mainkaptal
Пользовательский поиск
  Өз жериңде ултан бол

Кыргызстандыктарга эми Россия жарандыгын алуу татаал

Учурда Россияда Кыргызстандын жарандары үчүн Россия жарандыгын алуу татаалдады. Бул маселени "Замандаш-Современник" саясый партиясынын теңтөрагасы Епифанцев Станислав Викторович төмөнкүдөй чечмелеп берди.
Бул боюнча Россия президентинин буйругу ачык саясый мүнөзгө ээ. Мында Россиянын жана Кыргызстандын кызыкчылыктарынан чыккан бир канча аспектилер бар. Биринчиден, бул популисттик чечим. Чечим Медведев президенттик кызматтан кетип жатканда жана парламенттик шайлоо алдында кабыл алынды. Кыргызстандагы орустар үчүн бул дискриминациялуу мүнөзгө ээ экендиги көрүнүп турат. Ошондуктан бул чечимди кызматтан кетип жаткан президент өзүнө алды. Буга чейин жакынкы чет өлкөлөрдөгү орустар үчүн жакшы эмес жашоо ыңгайы түзүлдү, ошондуктан алардын түпкү мекенине кайтып келүүсүн тездетүү керек деген позиция күчтүү эле. Эми болсо Путин тарабынан Евразия Союзу жана бирдиктүү Евроазия мейкиндигин түзүү боюнча жаңы доктрина жар салынды. Ушундай жагдайда өлкөнүн сыртындагы мекендештерине Россиянын жетекчилиги мамилесин өзгөртүп жатат.
Кыргызстанга кайрылып келе турган болсок, дайыма мындай учурларда боло келгендей, пайдалуу жагы да, зыяндуу жагы да бар. Биздин өтө көп мекендештер жумуш издеп Россияга кетип жаткандыгы жана жашоо, иштөө шартын жакшыртуу үчүн Россия жарандыгын алып жаткандыгы жашыруун эмес. Албетте, жаңы эрежелер кыргызстандыктардын Россия жарандыгын алуусун аябай татаалдатат. Бул Россиядагы жашоосун жакшыртууну каалагандар үчүн чоң минус. Ошол эле учурда кайсы улуттун өкүлү болбосун Россияга көчүп кетип, анын жарандыгын алуусу Кыргызстандын келечеги үчүн кооптуу. Биздин жарандар убактылуу кетип эле анан Россияда жашап калышууда. Мамлекет чакан, ошондуктан элдин көчүп кетүүсү ал үчүн чоң жоготуу. Анын үстүнө көчүп кетүүлөрдүн саны жылдан жылга өсүүдө.
Өлкөнүн жетекчилиги жана баарыбыз үчүн өзүбүздөгү көйгөйлөрдү бирөөлөр келип чечип бербесин, же өзүнөн өзү чечилбесин түшүнүүчү кез келип жетти окшойт. Ошондуктан кыргызстандыктардын өз мекенинде татыктуу жашап жана иштөөсү үчүн жашоо шарттарын түп-тамырынан бери жакшыртуу зарыл.




  Сыртдүйнө эмне дейт?

Жыл аяктап баратат, кантээр экенбиз?

