mainkaptal
Пользовательский поиск
  Баш катырма

ШАХМАТ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ЧЫРЫ ЭМНЕДЕ?

Өткөн аптада Кыргызстандын шахмат федерациясынын төбөсү көрүнгөн жаштары - Милан Турпанов, Семетей Төлөгөн тегин, Андрей Мазницын жана федерация юристи Эрнест Досумбаев "АКИпрессте" журналисттерге маалымат жыйын курду. Алардын айтымында, учурда федерациянын ичинде болгон финансылык көзбоёмочулуктар оголе арбын экен. О.э. мыйзамга туура келбеген иштерден баш адашчудай.

Албетте, жогорудагы олимпиадалык мелдештерге чейин аты чыгып, кыргызстандыктар үмүт артып турган белгилүү шахматчылардын коомчулукка маалымат жыйын курары бүйүр кызытпай койгон жок. Бирок федерациянын ичинде болгон чатактарды жондотуп айтпай, конкреттүү фактыларга токтолушса болмок. Бир жагынан жыйын кургандардын арасында юрист отургандан кийин финансылык көзбоёмочулуктар менен мыйзамсыз иштердин аки-чүкүсүн журналисттерге ачыктаса болмок. Аныгында Э.Досумбаевдин үнүн укканыбыз жок, ал жөн гана "караан" болуп отурду.
Маалымдай кетчү жагдай: учурда кенедей Кыргызстанда эки шахмат федерациясы бар, экөө тең иш жүргүзөт, бирок кайсы тарабыныкы мыйзамдуу экени белгисиз. Алгач бул чырдын башын "Вечерний Бишкек" гезити коомчулукка жар салганы бар. Андан көп өтпөй шахмат федерациясынын башына президентти шайлоо болуп, ага Алишер Сакебаев (Ысык-Ата районунун акими, "Абдыш-Ата" компаниясынын негиздөөчүсү) бекилип, жеке өзүм ал киши менен "Чоң Казат" гезитине интервью уюштургам. Ишти ал биринчи кезекте эки тарапты ынтымакташтыруудан баштаарын белгилеген. Бирок андан бери жарым жылдан ашуун убакыт өттү, эки тарап элдешмек түгүл ажырымдары улам чоңоюп, ушул кыска мөөнөт ичинде эле эки тарап 5-6 жолудан шахматтык мелдештерди уюштурууга үлгүрдү. Албетте шахматтык мелдештер байма-бай уюшулуп турганы жакшы деңизчи, бирок кептин баары ушул жерде. Мен шахмат чөйрөсүнөн алыс киши эмесмин, себеби кызым менен балам далай мелдештерге катышып жүргөндүктөн жонтерим менен көптү сездим. Чынында федерациянын экиге бөлүнүп алгандыгынан өздөрү гана эмес, биз - ата-энелер, балдарыбыз чайналчу болдук. Себеби, бир тарабындагылар оюнчуларды өзүнө имериш үчүн экинчи тараптагылар уюштурган мелдешке катышпоого аракетин кылган учурлары абдан көп. Анан да мелдешти эки тарап тең удаалаш өткөргөндөрүн кантесиң. "Жол ача болсо иттин башы маң" дегендей, кайсы тарабына барарыңды билбей айлаң кетет. Айлаң кеткен себеби: федерациядан бөлүнүп, өзүнчө федерация болуп түзүлгөн тараптагылар (М.Турпанов жетектейт) уюштурган мелдешке барайын десең, алар кийин эл аралык жана олимпиадалык мелдештерге чыгууга кепил болуп, расмий жол-жобосу менен узата алышабы же жокпу?! Ал эми мурдатан бери расмий иш жүргүзүп келаткан федерация (А.Сакебаев жетектейт) уюштурган мелдешке катышайын десең, алар да бир бечара. Алардын уюштуруу деңгээли өтө начар экендигин ушул "Жаңы Агым" гезитине (17/06/11) берген маегимде ачыктагам.
