presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Калемдештен кадырман кеп

Миң канаттуу талант
Маркум устат Салижан Жигитовдун чыгармачылыгына пикир айткандар ага сөзсүз бир илдет илээр эле. Достору да, кастары да. Көзү тирүүсүндө да, көзү өткөндөн кийин да. Ал болжол менен мындай: С.Жигитов адабияттын ар кандай жанрына чарпыла берип, чачылып, чабылып кетти. Бирөөнү кармаса катырмак. Ошентип кастарынын айтымында, "ара жолдо калды". Досторунун айтымында, "мындан да мыкты чыгармаларды жаратмак". Анда акыйкат үлүшү канча экендигин билбейм, билгеним бир жанрга жанын бергендер деле кыргыз адабиятын жарытып ийген жок, ал жаатынан "тийип-качкан" Жигитовдун деңгээлине жетмек түгүл жакындагандар сейрек.

Пушкин бир учкай байкоо жазып кетиптир. "Таланттын бир түрдүүлүгү канчалык терең десек дагы акылдын бир жактуулугун далилдейт" дейт ал.
Анын өрнөгүн өзү көрсөттү. Турмуш сыяктуу тынымсыз кыймылдагы, албан түс аракеттеги ар түркүн, ар жактуу, ар жанрлуу чыгармалары менен. Чыңгыз Айтматов деле ошондой: прозасы жеткен чокуну эле тиктеп отурган жок. Не деген публицистикаларды - коомдун, адабияттын, тарыхтын маселелерин жазды, кыргыз киносу менен театр драматургиясынын деңгээлин көтөрүүгө көмөктөштү. Кийин билинди, ыр жазыптыр, атүгүл музыка дүйнөсүнө "кол салып" ийиптир…
Аткан таң менен баткан күнгө кайдыгер карабаган художниктер ошентет. "Ичтеги желин" кандай жол менен болсо дагы чыгарат. Айтмакчы, ал "жел" айлана-чөйрөнү ойготот, дүйнөнү өзгөртөт. "Дүйнө бизди өзгөртөт, биз дүйнөнү өзгөртөбүз" деп Айтматов кооз сөз үчүн айтпаса керек.
Түгөлбай Казаковдун "Эсимде" деген прозалык чыгармасын окуп атып ошону ойлодум. Түгөлбай да ошондой художниктердин уркуна кирерин эстедим. Япон жазуучусу Я.Кавабатанын атактуу "Миң канаттуу турна" романынын атын бура тартып бу кичинекей киришмемди "Миң канаттуу талант" атаганым да ошондон. Бир канаттуу талант болбойт.
Мен Түгөлбайдын өзүн да, чыгармачылыгын да жакшы эле билем го деп ойлойм. Жеке мамилеге келсек, шүгүрчүлүк, ал жаатынан "стажыбыз" жетиштүү. Мен аны мектепти бүтүп политехника институтуна киргенден баштап билем десем болот. Эртелеп акырет кеткен көйкашка агасы Аман Токтогулов экөөбүз жакшы жолдош элек. Арабыз бир-эки жаш эле айырма болгону менен анын кыйла жардамы тийип, жакшылыгы жуккан. Чыгармачылык жактан да, турмуш жаатынан да. Түгөлбай экөөбүздү башкалардан озунуп таанышып, ага-инидей мамиле түздүргөн да Амандын аркасы. Азыр ойлосом Аман экөөбүздү табыштырган поэзияга болгон кумардык сыяктанат. Түгөлбай экөөбүздү да боор тарттырган ошол, анан… эстегенде жандүйнөнү "дүр-р" эттирип жандырып жиберген Амандын элесиби дейм.
"Эсимде" тууралуу эки ооз сөз айтам деп сентименталдуулукка алдырып баратат өңдөнөм. Балким чыгармага катышкан адамдардан, асыресе Түгөлбайдын апасы, Эсен байке, дегеле Токтогуловдордун (Казак чоң атасы) таржымал-таалиминен аздыр көптүр кабарым бардыгы үчүндүр? Балким жандүйнөдөн ушунчалык табигый, жөнөкөй, акырын агып чыккан, кудум аябай бышкан кезде "топ" этип үзүлүп түшкөн алма сыягындагы бул аңгеме менин аң-сезимимди ошентип ойготконунан уламдыр?
