mainkaptal

Пользовательский поиск
  Тасма жол

"Күкүк Шахра" тасмасы кимге арналган?
Режиссер: Эрнест Абдыжапаров
Сценарийин жазган: Эрнест Абдыжапаров
Оператор: Санжар Абдыжапаров
Актерлорду тандаган: Роза Абдуллаева
Башкы ролдордо: Зарема Асаналиева, Евгений Торонов, Николай Пименов, Чыңгыз Мырзаев, Камчы Сарыбаев, Элина Абай кызы.


Былтыр режиссер Эрнест Абдыжапаров бизге берген маегинде америкалыктар менен биргеликте кино тартаарын белгилеген. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип, каражаттын жетишсиздигинен ал максаты ишке ашкан жок. Ошентсе да биротоло кол шилтеп салбай мурдатан жазылган даяр сценарийди бир аз өзгөртүп, анын негизинде "Күкүк Шахра" тасмасын тартып бүткөн кези.

Багы буулган Шахра
Окуя башкы каарман Мээримдин тегерегинде болот. Апасы каза болуп, жигити башка кызга үйлөнүп, бара турган жайы жок орто жолдо калып эркектерден кордук көргөн кыз өз жанын кыюуну чечет. Сууга секирген кызды балык уулап отурган небере менен чоң ата көрүп алып чыгышат. Эс-учун, мурунку жашоосун, атүгүл атын унуткан Мээримге Шахра деген ысым ыйгарылат. Башынан жөнөкөй турмушту кечирбегенин түшүнгөн кыраакы абышка Степан Шахраны эсине келсин деп колдонбогон чарасы калбайт. Акыры небереси Лехага жер кыдырт, балким бир нерсе эстээр деген өтүнүчүн билдирет. Чынында бул аракет текке кетпей Шахра ким экенин, кандай турмушта жашаганын акырындан эстеп баштайт. Шаарга иштегени кетип ошол бойдон дайынсыз жоголгон жигити Керимбек, көчөдө калганда үйүнө ээрчитип барган Зуура, вокзалдан баңгизат менен кармалып асынып өлгөн эжеси Гүлмира… Кыскасы, эстей берсе окуялар көп. Бирок анын бирөө да жагымдуу эмес. Өзүнүн ким экенин аныктамайын мээримдүү чалдын үйүндө жашап тиричилигине каралашып, аларга кадимкидей көнө түшөт. Кеткиси келбей кыйылса да бир убакта өзү туулган жерине, апасы экөө жашаган айылга кетүүгө туура келет.

Заремага арналган тасма
"Зарема талантуу актриса, келерки тасмамда башкы каарман катары сөзсүз ушул кызды тартам" деген режиссер өз сөзүнүн өтөөсүнө эми чыкты көрүнөт. Мурдакы тасмаларында режиссер атайын бир топ түзүп алып бардык кинолорунда тааныш жүздөр катышчу эле, бул жолу андай болгон жок. Көбү жаңы жүздөр, жаш таланттар. Көрүүчүлөр баа берген дагы бир өзгөчө көрүнүш, актерлордун жандуу үн менен ырдаганы.
Башкы каарман Мээримдин ролун Зарема Асаналиева аткарган. Башында айтып өткөндөй, бул кино орус актерлору менен биргеликте тартылмак. Каражат тартыш болуп акыры режиссер Кыргызстандагы орус актерлоруна токтолгон. Леханын (Алексей) ролун аткарган Николай Пименов Ч.Айтматов атындагы орус драма театрынын актеру. Ал эми Степандын ролун аткарган карыя Евгений Торонов актерлук кесипке эч кандай тиешеси жок, "Күкүк Шахра" анын биринчи ролу. Ошентсе да жандуу үн менен ырдоо жагынан алдына ат салдырбайт. Мындан сырткары, көрүнүктүү ролдорду Чыңгыз Мырзаев (Керимбек), Элина Абай кызы (Айгерим), Камчы Сарыбаев, Аскат Сулайманов, Сакиш, Бопуш, Гүлмира Турмамбетова ж.б. аткарышкан. Кино июль айында тартылып баштап, туура отуз күндүк убакытты алган. Баш-аягы жарым жылдын ичинде толугу менен даяр болду. Каражат кайдан алынды, канча акча кетти деген суроого режиссер өзү жооп берет. Демөөрчүлөр жардам берип, калган жетпеген акчаны режиссер өз чөнтөгүнөн кошкон. Ошон үчүн актерлордун бири да гонарар ала элек. Кино прокатка коюлуп каражат топтолсо бардык чыгымдар жабылат деген үмүттө.




Зарема АСАНАЛИЕВА:
"Жандуу роль жаратуу керек"
- Зарема, "Күкүк Шахра" биринчи көрүнүктүү ролуң экен…
- Ооба. Буга чейин "Боз салкында" Анаранын, "Уурунун махабатында" кайырчы кыздын, "Гаишниктер" тасмасында террорист кыздын ролун аткаргам. Буга чейин Эрнест байке мага башкы роль берээрин ачык айтпаса да эртели-кеч менин да, өзүнүн да максатын ишке ашырарына ишенчүмүн. "Боз салкынга" тартылгандан бери арадан билинбей беш жыл өтүп кетиптир. Көптөн күткөн роль ушунча убакыттан кийин болсо да колго тийгенине сүйүнөм. Мурдатан сценарийди окуп көрүп, киного тартылууда баш-отум менен кириштим. Бир чети ушундай жоопкерчиликти мага ишенип тапшырып жаткан Эрнест байкенин үмүтүн актайын деген ой баарынан күчтүүлүк кылды.
- Эмнегедир сага жашоодон көп запкы жеген кыздардын ролу туш келет?
- Бул тасмада да жигити таштап кеткен, кордук көргөн кыздын образын жараттым. Буга чейинки ролум да психикалык жактан чоң жоопкерчиликти талап кылаар эле. Бирок менин кесибим ушундай, мен роль тандабайм деле. Негизгиси жүрөк менен жандуу иштеш керек.
- Дагы тасмага тартылууга сунуштар түшүп жатабы?
- Жакшы сунуштар болду. Бирок сценарий менен таанышсам жалаң суук аба-ырайында, кышкысын тартыла турган кинолор экен. Ден соолугумду ойлоп баш тартууга туура келди.








кыргыз тилиндеги гезит "Агым" меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика