mainkaptal
Пользовательский поиск
5-каналдын "себи" канча турат?
Ары тартышып, бери тартышып отуруп, акыры 5-канал парламенттин карамагына өттү. Эми ал ЖоКенин "ырын" ырдамакчы. Бирок ошол эле маалда тез арада чечүүнү талап кылган финансылык маселелер арбын.


Башында президент Роза Отунбаева 5-каналды парламенттештирүү тууралуу мыйзам долбооруна каршы чыккан болчу. Анын пикиринде, Жогорку Кеңеш мындай кадамы аркылуу аталган телеканалга кысым көрсөтүп атыптыр. Бул боюнча Роза айым "Баракелде" сайты аркылуу: "Мен парламент 5-каналга кысым көрсөтүүгө аракет кылып жатат деп эсептейм. Канткен менен Мамлекеттик мүлк министрлиги да бул телеканалды парламентке жөн эле өткөрүп бере албайт да. Бул үчүн мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек болот. Андан тышкары, телеканалдын чыгармачыл жамаатынын да позициясы эске алынбай жатат. Бул маселеге салабаттуу мамиле кылыш керек" деген оюн билдирген.
Мамлекет башчысынын каршы пикирине карабастан спикер Акматбек Келдибеков депутаттардын көпчүлүк добушу менен мыйзам долбоорун кабыл алдырып, кол коюуга жетишти. Натыйжада ЖК тарабынан байкоочу кеңеш түзүлүп, телеканалдын ички "кухнясын" өзгөртүү максатында атайын жумушчу тобу ишке кирди.
38 миллионду ким төлөйт?
5-каналдын башдеректири Евгения Бердникованын айтымында, өзү жетектеген мекеменин карызы 38 млн. сом. "Эми карызды мамлекет төлөп бериши талапка ылайык" дейт Евгения айым. Ал эми эл өкүлдөрү дал ушу 38 миллиондун тагдырын, дегеле телеканал кайсы булактан каржыланарын ойлонбостон мыйзам долбоорун жактырышты.
5-канал парламенттин карамагына өткөн күндөн тартып анда эмгектенген кызматкерлер кимдин эсебинен каржыланары белгисиз. Болгону КСДП фракциясынын депутаты Дамира Ниязалиева төрага А.Келдибеков сырттан 300 млн. сом табарын убада кылганын маалымат агенттиктеринин бирине төмөндөгүчө кабарлаган: "…Төрага сырттан 5-каналды өнүктүрүүгө 300 млн. сомдой акча таап берем деп ишендирген. Ошол себептен парламент 5-каналды парламенттик канал кылууга макул болуп жатат. Эгер мындай канал парламенттин карамагында болсо, балдардын баңгизат, алкоголизм маселелери боюнча социалдык роликтерди эл арасына жайылтуу, шайлоочулар менен депутаттардын байланышын бекемдөө боюнча жакшы шарттар түзүлмөк. Ошондой эле мыйзам долбоорлорун талкуулоону телеканал аркылуу жүргүзүү натыйжалуу болмок".
Дамира Авазкановнанын кебинен улам кайрадан суроо туулат: Акматбек Келдибекович 300 млн. сомду "ме" деп эле кармата берчү сырткы булактын конкреттүү дарегин неге көрсөтпөйт? Неге ал 5-каналды ЖК карамагына өткөрүүгө кызыкдар болуп атат? Жоопсуз суроолор…
"25-кадрда" катылган байлык
Акматбек мырза 5-каналды парламенттештиргенибиз жакшы болгон турбайбы деп алакан ушалап аткан чагы. Спикердин айтымында, 5-каналга кирген "25-кадр" ЖАКсында жети компаниянын үлүшү бар экен. Маселен, "Global Media" ЖЧКсынын 100%ы, "Комсвязь" ЖЧКсынын 90%ы, "Golden Media" ЖЧКсынын 100%ы, "Inform communication" ЖЧКсынын 40%ы, "Элкат" ЖЧКсынын 25%ы, "КыргызКредитБанк" ААКсында 10 млн. сомдук акциялар жана "Ысык-Көл Инвестбанк" ААКсынын 8%дык үлүшү "25-кадрда" катылыптыр. "Мына ушулар Максимдин каткан байлыгы. 5-каналды талашкандар Максимдин коргоочулары, Максимдин каткан байлыгынын коргоочулары" дейт ал.
ЖК төрагасы бул маалыматтарды кайдан алганы белгисиз. Анүстүнө, 5-каналды экс-ханзаада Максим Бакиевдин коргоочулары талашып атат дейт. Анча болду Максимдин кызыкчылыгын коргогон адамдын аты-жөнүн ачыкка чыгарып койбойбу. Биздин билишибизче, телеканалга байланышкан күрөш Отунбаева менен Келдибековдун ортосунда гана жүрүүдө. Анда Максим Курманбековичтин коргоочусу Роза Исаковна болуп калабы?
А.Келдибеков айтып аткан жети компаниянын үлүшү мамлекет карамагына өтөбү же алар дагы Жогорку Кеңештин ээлигине айланабы? Бул суроонун жандырмагы да тумандап туру.

