mainkaptal
Пользовательский поиск
  Кайсы келечекке ишенебиз?

Борбордук Азиядагы эң арзан наркотик

Дүйнө жүзү боюнча адамзатты өзүнө көз каранды кылып, канчалаган өмүрлөрдү кыйып келген зыяндуу заттардын бири баңгизаттар экени талашсыз. Баңгизаттар адам өмүрүнө олуттуу коркунуч туудурганы менен аларга болгон талап дагы деле азайбай келет. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө баңгичилик өзгөчө жаштардын арасында кеңири жайылууда. Мына ушундай наркотикалык заттардын бир түрү Борбордук Азия чөлкөмүндө гана өндүрүлөт. Насыбай деп аталган бул наркотик башка наркозаттардан ит бекер арзандыгы менен айырмаланат.

Насыбай деген эмне?
Насыбай (насвай, нас, асмай) - курамында никотин бар зат. Майда шарикчелер түрүндөгү бул зат жагымсыз жытка жана даамга ээ. Үй шартында жасалат. Насыбайдын негизги курамын 3-сорттогу тамеки (тамеки өсүмдүгүнүн жалбырагы), жыгач отундун күлү, акиташ жана суу түзөт.
Насыбай астыңкы же үстүңкү эриндин алдына салынат. Бир колдонгондо орточо 5-6 шарикче колдонулат. Эринде таасир бергенче кармалат. 7-15 мүнөттөн кийин таасир берет. Таасирлери: жеңил баш айлануу, колу-буттун титирөөсү жана көздүн тумандоосу.
Насыбай колдонуу төмөнкүдөй кесепеттерге алып келет: Тиштердин, ооз көңдөйүнүн жабыркашы, ошондой эле рак оорусунун пайда болушу, сейрек кездешчү онкологиялык оорулардын козголушу, унутчаактык, тукумсуздук, психикалык жана физикалык көз карандылык, терчилдик.

Насыбайдын таралышы
Насыбай илгертеден эле Борбордук Азия элдерине гана таандык салттуу баңгизаты болуп саналат. Өзбекстанда, Казакстанда, Тажикстанда, Кыргызстанда, Афганистанда кеңири таралган. Түркмөнстанда насыбайды мамлекеттик мекемелерде, коомдук жайларда чегүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алган. Натыйжада бул өлкөдө насыбай чеккендерге 80 доллардын тегерегинде айып пул салынат. Орусиянын аймагында кеңири жайылган эмес, бирок соңку жылдары өспүрүмдөр арасында популярдуу болуп бара жатканын маалымат булактары кабарлап келишет. Учурда Москванын айрым базарларында сатылууда.

Бала кезден насыбайга арбалгам,
Балээ басып агайыма кармалгам.
"...Мен анда 7-класс болчумун. Адатымча насыбайдан оозума салып алып, сабакка кечигип кирдим. Балээ басып, толгондон ошол күнү класс жетекчим чогулуш өтүп жатыптыр. Талкан сугунуп алгансып эле оозумду тултуйтуп кирип барсам, агайым дароо эле байкап калды (көрсө, кыздар айтып коюшуптур). Оозуңда эмне бар, кана аччы деп кыйкырды. Коркконумдан денемди калтырак басып, оозумду кантип ачып жибергенимди өзүм да байкабай калдым. Эриндеги насыбайды көрөөрү менен ата-энемди чакыртып, мектеп мүдүрүнүн бөлмөсүнө киргизди. Мугалимдер, мектеп мүдүрү, ата-энем баш болуп катуу тилдешти. "Насыбай чычкандын богунан жасалат, экинчи колдонсоң мээң кургап калат" деген сыяктуу жемелер менен туш-туштан талашты. Ошентип "чычкандын богу" деген сөздү угуп, анысы аз келгенсип ата-энемден таяк жегенден кийин насыбайды көргүм келбей калган" деп биздин каарман мыйыгынан күлүп, окуучулук күндөрүн берилүү менен айтып берди. Ошол боюнча такыр насыбай чекпейм, учурда эки баланын атасымын деди Айбек Жумагазиев.