Башкасы башка, чоңдорду эмес балдарды алдагандагы көрүнүштөрүнөн бирин-экин мисал. 2011-жылы июнь айында федерациянын жайкы турнир өткөрүү боюнча жобосунда 1-2-3-сыйлыктар үчүн алтын, күмүш, коло медаль берилери жарыяланган. Анан эле турнирдин жыйынтыгына келгенде байгелүү орунга илинген шахматчылардын ата-энелерине уюштуруучулар "...медалдар заказ берген жерибизден даяр болбой калды, анын ордуна акчалай сыйлык жана дипломдор таркатылат" деген шылтоолорун айта башташты. Шахмат чөйрөсүнө ага чейин аралашып жүрбөгөн мен бул шумдукка абдан таңгалдым. Себеби кызым менен уулумду жетелеп келип өмүрүмдө биринчи жолу шахмат федерациясынын босогосун аттап, кызым 1-орунга чыккандыктан алтын медаль, уулум 3-орунга илингендиктен коло медаль алмай болуп атканбыз. Мындайды күтпөгөн жаным дароо шахмат федерациясындагыларга айттым: "андай болсо сыйлык тапшыруу аземиңерге тележурналисттер менен гезит кабарчыларын чакырайын, бизге айткан шылтоону ошолорго түшүндүргүлө" десем, "жок, берсе азыр деле берип коёбуз, медалдарды даярдатыш тез эле" дешип, сыйкырчыдан бетер жарым саатка жетпеген убакытта бардык медалдарды даярдай коюшту. Анысы ал. Ушул жылдын август айында өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына карата президенттик кубок уюштуруудагы көзбоёмочулуктары да так эле ушундай кемчиликтер менен коштолду. Эч кандай кубогун көргөнүбүз жок. Кызым 12 жашта болсо да 16 жашка чейинкилер менен болгон беттешүүдө 2-орунга илинип, жадагалса алган дипломубузга печать басылбаганын үйгө баргандан кийин көрүп күйбөгөн жерибиз күл болду.
Бул майда фактыларды келтирген себебим, окурмандарга А.Сакебаев жетектеген федерациянын иш жүргүзүү деңгээлин көрсөтүү. Жарым эле жылдын ичинде турнирлер өткөн сайын оркойгон кемчиликтердин канчасын көрдүк. Эң кызыгы, мелдешке катышуучулар канчадан взнос төлөш керектигин жарыялашат, а 1-2-3-орунга чыккандар кайсы көлөмдөгү акчалай сыйлыкты алаарын жазышпаганы түшүнүксүз. Эми буга салыштырмалуу М.Турпанов башында турган федерациянын быйыл жайда (Башкы калыс жана уюштуруучу Данил Токтогонов) Ысык-Көлдө өткөргөн эл аралык шахматтык мелдеши алда канча ачык-айкын, сапаттуу деңгээлде өттү. Бирок ошондой болсо да бирин-экин кемчиликтерине токтой кеткенибиз оң. Мисалга, эл аралык мелдеш деп аталганы менен Казакстандан башка бир да өлкөдөн шахматчылар келген жок. Эмнеге дегенде, уюштуруучулар коңшу өлкөлөргө Кыргызстанда мелдеш өтөөрү тууралуу күн мурунтан кандай маалымат жеткиргендерин билбейбиз, Кыргызстанда жашап аткан өзүбүзгө маалымат жетпегенин ушундан билиңиз, турнир өтөрдөн бир жума мурун "Жаңы Агым" гезитине уулум, кызым үчөөбүздүн интервью чыгып, анда турнир өтөрү тууралуу маалымат айтылган. Кийин ошол маалыматтан улам далай ата-эне балдарын жетелеп Ысык-Көлгө барганын өздөрүнүн оозунан уктум. Муну белгилеген себебим, башка өлкөлөр эл аралык мелдештерди уюштурганын көрүп атабыз, алар жарым жыл, бир жыл мурда интернет аркылуу бардык маалыматты жайылтат. Бизде болсо башка өлкөлөргө түгүл шахмат чөйрөсүндөгүлөргө маалымат жеткирүү жагы абдан начар. А.Сакебаев менен М.Турпанов жетектеген эки тарап тең пресс-кызматтары жок иш алып барат.
Ансыз деле колуман келишинче журналист кесиптештериме кадырымды салып, шахмат чөйрөсүндөгүлөрдүн ийгиликтерин коомчулукка чагылдыруу милдетин аткарып келатам. Арийне мүмкүнчүлүк болсо ушул "Жаңы Агым" гезитине жана ЭлТР каналынын жетекчилери менен "Кабар" МАга, КТРКнын "Ала-Тоо" маалымат борборунун редактору Нарын Айыпка терең ыраазычылык билдирем. Булардын маалыматтык колдоосу эмне үчүн керек? Кыргызстандын шахмат жылдыздарын элге таанытуу үчүн. Мисалга, Шахнази Мусаева, Чыңгыз Исаев, Алтай Акматов, Элина Самудин, Диана Өмүрбекова, Чыңгыз Абдырахманов, Диана Лобода, Камил Нураков, Жакшылык Нурланов, Айдар Кененбаев, Жохар Жаанбай уулу, Актилек Тейитбаев өңдүү Кыргызстандын желегин кайда болбосун желбиретчү оюнчулардын ийгилигине коомчулук канчалык көп күбө болсо, келечекте ушулардын арасынан Кыргызстандын Фишер, Каспаров, Карпов, Алёхин, Ласкер, Таль, Капабланка сыяктуу гроссмейстерлер чыгарына бөркүмдөй ишенем. Тек гана аларды коомчулукка канчалык тааныта алсак, мен патриот деген бизнесмен эр-азаматтар деле четтен табылып, мыкты шахматчыларыбызды дүйнөлүк аренага алып чыгууга мүмкүнчүлүк болмок.
