mainkaptal

Пользовательский поиск
Оп, майда
Үч бурчтукка айланган баатырлар
Кечээ 7-апрелдеги элдик революцияда курман болгон баатырларга арналып "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде тургузулган күмбөздө эскерүү митингиси болду. Эстелик үч бурчтук формасында жасалып, үч тараптан тең бирдей көрүнөт. Бийиктиги 8, диаметри 7 метр. Баатырларга арналган эстелик Бишкек шаардык мэриясынын заказы менен "Доскурулуш" компаниясы тарабынан курулуп, жалпы баасы 20 млн. 800 миң сомду түздү. "Кыргызда үч бурчтук дайыма өзгөчө мааниге ээ болуп келген. Ошондуктан биз эстеликти үч бурчтук кылып жасадык. Аны үч тараптан тең караганда бирдей көрүнүштү берет. Кыргыздын тумары деп койсок болот" дейт эстеликти жасаган авторлордун бири Улан Бейшенбаев.

Инаугурация күнү чычкан жөргөлөп өтө албайбы?
Бишкектин жана Оштун милициясы 29-ноябрдан 1-декабрга чейин күчөтүлгөн тартипте иштейт. Мындай чара Кыргызстандын жаңы президентинин кызматка расмий киришүү салтанатына байланыштуу көрүлүүдө. Инаугурация күндөрү өлкөдө коопсуздукту камсыз кылуу үчүн атайын штаб түзүлдү. Бишкектин коопсуздугун камсыз кылууга шаардын жана Чүй облусунун милициясы тартылат. Алмазбек Атамбаевдин инаугурациясы 1-декабрда филармонияда өтөт.

Сот коалиция кокуюн четке какты
"Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы БШКнын президенттик шайлоонун жыйынтыктары боюнча чечимине макул эмес. Андыктан коалиция сотко кайрылып Бишкектеги 7, Ысык-Көлдөгү 15, Ош облусундагы 43 жана Жалал-Абаддагы 9 аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча маалыматын кайра текшерүү талабын койгон. Бирок Бишкектин Биринчи Май райондук соту бул арызды канааттандыруудан баш тартты.

Эби жок элдин чек арасын ЕККУ чечет
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму 16-ноябрда Ош шаарында чек ара маселелери боюнча талкуу уюштурду. Талкууга чек ара кызматкерлери, жергиликтүү тургундар, бийлик өкүлдөрү катышты. ЕККУнун маалымдашынча, мындай жолугушуулар эми ар бир үч айда бирден өтүп турмакчы. Ушундай эле иш-чаралар жакында Жалал-Абадда да уюштурулганы жатат.

Курултайдын экинчи бөлүгү өтөт
Улуттук улуу курултайдын биринчи бөлүгү 1200 адамдын катышуусу менен 9-10-11-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында өткөрүлгөн. Эми 2011-жылдын 26-ноябрында анын экинчи бөлүгү Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөрүлөт. Курултайга бийлик органдарынын өкүлдөрү, президенттикке ат салышкан талапкерлер, 900 делегат жана 500дөй конок чакырылган. Күн тартибинде "Өлкө абалы жана келечеги", "Элдик курултай жөнүндө" мыйзам долбоору жана башка маанилүү маселелер каралат.

Жарым мешок сомго жарты нан алып калбасак экен
Доллар долуланып, сомдун курсу түшө баштагандан бери элдин тынчы кетип турат. Кыргыз өкмөтүндө экономика жана инвестиция маселелерине жооп берген мурдагы вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев сомдун АКШ долларына карата арзандап жатканы бул убактылуу көрүнүш экенин айтып жооткотуп койду. Анын айтуусу боюнча азыр биздин сомдун курсунун түшүүсү сезондук факторго байланыштуу. Себеби айыл чарба продукциясын экспорттоо жазында, жайында көбүрөөк болот. Жума аралыгында сом долларга карай дээрлик бир сомго арзандады. Улуттук банк бул күнү 20 млн. 900 миң доллар интервенция жасап, кырдаалды бир аз турукташтырып калды.

Кыргыз-орус коюндаш
17-21-ноябрда Орусиянын Тюмень облусунда "Биз дүйнөнү, дүйнө бизди жаңыртат" аттуу ураандын алдында Кыргызстандын маданият күндөрү өтүп атат. Бул иш-чара Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн жыйырма жылдыгына жана Алай ханышасы Курманжан датканын 200 жылдыгынын алкагына карата даярдалган. Кыргызстандын маданият күнүндө жергиликтүү администрация өкүлдөрү менен расмий жолугушуулар болот. Андан тышкары кыргыздын улуттук оюндары, жеңил өнөр жайынын көргөзмө жарманкеси, кыргызфильмдери көрсөтүлүп, кыргызстандык ырчылардын чоң концерти да болот.