Ток этерин айтканда
5-каналдын белдүү журналисти Алмаз Турдумаматов кийинки айда жумуштан кетет. Анын кетиши телеканалдын парламенттин менчигине айланышына байланышкан эмес.
"Ата мекенчи" Жоомарт Сапарбаев төраганын 5-канал боюнча мыйзамга кол койгонун мыйзам бузуу болушу мүмкүн деп эсептейт.
Бейрасмий маалыматка караганда, спикердин маалымат катчысы Асел Алиева 5-каналдын гендеректирлигине дайындалышы ыктымал.
"5-каналдын кайра уюштуруу иштеринен кийин компанияда жетекчиликтин алмашуусу болот, бирок ишкананын жамааты толугу менен иш ордуларында калат" дейт Асел Алиева.




Кыргыз журналистикасы кыргыз саясатын кантип жүргүздү?
(Уландысы.
Башы өткөн сандарда)
Сентябрдын жыйырмаларынан кийин Нариман Түлеев, Адахан Мадумаров, Марат Султанов, Исхак Масалиев, Кубатбек Байболов жана Камчыбек Ташиев баштаган алты талапкер жашыруун жолугушуп, сүйлөшүүнүн аркасында биригүү чечимине токтолушкан. Менин жеке божомолумда, булардын ичинен Камчыбек Кыдыршаевич бирдиктүү талапкер катары тандалып алынмак. Анткени Адахан Кимсанбаевичтин ошондо эле шайы ооп, эмне кылар айласын таппай калган.

