presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Сая-саалы

Президент Р.Отунбаевага А.Атамбаев алтын таажы белек кылган
Мамлекет башчысы Роза Отунбаева Кыргызстандын президенти катары белекке алган буюмдарынын бардыгын Бишкектеги улуттук тарых музейине өткөрүп берди. Аталган музейде атайын бөлүм ачылып, белектер ошол жерге көргөзмөгө коюлду. Мында медалдар, сүрөттөр, жыгачтан, айнектен жана фарфордон жасалган буюмдар бар. Мунун бардыгы ар кайсы убакта президенттин мамлекеттик иш сапарлар менен барган жерлерде белек катары алган буюмдар. Алардын арасынан эң кызыктууларынын бири, өткөн президенттик шайлоодо көпчүлүк добушка ээ болгон Алмазбек Атамбаевдин Роза Отунбаевага белек кылган таза сары алтындан жасалган таажы болду. Көрүүчүлөрдү Кытайдан келген белектер да кызыктырууда.

Жыл аягына чейин бюджет чын эле аткарылабы?
Алмазбек Атамбаев шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыялангандан кийин да премьерлик кызматын уланта берет. Мыйзамга ылайык, азыркы президент Роза Отунбаеванын мөөнөтү ушул жылдын 31-декабрында аяктайт. Эмки президент жаңы жылга дейре расмий түрдө ишке киришүүгө тийиш. БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарып, инаугурация болгон күндөн тарта азыркы президенттин ыйгарым укуктары токтотулат.

Жардам берем деп барып жардан куладык
Жакшы санаалаш өлкөгө кадыресе мамлекет катары азыноолак жардам берип коелу деп, бирок мында да уят болуп калдык. Түркияда зилзаладан жабыркагандарга гуманитардык жардам жеткирип барып, Эрзурум аба майданында Грузиянын учагына канаты менен урунган Кыргызстандын учагы кайра кайтып келе элек. Ал жерде болгон окуяны жергиликтүү комиссия өздөрү иликтеп, ага катышууга бизден өкүлдөр кетти. Комиссиянын жыйынтыгы чыга элек. Кыргызстан тарап күнөөлүү деп табылса Грузиянын бүлүнгөн учагын ордуна коет.

Канада кимди тандаар экен?
Кумтөр алтын кенин иштеткен "Центерра голд инк" компаниясынын вице-президенттик кызматы үчүн Кыргызстандын атынан үч талапкер ат салышып жатат. Атап айтсак учурда Кылычбек Шакиров, Турат Усубалиев жана Теңиз Бөлтүрүков деген жигиттер Канадада оозеки сынактан өтүшүүдө. Директорлор кеңеши алардын бирөөнү тандап алат. Кыргыз өкмөтү менен "Центерра голддун" ортосундагы жаңы макулдашууга ылайык, компаниянын вице-президенти кыргызстандык болоору белгиленген.

Элчиликтерди ачмай кайра башталат
Кыргызстанда Сауд Арабиясынын жана Улуу Британиянын элчиликтери ачылат. Андан сырткары, Ош шаарында Кытай менен Казакстандын генералдык консулдуктары ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков кечээ президенттин алдындагы Башкаруу академиясынын студенттери, АКШ жана Кытай Эл Республикасынын элчилери менен жолугушуу учурунда билдирди. "Мында ал өлкөлөрдөн келген туристтердин агымы көбөйөт жана соода-экономикалык мамилелер жөнгө салынат. Казакстан менен Кытайга келсек, алар биздин көптөн берки өнөктөшүбүз жана бул мамлекеттердин консулдуктарынын өлкөбүздүн түштүгүндө ачылышы биздин мамилени мындан ары да чыңдайт", - дейт С.Исаков.




  Крим-аалы

Аялын сабап өлтүргөн
2-ноябрда Сокулук районунун ИИБине Кызыл-Туу айылынан белгисиз аялдын сөөгү табылгандыгы тууралуу кабар түшкөн. Сотмедэкспертиза маркумдун сөөгүн текшерип, анын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн, эч жерде каттоосу жок 38 жаштагы аял экенин аныкташты. Жакында сокулуктук 23 жаштагы анын жарандык никеде жашаган күйөөсү кармалып, урушуп кетип сабап өлтүргөнүн айтып берди.

Чын эле маньяк чыкканбы?
Жакында Ысык-Көл облусунда эки аялды мууздап өлтүргөн факты такталды. Биринчи аялды 28-октябрда мууздап кетишсе, 6-ноябрда башы кесилген экинчи аялдын сөөгү табылган. Көл өрөөнүндө аялдарга кол салган маньяк пайда болгонбу деп калк ичи тынчсызданууда. Бирок бул фактылар бири-бирине эч кандай тиешесиз, андыктан тынчсызданууга негиз жок дейт тартип сакчылары. Бирок эки аялды өлтүргөн кылмышкер ким экени такталалек.

Адам өлтүрүү семичке чаккандай болдубу?
Кочкор районунда жашаган жетимиш жаштагы байбиче 1-ноябрда үйүнөн чыгып кеткен 22 жаштагы небересинен дайын жок деп арызданып изкубарларга кайрылган. Ошол күнү небереси "Фольксваген" үлгүсүндөгү унаага түшүп, бейтааныш жигиттер менен жүргөндүгүн көргөн күбөлөр бар экен. Тартип сакчылары тез эле ал унааны таап, айдоочусун суракка алганда эле жоголгон неберенин дайыны белгилүү болду. Көрсө, алар арак ичип отуруп уруша кетип, маркумду сабап өлтүрүп алышкан экен. Кылмыш ишин жашыруу максатында аны кийизге ороп, тоого алпарып ташташыптыр. Бул кылмышка шектүү деп кармалгандар маркумдун сөөгүн таштаган жерди көрсөтүп беришти.