Дөңгөлөктүү баа жарыш
Бишкекте такси айдоочулардын тарифи жыйырма сомго көтөрүлгөнүн операторлор жана такси айдоочулар, базар тармагы жана соода ишкерлер ассоциациясынын башчысы С.Пономарев жар салды. Анын айтымында, коомдук транспортко болгон баа көтөрүлгөн убакта такси айдоочулардын тарифи ошол эле боюнча калган. Жеке таксисттердин баасы оператордук таксисттерге караганда бир кыйла жогору болчу. Ошондуктан оператордук таксисттер биз алардан кембизби деп өздөрү тарифтерди көтөрүү боюнча чечим чыгарып алышыптыр.

Азырынча ишенбейбиз
Бишкек шаарынын мэриясы жакында таштандыларды сорттоочу завод курууну пландаштырууда. Экономиканы тескөө министрлигинин "Инвестиция жана мамлекеттик жеке өнөктөштүк боюнча Орусиянын тажрыйбасы" аттуу илимий практикалык жыйынында бул жөнүндө маалымдашты. Борбордун муниципалитети мамлекеттик жеке өнөктөштүк принцибинин алкагында акыр-чикирлерди сорттоо заводун куруу үчүн инвестор издеп жатат. Бул заводдо турмуш-тиричиликтен арткан таштандылардан экинчи жолу колдонууга боло турган керектүү заттарды иштеп чыгаруучу өндүрүш коюлат. Комплекстин өндүрүмдүүлүгү жылына болжол менен 200 тоннаны түзөт. Кийинчерээк турак-жайларында бекер жана төлөнүүчү таштандыларды чогултуучу тармак да түзүлөрүн айтышууда.
Он беш жылдан бери бул боюнча айтыла берип тил тешилди, деги батыраак курулса экен.




  Өз кабарчы билдирет

Алайкууда кар көчкүгө кабылган адамдардын бири каза тапты

Өзгөчө кырдаал министрлигинин Кара-Кулжа райондук бөлүмүнүн маалымдашынча, кар калың жаагандыктан 16-ноябрдан 17-ноябрга караган түнү Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автожолунун 45-95-чакырымы бөгөлүп, биротоло жабылган. Ошондон улам дагы кар көчкү жүрүү коркунучу болгондуктан, жолду тазалоо иштери убактылуу токтотулду.
Мындан тышкары Көк-Көл участкасында Алайкуу аймагынан райборборду карай сапар чеккен ГАЗ-66 жүк ташуучу автоунаасын кар көчкү басып калган. Артынан келаткан УАЗ үлгүсүндөгү автоунаанын кишилери жолдогу карды тазалаганга аракет кылышкан. Ошол маалда Көгарт кыштагынын тургуну 40 жаштагы Замир Каниетовду кар көчкү басып калган. Денеси эмдигиче табыла элек. Калган беш жүргүнчү аман-эсен.
Ушул тапта Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автожолунда Ички иштер министрлигине караштуу мамлекеттик автоинспекциясы тарабынан атайын бекет орнотулуп, автоунаалардын ары-бери жүрүшү токтотулду.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, атайын "Жаңы Агым" үчүн, Ош




Үлпөт го жакшы, учак жарактуу болсо экен
Ош шаарынын тургундары үйлөнүү үлпөт тоюн эсте каларлык жана башкача өткөрүү үчүн "үйлөнүү аба каттамынын" кызматын пайдалана башташты. Үйлөнө турган жубайлар адегенде ЗАГСка жетүү үчүн бир саат бою аба майданында "АН-2" учагында ("Кукурузник") учушуп, бул кызматка 400 доллар төлөшөт. Ар бир учакка он эки адам отура алат. Акыркы кезде мындай учууну каалагандардын саны өсө баштаган.




Ала-Тоо…
ак калпагын жаңыртканда
Көптөн бери Кыргызстанда илгеркидей адабий журналдар жандуу чыкпай калган. Кеткен айдын акыркы күнүндө "Жаңы Ала-Тоо" деген аталыштагы журнал сонун санын жарыкка чыгарыптыр. Анда Түгөлбай Казаковдун "Эсимдесинен" баштап Омор Султанов, Кубанычбек Маликов, Абды Сатаров сыяктуу белгилүү авторлордун калеминен чыккан чыгармалар орун алыптыр. Мөөнөтү эскирбеген чыгармаларды камтыган журналды кайсы убакта колуңа алба өзүнүн актуалдуулугун жоготпой, күнү кечээгидей жакшы маанай тартуулап турары талашсыз.




Акындын бир туягы кетилди
Кечээ кыргыздын айкашка акыны Байдылда Сарногоевдин узак убакыттан бери ооруп жүргөн тун уулу Баястан дүйнөдөн кайтты. Ал быйыл 48 жашта эле. "Жаңы Агым" гезитинин эмгек жамааты маркумдун апасы Зина эжеге, карындашы Карачачка көңүл айтат.
"Жаңы Агым" - пресс




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика