу жол
Москва районундагы Бишкек-Москва темир жолундагы поезд менен "Мазда-626" унаасы сүзүшкөн. Таламандын так түшүндө каптаган тумандан машиненин айдоочусу поезддин келатканын байкаган эмес. Кырсыктан унаанын айдоочусу көз жумуп, алты жүргүнчү ооруканага жеткирилди. Ал эми Тараз-Талас-Суусамыр автожолунан эки унаа жана бир трактор сүзүшкөн. Окуя болгон жерден төрт адам мерт болду. Ошол эле автожолдон "Ауди-100" унаасынын айдоочусу жолдо өтүп бараткан атты сүзүп алган. Машина талкаланып, айдоочу көз жумду, ичиндеги беш жүргүнчү ооруканага жеткирилип, ал эми ат үч-төрт бөлүккө бөлүнүп кеткен.
Абулгазиев укса эмне дейт?
Социалдык фонддун кызматкери Кыргызстандагы белгилүү бир чоң компанияга текшерүүгө барып, кеңседеги бирөөнүн уюлдук телефонун жымырып кеткен. Бул уурулук кеңсенин ичиндеги видеокамерага тартылып калгандыктан, Соцфонддун кызматкери дароо эле кармалды. "Ал чындыгында эле Соцфонддун текшерүүгө келген кызматкери экени калетсиз" дейт берки тарап. Бирок бул компания күнөөкөрдүн аты-жөнүн азырынча ачыкка чыгарыша элек.





  И-тагдаалы

Калчылдаткан кар көчкү
Чаткал районунда кар көчкүлөрдүн алдын алуу максатында райондун Ала-Бука - Каныш-Кыя автожолундагы Чапчыма ашуусуна кар көчкү станциясын долбоорлоо жана аны куруу үчүн өкмөттүн токтому чыкты. Кар көчкү станциянын ишке кирүүсү 2012-2013-жылдарга пландаштырылган. Азыркы учурда Чапчыма ашуусунда "Рават" кар көчкү станциясын куруу үчүн жер бөлүп берүүгө Чаткал райондук администрациясынан макулдук алынды. Ушул жана Нарын районундагы Долон ашуусуна да кар көчкү станцияларын долбоорлоого жана курууга өлкөнүн 2012-жылдагы бюджетинен 32 млн. сом каралуусу абзел.
Мөөнөт менен өчүрүү токтоп, кезек менен өчүрүү башталдыбы?
Бүгүн Бишкекте 9:30дан 15:00гө чейин ?2235-трансформаторунан тараган электр чубалгысында техникалык тейлөө иштери жүрөт. Бул тууралуу электр ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Буга байланыштуу борбордогу Кропоткин, Жантөшев көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Ал эми ушул эле күнү "Чакан ГЭС" ААК "ГЭС-4" ишканасы да оңдоо иштерин жүргүзөт. Ошол себептен саат 7:00дөн 19:00гө чейин Аламүдүн районуна караштуу Садовая айылы, ГЭС-3 району, Чыгыш айылынын бир бөлүгүндө электр энергиясы болбойт.
Сүймөнкулга эң мыктылар тандалат
Кыргыздын жүзү деп таанылган таланттуу актер, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун мемориалдык комплексин куруу максатында Кыргызстан боюнча марафон өткөрүлгөн эле. Бул мемориалды куруу үчүн архитектор, сүрөтчүлөр арасында атайын сынак жарыяланган. Ошол сынакка катышууга түшкөн 35 долбоордун ичинен мыкты деп табылган бешөөнү атайын түзүлгөн комиссия тандап алды. Эми ошол бешөөнүн ичинен да эң мыктысы тандалып, жакын арада бул мемориалды куруу ишке киришет.
Чыңгыздын айкели коюлат
Талас облусундагы Кызыл-Адыр айылына ааламдык жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкели орнотулат. Айкелди коюуга атайын "Семетей" кинотеатрынын маңдайынан орун берилген. Таластын кыйынчыкмалары чогулткан каражат бул айкелди толугу менен орнотууга жетишсиз болуп калган эле. Бирок Таластын намыскөй жигиттеринин бири, ишкер Сыргак Асанбеков өз чөнтөгүнөн каражат чыгарып, жазуучунун айкелине төрт жарым миллион сомдон ашуун сумма сарптады. Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү 12-декабрга карата анын айкелин ачуу болжонууда.
Төп түшкөн төрт сап жана сергек сегиздиктер
Кечээ жакында "Анфаль" басмасынан Кыргыз эл акыны Анатай Өмүркановдун төрт жана сегиз саптардан турган "Кайрыктар" деген жыйнагы жарык көрдү. Жыйнакка жандүйнө жаңырыгы катары ар кыл жылдары кагаз бетине түшүрүлгөн, кийинки жылдары жаңы жазылган, адамдын мезгил менен өз ара мамиле-байланышы, коомдогу орду, анын жашоосунун маани-маңызы, тарыхы жана келечек алдындагы жоопкерчилиги, парызы жана вазийпасы, адамкерчилик менен наадандык, достук жана калыстык, сүйүү жана жек көрүү сыяктуу түбөлүк темалар акынга гана мүнөздүү сергектик жана сезимталдык менен жазылган. Ошондой эле орошон ойчул маанайдагы, "сакадай бою сары алтын" дээрлик төрт саптары, сегиз кайрыктары топтолгон.