Кыргызстандын кайрадан шайланган президенти, өлкөнүн мурдагы премьер-министри Алмазбек Атамбаев 2010-жылы апрель революциясынан кийин улутташтырылган компаниялар менен башка активдерди менчиктештирүү идеясын сунуштап келет.
Буга чейин сатыктан түшкөн киреше аз болуп келген, бирок эки ири жана абдан талаштуу активдер - Мегаком уюлдук телекоммуникациялык компаниясынын жана "Залкар банктын" (мурдагы"Азияуниверсалбанк" (АУБ)) активдери - ноябрдын соңунда аукционго коюлмакчы. Кыргызстандын Маммүлккомитети ушундай улутташтырылган активдерди сатуудан 5,5 млрд. сомду (120 млн. АКШ долларына жакын) бюджетке түшүрүүгө ниеттенип жатат. Ал эми сатууга коюлган ири актив болгон "Чакан ГЭСке" дагы эле аларман чыга элек.
Бийликтен куулган президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнөн жана анын болжолдуу шериктеринен конфискацияланган активдерди сатуу - Кыргызстан өкмөтүнүн өлкө бюджетиндеги тартыштыкты азайтуу аракеттеринин бири. Революциянын кесепетинен өлкөнүн экономикасы кыйла начарлап, 2010-жылы салык жыйымдары азайган. Донорлордун жардамына жана быйыл өлкөнүн экономикасы биртоп оңоло түшкөнүнө карабай (Эл аралык Валюта Фондунун маалыматы боюнча 2011-жылы өсүш 7 пайызды түздү), 2010-жылы улут аралык кагылыштын айынан чыккан июнь окуяларынан кийин өлкөнүн түштүгүн калыбына келтирүү иштери жана мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысын жогорулатыш үчүн мамлекеттик казынанын чама-чаркы жете бербейт.
Сатылып жаткан активдер ушул кезге чейин бир жаңсыл болгон жок, алардын ичинде "Asia Agroresource" агробизнеси жана "Ditis" кант өндүрүшү, ошондой эле мурдагы өкмөттүк чиновниктерге же алардын жакындарына таандык мейманканалар менен эс алуу үйлөрү бар. Бүгүнкү күнгө дейре Жалал-Абаддагы Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн резиденциясын сатып алганга эч ким чыккан жок, бирок комитет адегенде Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевге таандык болуп, кийин Бакиевдердин үй-бүлөсүнө өткөн "Bavaria-38 Cruiser" яхтасын эптеп сатты.
Кийинки активдерди сатуудан көбүрөөк пайда түшөт деген үмүт бар. Маммүлк "Альфа-Телекомго" таандык болгон Мегаком уюлдук операторунун 49 пайыз акциясын аукциондо сатууну 29-ноябрга белгиледи. Комиссиядагылардын сөзүнө караганда, "Залкар банк" 15-ноябрда сатыкка коюлмак.
"Business New Europe",
которгон - "Кыргыз Информ Бюро" МА




  Бириң кайың, бириң тал…

Азыркы өкмөт сакталып калабы?
ЖоКедеги "Республика" фракциясынын лидери Канатбек Исаев азыркы коалиция жашоосун улантышы ыктымалдыгын жарыялады. Анын айтымында, учурдагы өкмөт түзүмүн сактап калуу варианты да каралып атыптыр.
Жаманбы-жакшыбы, курама өкмөт бир жылга жетпеген убакыт аралыгында дараметинин жетишинче алгылыктуу иштерди жасаганга аракет кылды. 1-вице-премьер Өмүрбек Бабановдун демилгеси менен дыйкандарга жеңилдетилген кредит берилди. Ошондой эле социалдык тармакта эмгектенген адамдардын айлык акысы эки-үч эсеге жогорулады. Ал ортодо өлкөнү өнүктүрүүнүн кыска мөөнөттүү программасы кабыл алынды. Өкмөттүн мына ушундай саамалыгынан улам Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоодо жеңип чыкты десек аша чапкандык болбос.
"Керкисинде да, кемигинде да бар" демекчи, кемчиликтер кетпей койгон жок. Ага кези келгенде кенен токтолорбуз. Биздин айтайын дегенибиз такыр башка. Кийинки айда А.Атамбаевдин президенттик кызматка киришүүсү менен ордо оюндары күчөйт. Премьерликке көз кызарткандар түрдүү ыкмаларды колдонуп, парламенттик көпчүлүктү түзүүнү кечеңдетиши ыктымал. Балким коалиция куралбай дагы калышы толук мүмкүн. Мындай шартта Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылары мыйзамда жазылган.
Кыскасы, өлкө саясый кризиске кептелип, кайрадан баштапкы таз кейпибизге - бүтпөгөн ызы-чуу, митингизм дооруна кайтып барсак кантебиз? Стабилдүүлүк жаңыдан орноп баштаганда карапайым калкка ошондой шоркелдей замандын кереги барбы? Андыктан, Канатбек Кедейканович айтмакчы, саясый элита чындап эле элдин, өлкөнүн кызыкчылыгын ойлосо, азыркы коалицияны ыдыратпай, тескерисинче, аны кеңейтүү жагын караштырса кантет, ыя? Балким ошондо гана ынтымактуулук сакталып, өнүгүү жолуна түшөөрбүз.




