mainkaptal
Пользовательский поиск
  Кыйын кыз


Бишкектин борбордук көчөлөрүндө Ксения Палкина деген сулуубуз белгилүү компаниялардын жүзү болуп көрнөк-жарнактарды көркүнө чыгарып турат. Көпчүлүк "Ксения Палкинаңар ким, я?" деп таң калышканы менен чет өлкөлөрдө Кыргызстандын 1-ракеткасы менен эсептешип, сестенип турушат. Салтка айланып калган башка өлкөлөрдүн азгыруусуна алданбаган патриот кызыбыз бир буту Италияда, бир буту Кыргызстанда болсо да өлкөбүздүн намысын эл аралык аренада татыктуу коргоп келет. Спортчулар көп сүйлөгөндү жактырбаса да сырдуу көрүнгөн Ксюша сулуубуздун маегин сунуш кылабыз.

Ксения ПАЛКИНА:
"Мени колдоп жатышат деп элестетип алып ойнойм"
- Ксения, сиз үчүн быйылкы жыл жемиштүү болду десек болот. Анткени сиз Таиландда өткөн турнирде дүйнө жүзүнүн 35-ракеткасы Сесиль Каратанчеваны жана Италияда өткөн биринчиликте дүйнөнүн 15-ракеткасы Елена Бовинаны утуп алдыңыз. Булар менен ойноо сизге оор болдубу жана күчтүү атаандаштарды утканда кандай сезимдерге кабылдыңыз?
- Дүйнөдөгү эң мыктылардын жүздүгүнө кирген оюнчулар менен ойногондо аябай чоң толкундануулар болуп, биринчи кезекте алардын аброю сүрдүү көрүнүп, аны менен өзүңдү тең көрүү максатында алгач психологиялык жактан күрөшүүгө туура келет. Албетте, жеңип алсам деген тилек биринчи орунда болот деңизчи, бирок көп учурда күчтүү оюнчулар күчтүүлүгүн кылып кетишет. Ал эми жеңип алган учурда аброюң көтөрүлүп, өзүңө-өзүң суктанып, кере-кере дем алып, буга чейинки басып өткөн жолуңа ыраазы болуп каласың.
- Спортчулар көпчүлүк учурда сапарда болушуп, көбүнчө музыканы кулагына салып алып, кыялдануу, элестетүү, келечекти пландоо менен сапар карытып, убакыт өткөрүшөт экен. Сиз өзүңүздү 20 жылдан кийин кандай элестетесиз? Спорттук карьераны жыйынтыктаган соң эмне менен алек болсом деген максаттарыңыз бар?
- Чындыгында эле сиз айткандай турнирлер дүйнөнүн ар кайсы бурчунда өтөт. Ошол учурда сапарың алыс болуп жана бат-бат материктерди кесип өткөн каттамдарга чыкканыбыздан убакыттын көбү жолго кетет. Мындай учурда музыка угуп же кыялдангандан өткөн алаксыта турган нерсе жок. Мен Кыргызстандын тенниси, бир эле тенниси эмес, жалпы спорту, экономикасы өнүгүп, эли бай жашап, күнүмдүк тиричилик менен алаксыбай өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй маданий иш-чараларды көргөнү барып, спорттук беттештердин күбөсү болгонго жетишкен убакытка туш болсо экен деп кыялданам. Ал эми жеке өзүмдү 20 жылдан кийин бизнес тармагында ийгилик жараткан айым катары көргүм келет. Негизи адам баласы көбүрөөк кыялданса анын максаты да ошол нерсеге умтулуп, тилегени орундала берээрине көп ынанам. Андыктан бош убактыңар болсо кыялдангыла деп кеңеш берсем да болот.
- Теннисте жупташып ойношот эмеспи, ошондой оюнда каалаган өнөктөшүңдү танда десе ким менен бирге аянтчага чыгат элеңиз?
- Джо-Уилфред Цонга аттуу франциялык күчтүү теннисчи жигит менен Штеффи Граф жана Андрэ Агассиге каршы чыкмакпыз. Бул эми албетте, ишке ашпай турган нерсе деңизчи, бирок ошондой болсо деп мен кыялдана берем.
