mainkaptal
Пользовательский поиск
  Рысалиевге кулак кагыш

Милийсадагы мас бардак
Үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрында Токтогул районунда милиция кызматкерлери кесиптик майрамын майрамдап атышканда алардын арасындагы бирөө мас абалында бейкүнөө адамды бычак менен сайып кеткен.

Алмаз ТУУГАНБАЕВ, 33 жашта:
"Менден акча өндүргүсү келген"

- Айылда мага өзүнөн өзү өчөшүп жүргөн милиционер бар болчу. Анын аты-жөнүн деле билбейм. Ал мени базардан же көчөдөн көрүп калса эле текшерем дей берчү. 10-ноябрь күнү Илияз деген иним экөөбүз машине айдап өз иштерибиз менен жүрсөк ошол милиция мени көрүп токтотуп калды. Мен машинеден түшүп жанына жеткенде ал чөнтөгүнөн пистолетин алып мага такап калды. Милиция мас экен. Аны көргөн иним атып салат деп коркуп качып кетти. Милиционер пистолетин кайра чөнтөгүнө салды да мени катуу уруп кирди. Мен ага каршылык көргөзгөнчө болбой качып жөнөдү. Бул эмнеге качып атат деп ойлоп коем, ал кичине узаары менен эле ичим ысый түштү, карасам кан шорголоп агып аткан экен. Мага бычак сайганын билип үйдү көздөй жөнөдүм. Үйгө келип эле ата, апа деп кыйкыргандан кийин эле эсимди жоготуп коюптурмун. Ата-энем Токтогулдагы аймактык ооруканага алып барышты. Аяктан бычак сайылган жерди тигишти. Бир маалда дааратканага барсам артыман да, алдыман да кан шаркырап агып кирди. Булганган кийимдеримди үйгө барып алмаштырып келейин деп кеткем, андан кийин эч нерсени билбей эс-учумду жоготуп коюптурмун. Токтогул райондук ооруканасы УЗИден текшерип, бычактын учу бөйрөккө тийиптир, Бишкекке тез арада баргыла, бул биздин колубуздан келбейт деди. Ошол учурда ооруканага милициядан тергөөчү келди, мен аларга көргөзмө бергим келбеди. Себеби ошол күнү милиционерлердин баары майрамдап жүрүшсө өздөрүнүн кесиптешин сатмак беле деп ойлоп, прокуратурага берем дедим. Бирок прокуратурада ал күнү эч ким жок болуп чыкты. Ошол убакта көргөзмө берүүгө деле акыбалым начар болчу. 11-ноябрда эртең менен Чүй облустук ооруканасына келдим. Мен биякка келсем, Токтогулда "өзүнө өзү бычак сайды, милицияга кол көтөрдү" деп үстүмөн кылмыш ишин козгошуптур. Менин ооруканага жатканымды көрүп, мындан мурун мен да чуркайын десе керек, тиги милийса мени катуу сабады деп ал да ооруканага жатып алыптыр. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, "эки наркоман бир милиция кызматкерин катуу сабады" деп КР КЖКнын 343-берененин 2-бөлүгү менен Илияз иним экөөбүздүн үстүбүздөн кылмыш ишин козгоп, аны камап коюшуптур.
Авазгүл ЖЭЭНАЛИЕВА, Алмаздын апасы:
- Буга чейин милиция менен эч ишибиз деле жок болчу. Негизи Токтогул районундагы милиция кызматкерлери анча-мынча колунда бирдемеси барлардын балдарына наркотик салып, сен ууру кылдың же кыз зордуктадың деп жалган жалаа жаап далай акча өндүргөн окуяларды угуп жүрчүбүз. Мындай кылмышты кайра жабыш үчүн алардын ставкасы 60 миң сом деп ачык эле айтышат экен. 7-апрелден кийин Токтогул РИИБине начальник болуп келген адам да кармалган ууруларга министр тай сурап атат деп алардан тай алып анан кое берип жиберишет деп угуп калабыз. Чындыгында биздин райондо уурулук көп болот, бирок көбүнүн бети ачылбай келет. Айылда кичинекей коммерциябыз бар. Ошону көрүп булар акчалуу деп ойлоп атышса керек.
Милиция уулума бычак сайгандан кийин ызы-чуу болуп атып убагында арыз жазалбай калдык. Эсин жоготкон баламды кечинде ооруканага алпарсак бир да дарыгер жок экен. Уулум улам эсин жоготуп жаты. Биз менен бир медайым дары-дармек беримиш болуп жүрдү. Уулумду ооруканага алпарган кезде ал жерде бир тергөөчү жүргөн. Көрсө, ал тергөөчү менин балама бычак сайган милицияны ооруканага жаткырып, андан арыз жаздырып атыптыр. Аны деле билген эмеспиз. Анан бизге келип, эмне болгонун толугу менен айтып арыз жазгыла деди. Уулум улам эсин жоготуп абалы оор болуп тургандыктан, айланайын, мен эч нерсе билбесем, экөөнүн урушун көрбөсөм кантип арыз жазып берем десем, бул менин милдетим, азыр айтып бергиле деп демитип кирди. Жанымдагы аялдар да баланын абалы оор болуп турат, эртең менен сурагыла дегенинен ал кетип калды. Ал Мисирбеков деген тергөөчү экен. Ооруканада хирург же врач аттуу жок. Бир хирургду үйүнөн барып атайын машине менен алып келсек, ооруканага бир жаш бала сокур ичеги болуп түшүптүр, аны тез арада операция кылыш керек деп ага кирип кетти. Балам кансырап улам эс-учун жоготуп жатат. Тиги хирург операциядан чыккандан кийин операция болгон баланын атасы сыйлайм деп аны өзүнүн машинесине салып алып кетиптир. Биз чыйпылыктап күтүп атабыз. Бир маалда кызымтал болуп врач келди. Ошол кезде айлам кетип Токтогул РИИБине бардым. Ал жерде дежур милициялар бар экен, милиция балама бычак сайды дегенди укканда "карга карганын көзүн чукубайт" дегендей, мага орой мамиле жасап, арызымды кабыл алышпады. Ошол күнү Токтогулдун милициялары "Сыдык Болуш" деген кафеде ырдап-бийлеп майрамдап атышкан экен. Кафеге барып, каңылдап аткан музыканы токтотуп, кулактандыра турган сөзүм бар деп суранып, алардын майрамы менен куттуктагандан кийин, менин баламды силердин бир кызматкер бычак менен сайып кетти, ал каякта, таап бергиле, ишенбесеңер жүргүлө баламды көргөзөйүн дедим. Ошол жерде бийлеп аткан милициянын бирөө "продолжайте!" деп кыйкырганда менин сөзүмдү эч ким укпастан, музыканы кайра коюп эч нерсе болбогондой бийлей башташты. Эмне кылаар айламды билбей көчөдө турган МАИ кызматкерине менин балама милиция бычак сайып жиберди, жок дегенде барып көрүп койгулачы деп айтып атсам, жаныма башка милиция басып келди да, сенин балаң деле аны өлөрчө сабап коюптур, ал да ооруканада жатат деди.

Догурунган милийса
Эмне кылаарымды билбей чуркаган боюнча ошол милиция жаткан палатага кирсем, бети-башы таптаза, чалкалап керебетте жатат. Сенин тилиң жокпу, макул уруш, эмне үчүн баламды бычактайсың деп аны алка-жакадан алып жаакка чаап жибердим. Тигил милиция ордунан туралбайт, оозунан буркурап арак сасыйт. Дарыгерлер сага милиция чакырабыз, эмнеге ызы-чуу салып атасың деп мени күнөөлөп киришти. Менин балам оор акыбалда жатат, бул милициянын эмне себептен кайсы жери жабыркап жатканын көргөзгүлөчү, азыр бул мас экенин далилдеп бергиле десем, сиз шум кылбаңыз деп сөзүмдү укпай коюшту. Милиция мас болчу. Бир убакта жаш дарыгер келип, качып кетиптир деп айтты.
Биз биякта чуркап жүрсөк, уулум менен жүргөн Илиязды ары жакка киргизип алып, эркек болбойсуңарбы, эмне арызданасыңар, сүйлөшөлү, сен эч нерсе көргөн жокмун, билбейм деп айт деп кысымга алышыптыр. Баламдын эс-учун жоготуп оор абалында жатканын көргөн дарыгерлердин бири да кенеп койгон жок. Айлам кеткенде Кубан деген врачка Бишкекке алып кете берели, антпесе болбойт, жол киреңерди деле төлөп берели, бир дарыгер бизди коштоп барсын десем ага ынабады. Бишкекке чейин аман-эсен жетсек экен деп кудайдан тиленип араң келдик. Негизи мындай кырдаалда оорулуунун жанына бир дарыгер кошулуп келиши керек эле.
Мен бул окуяны териштирүү үчүн Токтогул РИИБинин начальнигине телефон чалсам, ал менин сөзүмдү уга турган түрү жок. Тескерисинче, сиз балаңыздын түрмөгө отурбашын ойлонуңуз, ал биздин кызматкерди өлөрчө сабаптыр, балаңыз күнөөлүү деди. Экөөбүз урушуп кеттик. Андан кийин биздин райондун прокуроруна чыктым, ал да сенин балаңдын үстүнөн иш козголуп менин столумда турат деди. Ушул кантип болсун?! 10-ноябрдын эртеси уулумдун жанындагы Илиязды да күнөөлүүсүң деп камап коюшуптур. Уулум бычак жегени аз келгенсип, эми ак жеринен караланабы?

