presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Айлампа
Датканын мааракеси алыста белгиленет
Курманжан датканын 200 жылдык мааракеси бизде эле эмес башка чет жакта да белгиленет. Тюмень шаарында ушул айдын он сегизинде чоң программадагы салтанат уюштурулууда. Шаардын мэри баштаган атка минерлер ошол жердеги жашаган кыргыздарга унутулгус концерт тартуулаганы турушат. Кыргызстандан мааракеге улуттук филармониянын алдындагы "Камбаркан" фольклордук тобу жана "Акмарал" бий тобу аттанат.


Назминин ырлары неге муңдуу?
Бала кучактап үйдө отурса да кичинеден кыбырап чыгармачылыкты таштабай келген ырчы айым азыр репертуарын жаңыртуу менен алек. Эстрада эмес же фольклор эмес эки ортодо чайналып эмнегедир муңдуу ырлар жаралууда дейт Назми. Азыр акын Лариса Асанбекова, композитор Руслан Нарынбаев менен иштешип жатат. Январдан бери араң эки клип тарттырдым, эми жанданып иштебесем болбойт деп чамынып турган чагы.


Ага-ини алысты ойлойт
Жеке концертинен кийин дымы чыкпай калган Ильяз Абдыразаков азыр эс алууда. Үйүндө жылуу-жумшак жатып алып ырларды жаздырып жатат. Продюсери да убактылуу эс алуу алганын айтты. Жакынкы арада түштүктүн бир жерин калтырбай түрө кыдырып гастролго чыкканы турушат. Өзүнүн чыгармачыл тобу жана иниси Ниязга ишенген ырчы алыскы сапарга кам көрө баштады. Өзүнүн гана чыгармачылыгын ойлобостон инисине жардам берип анын элге таанылуусуна талыкпай салымын кошуп, ыр жаздырып клип тартууга көмөктөшүп жаткан кези.


Эт жебесе да шорпо ичкенине ыраазы
Лондондо өткөн "Дүйнө сулуусу" сынагына Кыргызстандан Назира Нуржанова аттанган болчу. Даярданууга аз убакыт берилип, анын үстүнө каражаттын тартыштыгына карабай, чукул убакыт калганына кайыл болуп сынакка жөнөгөн. Тилекке каршы Назира эч кандай орунга илинген жок. Ошентсе да катышып келгенине ыраазы. "Ал жактын деңгээли өтө жогору экенине дагы бир ирет күбө болдум. Катышуучулар сынакка бир жылдан бери даярданып келишкен экен. Даярданууга убакыт тар, барып келгенге акчам чектелүү болгону өкүнүчтүү" дейт Назира. Назираны колдогону Кыргызстандан эч ким барган эмес. Баягы эле каражаттын тартыштыгынан. 113 мамлекет катышкан сынакта Венесуэладан келген 21 жаштагы Ивиан Лунасоль Саркос атаандаштарын артка калтырып "Дүйнө сулуусу" титулуна ээ болду.


Дикторлордун оозу жабылдыбы?
Буга чейин кызыктырган суроого КТРК дикторлоруна кайрылып жооп алчу элек. Мындан ары дикторлорго гезит бетине интервью бергенге, ал тургай пикирлерин билдирүүгө да жетекчилик тараптан тыюу салыныптыр. Себеби эмнеде деген сурообузга ийнин куушуруп тим болушту. Мындан ары дикторлорго суроо узаткыңыз келсе жетекчиликтен уруксат алуу зарыл. Катуу талап койгонго эмне себеп болгону белгисиз. Сыягы, мындан бир нече убакыт мурда белгилүү диктор менен кабарчылардын чатагы бардык басылмаларга чыгып жетекчини жүдөтүп ийген окшойт.


"Кош жылдыз" күтөт
Белгилүү алып баруучу Калипа Сейдалиева жакында "Кош жылдыз" долбоорунун гала-концертин койгону турат. Ырчы Нурзат Садыкова Мамлекеттик мүлк министрлигине караштуу департаменттин башчысы Болсунбек Казаков менен биргеликте дуэт аткарат. Кыргыздын эски ырларын курап попурри жасап жатышкан чагы. Ноябрдын 26-27 синде өтө турган чоң концерттин катышуучуларына атайын сыйлыктар жана сюрприздер даярдалган.


Кубанычтын үйүндө кош майрам
Кубаныч Сатаев ушул айдын аягында буюрса отуз жашын белгилейт. Ошого карата чардап эле тим болбостон концерт да берсем деген пландары менен бөлүштү. Өзүнүн туулган күнү менен уулунун сүннөт тоюн бир өткөрүүнү максат кылып турат. Уюштуруу иштери менен жубайы Кундуз Авашова алектенип чуркап жүргөн кези. Кундуз Авашовага белди бекем бууганга туура келет окшойт. Анткени кийинки айда апасы Саламат Садыкованын жеке концертин да уюштуруу иштери мойнунда.


Бегайым БАЙБОСУНОВА







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??