Адам - жырткыч
Орусиянын Алтай өрөөнүнө иш издеп туугандарыныкына барган кыргызстандык жигит үстүбүздөгү жылдын 29-октябрында үй ээлери жеңеси менен агасын бычактап өлтүргөн. Кыргызстандан келгенине эки ай болсо да эч жерде иштебей, арактан башы чыкпагандыктан туугандары аны урушуп, жемелешчү. Ошол каргашалуу күнү дагы мас болуп келген экен. Адаттагыдай анын мастыгын, жалкоолугун айтып урушкан туугандарын балталап, бычактап өлтүрүп, кылмышын жашыруу максатында сөөгүн короого көмүп, машинесин сатыкка алып чыкканда жергиликтүү милициянын колуна түшкөн. Учурда адам өлтүрүүдөн тышкары машине уурдагандыгы үчүн деген берене кошулуп, Егорьев райондук соту сот процессин башташты.

Кан баары бир узатпайт
8-ноябрь күнү Ысык-Көл облусундагы Балыкчы-Ананьево-Каракол автожолунун 84-чакырымынан азиат улутундагы 35-40 жаштар чамасындагы бейтааныш адамды белгисиз унаа сүзүп качып кеткен. Жабырлануучу ошол жерден жан берген. Ал эми ошол эле күнү Каракол-Эңилчек автожолунан да белгисиз унаа 20-25 жаштардагы жаш жигитти койдуруп, из жашырып кетти. Ал да ошол жерден мерт болгон.




  И-тагдаалы

Ишиңер илгерилей берсин!
"Жаңы Агымдын" өткөн санына "Балдардын күчүн ким пайдаланып жүрөт?" деген аталыштагы маалымат жарыяланган. Анда "Ата мекен" фракциясынын депутаты Асия Сасыкбаеванын маалыматына таянып, Ак-Суудагы балдар интернатындагы адилетсиздик жөнүндө айтылган.
Кечээ редакцияга Ак-Суудагы жетим балдар үйүнүн директору Жеңишкүл Ниязова чалып, жогорудагы маалыматты тактады. Көрсө, депутат Асия Сасыкбаева Ак-Суудагы психоневрологиялык диспансердеги көйгөй боюнча айткан экен. Ал эми Ак-Суудагы жетим балдар үйүндөгү абал жакшы. Курман айт күнү жүздөгөн адамдар биякка соопчулук иштерин жасашкан. ЖК спикери А.Келдибеков октябрь айында бул балдар үйүнүн жамаатына ыраазычылык билдирип "Мерседес" кичи автобусун белекке берген. Ылайым эле ишиңер илгерилей берсин!

Ошто журналисттердин көчөсү курулат, Бишкектечи?
Кечээ Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов журналисттердин өтүп кеткен кесиптик майрамы менен куттуктап, буга чейин ММКлар арасында улуттук аралык ынтымакты чыңдоо боюнча чагылдырылган материалдарга жарыяланган сынактын жыйынтыгын чыгарды. Жеңүүчүлөрдү атайын комиссия иликтеп чыгып, биртоп журналисттер диплом жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты. Андан тышкары Ош мэри журналисттер көчөсүн курууну сунуш кылды. Бул пикирин ал Ош шаардык ММК өкүлдөрүн 7-ноябрь басма сөз күнү менен куттуктоо аземинде билдирген эле. Жергиликтүү журналисттер Мелис мырзага жер тилкесин бөлүп берүү сунушун да айтышкан. Шаар башчысы жер тилкеси жок ММК өкүлдөрүнүн тизмесин тактоо боюнча мэриянын кызматкерлерине көрсөтмө берди. Буюрса, Кыргызстандын экинчи борбору Ош шаарында журналисттердин көчөсү курулат.

Калың кардын каары
Ош облусундагы Дароот-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Эшме айылында жааган кардын калыңдыгы бир метрге чамалап калган. Ал жерде кар туткунунда калган мал-жанга жем-чөп жеткирүү аракеттери жасалууда. Оштун Чоң-Алай районунун жайлоосунан Баткендин Кадамжай районуна кайтып келаткан тогуз короо кой жана жыйырма адам да калың жааган кардын туткунунда калышкан. Малга жем-чөп жетишпегенинен койлор кырылып калуу коркунучу дале бар.

Айдоочулар азайбайбы?
Кыргызстанда айдоочуларга жаңы үлгүдөгү күбөлүктөр бериле баштады. Анын баасы мурдагыдан эки эсе кымбат. Айрым депутаттар бул жерде кимдир-бирөөлөр акча жасап жатканын айтышууда. Айдоочунун жаңы күбөлүгүн жасоо "Атлас крипт" аттуу компанияга тапшырылыптыр. Бул фирма атайын өткөрүлгөн тендерде жеңишке жетип, айдоочулардын күбөлүгүн жасоо укугуна ээ болгон. Өкмөттүн тийиштүү токтомуна премьер-министр Алмазбек Атамбаев быйылкы жылдын март айында кол койгон. Азыркы кезде жаңы күбөлүк 12 евро турат. Мурунку "Ала-Бел" фирмасы жасаган айдоочунун күбөлүгү 7,5 доллар турчу.




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??