А бизде кандай? Кандай мыкты шахматчылар чыгып келатканын эл тааныбайт. Ушундан улам бир мисал, Э.Инаркиевди "Асабада" иштеп турганда Түгөлбай Казаков байма-бай гезитке чыгарып, капчыктуулардын намысына тийген макалаларын жарыялаган үчүн Инаркиевге кол сунган бизнесмендер табылып, дүйнөлүк мелдештерде жердешибиздин жылдызы жанганы коомчулукка дайын. Андыктан Кыргызстандын шахмат федерациясы журналисттер менен жакындан кызматташып, медиа технологияны колдоно билишкенде мыкты оюнчуларыбызды колдоого алчулар чекеден табылат. Себеби спорттун бул түрү командалык оюн болбогондуктан индивидуалдарды дүйнөгө таанытууда анчалык чоң акча каражат деле талап кылынбайт. Шахмат - бул акыл гимнастикасы. Андыктан жогорудагы мен атаган өспүрүм шахматчылар келечекте гроссмейстер болбой калган күндө да коомдун кайсы тармагындагы кесипти аркалабасын, алар кенедейинен 7-8 шахматтык жүрүштү алдынала ойлонуп жүргөн артыкчылыктары менен кабат-кабат ой жүгүрткөн адатка үйрөнөт. Алар кийин өз кесиптерин ийне-жибине чейин ойлонгон жаңы генерациядагы муун болуп өсүп чыкмак. Кыргыз элинин саны аз болсо да, улуттун сапатын өстүрүүдө шахматтын ролу чоң. Айталы, еврей эли эмнеге акылдуу? Себеби алар балдарын эрте жашынан шахмат жана музыка менен тарбиялаган үчүн дүйнө элдеринин арасынан эң акылдуусу. А кыргыз баласын жалаң жөө жомок менен тарбиялаганын турмушта көрүп атабыз, тилибиз гана сайрайт.
Ушул жерден бир айкын мисалды кыстара кеткеним ашыкча болбос, дүйнөлүк шахматчы, учурда ФИДЕнин жана Калмакиянын президенти Кирсан Илюмжинов бийликке жаңыдан келгенде ишти эмнеден баштарын билбей башын мыкчып отуруп калыптыр. Себеби өлкө саясатын жүргүзүүнү экономикадан баштайын десе, казына курук. Билим берүү тармагынан баштайын десе, мыкты мугалимдердин баары кесибин таштап, биздегидей эле "паралич" абалындагы көрүнүш. Акыры билим берүү тармагын көтөрүш үчүн бардык мектеп программасына шахмат сабагын киргизет. Анын бул демилгеси мамлекеттик идеология катары кеңири жайылып, мындан үч жыл мурда Москвадагы Ломоносов атындагы институтка Калмакиядан эле 23 бала окууга өтүптүр. Андан да кызыгы, ошол 23 абитуриенттин бардыгы бир класстын окуучулары экенин уккан окуу жайдын ректорунун оозу ачылып калганы жөө жомок эмес, факт. Дагы бир факты: учурда калмакиялык шахматчылар дүйнөлүк мелдештин алдыңкы сабына чыгып, Калмакияда шахмат шаарчасы (иммараттары шахматтык фигуралардан курулган) пайда болуптур. О.э. Кыргызстан кадырына жетпеген Инаркиевди мындан 5-6 жыл мурда К.Илюмжинов бардык шартты түзүп берүүгө убада кылып көчүрүп кеткени маалым.
Мен бул макаламда экиге бөлүнгөн шахмат федерациясынын тиягына да, биягына да тартпай, андагы көйгөйлөрдү коомчулукка ачыктоо зарылчылыгын көздөдүм. Менин максатым - шахмат чөйрөсүндөгүлөрдү бир гана жагына тартуу эмес, Кыргызстандан канткенде дүйнөлүк аренага кадам таштаар шахматчыларды чыгара алабыз деген маселеде.
Себеби бүгүнкү күндө өлкөбүздүн шахмат федерациясы дүйнөлүк ФИДЕге мүчө болгону менен ага взнос төлөй алышпай, карызыбыз 4 миң еврого жетиптир! А взносту төлөө мөөнөтүбүз улам кыскарып баратат. Демек, бул кейпибиз менен ФИДЕнин мүчөлүгүнөн чыгып калсак, бүттү. Маа демектен Кыргызстандан гроссмейстер болор оюнчулар чыкса да алар эч качан өлкөбүздүн атынан дүйнөлүк шахматтык мелдештерге катышууга укугу болбойт.
Олжобай ШАКИР






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"