18.11.11 - 7-бет:
  Башталды!

Үшүгөнгө шишиген же кабылдап кеткен жараат
Ош облустук балдар ооруканасынын алдында ондон ашуун аял балдары менен пикетте турушат. Алар балдарына сакайгыс СПИД дартын жугузган ак халатчандарды токтоосуз жазалоону талап кылышууда.
- Ырас, 300 сомдон пособие чектешкен. Бирок бул эч нерсеге жеткидей эмес. Аны 15-20 миң сомго көтөрүшүн талап кылабыз! - дейт жабырлануучулардын бири. - Мэр жана губернатор тил гана эмизип келатышат, тилекке каршы, убадаларынын бирин дагы эмдигиче аткарышкан жок.
Кепти улаган экинчи келин буларды кошумчалады: - Балдарыбызга сакайгыс дартты жуктурган доктурлардын бири дагы эмдигиче жоопкерчиликке тартылышкан жок. Ноокаттык ак халатчандар Ракия Кадырова, Абыт Эгембердиев кылы кыйшайбастан эле кайрадан поликлиникаларда иштеп жүрүшөт. Ал эми Ош облустук балдар оооруканасынын ошогездеги башкы дарыгери Төлөн Шайназаров ОшМУнун медицина факультетинде дале сабак берип жаткандыгы таңкалычтуу. А Эркин Токторов аттуу дарыгер республикалык СПИД борборуна которулгандыгы негедир шектендирет.
Ушинткен акция катышуучулары алардын ар бирине миллион сом каражат бөлүүнү, ошондой эле Ош шаарында курулуп жаткан үйлөрдөн аларга да квартира берүүнү бийликтен талап кылып турушат. Анткени балдары СПИД илдетине чалдыкканын билгенден кийин көпчүлүгүн күйөөлөрү үй-бүлөсү менен таштап кетишкен. Дагы кейиштүүсү: жабыркагандар мурдагыдай эл менен кең-кесири катташа албай, а түгүл тууган-уруктарынын өлүмүнө да жолобой калышты.
Ош облустук СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борборунун мурдагы директору, учурда ОшМУнун окутуучусу Түгөлбай Мамаев коюлуп жаткан талаптар жөндүү экендигин моюндады: - Жабыркаган ар бир үй-бүлөгө бир миллион сомдон өкмөт төлөй албайт, бирок жөлөк пулду 10 миң сомго көтөргөнгө мүмкүнчүлүк бар. Биз адегенде ушул илдетке чалдыккан 60 кишиге ошондой жардам көрсөткөнбүз, - деди Түгөлбай Мамаев. - Ал эми дарыгерлердин айыбы канчалык, аны терең иликтөө абзел. Бала каерде туулган, дарыланган, кимдер менен ооруканада жаткан, бул өзү көп убакытты талап кылчу жагдай. Ушул өңдөнгөн ар тараптуу териштирүүдөн кийин гана айыпкерлерди даана аныктаганга болот.
Айтмакчы, Ош облустук балдар ооруканасынын башкы дарыгери Абдысамин Анарбаев нааразычылык акциясынын катышуучуларынын талаптары вице-премьер-министр Ибрагим Жунусовдун катышуусунда тээ октябрда эле каралгандыгын, маселеге өкмөт гана чекит коерун баса белгиледи.
- Талаптарын карасаңыз, биринчиси, СПИД менен жабыркагандардын ар бирине миллион сом төлөмөй, экинчиси, аларды Ош шаарынан бекер квартира менен камсыздоо, үчүнчүсү, айыпкерлердин үстүнөн сот жараяндарын улантуу, төртүнчүсү, жөлөк пулду 10 миң сомго көтөрүү, бешинчиси, СПИД менен жабыркагандардын макамын былтыркы Ош коогалаңында жабыркагандарга теңештирүү. Албетте, бул маселелерди губернатор, мэр дагы чындап эле чече алышпайт! - деди Абдысамин Анарбаев.
Бул арада Ош облустук прокурору Айбек Турганбаев нааразычылык акциясынын катышуучуларынын аракетин дээрлик кубаттаган жок.
- Былтыр Ноокатта СПИД дартын балдарга жуктургандардын баары соттолушкан. Ал эми азыр Ноокат, Кара-Суу райондорундагы жана Ош шаарындагы жабырлануучуларга карата экспертиза дайындалып, ушул тапта ар тараптуу иликтөө жүрүп жатат. Жыйынтыгын сөзсүз жарыялайбыз! - дейт Ош облус прокурору Айбек Турганбаев. - Ал эми ошонун жыйынтыгына карап күнөөкөрлөргө карата сөзсүз чараларды көрөбүз.
Айтмакчы, өкмөт башчысынын орунбасары Ибрагим Жунусов ушул жылдын октябрь айында СПИДге кабылгандар менен бетме-бет жолуккан. Ошогезде ал турак жай маселеси өкмөттүн атайын чечими менен чечилээрин убада кылган эле.
Акыркы убакта болгондой, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги СПИД дартына чалдыккандарга нааразычылык акциясын улантуу үчүн чатыр бөлүп берүүдөн жана аларды ысык тамаш-аш менен камсыз этүүдөн баш тартты.
Ошол себептүү нааразыланган тараптар эми Бишкекте акциясын улантууну чечишти.
Алишер ТОКСОНБАЕВ,
атайын "Жаңы Агым" үчүн, сүрөттөр автордуку
P.S. Энелердин бийликтин көңүлүн бурдуруу үчүн жасаган бул митинги Бишкекте да уланды. Плакаттарды жазып алып суукта турган энелерге бийлик тарабынан эч кандай көңүл бурулган жок. Саламаттык сактоо министрлиги болсо абал чын эле ушундай, Кыргызстан боюнча 268 бала ВИЧке кабылган, анын 180и ооруканаларда жуктурган, абалды изилдеп атабыз, энелердин социалдык маселелерин өкмөт гана чечет деп алакан жайды.
Бийлик болсо Атамбаевдин чачпагын кантип көтөрсөк дегенден башканы жакында ойлобойт окшойт.




