presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Коалиция көйгөйү

Премьерлик кимге буюрат: Өмүркуловгобу, Бабановгобу же Келдибековгобу?
Алмазбек Атамбаевдин президенттик кызматка киришүүсү менен саясый оюндар, кадрдык орун алмашуулар күчөйт. Тагыраагы, курама өкмөт отставкага кетип, ордуна жаңысы куралат. Буга байланыштуу коомчулукта болочоктогу коалициянын курамы жана премьерлик, спикерлик кызматка кимдер барары туурасында түрдүү версиялар айтылууда.

Майда бирок маанилүү
Ички иштер министрлигине Мелис Турганбаев дайындалат дешет.
Темир Сариев же эл өкүлү Марат Султанов улуттук банк төрагалыгына баруусу мүмкүн.
"Акыйкат" партиясынын төрагасы Аликбек Жекшенкулов тышкы иштер министри болом деп алаканы кызарганча ушалоодо.
УКМК төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев да "пошел" болчулардын катарында.


Ушу тапта ЖоКеде КСДП, "Республика", "Ата мекен" жана "Ар-намыс" фракциясынын ортосунда сүйлөшүү жүрүп атат. Сүйлөшүүдөн оң натыйжа чыкса, анда парламенттик көпчүлүк жогорудагы төрт фракциядан куралып, "Ата журт" оппозицияда калышы ыктымал.
Негизинен жаңы коалициянын курамына байланыштуу үч-төрт варианттар каралууда. Маселен, "Перспектива" аналитикалык борборунун башчысы Валентин Богатырев "Азаттык" үналгысына курган маегинде "Жалпысынан үч вариант бар: биринчиси, учурдагы коалиция кандай болсо ошол бойдон калат. Экинчиси, азыркы коалиция кеңейип, анын курамына "Ар-намыс" фракциясы кирет. Ал эми "Ата мекен" партиясы оппозицияда калат. Үчүнчү вариантта коалиция кайра түзүлүп, ага "Ата журт" фракциясы кирбей калышы мүмкүн " деген пикирин билдирген.

Санаага салган кызмат
Парламенттик көпчүлүк оңой-олтоң түзүлө койбойт. Себеби коалицияга кирген фракциялардын ортосунда премьер-министрлик менен ЖК төрагалыгы катуу талашка түшөрү калетсиз. Лидер чыкмалар эмитеден буту бутуна тийбей чуркап, мартабалуу креслого көчүк басуу аракетинде жүрү.
Биз уккан маалыматка таянсак, Алмазбек Атамбаев коалиция түзүүнүн алгачкы мүмкүнчүлүгүн өзүнүн партиясына (КСДП) сунуштайт экен. Мунун негизинде Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун талапкерлиги сунушталып, ал көпчүлүктүн колдоосу астында премьерликке дайындалышы мүмкүн. Окуя ушул өңүттө өнүксө, Өмүрбек Бабанов 1-вице-премьерлик ордунда калып, Акматбек Келдибеков "борттон" алыс ыргытылмакчы.
Башбакандыкка башкы атаандаштардын алдыңкы сабынан 1-вице-премьер Өмүрбек Бабановду кездештиресиң. Аналитиктердин баамында, эгер Өмүрбек мырза Атамбаевдин тилин тапса премьерликке кеңири жол ачылат.
Акыркы божомолдорго караганда, ЖоКе төрагасы Акматбек Келдибеков дагы өкмөт башчылыгына аракет жасап атыптыр. Арийне, анын бу орунга барышы арсар.
Премьер-министрликтен кийин спикерлик орун үчүн күрөш болот. Алдын ала айтылган версияларга ылайык "Ата мекен" фракциясынын төбөлү Өмүрбек Текебаев , КСДП өкүлү Асылбек Жээнбеков , "республикачы" Бакыт Төрөбаев сыяктуу лөктөр төрагалыкты талашмакчы. Булардын ичинен Өмүкенин шансы жогору экени жамы журтка белгилүү.

"Конго" вице-премьер?!
Шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө Алмазбек Шаршенович Атамбаев мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев менен дайыма баарлашып турарын көгүлтүр экран аркылуу жар салган эле. Ошол билдирүүдөн көп өтпөй экс-министрге байланыштуу түрдүү кептер айтыла баштады. Атүгүл М.Конгантиев жаңы өкмөт курамына кошулары каңкууланууда. Маселен, Молдомуса Ташполотович коопсуздук боюнча башбакандын орунбасарлыгына көчүк басканы атыптыр. Андай болсо Шамил Атаханов вице-премьерликтен кол жууйбу?
Дагы бир бейрасмий маалыматка ылайык коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттик кайрадан түзүлүп, анын төрагалыгына М.Конгантиев дайындалат экен. Айтор, Молдомуса мырзанын ысымы Ак үй менен Көк үйдө көбүрөөк аталууда. Мындайда кыргыз "жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" дечү беле, ыя?

Кайсы кызмат аламанга түштү?
Акыркы үч-төрт айда президенттин аппарат жетекчиси Эмилбек Каптагаев менен Алмазбек Атамбаевдин мамилеси сууп баратканы байкалат. Андыктан Эмилбек Саламатовичтин азыркы кызматын сактап калышы арсар. Ошол эле маалда Каптагаевдин жылуу кызматын ээлөөчү талапкерлердин болжолдуу ысымы аталууда. Алсак, Бакиев заманынын камчы чабары, экс-вице-премьер Аалы Карашев президенттин аппарат жетекчилигине канат күүлөп атканын жеке булактан кабарлашты. Ал ортодо Алмазбек Шаршенович бул үлкөн кызматты кан досу, Ош губернатору Сооронбай Жээнбековго сунуштаганы Ак үйдүн жетинчи кабатында кызуу талкууланган кербези. Ага губернатор мырза кандай жооп кылганы азырынча белгисиз. Мындан сырткары, азыркы президент Роза Отунбаеванын иниси Болот Отунбаев да жаңы жылды утурлай президенттин аппарат жетекчисине айланышы ыктымал.

