presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кандай жигиттер
бийкечтердин жүрөгүнө
чок салат?

Өткөн санда кандай сырткы келбет сиз үчүн идеалдуу деген суроолорубузга мырзалар жооп берип, талапты катуу койгон эле. Бул жолу кеп кезегин бийкечтерге узаттык. Алар деле жигиттерден кем калбай фантазиясын жакшы эле иштетишти окшойт. Койгон талаптары жигиттердикинен кем эмес. Бир айырмасы, кыздар эркектерге салыштырмалуу сырткы келбетке караганда ички сулуулукка көбүрөөк басым жасашат экен.

Назира ТОКОНОВА, ырчы
Бою - 180ден жогору эмес.
Салмагы - өтө арык эркектерди жактыра бербейт. Бирок курсагы чыгып тургандарды да тандабайт.
Чачы, көзү - сөзсүз кара болуш керек. Көздөрү жайнап турушу зарыл.
Жүзү - кара тору да эмес, ак жуумал дагы эмес, буудай ыраң жигиттерди жактырат.
Кыялы - өтө эле былбыраган жоош эмес. Кайда барбасын отуруштун көркүн ачкан мырзаларды жактырат.
Кийинүү стили - басып-турганга ыңгайлуу деп спорттук стилдеги кийимге басым жасаган эркектер Назирага кайырмак салып убара болбогула. Классикалык стилге жакын, кычырап костюм-шым кийип турган мырзаларды гана жактырат.
Кесиби - юридикалык тармакты бүткөн мырзалардын мүмкүнчүлүгү жогору. Анткени ырчы болочоктогу жолдошу прокурор болушун каалайт. Же болбосо киреше алып келе турган булагы болушу керек.
Материалдык жетишкендиги - жок дегенде эле үйү болсун.
Үй-бүлөдө - бир үйдүн улуу баласына турмушка чыксам дейт.

Мая, ырчы
Бою - жок дегенде эле 170тен жогору болсо.
Салмагы - толук эмес, арыкчырай, дене-түзүлүшү "спортик" балдарды жактырат.
Чачы, көзү - капкара.
Жүзү - ак жуумал.
Кыялы - Куранды карманган балдарды сыйлайт. Ичпеген, чекпеген жигит керек.
Кийинүү стили - таза, тыкан. Спорт, классика деп бөлбөйт.
Кесиби -- мугалим болсо болот.
Материалдык абалы - шаарда үйү болуш керек. Андан сырткары баскан-турганга кенен жете тургандай каражат табуучу булак.
Үй-бүлөдө - бир үйдүн улуусу болсо дейт. Анткени айылда жашагандан көрө шаардын турмушу жагат. Шаарда жашап көп ийгиликтерди багынткысы келет.

Айгерим РАСУЛ кызы, ырчы
Бою - 175тен өйдө.
Салмагы - спорттук дене түзүлүшкө ээ болгон эркектер жагат.
Чачы, жүзү - бакыраң кара көздүү, чачы кара.
Жүзү - ак жуумал менен кара торунун ортосу.
Кыялы - кызганчаак эмес, алдына максат кое билген.
Кийинүү стили - спорттук стилдеги кийимдерди жактырат. Өтө кычырап короз боло берген мырзаларды анча жактыра бербейт.
Кесиби - укук коргоо кызматында болсо дейт. Аскер адамын баалайт.
Материалдык байлыгы - сөзсүз болуш керек. Бардык жагынан калыптанган мырзаны баалайт. Өзү кыз башы менен акча табууга жөндөмдүү болгондуктан эркектин материалдык абалына карап турмуш курат.
Үй-бүлөдө - маңдайына жазганын кабыл алат. Үйдүн кичүүсү же улуусу деп деле ылгабайт. Кайнене-кайната менен жашагандан деле качпайт.