Баткендиктерден - "баткенский ураган!"
Кыргызстан боюнча эң көп жана эң арзан насыбай сатылган базар бул Ош базары. Анын жашылча-жемиш саткан бөлүгүнүн бир катарын насыбай саткан соодагерлер ээлешет. Насыбай саткандардын дээрлик көпчүлүгү баткендиктер. Алар муну насыбай Кыргызстан боюнча көбүнчө Баткенде өндүрүлөөрү менен түшүндүрүшөт. Насыбай бизнеси менен шугулдангандардын арасынан аял-эркек, кары-жаш дебей баарын көрүүгө болот. Алардын арасында насыбай менен 20 жылдай алектенип келе жаткандары да бар. Ошондой эле жаш үйрөнчүктөрдү, өспүрүмдөрдү да жолуктурууга болот. Кокус насыбай саткан өтмөккө кирип калсаңыз, жыты алыстан эле буркурап, мүшөктөргө, шишелерге жана баштыкчаларга салынып, аскерлердей тизилген насыбайларды көрүүгө болот. Көлөмү боюнча майда жана кесек, кайсы жерде жасалганына жараша (баткендик, анжияндык, ферганалык, ташкенттик ж.б.) бөлүнөт. Ош базарында негизинен "Баткенский ураган" деп аталган насыбайлар сатылат. Мындай аталышка ээ болушу анын күчтүүлүгүнөн кабар берет. Өңү кара-жашыл, жыты жана даамы жагымсыз. Майда-майда тоголок насыбайлар чычкандын богун эске салат. 1 кг насыбайды 70-80 сомго сатып алууга болот. Ал эми кичине баштыкчалар көлөмүнө жараша бааланат. Мисалы: эң кичинеси 2 сом турат. (насыбайчылар "чучук" деп тергешет)
Мына ушул насыбайдын эмне болгон зат экенин жакындан билүү максатында сатуучуларды кепке тарттык. Алардын бири Зайырбек Атабеков төмөнкүлөрдү айтып берди:

"Үй-бүлөбүздү насыбай менен багабыз"
- Өзүм Баткендин кулунумун. Ош базарында насыбай сатып иштегениме 16 жылдын жүзү болду. Бала-чакамды насыбай сатуудан түшкөн киреше менен багып жатам. Биз насыбайды Баткенден алып келебиз. Ошол жакта жасалат. Мен насыбайды 7-классымдан баштап колдонуп келем. Быйыл туура 20 жыл болот. Үч балам бар. Эч кандай зыянын көргөнүм жок. Тескерисинче, денедеги безеткиге, аллергияга, зобго жана тишке пайдалуу. Тамекиге караганда зыяны кыйла аз. Тамекинин түтүнү айланасындагыларга да зыян алып келет. Насыбай зыян алып келген күндө да бир эле адам жабыркайт. Насыбай тукумсуздукка дуушар кылат деген да туура эмес. Эгер чын болсо Баткен эли кырылып калбайт беле. Баткен элинин дээрлик 70 пайызы насыбай менен шугулданышат.
Зайырбек байке менен сүйлөшүп жаткан учурда кардарлар тынбай сатып алып жатышты. Кары-жаш дебей талап кылып жаткандарын көрүп, насыбайга болгон муктаждык тамеки сыяктуу эле күч экенин байкадым.





  Наркологдор эмне дейт?

Врач-нарколог Шайлообек Өмүралиевге кайрылганыбызда төмөнкүлөргө токтолду:
- Насыбай - химиялык жактан көз каранды кылуучу оору болуп саналат. Насыбай тамеки, арак сыяктуу эле зыяндуу заттарга кирет. Бүгүнкү күндө кыргыз элинин генефондуна эки нерсе чоң зыян алып келип жатат. Биринчиси насыбай менен тамеки болсо, экинчиси арак болуп саналат. Айрыкча жаштардын ден соолугун талкалап жатат. Тамекини таштап насыбайга өтүп жаткандар катуу жаңылышып жатышат. Эфедрон деген наркозаты насыбайдын негизги курамын түзөт. Ооз көңдөйүнүн рак ооруларынын эң башкы себеби насыбай менен тамекини узак убакыт бою колдонуу болуп эсептелет. Өпкөнүн рак оорусу, жүрөк, кан тамыр оорулары, инсульт жана инфаркт насыбайдын айынан болот. Кан тамыр чирип кетет. Негизи эле наркозаты үч сфераны өзүнө багынтат. Адамдын аң-сезими, денеси жана руху. Үчөө тең катуу кыйналат. Насыбайды мурун абышка-кемпирлер чегишчү. Азыр тескерисинче жаш улан-кыздар чегип жатышат. Бул коомдун деградация болуп жатканынан кабар берет. Жаштардын, өзгөчө жаш кыздардын насыбай чегиши адеп-ахлактыктын тайкылыгын билдирет.