Бактыяр КУЛБАЧАЕВ, Чүй облустук бириккен ооруканасында хирургия бөлүмүнүн башчысы:
"Бейтаптын абалы оор болчу"
- Бизге Алмазды 11-ноябрда эртең менен оор абалда алып келишти. Ал жактан жакшы жардам болбогонуна байланыштуу биякка келдик дешти. Бул жактан рентгенге тартсак өпкөсү таза чыкты, ички органдарындагы бычак сайган жерлерине кан уюп калыптыр. Эки жолу бычак сайылган. Анализ алсак заарасынан кан чыгып атат, бөйрөккө тийгендей, бирок каптал жагына сайганына байланыштуу дары куйгандан кийин кан акканы токтоду. Ошондуктан операция кылган жокпуз. Эрнест Акрамов операция кылбай эле дарылоо жолу менен айыктыралы дегенинен дарылап атабыз. Негизи, биякка бычак жеп түшкөндөр көп эле болот. Милициядан токмок жеп жабыркап кайрылгандарды көрүп эле жүрөбүз, бирок милиция бычак сайган деген фактыны биринчи көрүп атабыз.




  Ийне жоголду…

Жаныбектин жанын алган күнөөкөр качан кармалат?!
"Тумар" радиосунун ди-джейи Жаныбек Айдаралиев үч жумадан бери ооруканада эсине келбей 9-ноябрда көз жумган.

Анын акыркы сапарга узатуу зыйнаты 12-ноябрда туулуп-өскөн Нарын шаарында болду. Жаныбектин сөөгү ата-энесинин үйүнөн чыкты. Биртууган эжеси, иниси, атасы, тууган-туушкандары Жаныбекти жоктоп сыздап кала беришти. Жаныбек жаш болсо да бир катар радиостанцияларда, түнкү клубдарда эмгектенип кеткен экен. Ага топурак салуу үчүн кесиптештери, жубайы Айжан Кулибаеванын "Европа плюс" радиосунан өкүлдөр, "Тумар" радиосунун жалпы жамааты, айтор маркумдун ар бир иштеп кеткен жерден бир-экиден адам барып акыркы сапарга узатышты. Ал чыгармачылык эмгек жолун Нарын шаарындагы жергиликтүү "Алмаз" радиосунан баштаптыр.
Жаныбек 23 жашта деп жерге берилди. Анын апасы Жаныбек он экиге чыкканда каза болуптур. Апасынын мүрзөсүнүн жанында бир орун бар экен, Жаныбекти ошол жерге жанаша коюшту. Атасы, Жаныбектин жакындары биз карапайым адамбыз, бул кылмыш ишинин аягына чыгаруу үчүн анын кесиптештеринен, журналисттерден үмүтүбүз чоң деп көздөрүнө жаш алышты. Ал эми Жаныбектин өлүмүнө себепкер болгон таксист укса да укмаксанга салып аны акыркы сапарга узатууга барбаптыр.
Өлбөгөн адамдын суусу түгөн-мөйүнчө жашай берет эмеспи. Жаныбектин тагдыры ар бир адамдын башына келбейт деген кепилдик жок. Ошондон улам өткөн жуманын аягында "Коркунучсуз жашоо" деген лозунгдун алдында журналисттер Ак үйдүн алдына чыгып, Жаныбекти эскерүү акциясын өткөрүштү. Акцияга келген ММК өкүлдөрү кылмышкер тез арада кармалып, мыйзам алдында жооп берүүсүн талап кылып, биз дайыма коркунучтуу кырдаалда жашап, иштегибиз келбейт деген ойлорун ачык айтышты.
Жаныбекке ажал алып келген адамдын аты-жөнү Ысык-Көл облусунун тургуну, 1983-жылы туулган Максат Аскарбекович Эралиев экени белгилүү болгон. Бирок анын аты-жөнү такталса да кичинекей Кыргызстандын ичинен табылбай, кармалбай жүргөнү өкүнүчтүү. Максат Эралиев ЖК депутаты Улан Чолпонбаевдин жардамчысы болгон деген да маалымат тараган. Бирок депутат мырза бул фактыны четке кагууда.
ИИМ министринин орунбасары Мелис Турганбаев 21-ноябрга чейин кылмышкерди табуу буйругун тартип сакчыларына бергенинен кабар алдык. Биринчи май РИИБинде М.Эралиевдин үстүнөн КР КЖКнын 104-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Эгер Максат Эралиевди көргөн-билгендер болсо 102ге же ИИБдин (0312)437-168, (0312)437-175 номуруна чалып кабарлап койсоңор. Биз бул окуяны көз жаздымдан чыгарбайбыз.
Бетти даярдаган Назгүл КАЛМАМБЕТОВА







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"