Зарина ХАСАНОВА, алып баруучу, ырчы
Бою - 180ден жогору болсо, негизгиси бул көрсөткүчтөн кем болбосун.
Салмагы - өтө арык балдарды жактыра бербейт.
Чачы, көзү - күңүрт түстөгү чач менен кой көздүү мырзаларды сүйкүмдүү деп эсептейт.
Жүзү - ак жуумал мырзаларга караганда кара торуларга качырат.
Кыялы - табышкер, Заринаны эриктирбеген тамашакөй болушу зарыл.
Кийинүү стили - спорттук же классикалык деп кескин экиге бөлбөйт. Эң негизгиси жарашыктуу, таза кийинсе болду.
Кесиби - кесиби маанилүү эмес. Негизгиси өз ишин сүйсүн, үйгө акча таап келсин.
Материалдык байлыгы - үй-жайы, машинасы болсо кучак жайып тосуп алат, эч нерсеси жок болсо деле сыртын салып качып кетпейт. Акылы, аракети болсо калганын Зарина өз жөндөмүнө салып эптеп кетээрине көзү жетет.
Үй-бүлөдө - бир үйдүн жалгыз балдарына жолобойт. Анткени алар табиятынан өзүмчүл, эрке, энесинин этегинен чыгышпайт деген көз карашты карманат. Бир үйдүн ортончу баласы болсо дейт. Колдон келсе татар улутундагы мырзага туш болсом деп тилек кылат. Такыр эле болбой калды дегенде кайсы улуттун өкүлү болбосун дини мусулман болушу керек.

Айпери ОБОЗОВА, "Версус" бий тобунун жетекчиси
Бою - өзүнүн бою 178, ошондо жок эле дегенде 180ден өйдө болсо дейт. Орто бойлууларга жигит катары кызыгып назар салбайт.
Салмагы - бир аз арыгыраак, кыймылы шамдагай эркектерди жактырат.
Чачы, көзү - түсү мааниге ээ эмес.
Жүзү - ак саргыл, ак жуумалдарды жактырбайт. Көздөрү бакырайган, супсулуу, каратору мырзаларды баалайт.
Кыялы - жөнү жок кайгыра бербеген, шайыр, тамашакөй балдарды көз жаздымынан кетирбейт.
Кийинүү стили - Айпери "ушуну кийесиң" деп тандап берген кийимин кың дебей кийип кете берген эркек керек.
Кесиби - болочоктогу жолдошу эмне иш кылаарына анча деле маани бербейт.
Материалдык байлыгы - Айперинин өзүнүн унаасы, үйү бар. Ошон үчүн материалдык жактан эч кандай деле талап койбойт. Керек болсо өзүм күйөөмдү алаканыма салып багып алам дейт. (Жигиттер, ойлонуп көрсөңөрчү…)
Үй-бүлөдө - кичүүсү болбосун. Көп конок тоскондон тажап кетет. Кайын-журт менен сый мамиледе болуш үчүн бир үйдүн ортончу баласына турмушка чыккандан өтөөрү жок деп эсептейт.

Силима, ырчы
Бою - жигиттерди көргөндө биринчи боюна карайт. Андыктан узун бойлуу мырзалар, чамдагыла.
Салмагы - арык болсо мейли, толук болбосун.
Чачы, көзү - кара көздүү жигиттерге арбалат. Чачы да ошого жараша кара болушу керек.
Жүзү - ак жуумал жигиттер жагат.
Кыялы - кандай элге туш келбесин тилин таба билиши керек. Жашоого терең көз карашта караган жигит болсо дейт.
Кийинүү стили - классикалык стилде кийингендерди көп карайт. Үстү-башын таза күтө алса жакшы.
Кесиби - өз көмөчүнө күл тартпай элге жардамы тие турган кесипти аркаласа. Кара курсактын камын ойлобой, терең ой жүгүртсө дейт.
Материалдык байлыгы - дээринде бар, өз күчү менен эмне байлык топтой алса ошонусуна ыраазы. Капчыгына эмес мээсине ишенген мырзаларды колдон чыгарбайт.
Үй-бүлөдө - канчанчы бала экенине маани бербейт. Кайнене-кайнатаны багууга дапдаяр. Түйшүктөн, үйдөгү жумуштан качпайт.

Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??