Мектептердин жанында сатылууда
Насыбай өзгөчө өспүрүмдөрдүн арасында өтө катуу тездик менен жайылып баратканына тынчсызданган коомдук уюмдар да жок эмес. Алардын бири "Интербилим" борбору. Аталган уюмдун өкүлү Асыл Айтбаеванын айтымында, бүгүнкү күндө жалпы Кыргызстан боюнча насыбай колдонгондордун саны күн санап өсүүдө. Өзгөчө бул илдет жаштар жана өспүрүмдөр арасында тездик менен жайылып баратат. Насыбай өлкөнүн бардык аймагында ээн-эркин сатылат. Баасы да аябай арзан. Жада калса мектептердин жанында да сатылууда. Жаштарда насыбайдын зыяндуулугу жөнүндө толук маалымат жок.
Саламаттык сактоо министрлиги "КРнын жарандарын чылымдын зыянынан коргоо", Жарандардын ден соолугун сактоо" сыяктуу мыйзамдарды жана нормаларды көзөмөл алдына ала албай келишет. Мына ушул себептүү насыбайды өндүрүүнү, сатууну жана колдонууну чектөө же таптакыр тыюу салуу жөнүндө расмий кат менен "Интербилим" башында турган көптөгөн коомдук уюмдар Жогорку Кеңешке кайрылышкан.

Насыбай тукумсуздукка алып келет
Илимдер академиясынын медициналык көйгөйлөр боюнча институтунун кызматкерлери насыбайдын эркектердин репродуктивдик функциясына тийгизген таасирин изилдешкен. Ош шаарында өткөрүлгөн изилдөөдө насыбай колдонуу сперманын иштелип чыгуусун азайтаары аныкталган. Теориялык жактан насыбайдын организмге тийгизген зыянын аныктадык дейт институттун мүдүрү Ракманбек Тойчуев. Биз биринчилерден болуп системалык-токсикологиялык текшерүүнү тукумсуздук боюнча кайрылган репродуктивдик курактагы 50 адамга жүргүздүк. Бул өрөөндөгү тукумсуздуктун биринчи себеби туугандык катнаштагы нике болсо, экинчи орунда насыбай колдонгондор турат. Насыбайдан жабыр тартуу узак убакыт колдонуудан көз каранды эмес. Дароо колдонуп баштаганда деле залал келтириши толук мүмкүн. Организмге жараша өзгөрөт. Насыбай колдонуудагы эң башкы коркунуч организмде сперманын иштелип чыгуусу кескин түрдө азаят. Бул илдетти калыбына келтирип, айыктыруу мүмкүн эмес.

Мамлекет көзөмөл кылыш керек
Мындай оюн Саламаттык сактоо министрлигинин тамекиге каршы күрөшүү бөлүмүнүн улуттук координатору Чынара Бекбасарова билдирди. Анын айтымына караганда, учурда Кыргызстандын 8 пайыздан ашык эркектери насыбай чегишет. Алардын 75%ын элетте жашаган эркектер түзөт. Ал эми жалпы насыбай керектөөчүлөрүнүн 70%ы баткендиктер болуп эсептелет. Мектептеги 13-15 жаштагы 10 окуучунун бирөө чылымдын ар кандай түрүн колдоноору аныкталган. Кыргызстан боюнча 2% (3,2% - балдар, 1% - кыздар арасында), Бишкек шаарында 2,5% окуучулар насыбай чегишет экен. Мына ушундай көрсөткүчтөрдөн кийин насыбайга тыюу салуу максатка ылайык болмок. Бирок насыбайды чектеп же толук тыюу салуу керектөөчүлөрдүн тамеки сыяктуу башка чылымдарга ооп кетишин шарттайт. Ошондуктан насыбай өндүрүүнү, сатууну жана колдонууну мыйзам чегинде көзөмөлдөө керек. Биринчиден, насыбайдын курамы эмнеден тураары жана кандай шартта кантип жасалаары аныкталууга тийиш. Экинчиден, сатылышы жана колдонулушу санитардык-гигиеналык нормаларга жооп бериш керек. Муну менимче, өкмөт комплекстүү чараларды колдонгондо гана ишке ашат. Биздин министрлик тарабынан жер-жерлерде насыбай жөнүндө түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Тилекке каршы, коомдун ар бир мүчөсү баш болуп жапа тырмак күрөшмөйүнчө жарытылуу майнап чыгышы күмөн.
Урматтуу окурман, курамы татаал, өзү зыян насыбайды ийне-жибине чейин иликтегенге аракет кылдык. Кандай болгон күндө да насыбайга өспүрүмдөрдүн тартылып жатканын көрүп, келечекке кайдыгер карабаган ар бир атуул тынчсызданбай койбойт. Бир карын майды бир кумалак чириткен сыяктуу эле насыбай Кыргызстандын генефондуна олуттуу зыян алып келип жатканы жогоруда адистер тарабынан учкай айтылды. Бул олуттуу көйгөйгө мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбаса муз тоонун ордунан козголушу кыйынга турчудай.
Уланбек ЭГИЗБАЕВ




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"