25.11.11 - 15-бет:
  Ойку-кайкы он жыл

Селкинчек тепкен тооктор, дейди соболдор жана эски жол
Сөз ирмемдер базары

Орок сатылат, оозу менен орок оргондор, шашылгыла!
Обондуу убадаларды аранжировкалайм.
Чорт сынган дубинкаларды итбекер жалгаштырам.
Тоокканамды батирге берем, акысын жумурткалай алам.
Сулуулугум менен дүйнөнү сактоого эркек керек.
Эне тилим үчүн "Эне тил" китебин сатам.
Карышкыр ичик каалоочулар кайрылгыла, койлорумду кырыбатат.
Танк сатам, сокосу менен кошо алсаңар, андан сонун.
Беш өрдөк жоготтум, тапсаңар сүйүнчүсүнө бүт берем.
"Базар" партиясы түзүлдү, базарчылар, партбилетиңерди алгыла.
Азамат КЫЯЗОВ, "Агым", 6-декабрь, 2005-жыл

Записки от скуки
Коңултактык
"В полной душе помещаются все, а в пустой - ничего. Вот и пойми!"
(Антонио Поркья)

"Көөдөнгө эч нерсе батпай калды. Анткени ал бош" дедим. Түшүнгөн жок. Кайра шылдыңдап күлдү. Мен да күлдүм. Ыңгайсыз абал ыдырап жок болду.

Жалгыз тал
"Если бы я был сам себе вожаком, я не вел бы себя по тропе, ведущей к смерти".
(Антонио Поркья)

Күзүндө Кердегейден кат келиптир. "Сижу и гляжу на старую одинокую иву. Кстати, она передает тебе привет и говорит: "Передай Эрнису, я воскресла из мертвых, пускай он возьмет пример у меня…"

Эмне дээримди билбейм. Айла жок. Колумда чылым, көөдөндө түтүн. Жеңижоктун саптары келет: "Бакайырда жалгыз тал…"
Бийиктик
"Если не поднимать глаза, можно уверовать, что ты - самая высокая точка".
(Антонио Поркья)
Лев Николаевич Толстой Ясная Полянадагы үйүндө китеп окуп отурган. Кулак-мурун кескендей жымжырттык эле. Бак-дарактардын шуудураганы, чымчыктардын сайраганы угулбайт. Босогодо эки караан пайда болду. Лев Николаевич карап да койгон жок. "Эмнеге келдиңер?" деди баш көтөрбөй. "Сизге асмандан түшкөн китеп алып келдик" деди караандар. Алакандай китеп сунушту.
… Орус адабиятынын залкары ордунан обдулуп караандарды үйдөн кубалап чыкты.
Көп деле күн өткөн жок. Лев Николаевичтин тунук акылы, орундуу сөзү кетип, күндөн күнгө кадимки орус аюусуна айланып баратты. "Жин тийди" дешти баары бир ооздон. Чогулушту. Чочушту. Чокунушту. Залкар жазуучу жин тийип жан берди.
Эрнис АСЕК уулу




Көк дептер

- Эмнелерди жазгың келет?
- ... бошко кеткен эргүүлөрдү.
Жолон
* * *
Арабыздан эч ким ачка


болбосун,
Арабыздан эч ким өтө


тойбосун.
Кээ бирөөлөр күнөө жасап


жогунан,
Кээ бирөөлөр күнөө жасайт


тогунан.
Расул Гамзатов
* * *
"Жолон өлгөндөн бери мен өлүмдү да жакшы көрө баштадым. Өлүм мага жат болбой калды"
Рыспай (күндөлүгүнөн)
* * *
"Алыкул пивону жакшы көргөн. Ооруп жүргөндө да 200 граммга дейре агынан аралаштырып койчу".
Шайык Жамансариев (акындын досу)
* * *
"Жаман адам гана аялдан сүрдөбөйт"
М.Русинек
* * *
"Италиялык аялдарга суктанчу элек, эми азиялык мадонналар да чыккан тура..."
Камил Ярматов (Бакен Кыдыкеева тууралуу)
* * *
"Үй-бүлөлүк турмушта кайгы-капа көп болот, бирок үй-бүлөсүз турмушта эч кандай кубаныч болбойт"
С.Жонсон
* * *
"Менде юмор жок"
Ч.Айтматов
* * *
"Цени любовь, береги свободу"
Түрмөдөгүнүн сөзү
* * *
"Өз өмүрүмдү үч мөөнөттүү мөрөйгө чыккансып карайм: жаштык кез, эр ортону, карылык. Соңку эки мөөнөттү утуп мөрөй алышым керек. А бирөөнү эбак эле уттургам"
В.М.Шукшин
Даярдаган Жеңишбек ЭДИГЕЕВ, "Агым", 25-ноябрь, 2005-жыл