- А негизи теннис тарыхындагы эң күчтүү оюнчу деп кимди эсептейсиз?
- Өзүнүн дооруна карабай салыштырганда баарынан Пит Сампрас күчтүүлүк кылса керек. Эгер ал азыр ойногондо теннис менен эле миллиардерлердин катарын толукташы мүмкүн эле.
- Сиздин белгилүү спортчу болушуңузга ата-энеңиздин салымы канчалык?
- Менин мындай бийиктикти багынтканыма апамдын түздөн-түз тиешеси бар. Биринчи жолу апам мени теннис кружогуна алып келген. Азыркыга чейин апам машыгууларыма жеткирип келет.
- Оюнга өзүңүздү кантип даярдайсыз?
- Маанилүү беттештердин алдында жалгыз отуруп алып кулагыма музыканы тагып, оюндун ийгиликтүү жыйынтыкталган учурун элестетип өзүмдү даярдайм. А эгерде тырышып мен утушум керек десең, көп учурда тескерисинче утуласың. Теннисте психологиялык жактан туруктуу болуп, өзүн олуттуу кармагандар көп эмоцияга алдырбай ийгилик жаратышат.
- Оюндан кийин кандай гана жыйынтык болбосун спортчулар чарчайт. Сиз кантип эс аласыз?
- Күн сайын массаж жасатып, муздак ваннага түшөм. Туура тамактануу да адамды эс алдырарын айта кетпесем болбойт. Жакын адамдарым менен сырдашып, ноутбугумдан кинолорду көрүү менен алаксыйм.
- Өзүңүз билгендей биздин өлкө жарды болгондуктан спортчуларды тиешелүү деңгээлде колдой албайт. Сиз мындай ийгиликке жетүүдө кимдердин колдоосуна туш болдуңуз?
- 14 жашымда мен Азиянын курама командасынын катарына кирип Европага каршы ойноо үчүн ошол континентке сапар алганбыз. Ал жактан мени Nike жана Babolat фирмалары байкап калып, кийим-кечек жана спорттук жабдыктарын кийүү боюнча келишимге кол койгом. 15 жашымда Италиянын теннис академиясы биз менен кызматташ деген сунуш менен кайрылышкан. Ошондон бери мен ал жакта машыгып, алардын тарбиялануучусу болуп келем. Бирок көп учурда чет өлкөдө жүргөндүктөн Кыргызстанды аябай сагынам. Бир айдан ашыгыраак жок болуп калсам бул жакка келгим келе берет. Тиги же бул турнирге баруу үчүн билеттерди алууда ар тармакта ийгилик жаратып келишкен жакшы адамдар мага колдоо көрсөтүп келишет. Бул жакшылыгы үчүн аларга ыраазычылык билдирем. Кыргызда патриот инсандар жок эмес. Алар биздин өлкөнүн намысын коргоп жатасың деп туруп эле көп жумуштарымды бүтүрүп беришет.
- Сиздин дүйнөлүк теннис ассоциациясынын мыкты теннисчи айымдардын арасындагы тизмедеги эң бийикке чыккан тепкичиңиз 163-орун болгон. Мыктылардын тизмесинде дагы жогорулайын деген оюңуз барбы?
- Ар бир спортчунун өйдө көтөрүлгөн жана ылдыйлаган учурлары болот. Менин жашоомдо азыркы учурда айрым кыйынчылыктар болгондуктан, жакшы ийгилик жарата албай жатам. Бирок мен болгону 21 жашта элемин. Андыктан абройлуу жеңиштердин көбү алдыда экенин айткым келет. Буюрса мени биринчи жүздүктүн эле эмес, эң мыктылардын 50сүнүн катарынан көрө аласыздар деп айта алам.
- Быйыл теннис дүйнөсүндө Новак Джоковичтен өткөн кыйын адам болбоду. Бул жигиттин ийгилиги канчага созулат деп ойлойсуз?
- Мен Новак менен жакындан таанышмын. Ал өтө жакшы бала. Акыркы жылдары легендарлуу Роджер Федерер менен Рафаэль Надалдан да ашып түшкөнү анын катуу даярдыгынан кабар берет. Бул ийгилигин ал көпкө кармаганга аракет кылат деп ойлойм.
