25.11.11 - 21-бет:
  Башың бош болсо баары оңой

Англис тили он күндө дейби,
ыя?

"Англис тили он күндө". Ар бир электр мамысында же аялдамаларда жалаяктай болуп чапталган жарнамаларды көрүп эле жүрсөңүз керек. Баасы канча болду экен, үйрөнө койсомбу деп кыялдарга жетеленип кетишиңиз толук мүмкүн. Эл аралык мамилелердин, компьютердин эне тилине айланган англис тилин чын эле он күндүн ичинде үйрөнүүгө мүмкүнбү? Деги эле англис тилин кантип, канча күндө үйрөнүү реалдуу? Мына ушул суроолорго жооп табуу максатында иликтөө жүргүздүк.

Чөнтөктө тыйын болсо, тил үйрөнүш кыйын эмес
Он күндүн ичинде англисче үйрөтөбүз деген курстарга телефон чалып окутуу шарттары жөнүндө сурадык. Англисче үйрөтүү курсунда окутуучу болуп иштеген Мария Чечина аталган курстун баасы 4000 сом турарын, окутуу 20 саатка созуларын билдирди. 10 күндүн ичинде англисче үйрөнгөн чилистендерди издеп, тилекке каршы таба алган жокпуз.
Ушул маселе боюнча кыргыз полиглоту Турусбек Мадылбайга кайрылганыбызда, мындай жол менен үйрөнүү мүмкүн эмес экендигин айтты. Англис тилин толугу менен үйрөнүш үчүн кеминде алты ай убакыт керек. Тил үйрөнүүнүн өзүнчө ыкмалары болот. Кандай ыкма болгон күндө да он күндө англисче үйрөнүү акылга сыйбаган көрүнүш дейт кыргыз полиглоту.
Чет тил үйрөтүү боюнча курстардын бирине кайрылганыбызда, кеңсе менеджери Бегимай Исакова: "Биздин курс деңгээлдер боюнча окутат. Эгер нөлдөн баштагандар болсо алты деңгээлден өтүүгө туура келет. 1-2-деңгээлдер 1400 сом, ал эми 3-6-деңгээлдер 1600 сом турат. Алтоону тең аякташ үчүн алты ай керектелет" деди.
Англис тилин үйрөнүүгө ынтызар болгон студенттердин бири Исабек Ташиев мектептен бери эле англис тилин окуп келе жатканын айтып, максатка жетиш үчүн мугалимдин берген билими жетишсиз болуп жатканын айтты. Ал азыр өз алдынча англисче үйрөнүү менен алек. Айрым адистер да тил үйрөнүү үчүн мугалимдин оозун карап отура бербей өз алдынча үйрөнгөн натыйжалуу деген пикирди карманышат.

Көп нерсе мугалимден көз каранды
Англис, француз, испан, итальян, немис тилдерин суудай сүйлөгөн профессор, философия илиминин доктору Үмүт Асанованы кепке тартканыбызда төмөнкүлөрдү айтып берди. Чет тилдерин үйрөнүүдө эң башкы фактор мугалим болуп эсептелет. Мугалим канчалык билимдүү болуп окуучуну өзүнө тарта алса, окуучунун да кызыгуусу ошончолук жогору болот. Андан кийин сөзсүз түрдө кызыгуу керек. Кызыгуу, каалоо болсо бул жашоодо бардык нерсеге жетишүүгө болот. Анан убакыт керек. Билим алуу, тил үйрөнүү үчүн эч качан кеч эмес. Бирок жаш кезде тез үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк жогору.

Кыргыз полиглоттору
Кыргызстандын Гиннес рекорддор китебин барактап жатып, төмөнкүдөй маалыматтарга ээ болдук.
Эң көп тил билген кыргыз - жазуучу Турусбек Мадылбай. Отуздай тил билет. Алар: түрк, өзбек, казак, англис, француз, немис, испан, итальян, португал, андан сырткары, "жансыз тилдер" деп аталган санскрит, авеста, латын, жаканий, байыркы түрк, эски славян ж.б.. Кыргызча жазат. Чыгармаларын орус, англис, немис тилдерине өзү которот.
Ал эми Италияда жашаган Цицерон Козубеков Улан кыргыз, испан, француз, англис, немис, итальян, орус тилдерин билет.
Ошондой эле Сейтек Качкынбай аттуу кыргыз жигити түрк тилдерин кошуп эсептегенде 15 тил билет. Ал азыр Жапонияда жашайт. Анын маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде тил үйрөнүүнүн сырларын төмөндөгүчө бөлүшкөн. Чет тилдерин үйрөнүүнүн сыры тилге болгон ышкыда. Тил үйрөнүүдө өзгөчө деле талант керек деп ойлобойм. Жөн гана кызыгуу керек жана тилдердин жалпы теориялык түзүлүшүн, кайсы тилдер бүлөсүнө кирерин аныктап, грамматикалык өзгөчөлүктөрүн билип алуу зарыл дейт ал.
Жогорудагы мисалдардан кийин жыйынтык чыгарсак. Англис тилин үйрөнүү үчүн
1) тил үйрөнүүгө болгон кызыгуу
2) күчтүү педагог
3) талыкпаган эмгек
4) убакыт
5) акча каражаты
6) күн сайын оозеки, жазуу жана окуу жүзүндө практика талап кылынат.





