25.11.11 - 20-бет:
  Жакырга илдет үйүр

Нурбектин муңун ким угат?

Оорулуу болуп калган баламдын көйгөйүн чечүү үчүн силерден жардам сурап келдим. Балким бизге кайдыгер карабай, боорукер, колунда барлар соопчулук кылып жардам берээр дейт редакцияга башбаккан Замира эже.
- Уулум Нурбек он жашка чыкканда эки бөйрөгүнөн операция болуптур. Операция учурунда бир бөйрөгүнөн тикенектүү таштарды алып чыгышса, экинчисине суу толуп кетиптир. Ошентип эки бөйрөгүнө тогуз жолу операция жасалган экен. Анын бөйрөгү оорулуу экенин убагында байкашпаптыр. Балким мен ошол кезде жанында болсом эртерээк доктурга көргөзмөк белем деп калам. Нурбек атасынын колунда жашачу. Жолдошум экөөбүз ал кичине кезинде эле ажырашып кеткенбиз.
- Эмне себептен ажырашып кеттиңиз эле, ортодо канча бала бар?
- Ортобузда үч бала бар. Балдар кичинекей кезинде союз тарап башаламандык башталганда жолдошум коммерция жасайм деп бирөөлөрдөн акча алып, акыры банкрот болуп калган. Карызыбыз көбөйүп, кыйналып жашадык. Ал Токмоктогу аскер бөлүгүндө иштечү. Ошол кезде улуу кызым 2-класста окучу, Нурбек бала бакчага барып, эң кичүүсү эмчекте эле. Кичүү уулум эмчекте экенине карабай Россияга барып иштеп кел деп жолдошум мени кайнагам менен абысыныма кошуп жиберди. Мен да кыйналып жашагандан көрө акча таап келейин деп оңой көрүп кетип калдым. Россияга барып сегиз ай иштеп, кайнагамдын соодасы жакшы жүрүшпөй акча тартыш болгондуктан мага акча бералышпай, мени чыгарып коюшту. Бир орус кемпирдин үйүндө жашап, нан жаап сатып эптеп акча чогултуп, балдарыма бир сыйра кийим алып биякка келсем жолдошум башка аялга үйлөнүп, үч баламды кайнене-кайнатама берип салыптыр. Аны укканда албетте шок болдум, балдарымды алайын деп кайындарыма барсам бербей койду. Ошентип ызы-чуу болуп атып улуу кызымды мен алып, ортончу балам жолдошумдун жаңы үй-бүлөсүнө кетип, кичүү уулумду кайнатам алып калды. Үч балам үч жакка чачырап кетти. Бөйрөгү оорулуу болуп калган уулум Нурбек өгөй энесинде жашап калды. Баламдын айтуусуна караганда, өгөй энесинин мурдагы никесиндеги төрт баласы аны катуу кармап, күн көргөзбөптүр. Атүгүл эки бөйрөгүнөн операция болгондо да чакага суу көтөртүп, оор жумуштарды жасатышыптыр. Жүрөгүм сезип, баламды издеп канча жолу бардым. Бирок жолдошум аны көргөзбөй, тиякта-биякта деп жашырып койчу. Нурбек өгөй энесинин сиңдисинин койлорун кайтарып талаада жүрөт деп угуп, издеп барып учурашып кеттим. Андан кийинки жолу барсам Нурбек "апа, мени алып кетчи" деп жалдырады. Өзүм деле 9-классты бүткөндөн кийин аны алып кетейин деп жүргөм. Ага үйгө кирип кийимдериңди алып чык десем, мага эч нерсенин кереги жок деп артын карабай мени менен кетүүгө шашты. Абдан көңүлү калса керек. Атасына телефон чалып Нурбекти алып кеткенимди кабарлап койдум. Колума келгенде балам