presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Жолтикен

Өз баласын тебелетип өлтүрүп…

Акыркы кезде унаанын көбөйүшүнөн жол кырсыктары көп катталууда. Өзгөчө жер тоңуп, кар жаап, тайгалак башталгандан бери жол эрежесин бузуп адам өмүрүнө залака келтирип из жашырып кеткендер арбын, - дейт жол коопсуздугун көзөмөлгө алган маичилер. Бишкекте кар жааган күнү бир нече, адаттан тыш жол кырсыгы катталган. Жол эрежесин бузгандардын көбү айдоочунун күбөлүгүн сатып алган же документи жок, жол эрежесинин кичинекей да белгилерин билбеген мадыра баштар экен.

6-ноябрда Москва шаарынын Дубнинская көчөсүнөн "Мерседес-280" үлгүсүндөгү унаа үч пенсионер кемпирди коюп кеткен. Үч кемпирдин жетимиш бир жаштагысы ошол жерден жан берсе, жетимиш беш жаштагы жана жетимиш жети жаштагы экөө оор жаракат алып, дароо ооруканага жеткирилген. Он беш миллион калкы бар Москва шаарында мындай кырсыктар саат сайын эле катталат экен. Бул үч кемпирди сүзө качкан кыргызстандык 1994-жылы туулган жаш кыз болуп атпайбы.
Азиза (белгилүү себептерге байланыштуу аты өзгөртүлүп жазылды - Н.К.) атасынын короодо токтоп турган машинесин уруксатсыз айдап чыгам деп аракет кылган экен. Унааны артка бурганда, тажрыйбасы жетишсиз жаш кыз артында кобурашып келатышкан үч кемпирди байкабай калса керек. Аларды удаасы менен коюп алган да, ошол жердеги ызы-чуудан улам машинесин калтырып өзү качып кеткен. Бирок ошол эле күнү Азиза колго түштү. Анын эч кандай айдоочулук күбөлүгү да жок болуп чыкты.
Ушуга окшош окуя Кыргызстандын Кызыл-Кыя шаарында да болуп өттү. Өткөн айдын экинчи жарымында саат он экилер чамасында мектептен беймарал үйүнө келатышкан 2-3-класстын окуучуларын "Мерседес-Бенц" унаасы коюп кеткен. Жолдун карама-каршы жагына чыгып, катуу келаткан унаа жол четинде келаткан окуучуларды сүзө качырган. Кырсык болгон жерден Ак-Булак айылында жашаган тогуз жашар А.Касымов менен Б.Садыров каза болушкан. Ал эми андан башка төрт бала денесинен ар кандай жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилген.
Бөбөктөргө ажал алып келген унаанын айдоочусу ошол жерден токтоп, алгачкы медициналык жардам көрсөтүүнүн ордуна куйругун түйүп качып кетүүгө үлгүргөн. Көзү ала чакмактанган айдоочу балдарды сүзгөндөн кийин да жол четиндеги карагайга урунуп, машинесинин талкаланганына караган эмес.
Эки баланын өмүрүн кыйган айдоочуну изкубарлар дароо издөөгө алышкан. Кан кое бермек беле, арадан эки күн өткөндөн кийин эле Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тартип сакчылары он алты жаштагы Асылбекти кармашты. Ал да жашы жетелек, айдоочулук күбөлүгү жок он алты жашта экени белгилүү болду. Асылбек унаа жуучу жайда иштеп жүрүп жарым ай мурун сүзгөн машиненин запас ачкычын салонунан уурдап алган экен. Жарым айдан кийин ошол каргашалуу күнү алиги машиненин ээси дагы унаасын жуудурганы калтырат. Кудай мындай бербеспи деген Асылбек жанындагы ачкычы менен унааны уурдап айдап качып келатып эки бөбөктүн өмүрүн кошо алып кетти. Кызыл-Кыядан эки баланын өмүрүн алган он алты жаштагы Асылбек менен Москвадан үч кемпирди сүзгөн он алты жаштагы Азизанын үстүлөрүнөн кылмыш иши козголду. Албетте, кырсыкты кайдан деп болобу, бирок кандуу жолдо адам өмүрү менен ойноп, жоопкерчиликтүү мамиле жасабаган айдоочулардын көбөйүшү өкүнүчтүү.
Ал эми Сокулук районунан өз баласын тебелеп өлтүрүп алган Зарылбек аттуу адам да өз күнөөсүн тартып темир тор артында отурат. Алты жашар уулу дайыма атасы келгенде дарбазанын эшигин ачып-жаап турчу экен. Күз айларынын алгачкы күндөрүндө мектепке жаңы барган уулу Султан атасынын дарбазаны ачып койчу деген буйругун аткаруу үчүн сыртка жөнөйт. Короодо токтоп турган машинесин сыртка чыгаруу үчүн Султан дарбазаны ачып артка кетенчиктей бергенде Зарылбек аны унаасы менен койдуруп кеткен. Уулун тебелеп алып эмне кылаарын билбей ал да артын карабай качып жөнөгөн. Бирок бир күнгө жетпей эмне болгонун өзүм да сезбей калдым деп үйүнө кайтып келген. Бул учурда Султандын сөөгү жерге берилип, Зарылбек изкубарлар тарабынан издөөгө алынган болчу.
Тилекке каршы, мындай кырсыктар Кыргызстандын ар бир аймагында катталат. Бирок анын баары эле ачыкка чыга бербейт.
Назира КУЛМАТОВА








кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??