Ой, угуп атасыңбы?

Маалымат технологиялары өнүккөн сайын адам баласынын технологияларга болгон көз карандылыгы да артып барат. Мына ушундай заманбап техниканын бир түрү болгон кулактыктын (наушник) улам бир жаңы түрү чыгып, колдонуучулардын, өзгөчө жаштардын кызыгуусун жаратып жатат. Бишкектик жаштарды сүрөттөсөк, жынсы шым, кайыш чапан жана кулактык сөзсүз түрдө биринчи планга чыгат.

Кулактарга тыгып алып кулактык,
Жакшы укпай мынча неге куурадык?

Кулактык - өзүнчө бир дүйнө
Коомдук транспортко чыксам, ичи тымтырс. Бакылдашып бири-бири менен сүйлөшкөн адамдар чанда гана кездешет. Көпчүлүгү эле кулактарына наушник тагып алып уктап же телефонун чукулап бараткан болот. Ар кимиси өзүнчө бир дүйнөгө кирип алышкан. Улуу муундун өкүлдөрү транспорт ичинде мурда китеп окушса, азыр китептин ордун наушник алмаштыргандай элес калтырат. Ушундан улам наушниктин жаштардын жашоосунда өзгөчө мааниси бар экенин билсек болот. Бишкек шаарынын көчөлөрүнөн, коомдук транспорттон, сейил бактардан кулактарына наушник тагып алып жүргөн жаштарды кадам сайын жолуктурууга болот. Алардын кээ бирлери музыка укса, кээ бирлери радио угуу үчүн наушник колдонушат.
Борбордогу жогорку окуу жайларынын биринде окуган Адил уулу Арген кулагынан наушник түшүрбөгөндөрдүн бири. Арген көбүнчө радио угуш үчүн кулактык тагынарын айтат. "Наушниктин зыян экенин билем, бирок башкаларга тоскоол болбош үчүн наушник тагынам. Менин оюмча наушник абдан керектүү каражат. Анткени коомдук транспортто кетип баратып же башка иш менен алек болуп жатып деле радио же музыка уксаң болот. Эч кандай өзүнчө убакытты талап кылбайт. Мен көбүнчө наушник менен радио угуп жатып уктап калам" деди Арген. Аргенге окшоп наушник менен чогуу жатып, чогуу тургандар миңдеп саналат.
Кала берди учак алдында тепселип...
Наушник аркылуу улам жаңы маалымат алган жакшы деңизчи, бирок кулактыктын айынан өмүрү менен кош айтышкандар да жок эмес. Маселен, Бразилиянын Сан-Пауло шаарындагы аэропортто кайгылуу окуя катталган. Кулагына наушник тыгып алып шайтан араба тээп бараткан баланы конуп келаткан учак тебелеп кеткен. Тилекке каршы мындай кайгылуу окуялар Кыргызстанда да катталган. Кулактыктын айынан болгон жол транспорт кырсыктары көп эле катталат дешет жол коопсуздук кызматкерлери.
Наушник шпаргалканын бир түрү
Наушниктин жардамы менен сынактарды ийгиликтүү тапшырган студенттерди мурун тасмалардан гана көрүп келсек, учурда жогорку окуу жайлардын дээрлик бардыгынан көрүүгө болот. Шпаргалка колдонуу искусствонун бир түрү деген студенттер кулактыкты зор чеберчилик менен колдонушат. Өзгөчө кыздар экзамендин жоопторун алдын ала телефонго жаздырып алып, жайылган чачтын арасына көрүнбөгүдөй кылып наушникти катып алышат. Акыркы жылдары педагогдор жоолук салынган кыздардын наушникти жоолугунун алдына катып алуу мүмкүнчүлүгү жогору деп коңгуроо кагып келишет.
Кулагыңа күмүш сырга
Адистердин айтымына караганда, адам баласы 10-15 децибелден жогорку үндөрдү уга алат. Эки адам орточо үн менен маектешкенде үндүн бийиктиги орточо эсеп менен 30-40 децибелди түзөт. Эгер адам кыйкырып сүйлөсө үндүн бийиктиги 60 децибелге чейин жетет. Медиктердин айтымында, бул көрсөткүч коркунуч жаратпайт. Эгерде адам баласы 90-100 децибелден жогору үн толкундарын кабыл алса угуу системасы акырындык менен жабыркайт. Ал эми чөнтөк телефондору, радио плеерлерден 90-100 децибелге чейинки үндөр чыгат. Күнүнө 3-4 саат тынбай наушник менен музыка угуу дүлөйлүккө алып келет.
?Сырттагы ызы-чуунун үнүн басаңдатыш үчүн эч качан музыканы жогорулатпаңыз.
?Наушник укканда андан чыккан үн жанындагы адамга угулбашы керек. ?Музыканын катуу чыгышы адамдарга тоскоол болот жана этикалык жактан жат көрүнүш катары каралат.
?Кышкысын темир менен капталган наушник тагынуу кулагыңызга суук тийгизиши мүмкүн.
?Тамеки чеккен адам кулактык колдонсо, чекпеген колдонуучудан эки эсе зыян тартат.
?10 жыл бою үзгүлтүксүз наушник тагынсаңыз, онунчу жылы наушникти угуу аппараты алмаштырат.
Бетти даярдаган Уланбек Эгизбаев