абдан түнт, жалтаң болуп калганын байкадым. Эч күлчү эмес, коркуп турчу, нан жесе жалтаңдап сурап жечү. Атасы эртең менен таң атпай жумушка кетип, кечинде булар уктаганда келгендиктен аны көрчү деле эмес экен. Нурбекке өгөй энесинин балдары кордук көргөзүп, атаңа айтсаң тигинтебиз-минтебиз деп коркутуп, атүгүл бир баласы кашык менен башка чаап башын жарыптыр. Алар Нурбектен улуу болгондуктан жумшап, каалаганча кордошчу экен.
Баламдын бөйрөгү кайрадан ооруй баштаганда аны операция жасаган дарыгерлерге жолуктум. Нурбекти бир профессор операция жасаган экен, анын көзү өтүп кетиптир. Операцияда анын заара чыгарчу түтүкчөлөрүн бууп, айтор эки ай бөйрөгүнөн түз түтүкчө чыгарып заара ушатып жүрүптүр. Андан кийин дагы бир дарыгер операция жасап, бөйрөгүнөн табарсыгына кетчү жасалма түтүкчө койгонун айтты. Операция оор болуптур.
- Балаңыз сизге келгенден кийин атасына барып турдубу?
- Жок, барууну каалачу эмес. Андан көңүлү калгандай эле. Өгөй энеси Нурбекти кантип урганын көргөндөр айтып беришти. Азыр баламдын абалы абдан оор. Жакында бөйрөгү ооруп басалбай калганда доктурга көргөзүп УЗИге тарттырсак, бир бөйрөгү куурап көрүнбөй, экинчиси кичирейип 9 мм болуп калыптыр. Бөйрөгү ооруганда кан басымы көтөрүлүп, ошондон улам жүрөгү да чоңоюп кетиптир дешти. Дайыма башым ооруйт дейт. Кардиологияга жүрөгүн текшертип, дарылатууга жаткыралы деп рентгенге тартса, туберкулез болуп чыкты. Анын бөйрөгү жакшы иштебей, жакшы дем алалбай, кан түкүрүп калган. Алардын айтымында, туберкулез эч кимден жуккан эмес, бөйрөгү иштебей, организмдеги керексиз заттар сыртка чыкпагандан улам пайда болгон дешет. Аны туберкулез айыктыруучу атайын ооруканага жаткырып дарылатып чыктык. Эми бөйрөгүн дарылаталы десек эч бир оорукана кабыл албайт. Нурбек дааратканага тез-тез барат, дарыгерлердин айтымында, заара ачуу жыттанып туруш керек экен. А Нурбектики суудай эле жыттанбайт. Анализ тапшырсак сийдик аркылуу чыкчу денедеги уулуу заттарды бөлүп чыгаруучу креатин дегени 624 болуп кетиптир, а соо адамдыкы 63-110 болот экен. Эгер бул 700гө көтөрүлсө адам өлүп калышы мүмкүн деп айтышты. Мунун бөйрөгүн алмаштырыш керек, мындай операцияны Түркияда, Кытайда жасашат экен. Ал 50 миң доллардын тегерегиндеги каражатты чапчыйт дешет. Нурбектин алы жок, төшөктө жатат. Апа, чоңойгондо сизди багайын дегем деп кейип калат. Туугандарга балаңыздын өмүрү аз калды, аракеттенбей койсоңор деле болот, колубуздан эч нерсе келбейт, биздин медицина алсыз, силердин акчаңар жок деп айтыптыр. Мен эми балам качан өлөт деп күтүп отура бермек белем, убара болуп, акча кетсе деле акыркы күчүмдү жумшап аракет кылайын деп күнүгө Кудайдан тиленип ыйлап отурам.
Редакциядан: Нурбектин тагдырына кайдыгер карабай жардам берчүлөр болсо редакция менен кабарлашсаңар болот.




  Жандүйнө чаңырыгы

Эркек болгум келет!

Өзүн Бакыт деп тааныштырган кыргызстандык кыз АКШдагы Чикагодо чачтарач болуп иштейт экен. АКШга кеткенине жети жылдын жүзү болуптур. Анын "Менин дүйнөм" интернет желесинде эркектин сүрөтү тургандыктан көпчүлүк аны эркек деп таанышат. Бирок Бакыт эмне кылаарымды билбейм, жардам кылгыла, балким меникине окшош тагдырлар бардыр, алар мага кеңеш айтышар деген өтүнүчүнөн анын муңун уктум.

- Менин ата-энем Таласта жашашат. Беш эжем бар, мен алтынчы кызмын. Атам мындан төрт жыл мурун ажыдан келгенден кийин жети күн өтпөй эле каза болуп калды. Апам бар. Эжелеримдин айтуусуна караганда, мурун апам улам уул төрөйм деп беш кызды катары менен төрөптүр. Ата-энемдин көксөгөнү, тилегени кабыл болуп алтынчы бала уул төрөлүптүр. Кубанычы койнуна батпаган ата-энем ал бактылуу болсун деп атын Бакыт коюшуптур. Ал бир жашка чыгып чуркап калганда апам байкуш дагы уул болоор деп мени боюна көтөрөт. Ата-энемдин кубанычы болгон Бакыт бир жашка чыкканда чарчап калат. Бакыт көз жумган түнү кыз болуп мен төрөлүптүрмүн. Көптөн күткөн уулу чарчап, анын ордуна кыз төрөлгөн ата-энемдин кайгысы күч алат. Апам акылынан бир аз адашып барып оңолот. Мени жеришип, кыз катары көргүлөрү келбейт. Анан ошол чарчап калган баласынын атын мага ыйгарып Бакыт коюп салышат. Ошондон баштап ата-энем мени кыз көрбөй уул деп жалаң эркек баладай кийинтип, эркекче тарбиялашат. Бирок табигаттын берген жынысын кантип өзгөртмөк элем, өзүм эркектердей тарбияланганым менен дене мүчөм кыз боюнча да. Ошентип мен да кыз экенимди унутуп эркектерче сөгүнүп, эркектер менен ойноп, ошондой мүнөз күтүп көнүп калыптырмын.
Мен эптеп окууну бүтүп өз күчүм менен окууга тапшырдым. Окуудан сырткары сүрөт тартып, аны сатып акча топтоп ата-энеме жиберчүмүн. Шаарда бир эженин эки баласын карашып, үйүн жыйнап, оокатын жасап жашачумун. Ошол эженин алысыраак туугандарынын кызы да бизге кошуна жашачу. Ал менден төрт жаш кичүү болсо да экөөбүз дос катары бири-бирибизди жакшы түшүнчүбүз. Андан сырткары, экөөбүз спорт залга да чогуу барчубуз. Каратэге катышып жүргөндө Мирон деген жигитим бар эле. Ал мени жактырарын көп айтчу.
Бир күнү кечинде Мирон бүгүн эжемдин туулган күнү, келбесең капа болом, сени тааныштырайын дедим эле деп үйдөгү эжемден сурап алып кетти. Оюмда эч жамандык жок, эч нерсени капарыма албай ал жерге барсак үйүндө беш-алты бала чегип отурушуптур. Мен аларды көрүп эле Миронго атырылып бир тийдим, эмнеге алдадың, кетем дедим. Балдар мага "кызсыңбы же эркексиңби, чечип көрсөт, Мирон биз менен мелдешкен" деп күлүштү. Мирон экөөбүз уруша кеттик. Ал күчкө салып чечинтмей болду. Бирок мен алым жетишинче алтоо менен алышып жатып эшикке жылаңайлак качып чыктым. Алар артыман кубалап жетишпеди. Мен таксиге отуруп үйгө жеттим.
Үйгө жетип подъездде ыйлап отурдум. Ошондо жанагы кыз эшикке чыгып, жаныма келип мени менен кошо ыйлап отурду. Ошол күндөн баштап экөөбүз жакын болуп кеттик. Мен ошол күндөн баштап эркектерди жек көрүп калдым. Башында ал кызды бир тууганым, досум катары көрчүмүн. Ал мага мени сүйүп унута албай эмне болуп баратканына түшүнбөй жатканын айтты. Ошол күнү менин да жүрөгүм башкача болду. Экөөбүз азыркыга чейин бири-бирибизден кече албай жашап жатабыз. Ал кыз Бишкекте окуйт, мен ага ай сайын акча салып, күндө телефон менен сүйлөшүп турабыз. Мени кыйнаган нерсе - биздин келечегибиз жок. Мен өзүмө күйбөйм, анын бактылуу болушун каалайм. Таштап кетейин десем ал мага, мен ага үйлөнүп калганбыз. Алты жыл болду. Эч кимге айталбай күн өткөн сайын кыйналам, кээде баарынан кечип өз жанымды кыйгым келет. Ал кызды мен да сүйөм, баарына кайыл болуп операция жасатып, жынысымды өзгөртсөмбү деп да ойлойм. Балким мен ооруп жүргөндүрмүн деп психологго да бардым. Бирок андан жыйынтык чыккан жок. Менин сырткы келбетимди көргөндөр кыз же эркек экенимди ажырата албай сурагандар да болушат. Чындыгында мүчө боюм кыз болгону менен келбетимди эркектерге окшоштуруп алып жүргөндү жактырам. Көкүрөгүмдү жашырууга аракеттенем. Балким кичине кезимде эркекмин деп өсүп калган туура эмес психологиянын таасириби, же?..
Бетти даярдаган Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, т.: 38-67-13