presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  САНОПТИКА

11.11.11

Дүйнөдө ырым-жырымдардын түрү көп. Мындай ырым-жырымга өзгөчө маани берген кыргыздар үчүн быйыл жүз жылда бир келүүчү көрүнүш да таасирин тийгизбей койгон жок. Санга байланышкан ырымды бүт дүйнө жүзү колдонушкан менен алты 1дин катар тизилгени астрология, нумерология илимдеринде да өзгөчө мааниге ээ тура. Бул бир өмүрдө бир келүүчү датанын күбөсү болгонубузга кубанып, 11.11.11 датасы жөнүндө кеп кылууну туура көрдүк.

Астрологдор эмне дейт?
Астрологдордун айтымында, жалаң бирлер тизилген күнү баш кошкон жубайларга эч кандай коркунуч жок. Жылдыздар бул күндү эле эмес бул айды баш кошууга ыңгайлуу деп эсептешет. Анткени эки бирдин катар келиши эле сүйүүдөгү жолдун ачылышына мүмкүндүк түзөт экен. Андыктан 11-ноябрдан кийин же ага чейинкилер деле каттоо күбөлүгүндө төрт 1 санынын турганы жаман эмес экенин унутпаш керек. Эң башкысы эки жаштын ортосунда сүйүү сезими болбосо, маадемектен жети жетини тизип койсоң да үй-бүлө бактылуу болоруна кепилдик жок.

Кол кармашкан кыргыздар
09.09.09; 10.10.10 сандары туш келген күндөрү Кыргызстанда да колтукташып үйлөнүү үлпөтүн өткөрүп жаткандар козу карындай жамырап чыккан. Быйыл кандай деп ЗАГСка кайрылып төмөндөгүдөй жооп алдык.
Кыргызстанда 2011-жылдын 11-ноябрында (11.11.2011 жыл) 184 жуп баш кошот. Бул күнү Бишкекте 50, Жалал-Абадда 34, Ошто 22, Баткенде 13, Таласта 5, Ысык-Көлдө 8, Чүйдө 36 жана Нарында 16 жаш никеге турат. Алар бул тууралуу арыздарын тийиштүү мамлекеттик органдарга мурдараак беришкен. Баса, быйыл өткөн жылдарга салыштырмалуу катталгандар биртоп аз экен. Мисалга, 2009-жылы 9-сентябрда Бишкекте 300гө жакын жаш баш кошсо, Москвада 3 миң жуп үйлөнгөн. Эмнегедир быйыл бул сандын аз болгону аба ырайынын кышка жакындап калышына жана ноябрь айындагы кымбатчылыкка байланыштуу экенин адистер түшүндүрүштү.
2009-жылдын 9-сентябрында баш кошкон Мунарбеков Эрнис менен анын жубайы Алина учурда бир кызды тарбиялашып, алардын бул датаны тандап алышкандыгынын себеби окшош сандар ийгилик алып келет деп түшүндүрүшөт.
"Үйлөнгөнүбүзгө эки жыл болду, азырынча алдыга койгон максаттарыбыз акырындык менен ишке ашууда. Адинай аттуу кызды тарбиялап жатабыз. Чынын айтсак бул күнү үйлөнүү үчүн биз каттоо кызматына бир аз пара бергенбиз. Анткени каалоочулар абдан көп болгон" деп жаш жубайлар ал күндү тандап алышкандарына ыраазы.

Ажырашам дейби?
Бул күнү ажырашууну чечкендер да жок эмес. Казакстандын тургундары 09.09.09 күнү баш кошушуп, бирок оту күйүшпөй калгандар 11.11.11и күнү ажырашалы деп чечишиптир. Бул тууралуу баурдастарыбыздын "Алау" каналы көрсөттү.

Кыялдар орундалат
Мындай күнү баш кошуу гана эмес кыялдарын айтса орундалат деп ишенгендер да жок эмес. 09.09.09 күнү саат тогуздан тогуз мүнөт өткөндө сүйгөнүмдү табайын деген айым бир ай өтпөй жүрөк ээсин жолуктурат. 10.10.10у күнү саат ондон он мүнөт он секунд өткөндө машиналуу болоюн деп кагазга жазып, аны өрттөп күлүн шамалга сапырып ийип машиналуу болгонун жазган айым интернет бетинде быйылкы ушундай датада үйлүү бололу деп жазайын деп башынан өткөнүн бөлүшүптүр.

Сандар сайрайт Сакиштей
Нумерологиянын көз карашы боюнча бул күн - олуттуу жумуштардын, акыйкаттыктын жана гармониянын күнү. Бул күнү адамдар өзүн энергиялуу сезип, ошол күчтү чыгармачылык менен жумшабаса жагымсыз окуяга алып келиши мүмкүн экен. Бул күнү конок тоссоңуз көпкө эсте калуучу жагымдуу окуялар болот. Чыгармачыл адамдар бул күнү иш үстүндө болсо жемиши түшүмдүү болот.

Тасмаң дурайын…
"11.11.11" деген аталыштагы тасма да тартылып жатканы белгилүү. Ал кинонун жанры ужас болгондуктан коомчулукка анча жага бербеди. Анткени бул күндөн адамдар жакшы нерсени үмүт кылып келишет. Сиз дагы жакшы нерсени үмүт кылып, мусулмандар үчүн ыйык болгон жума күнүн жакшы өткөрүңүз.

Той да бүтөт
2013-жылы буюрса бул сан менен ооругандардын ыры бүтөт. Анткени жыл ичинде 12 эле ай болгондуктан 13.13.13 деген датаны көрө албайбыз. Мындай датанын көпчүлүккө жакпаганы бир күндө бир нече таанышынын тою болсо, биринин көңүлүн алса экинчиси таарынып, жашылбайын ала чуркаган капчык дагы арыктай түшөрү жашыруун эмес.




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??