кыргыз тилиндеги гезит "Агым"

п»ї
Гюнеш Йылмаз эми соттолот

Үстүбүздөгү жылдын апрель айынын ортосунда Бишкектеги "Бета-сторес-3" соода түйүнүндө сатуучу болуп иштеген Чолпон Орозбаеваны ошол жерде иштеген 35 жаштагы түрк жараны Гюнеш Йылмаз зордуктоого аракет жасап, ур-тепкиге алган эле. Учурунда коомчулукта бул боюнча чоң резонанс болгон. Качып бараткан Йылмазды казактар кармап Кыргызстанга өткөрүп берген.
Учурда Гюнеш Йылмаз Бишкек шаарындагы СИЗО-1де камакта отурат. Биринчи май РИИБнин тергөөчүлөрү анын үстүнөн КР КЖКнын 104-беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоп, тергөө жүрүп ишти сотко өткөрдү. Эми анын тагдырын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чечет. Учурунда Бишкек шаардык сотунун судьялары аны эркиндикке чыгарып, качып кетүүсүнө өбөлгө түздү эле, эми Биринчи май райондук соту алардын катасын кайталабай адилеттүү чечет деген үмүт чоң. Гюнеш Йылмаздын сот процесси кандай өңүттө өтүп, кандай жаза алаары коомчулуктун көңүл борборунда экени жашыруун эмес. Биз да бул процессти көз жаздымда калтырбайбыз.













??.??