Жеңилгендер жерде калбайт
Так талашта марага жетпей жыдыган "Бүтүн Кыргызстандын" лидери Адахан Мадумаров менен "ата журтчу" Камчыбек Ташиев бийлик менен соодалашуу жүргүзүп аткан чагы. Ишенимдүү булактан алынган маалымат боюнча Камчыке башбакандыкты сурап атыптыр. Бирок анын өтүнүчү аткарылышы күмөн. Ага Коргоо министрлиги сунушталып атканын эскерте кетели.
Адахан Кимсанбаевич утулганын эми чындап сезгенби, айтор, Тышкы иштер министрлигин мелжеп турганын билгенибиз бар. Ал эми Көк үйдөгү бараандуу фигура а кишиге Чүй же Ысык-Көл губернаторлугун жетектөө сунушун айтыптыр. Адахан мырза буга не дегенин тактай албадык.




- Жаңы коалиция курамы кандай болот жана премьерлик, спикерликке ким барат деп ойлойсуз?
Жумакадыр АКЕНЕЕВ,
Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти:
- Учурда коомчулукта ар түрдүү варианттар айтылып атат. Бир вариант боюнча мурунку коалицияга "Ар-намыс" фракциясы кошулушу мүмкүн. Экинчи вариантка ылайык парламенттеги беш фракция биригип коалицияны түзөт. Ошондо парламент төрагалыгына эмгеги сиңген, тажрыйбалуу саясатчы катары Өмүрбек Текебаев барып калышы күтүлөт. Ал эми өкмөт башчылыгына жеке менин баамымда, "Ата журттан" Акматбек Келдибеков, Марат Султанов же Камчыбек Ташиев барышы керек. Ошондо гана жакшы иштешип кете алабыз.
Нуржамал БАЙБОЛОВА,
коомдук ишмер:
- Алдын ала айткыдай көзачык эмесмин го (күлүп). Менимче, сүйлөшүү жолу менен бардык тараптарды канааттандырган өкмөт түзүлөт.
Алтынбек СУЛАЙМАНОВ,
ЖК депутаты,
"Республика" фракциясы:
- Учурда коалиция жапжакшынакай эле иштеп атпайбы. Калганы инаугурациядан кийин белгилүү болот. Эми бул маселе парламент чечиминен көзкаранды.
Равшан ЖЭЭНБЕКОВ,
ЖК депутаты,
"Ата мекен" фракциясы:
- Жалпы божомол катары айта турган болсок, коалиция төрт фракциядан турса бекем болорун бардык фракциялар түшүнүп калды. Анткени үч фракция болгондо кээ бир убакта бирөө шантаж кылып, өкмөттүн иштешине кедергисин тийгизет.
Менин жеке көз карашымда, парламенттик көпчүлүктү түзүүнүн эки варианты бар. Биринчиси, ушул эле коалиция сакталып калып, ага "Ар-намыс" кошулат. Экинчисинде, "Ата журт" коалициядан чыгып, төрт фракциядан (КСДП-"Ата мекен"-"Ар-намыс"-"Республика") турган коалиция куралат.
Жали СОДАНБЕК, кинорежиссер:
- Бул албетте татаал суроо. Ошондой болсо да менимче, өкмөт жаңыланат. Министрликтердин саны азайышы мүмкүн. Премьерликке Ө.Бабанов, Н.Түлеев жана Т.Сариев үчөөнүн бирөө келет. А спикерликке Ө.Текебаев же К.Ташиев отурушу мүмкүн. Эгер Текебаев келип калса туура чечим болмок.
Мирлан ДҮЙШӨНБАЕВ, журналист:
- Жаңы өкмөттүн курамы коалициянын түзүлгөндүгүнө жараша болот го. Ал эми коалиция курамында кайсы фракциялар болот, белгисиз. Эгер Камчыбек Ташиевдин сөзүнө ишенсек, анда ал оппозицияда калып, калган фракциялар коалицияда болот деп ойлойм. Өкмөт башчылык кызматка Өмүрбек Бабановду ылайык көрөм. Ал башынан эле Атамбаевди колдоду. Шайлоо кампанияларына жардам бергендиги айтылып атат. Спикер Өмүрбек Текебаев болот же Акматбек Келдибеков азыркы кызматын сактап калат.
Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ,
"Акыйкат" партиясынын жаштар канатынын лидери:
- Мурдагы башбакан Алмазбек Атамбаев айтмакчы, бул жолу кеңейтилген коалиция куралат. Жаңы өкмөт башчылыгына төрт адамдын (Акматбек Келдибеков, Иса Өмүркулов, Өмүрбек Бабанов, Камчыбек Ташиев) талапкерлиги каралып атканын уктум. Алардын арасынан Иса Шейшенкулович менен Өмүрбек Токтогуловичтин мүмкүнчүлүгү жогору. Өмүркулов премьер болсо, ишти илгерилетип кетерине ишенем. Ал төрт жолку чакырылышта депутат болуп, акыркы эки жылда Бишкек шаарын татыктуу жетектеп келет. Ошондуктан, Иса мырза өкмөт башчылыгына реалдуу талапкер деп эсептейм.

Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ, e-mail:kerimbayev@mail.ru, тел.:29-88-45



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??