Мындан үч жыл мурда өтө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн президенттин экс-администрация башчысы Медет Чоканович Садыркуловдун (МЧС) өлүмүнүн сыры капилеттен ачылышы "Бүтүн Кыргызстандын" лидери үчүн оор сокку болду. ИИМ орунбасары Мелис Турганбаев маалымат каражаттары аркылуу МЧСтин өлүмүнө кимдер күнөөлүү экенин, ошогездеги ички иштер министри Молдомуса Конгантиев , башпрокурор Элмурза Сатыбалдиев , коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров бул кандуу окуянын алдын ала уюштурулганын билгендигин, ошон үчүн жоопкерчиликке тартылып калышы ыктымалдыгын байма-бай айтып туруп алды. Мындай билдирүүдөн чочулаган А.Мадумаров дароо К.Ташиевге жетип барып сүйлөшүү жүргүзө баштаган.
Ошентип алты талапкер биригүү тууралуу жигиттик келишимге жетишти. Алар келишимге кол коюп, биригишкени туурасында расмий билдирүү таратардын алдында чагылгандай тездик менен маалымат "согуш" оту тутанды. Алгач интернет-сайттар жакын арада бакиевчил талапкерлер биригерин, аларга Жаныш Бакиев ушундай буйрук кылганын жазып чыгышты. Арадан эки күн өтүп-өтпөй, бул маалыматты жергиликтүү эркин гезиттер андан ары өркүндөтүп, атүгүл Жаныш Бакиевдин буйругун аткарчу талапкерлердин ысымдарын ачыкка чыгарышты. Мына ушундай чабуулдан кийин талапкерлер кантип кошулсун? Баарына кайыл болуп биригип алышса, эртеси эле басылмалар: "Мына биз Ж.Бакиев буйрук бергенин жаздык эле. Ошол талапкерлер акыры биригишти го" деп өпкө кага чуулдатышмак. Мунун айынан алты фигурага бакиевчил жарлыгы биротоло тагылып, саясый карьерасына чекит коюлмак.
Дал ушундай коркунучтан чочулаган талапкерлер максатына жетпей ыдырашты. Бирок жөн эмес, административдик ресурска каршы биригебиз дегендей билдирүү менен чыгышты. Ошону менен алты "күлүктүн" арымы тамам болду.
Жаныш менен Мараттын тандалышынын сыры
Интернет-сайттардын, республикалык гезиттердин жазышынча, жогоруда атаган алты "күлүктүн" көмүскөдөгү кожоюну экс-президенттин уулу Марат Бакиев менен иниси Жаныш Бакиев экен. Бул тастыкталбаган маалымат болсо да ал талапкерлерге катуу таасир этти. Мындан улам, мындай маалымат бекеринен жарыяланбаганын баамдайсын. Бул маселенин бир жагы.
Экинчиден, неге Жаныш Бакиев менен Мараттын ысымы гана аталат? Эмне үчүн экс-президент Курманбек Салиевичтин өзү талапкерлерге демөөрчүлүк кылбайт? Кызык суроо бекен? Бу суроонун жандырмагы дагы жөнөкөй.
Ажо болчумун дегендердин арасынан, өзгөчө Адахан Мадумаровдун Жаныш Салиевичтен оңбогондой каражат алганы, анын эсебинен шайлоо кампаниясын жүргүзүп атканы эки ай бою (сентябрь-октябрь) гезит беттеринен түшкөн жок. Жакшылап баам салсаң, мунун түпкү максаты Адахан Кимсанбай уулун Жаныш мырзага жабыштыруу аркылуу аны коомчулукка "бөкөчө" көрсөтүүгө багытталганын байкайсың. Бейрасмий маалымат болгонуна карабастан, ал түндүккө да, түштүккө да бирдей таасир тийгизерин саясый технологдор эчак изилдеп коюшкан. Эгер макалалар сериясында Курманбек Бакиевдин өзү Адахан Мадумаровго жардам берип атыптыр делсе, анда бул түштүк электоратына майдай жакмак. Ал эми Жаныш Бакиевди же Марат Бакиевдин ысымын атоо - Мадумаровдун беделине доо кетирерин бөркүңдөй көр. Себеби, түштүк аймагында: "Курманбек Бакиев өзү жакшы киши болгон, ал жакшы иштемек. Жаныш сыяктуу биртуугандары, уулдары анын ойронун чыгарышпадыбы" дегендей түшүнүк бар. Мына-мына бирикчү алты талапкердин, асыресе, Адахан Кимсанбаевичтин тагдырына Жаныш менен Марат Бакиев балта чапты дегенибиздин жүйөөсү ушул.
Ким кимге кошулмак?
Медет Чокановичтин өлүмүнүн сыры ачылышы Адахан Мадумаровдун өзү биринчи болуп Камчыбек Ташиевге чуркап барып биригүү сунушун киргизүүгө мажбурлады. Менин билишимче, Мадумаров-Ташиев тандеми жаралып, Адахан Камчыкеге жол бошотуп бермек. Бирок арадан аз убакыт өтпөй кечээ эле кол алышып, шерттешкен ака-үка маалымат майданында "кырчылдашып" атып элдешкис душманга айланды. Буга Мадумаровдун штабындагы журналисттер жол берди. Анүстүнө, МЧС маселеси президенттик шайлоо бүткөнгө чейин жабылып, Адахан мырзанын көңүлү кичине тынчыгансыды.
(Уландысы бар)

Бетти даярдаган
Нурканбек КЕРИМБАЕВ



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"