  Ашказан аксиомасы

Баалар бакыртпай көндүрүп келатат
Жаңы жылга жакын кандай азык-түлүк болбосун баанын көтөрүлгөнүнө көзүбүз да, өзүбүз да эбак көнүп бүткөнбүз. Бул жолу сатуучулар кымбаттатуу демилгесин эрте эле колго алгансыйт. Көп болбосо да билинбегени менен азык-түлүк баасы көтөрүлө баштаптыр. Ошол эле учурда мурда кымбаттап кеткен азыктардын баасы аз да болсо арзандаганы байкалды.


Мурдакыдай кескин кымбаттап кеткен баалар адегенде билинбейт. Ошентсе да мезгил-мезгили менен бааларга байкоо жүргүзүп отурсаң айырма сезилбей койбойт. Былтыр декабрь айында этке болгон баа кудайга шүгүр болчу. Быйыл ал көрсөткүч түшкө да кирбей калды өңдөнөт. Акыркы жолу кой этин 210-220 сомго алып жүрсөк, азыр бир кило этиң 250-260 сом. Уй эти 350-400 сом. Ич эттерге болгон баа да көтөрүлгөн. Мурда 100 сомдун тегереги болсо, азыр 200 сомго чукулдап калыптыр. Сары жүрмө, боордун бир килосу 150-180 сомдун тегереги. Тооктун сан эти былтыр 95 сом болсо, азыр деле ушундай.
Ундун килограммы 23-35 сом болсо, бир кабы сортуна жараша 850 сомдон башталып, мыктысы 1150-1200 сомго чейин. Соодалашканга жараша сатуучунун ар жак-бер жагынан чыгып жатып жогорудагы бааны 150 сомго арзандата аласыз. Нандын баасы 12 сомдон 25 сомго чейин.
Карапайым элдин талабы зыгыр май менен кесме, күрүч, шекер эмеспи. Буларга баа өтө көтөрүлбөгөнү, тескерисинче бир аз түшкөнү байкалып турат. Мурда бир килограмм кесменин баасы 40 сомго чыгып кетип элдин үрөйүн учурду эле азыр анын баасы 35 сом. Буурчактын баасы 42 сом, гречка 100 сомдун тегереги. Күрүчтүн баасы былтыр декабрь айында 60 сомдон жогору болсо, бүгүнкү күндө 55-65 сомдон жогору карай кетет. Эң мыкты күрүчтүн сорту 110 сомдон 90 сомго түшүптүр. Кумшекердин баасы 58 сомдон 50 сомго түшсө, зыгыр май ошол калыбында. Бир жыл мурда бир литри 90-93 сом болсо, быйыл деле ошол боюнча турат. Тескерисинче эки сомго кымбаттап, айрым жерлерде 95 сомдон сатылууда.
Жумуртканын баасы былтыр 70 сомго чейин чыгып, мындан ары жумуртканы майрамдарда гана жеп калабыз го деп чочулаган карапайым элдин үнү жогору жакка жеткен окшойт. Азыркы тапта 15 сомго арзандатылган баада турат. Мыктысы 65 сом, көлөмү кичирээктери 55 сом.
Жашылча-жемиш саткан катардагы сатуучуларды кепке тартсаң шайлоону бетине кармап арманын айткан эле кишилер. Бир чети алардыкы деле туура. Чек аралар убактылуу жабылып, былтыркыга караганда быйыл дыйкандардын мүмкүнчүлүгү чектеле түшкөндөй. 2010-жылдын декабрь айында картошкага болгон баа 15-18 сом болчу. Быйыл мыктысы, чоңу (кожейкелер айтмакчы, майды аз соргону) 10-12 сом. Сабиздин баасы 18-25 сомдон 12 сомго түшүптүр. Пияз былтыр 20 сом эле, азыркы тапта 12-15 сомдун тегереги. Капустанын бир килограммы 15-25 сомду түзөт, ал эми сарымсактын килосу 80-90 сомдун айланасында.
Жогорудагы баалар Ош базарындагы көрсөткүчтөр. Аламүдүн, Орто-Сай базарын байкаштырып, бул көрсөткүчтөн 7-12 сом айырма бар экенин так аныктадык. Азык-түлүк Орто-Сай базарында эң кымбат экени сыр деле эмес. Ал эми жашылча-жемишти Дыйкан базарынан 5-8 сомго арзаныраак алууга мүмкүн.
Азыр сатып алуучулардын бааларга болгон нааразычылыгын байкаган деле жокпуз (эттин баасын эске албаганда).
Жаңы жылга жакын кымбаттап баштаса таң калбайбыз деле, биз эмне, темирден жасалганбыз да, баарына түтөбүз деп тиричиликтин ачуу көрүнүшүн тамашага айландырып алгандар да жок эмес. Майрамга бир айдан ашуун убакыт калганда баалардын кескин кымбатташына эл алдын ала психологиялык жактан даяр болуп деле бүтүптүр.
Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА