presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  ТВ маалымат

Бир жарым жылдан бери КТРК эмне кылды?
2011-жылдын 13-октябрында КТРКда "Ала-Тоо" маалымат программалар дирекциясынын жаңыланган студиясынын, жаңы техникалар менен жабдылган чоң концерттик, камералык, адабий-драмалык радиостудиялардын жана коомдук каналдын интернет сайтынын ачылыш аземи болду.


Президент Роза Отунбаева КТРКны кыдырып андан соң жамаат менен жолугушуп, ондогон жылдардан бери оңдолуп, жаңыланбаган жабдыктар бир жарым жылдын ичинде бүткөрүлгөнү өзгөчө мактанарлык эмгек экенин белгилеген. Учурда симфониялык-камералык оркестрдин үн жазуу техникасы жаңыланган. Кыргыз радиосуна жаңы орнотулган үн жазуучу техниканын жардамы менен көөнөргүс чыгармалардын баары алтын казынага жазылып алынат. Азыркы учурда алтын казынага жазылып алынган 12 миң сааттык чыгармаларды санарипке өткөрүү иштери жүрүүдө.
Коомдук каналдын жаңылануусуна байланышкан дагы бир жаңылык - жаңыдан иштеп баштаган интернет баракчасы. "ktrk.kg" интернет сайтында ар кандай кызыктуу маалыматтар менен бирге онлайн телевидение дагы чыгат. Ал эми 2011-жылдын март айынан баштап коом үчүн дагы бир кызмат булагы пресс-борбор иштей баштады. КТРКнын пресс-борбору - пресс-конференцияларды, саясый, экономикалык жана социалдык темаларда көйгөйлүү маселелерди талкуу боюнча жолугушууларды жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн аянтча. КТРКнын пресс-борборунда болгон бардык окуялар жана өткөрүлгөн иш-чаралар аталган корпорациянын телекөрсөтүүсүндө жана радиоуктуруусунда чагылдырылат. Пресс-конференциянын жыйынтыгы боюнча бардык материалдар жана жаңылыктар "Ала-Тоо" маалымат-аналитикалык программасында жана "Биринчи радио" станциясында берилет. Ошондой эле КТРКнын расмий сайтында жайгаштырылат.
Жакынкы аралыкта болжолдонгон иштердин арасында коомдук каналда спорттук көрсөтүүлөрдүн өзүнчө студиясын, киновидео (бара-бара фонотеканы кошуп), архив кызматын (дирекция, фонд же ж.б. аталыштагы) түзүү каралууда. Ошондой эле коомдук каналдын чыгармачылык бөлүктөрүнүн негизгилеринен болгон (оператор, режиссерлор, үн режиссер, дизайнер-сүрөтчүлөр) кызматтардын башып кошуп бир структуралык түзүлүшкө кошуу тууралуу ойлор бар. Мындан тышкары, коомдук биринчи канал менен радиотелеборбордун айрым кызматтарын бириктирүү маселеси да каралып жатат. Мындай аракеттер анча деле тоскоолдуксуз жана чыгым талап кылбайт.




Мазмунда эмне өзгөрдү?
Өткөн жылдын апрель айынан баштап телевидениеде көрсөтүүлөрдүн тизмеси такталып, мазмуну жана форматын өзгөртүүгө болгон аракеттер башталды. Коомдук каналдын жасалгасын өзгөртүүгө басым жасалып, каналдын белгиси (логосу) өзгөртүлдү.
Редакциялык саясат жүргүзүүдө өзгөрүүлөр болду. Түз эфирдеги көрсөтүүлөргө милдеттүү түрдө эки тараптын өкүлдөрү катыштырылып, коомдук каналдын башкы талаптары аткарыла баштады.
Коомдук каналдын маалымат программасынан мазмуну менен бирге форматы, эфирдик убактысы өзгөртүлдү. Маалымат программаларынын эфирге чыгуусу жана убактысы көбөйтүлдү. Дегеле, КТРКнын кыбыр эткенине бүгүн коомчулук тыкыр көз салып турат.





  Ат жалында

- КТРКнын азыркы ишине кандай баа бересиз? Ал акыркы саясый окуяларды реалдуу чагылдыра алдыбы? КТРКнын учурдагы Байкоочулар кеңеши менен жетекчилигин алмаштыруунун зарылчылыгы барбы?
Чыныбай ТУРСУНБЕКОВ, ЖК депутаты:
- КТРК акыркы чоң саясый компанияда өзүнө коюлган милдетти так аткарып, бардык талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк берди. Бул мурда-кийин болбогон окуялардан. Мындай жөрөлгө өткөн жылы парламенттик шайлоодо башталган. Бул жылы да болду. Демек бизде чоң өзгөрүүлөр бар. Коомдук телерадиодогу өзгөрүүлөрдүн биринчи белгиси ошол.
Чындыгында учурда КТРКда прогресс көрүнүп турат. Былтыркыга караганда быйыл биртоп өсүү бар экен. Ал уланыш керек болчу. Жаңы Байкоочу кеңеш келгенден кийин саясат каякка буруларын эч ким айта албайт. Ошондуктан мен сарсанаа болуп турам.
Табылды АКЕРОВ, саясат таануучу:
- Негизи КТРК президенттик шайлоону жеткиликтүү эле чагылдыра алды деп ойлойм. Мурдакыдай бир гана саясатчынын кызыкчылыгын көздөп, анын гана пайдасына иштегени байкалган жок. Бардык эле талапкерлерге максималдуу мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, алардын баарына бирдей шарт коюлду. Ошол эле учурда бир жагынан жаманатты болуп калбайлы деп сактанып, шайлоонун жүрүшүн өтө этият чагылдырганы да байкалды. Бирок мен бул президенттик шайлоодо КТРКдан коомчулукту уу-дуу түшүргөн укмуш материалдар берилет го дегем. Тилекке каршы, андай болгон жок. Чамасы талапкерлер өздөрү же каршылашы тууралуу маанилүү материалдарды бере алышкан жок окшойт. Мүмкүн буга алардын материалдык мүмкүнчүлүгү жетпегендир. Чын-чынына келгенде КТРКны үч эле талапкер башкаларга караганда жакшы пайдаланып, президенттик күрөш кандай жүрө турганын көрсөтө алды. Бирок баары бир КТРКнын мүмкүнчүлүгүн толук кандуу пайдалана алышкан жок.
- Жакында кабыл алынган КТРК жөнүндө мыйзам тууралуу эмне дейсиз? Ал мыйзам боюнча КТРКнын учурдагы Байкоочулар кеңеши тарашы керек экен.
- Бул туура эмес. Коомчулук КТРКнын азыркы Байкоочулар кеңешине жана жетекчилигине көнүп, алар элдин ишенимине кирип калды. Азыркы жетекчилик тарабынан биртоп олуттуу иштер жасалып кетти. Азыр КТРК Акаевдин же Бакиевдин доорундагы КТРК эмес. Революциядан бери бул мекемеге коомчулук тарабынан жаман сөз айтыла элек. Ошого карабай депутаттардын өтө катуу шугулданып бул мыйзамды жазып ийгени туура эмес деп ойлойм. Чынында КТРК өзүн көз карандысыз жана коомдук маалымат булагы катары түптөп келүүдө. Ушунун баарын көрүп туруп карама сокур кебетеленип кандайдыр бир мыйзам токуй коюп, Байкоочу кеңешин, анан жетекчилигин өзгөртө коелу дегендер өздөрүнүн кызыкчылыгын көздөп жатат деп ойлойм. Бул өтө туура эмес кадам.
Азиза АБДРАСУЛОВА, укук коргоочу:
- КТРК шайлоону 100 пайыз реалдуу чагылдыра алды деп айта албайм. Себеби шайлоо жалпы республика боюнча жайылтылган саясый процесс болгондуктан бир эле убакта өлкөдө болуп жаткан окуялардын баарын камтыш кыйын. Бирок талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк берди. Мындан сырткары, нааразычылык болгон жерлерди коркпой-үркпөй камтый алды. Менимче, бийлик тарабынан тыюу салынбады окшойт.
- КТРК боюнча жаңы кабыл алынган мыйзам тууралуу оюңузду билсек.
- Кыргызстанда дайым ушундай. Кандайдыр бир реформалар жаңы башталганда эле колдон келсе мыйзам аркылуу, колдон келбей калса күчкө салып болуп жаткан реформага, өзгөрүүлөргө тоскоолдук кылышыбыз керек. Бүгүнкү күндөгү Байкоочулар кеңеши жаман иштеп жаткан жок. Алардын анча-мынча кетирип жаткан кемчилигине сын айтып, аны оңдогонго мүмкүнчүлүк түзүп берип, бүгүнкү реформаларды алдыга жылдырсак болмок. Бүгүн өзгөртүү кирген мыйзамга эртең дагы бирөөлөр өзгөртүү киргизип, ушундай нерселер менен чайналып отура беребиз. Өзгөртүү киргенде эле мен корко баштайм. Мына Башмыйзамды өзгөртүп жүрүп биз эмнеге жетиштик?
Бегалы НАРГОЗУЕВ, мурдагы депутат:
- Негизинен жылыш бар, кээде бийликтин цензурасы жок чыгып кеткен маалыматтар кубандырып калат. Андай бийликтин короосуна таш ыргыткан ачуу чындыктар "Ата мекен" партиясынын таасири менен чыгып жатабы деген ойго келесиң. Кантсе да азырынча жылыш бар. Айрыкча Нарын Айыптын аналитикалык материалдары мага жагат. Ошентсе да, менин баамымда бүгүнкү бийлик менен телеканалдагы бийликтин корпоративдик кызыкчылыктары бул каналдын толук түрдө коомдук каналга айланышына терс таасирин тийгизүүдө. Дагы эле болсо КТРК бийликтин камчысын чапкан каналдан өйдө көтөрүлө албай келатат. Байкоочулар кеңешинин мүчөлөрү бир кезде мыйзам баарынан бийик болуш керек деген принципти карманган коомдук активисттерден түзүлгөнүнө карабай азыркы жаңы кырдаалда ал принциптен тайышып, жок биз калышыбыз керек, биз гана КТРКны оңой алабыз, калгандар баары антидемократтар кыязында көрсөтүп атышат. Жаңы мыйзамдын негизинде Байкоочу кеңеш жана жетекчилик кайра шайланыш керек. Балким өздөрү эле шайланып калышы мүмкүн. Бирок кийинки муундарга үлгү болуш үчүн мыйзамга баш ийип, шайлоодон өтүп жаңы традиция түзүш керек, ошого эрктери жетпей жатат.
Кален СЫДЫКОВА, коомдук ишмер:
- Негизинен КТРК президенттик шайлоонун жүрүшүн туура эле чагылдырды. Ал жагынан нааразычылык жок. Менин айтайын дегеним такыр башка, коомдук каналдар болобу, башкасы болобу, Байкоочу кеңештин дегеле кереги жок. Негизинен эле мен КТРКнын коомдук болушуна каршымын. Азыр Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгү көчөдө жүргөн чет мамлекеттен каржыланган коомдук уюмдардын кызматкерлери. КТРКге жетекчини мамлекет бекитип, ал баарына жооп берсин. Аны эмнеге кимдир бирөөлөр байкап туруш керек? Мамлекеттин кызыкчылыгын коргогон бир канал болуш керек да.
Бетти даярдаган Зайырбек АЖЫМАТОВ






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??