Айтору бу да Түгөлбай Казаковдун талантынын бир "канаты", универсалдуулугунун бир белгиси деп ойлойм. Түкөң кайсы ишти болбосун катыра аткарарын аны менен чогуу иштеген кишилер билет. 15 жылга чукул аны менен бирге "Асаба", "Агым", "Алас" гезитинин суугуна тоңуп, ысыгына күйгөн биз жакшы билебиз. Сүйлөсө тилинен мөөрү көрүнгөн, жазса калеминен көөрү төгүлгөн, ырдаса жүрөгүнөн кызыл жалын күү аккан Түкөң чыгармачылыкта: музыкада, поэзияда, журналистикада да ушундай, кайталангыс оригиналдуу, интеллекти бийик. Мына, прозадан да ошондой көрүндү. Ал чыгарган обондор, мисалы мага бүтүндөй бир поэма, бир трагедиялуу мистерия, каарманы өзү сыяктуу сезилет. "Эсимдеде" болсо турмуштун тең салмагы орногондой, бейпилдик түшкөндөй, ойкуштаган окуя, оорулуу фантазия, жалган пафосу жок, жай, салмактуу айтылган аңгеме-маек, каарманы өзү сыяктуу таасир калтырат.
Оригиналдуулук жөнүндө бир-эки сөз. Биздин акын-жазуучуларда да, музыкант-обончуларда өз парадоксу, өз ой жүгүртүү системасы менен өзгөлөрдөн кантип айырмаланабыз б.а., оригиналдуулукка кантип жетебиз деген аракет жок. Канткен менен адам өзүнүн башкаларга окшобогон жүзү, үнү менен айбандардан айырмаланат. Биздин таланттардын көбүндө "ички сабаттуулук" - интеллект жетишпейт. Ошон үчүн "совхоздун ак койлорундай окшош" проза, поэзия, музыка чыгармалары жайнап кетти.
Т.Казаковдун кайсы чыгармасы болбосун эмне үчүн кыргыз көркөм өнөрүнүн фонунда аттын кашкасындай көрүнүп, бөлүнүп турат? Кийинки мезгилде обон чыгарып, музыка жазбай калганынын бир себеби, аны "совхоздун ак койлоруна" кошкусу келбегенинен уламдыр? Ошон үчүн көөдөнгө батпаган ой-сезимдердин чыгаруу жолун поэзиядан, прозадан издеп аткандыр?
Айтор Түкө тууралуу айта турган сөз түгөнбөйт. Бизден кийин да түгөнбөйт. Жердештеринен укканым бар: апасы акылман, аябагандай чечен киши эле дешет. Балдарынын атын да ырымдап Эсен, Аман, Түгөл, анан бай болсун деп койгон имиш. Материалдык жагын билбейм, балдары рухий жактан түгөл, түмөн, бай чыкты дээр элем. Анын бири Түгөлбай Казаков быйыл пайгамбар жашына келиптир. Анын жана жаңы керемет прозасы "Эсимденин" этегин кармап көңүлдө жүргөн ойлорумду ортого салдым. Ошого каниет.

Алым ТОКТОМУШЕВ,
"Жаңы Ала-Тоо" журналы, №10, 2011




  Төртүнчү бийлик төркүнү

Кыргыз журналистикасы кыргыз саясатын кантип жүргүздү?
(Уландысы. Башы өткөн санда)
Себеби гезит беттеринде, интернет дүйнөсүндө чагылдырылган макалалардын саны көп болгону менен далилдүү фактылар дээрлик келтирилген эмес. Анан да бир эле материал бир нече басылмаларга кайра-кайра көчүрүлүп басылып, "заказной" экени оркоюп көрүнүп калды. Эң кызыгы, А.Атамбаевге карата "атылган" мындай кур дүрмөт "окторго" орус бийлиги өзү калканч болуп туруп берди.

Атамбаевди наркобизнеске жипсиз байлоого аракет кылган макалалардын сериясы алгач орус тилдүү "Мегаполис" гезитинде жарык көрдү. Бул сентябрдын баш чендери эле. Андан соң Нариман Түлеевге караштуу "Vesti.kg" сайты ошол эле макаланы көчүрүп басат.
Ошентип, "Vesti.kg" сайтында жарыяланган макала "карусель" ыкмасына өтүп, кыргыз тилдүү гезиттерде жаандан кийинки козу карындай жайнап чыга баштады. Натыйжада эркин басылмалар "кара пиардын" арты менен капчыгын жакшы эле кампайтышты. Булардан сырткары, "centrasia.ru" , "pik.tv" жана "Белый парус" сайты наркобизнес темасын кайра-кайра чагылдырып турса, "Дизель" форумунда бул тема кызуу талкууланды.
Мындай масштабдуу чабуулга карабастан А.Атамбаевдин кылы кыйшайып да койгон жок. Себеп? Макаланын башында айтып өткөндөй, жер жайнаган макалаларда конкреттүү аргументтер келтирилген эмес. Маселен, макалаларда "казино-барону" Бозулан Мамазаиров өзүнүн казинолору аркылуу сыртка наркотик ташып турат экен. Муну сөз жок башбакан Алмазбек Атамбаев "крышевать" этет имиш. Бирок кантип? Макалада дал ушу суроого конкреттүү жооп жазылган эмес.
Экинчиден, ошол эле компроматтар согушунда "Кыргызстандын эркин журналисттер жана блоггерлер" ассоциациясы орус өкмөт башчысы Владимир Путинге кайрылуу жөнөткөнү мисал кылынат. Кайрылууда кыргыз премьери өлкөдөгү наркобизнести гүлдөтүп атканы кеңири айтылат. Таңгалычтуусу, аталган ассоциациянын атынан кайрылуу жазган адамдардын тизмеси жана колтамгасы ачык көрсөтүлбөй, анонимдүү сакталган. Атүгүл бул ассоциацияга кимдер киргени да белгисиз. Анан жок нерсеге ким ишенсин?
Мындай бороондон Атамбаевди орус бийлиги өзү чыгарды. Тактап айтканда, Россиянын баңгизатына каршы күрөш жүргүзгөн федеративдик агенттигинин төрагасы Виктор Иванов расмий билдирүү жасап, кыргыз өкмөтү өткөн жылга салыштырмалуу маңзатына каршы күрөштү эффективдүү жүргүзгөнүн, Россияны көздөй агылган "ак порошоктун" өлчөмү былтыркыга салыштырмалуу 23 эсеге көп кармалганын айтты. Мындай билдирүүнү Атамбаевдин жазмакерлери өз убагында кармап, аны дээрлик бардык маалымат каражаттарына жайгаштырууга жетишишти. Ошондой эле Алмазбек мырзанын өзү телетаймашта дал ушул суроого жооп берип, маңзат менен "достошпой", тескерисинче, ага каршы аеосуз согуш ачканын, анын жыйынтыгын орус өкмөтү да сезип атканын баса белгиледи.
Ташиев, Мадумаров, Түлеев, Султанов, Байболов, Масалиев неге бирикпеди?
Сентябрдын экинчи жарымында Адахан Мадумаров , Камчыбек Ташиев , Нариман Түлеев , Кубатбек Байболов жана Исхак Масалиев сындуу президенттикке талапкерлер аз жерден биригип кете жаздашкан. Ал турсун алардын айрымдары элге атайын кайрылуу даярдап, кол койгонго да жетишишкен. Эгер мындай күчтүү фигуралар биригип кетсе, анда Атамбаевдин шайы оомок. Бирок анын командасы пиар-технологиянын аркасы менен мындай кырдаалдан чыгып кетишти. Мына-мына биригебиз деп аткан талапкерлердин тагдырына экс-президенттин үкасы Жаныш Бакиев , уулу Марат Бакиев балта чапты.
(уландысы бар)
Нурканбек КЕРИМБАЕВ






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??