  Терракт терезеси

Казакстан ислам согушчандарына согуш жарыялады

Казакстандын түштү-гүндө жайгашкан Тараз шаарында "коркунучтуу жарылуу болот" деп белгисиз адам телефон чалып, андан соң ислам террорчуларынын аракетинен улам жети киши мерт болду, ал эми Казакстандын коопсуздук күчтөрү сакалчандардын жаңы чабуулдарына даярданып жатышат.
Ишемби күнү болгон атышуу жана жыл башынан бери Казакстанда болгон чабуулдар ислам согушчандарынын иш-аракеттерине байланыштуу болду, ошондой эле бул жагдайлардагы эң башкы нерсе - ушунун баары Борбор Азиядагы тынч деген мамлекетте болуп жаткандыгында. Окуянын күбөлөрү автоматтык винтовка жана гранатомет менен куралданган киши Тараз шаарынын коопсуздук күчтөрүнө атайлап кол салып, андан соң өзүн-өзү жардырып жибергенин айтышат. Бир аз кийинчерээк телевидениеден көчөдө өлүп жаткан адамдар, ыргытылган автоматтар көрсөтүлгөн.
"Джихадчылар бир катар оор кылмыштарды жасашты, анын натыйжасында жети киши курман болду, алардын арасында коопсуздук күчтөрүнүн беш өкүлү да бар" деп белгиледи Казакстандын башкы прокурорунун орунбасары Нурмуханбет Исаев. Андан кийин Казакстандын маалымат сайттары атышуу болгондон кийин бир нече сааттан соң бомба коюлганы тууралуу жашыруун телефон чалуу болуп, атайын кызматтар Тараздагы көңүл ачуу комплексиндеги адамдарды да эвакуациялаганын маалымдашты.
Эгерде буга чейин болгон чабуулдар бул чоң мамлекеттин батышында жасалып келсе, Тараз шаары Казакстандын түштүгүндө - анын мурдагы борбору болгон Алматы шаарынан болжол менен 500 чакырымдай аралыкта жайгашкан. Май айында өлкөнүн түндүк-батышында террорчу-жанкечти Актөбө шаарынын коопсуздук кызматынын имаратына кол салган, ал эми бул окуядан бир ай мурда Каспий деңизинин жээгинде жайгашкан Атырау шаарында террорчулар шаардагы өкмөттүк имаратка чабуул коюшкан болчу.
1991-жылы көз карандысыздыкка жетишкен күндөн тартып Казакстан Борбордук Азиядагы эң эле туруктуу жана тынч мамлекет деген түшүнүк бар эле. Мунайдан тапкан кирешенин эсебинен өлкөнүн экономикасы өргө жылып, өткөн жылга чейин мамлекет террактардын "атын угуп, көзүн көрбөй" тынч жашап келген эле. Эми Алматынын эли көчөлөрдө өлкөдөгү террористтик көйгөйлөрдү ачык эле талкуулап жаткан кези.
Буга чейин белгисиз болуп келген "Джунд аль-Халифат" деген топ Атыраудагы болгон террористтик жардырууну өзүнө алды жана дагы да зомбулуктарды жасай бере турганын айтып бир сыйра опузалап өттү. Бул топ кол салууну Казакстандын парламенти октябрда кабыл алган мыйзамга нааразылык катары уюштурганын айткан. Ал эми аталган мыйзамга ылайык мусулмандардын сыйынуу укуктары чектелген болчу. Өз кезегинде парламент экстремизмди ооздуктаганга зарыл болгондуктан ушундай чектөө киргиздик деп билдирген эле.
Джеймс Килнер, "Telegraph", 14-ноябрь, 2011-жыл, которгон "Кыргыз Информ Бюро" МА
Даярдагандар Зайырбек АЖЫМАТОВ, Нурканбек КЕРИМБАЕВ




  Атайды сактап калалы

Кайрымдуулук кылчулар барбы?!
21 жаштагы Абдыкапар уулу Атайга тез арада бөйрөгүн алмаштыруу үчүн кымбат операция жасалат. Атай 2010-жылы нефрологдо бөйрөктүн тез өнүгүүчү дартына кабылып, дарыланып чыккан. Бирок ооруну сакайтуу мүмкүн болбой калды. 2011-жылдын февралында ага эки жасалма бөйрөк салынган. Үй-бүлөдөгү жалгыз уул Атайдын абалы күндөн күнгө начарлоодо. Андыктан тез арада операция жасалуу шарт. Мындай операция Түркияда 35 миң долларга жасалат экен. Атайдын ата-энесинин мынча каражат чогултууга мүмкүнчүлүгү жок. Андыктан Атайдын абалын түшүнүп, жардам берүүңүздөрдү өтүнөбүз дешет ата-энеси. Жардам берчүлөр болсо төмөнкү эсепке которсо болот.
ЗАО "Демир Кыргыз Интернэшнл Банк"
KGS эсеби боюнча 1180000035213836,
USD эсеби 1180000035213937
EUR эсеби 1180000035214038 которсо болот. Байланыш телефондору: 0770-78-59-52, 0770-43-73-01, 0312-89-63-81. Атайдын атасы Абдаманов Абдыкапар.







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"