- Ар бир пенденин башына кыйынчылык түшпөй койбойт. Ошондой учурларды кантип жеңесиз?
- Туура айтасыз. Айрымдар байларда, белгилүүлөрдө кыйынчылык, көйгөй болбойт деп ойлошот экен. Андай адамдар көбүнчө карапайым адамдарга жеткиликтүү болгон нерсеге жете албай да буулугуп кетиши мүмкүн. Менде финансылык же дагы башка кыйынчылыктар көп болбосо да эл катары мен деле көзүмдү жашылдантам. Мындай учурларда жакындарым, досторум колдоп, көңүлүмдү жибитип, жардамдарын аяшпайт. Андыктан көбүрөөк жана ынагыраак адамдар менен ысык мамиледе болуш керек деп ойлойм.
- Сиз миңдеген күйөрмандар келип көргөн беттештерде өнөр көрсөтөсүз. Көп учурда алар сиздин атаандашыңызды колдошот. Мындай абалда эмне кыласыз?
- Албетте бул өкүнүчтүү нерсе. Биздин өлкөдө андай чоң деңгээлде турнир болбогондуктан, мени колдогон күйөрмандар катышкан беттештерди өткөрө элекмин. Сиз байкагандай миңдеген адамдар менин атаандаштарымды колдогону келишкен болушат. Алар чет тилде колдоп жаткандыктан, мен алардын жарымы мени колдогону келишти деп элестетип алып ойнойм. Кыялымда Бишкекте да чоң турнир өтүп, көрүүчүлөрдүн баары мага жан тарткан күн келет деген үмүт бар. Ошентсе да чет жакта жүргөнүмө карабай өзүмдүн оюнум менен жаңы күйөрмандарды өзүмө тартканга аракет кылам.
- Дүйнөдө чоң-чоң эле футболдук клубдар букмекердик конторалар менен сүйлөшүп жеңилип беришет. Сиз ушундай иштерге аралашасызбы?
- Аралашкан күндө да эч ким аралашам деп айтпайт болуш керек. Бизди WTA тарабынан катуу көзөмөлгө алып турушат. Мен ошол букмекерлер сунуш кылган акчаны сол чөнтөккө алгычакты ошол каражатты турнирди утуп байге фондунан алганды туура көрөм. Андай байлык жукпайт болуш керек.
- Сиздин эң атактуу атаандашыңыз ким болгон?
- Гуанчжоудо өткөн Азия оюндарында Кытайдын 1-ракеткасы Ли На менен беттешкем.
- Эсиңизде калган жеңишиңиз?
- Менин көп эле жеңишим эсте калган. Ошентсе да кыйындардын арасында мыкты жүздүккө кирген Ольга Говорцованы 2008-жылы Ташкентте утуп алганда аябай бактылуу болгом.
- Сизди спорттун кайсы түрү болбосун "тыта" берет деп айтышат…
- Негизи мен бала кезде сууда сүзүү, тоо лыжасы, баскетбол жагынан кыйын элем. Кийин көңүлүмдүн баарын тенниске буруп салдым. Негизи, физикалык жактан күчтүү болгондуктан спорттун кайсы түрү болбосун тишим өтөөрүнө көзүм жетет.
- Кыргыз теннисинин деңгээли жогорулайт деп ишенесизби?
- Негизи футбол, волейбол, баскетбол, хоккей сыяктуу оюндарды өнүктүргөнгө караганда теннистен ийгилик жаратуу биз үчүн жеңил. Анткени, Кыргызстан сыяктуу чөнтөгү жукараак өлкөлөр бир команданы бакканга караганда жекелик түрдө оюн көрсөткөн спортчуну колдосо ал мамлекеттин атын жакшыраак таанытмак. Бизде азыр жаңы корттор салынып теннис жакшы эле алга жылууга аракет кылып жатат. Менин жеке кеңешим, балдарын спорттун кайсы түрүнө берүүнү билбей жаткан ата-энелер тенниске алып барышсын. Анткени жеке спортчу катары жаш кезинен тарбияланса ошол бала белгилүү да, бай да болуп жашоого мүмкүнчүлүгү спорттун башка түрүнө караганда көбүрөөк болот.
Кудрет Тайчабаров







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"